Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 06-октябры № XXXIII /1
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн түзүмүндө калкка Жарандарды Кабыл АлууБорборун түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамына, 2012-жылдын 23-мартындагы Кыргыз Республикасындагы административдик-аймактык реформанын Концепциясына ылайык жана калкка көрсөтүлгөн кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана ыңгайлуулугун жогорулатуу максатында айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө караштуу Жарандарды Кабыл Алуу Борбору түзүлсүн. (мындан ары - "Борбор)"
2. Айыл аймагынын аткаруу органына караштуу "Жарандарды Кабыл Алуу Борборун" түзүүнүн тартиби жана ишмердүүлүгү жөнүндөгү Типтүү жобосу" бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.К.Пратов "Борбордун" иштеши үчүн жарактуу жана ошого ылайыкталган өзүнчө жайды бөлүп берип, ал жерде калкты кабыл алууга даярдык көрүү боюнча тиешелүү иш-чараларды өткөрсүн.
4. "Борборду"уюштуруу иш-чараларына айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 110000(Бир жүз он миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысыА.А.Орунбаевага ыйгарым укуктарды берип, ага Борбордун толук иштеши үчүн жоопкерчиликти жүктөө тууралуу Буйрук даярдалсын,ошол эле учурда аны менен материалдык жоопкерчилик жөнүндө келишим түзүү жөнүндө чечим кабыл алынсын.
6. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына, аны көзөмөлдөө айыл кеңишинин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Арынов |
| «БЕКИТИЛДИ» Кара- Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын V -чакырылышынын кезексиз сессиясынын №33/1 чечими. 2016-жылдын 06-октябры Кара-Таш айылдык кеңешинин төрагасы Арынов А____________ |
1. Жарандарды Кабыл Алуу Борборунун максаттары жана милдеттери (мындан ары – ЖКАБ)
2. ЖКАБ ишмердүүлүгүн түзүү жана уюштуруу тартиби
3. ЖКАБ кызматкерлеринин типтүү түзүмдөрү, штаты жана функциялары
4. ЖКАБды баалоо жана мониторинг жүргүзүү
5. Корутунду жоболор
КР Өкмөтү тарабынан жүргүзүлгөн юридикалык жана жеке адамдар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тутумун өркүндөтүү боюнча саясат жергиликтүү деңгээлдеги практикалык тажрыйбаны ишке киргизүүнү жана айыл аймактарына караштуу Жарандарды Кабыл Алуу Борборлорунтүзүүнү жана иштетүүнү карайт.
Жарандарды Кабыл Алуу Борбору пилоттук айыл аймактарында ишке киргизилип, андан прогрессивдүү жыйынтыктар алынган жана алар жергиликтүү коомчулуктун жашоочулары менен жакшы иштешкен маалыматтык-кеңеш берүүчүлүк пунктулар катары мүнөздөлөт.
Жарандарды Кабыл Алуу Борборлору калктын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнөн түздөн-түз бир гана жерден пайдалануусуна, мамлекеттик уюмдар (мекемелер) менен иштешүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартууга (жеңүүгө), бийлик органдарынын ишмердүүлүгүндөгү айкындуулукту жана ачыктуулукту жогорулатууга көмөкчү болот.
1.1. Калкка кызмат көрсөтүүнүн укуктук негизин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы токтому менен бекитилген Административдик-аймактык реформанын концепциясы, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2013-жылдын 21-январында бекитилген Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиясы, укуктук актылар жана мамлекеттик башкаруу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нускамалары түзөт.
1.2. Айыл аймактарынын аткаруу органдарына караштуу Жарандарды Кабыл Алуу Борборун түзүү тартиби жана ишмердүүлүгү жөнүндө Типтүү Жобо (мындан ары – Жобо) Борборлорду (мындан ары – ЖКАБ) түзүү жана ишмердүүлүгүн уюштуруу маселелерин тиешелүү айыл аймагынын аймагында айыл өкмөтүнүн имаратында бир эле жерде калкты жана уюмдарды тейлөө ыкмаларын жакшыртуу маселелерин аныктайт.
1.3. ЖКАБ юридикалык жана жеке адамдар үчүн атайын буга зарыл болгон каражаттар, эмеректер жана керек-жарактар менен жабдылган бир эле (атайылаштырылган) жайда аймактык аткаруу бийлигинин органы, уюмдар жана мекемелер менен иштешүү аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү үчүн түзүлөт.
1.4. ЖКАБ жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси тарабынан жергиликтүү кеңеш менен макулдашылып түзүлөт.
1.5. Өз ишмердүүлүгүндө ЖКАБКыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, айыл аймагынын жергиликтүү ченемдик-укуктук актыларын, жергиликтүү коомчулуктун Уставын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
2.1 Айыл аймагында ЖКАБтүзүүнүн максаты – жарандарга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү болуп саналат. КР Конституциясына ылайык, мамлекет жарандарга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүгө жана ак ниет башкаруунун негизинде алардын бардыгы үчүн бирдей жеткиликтүү болушун камсыздоого милдеттүү.
2.2 ЖКАБ чече турган милдеттерге төмөнкүлөр кирет:
2.2.1 Жарандардынкөрсөтүлүпжатканкызматтаржөнүндөмаалымдуулугунарттыруу;
2.2.2 Жарандар кайрылган учурда жана кызмат көрсөтүүдө кеп-кеңештерди берүү;
2.2.3 Мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызмат көрсөтүүдөгү ведомстволор ичиндеги жана ведомстволор аралык иштешүүсүн жакшыртуу;
2.2.4 Жарандарды Кабыл Алуу Борборундакызмат көрсөтүү учурундагы күтүү убактысын кыскартуу жана кызмат көрсөтүүдөн пайдалануучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды (техникалык жана сервистик) түзүү.
4. Айыл аймактарында ЖКАБды түзүү жана ишмердүүлүгүн уюштуруу тартиби
ü ЖӨБ аткаруу органынын башчысы жергиликтүү кеңештин кароосуна ЖКАБ түзүү жөнүндө чечимдин долбоорун киргизет (тиркеме: ЖКАБ түзүүнүн тартиби жана ишмердүүлүгү жөнүндө типтүү жобо); жергиликтүү кеңештин чечими төмөнкү документтердин болушу жана аларды бекемдөө менен коштолушу керек:
ü ЖКАБ Жобосун бекитүү;
ü ЖКАБ жооптуу адисин же окутуудан өткөн (өтүшкөн) (функционалдык жактан ЖКАБга бекитилген) операторлорду аныктоо;
ü ЖКАБ базасында көрсөтүү пландаштырылап жаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин бекитүү (МБ реестрине жана МБ базалык реестрине ылайык, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын көрсөтүү менен);
ü ЖКАБда көрсөтүү пландаштырылып жаткан кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин аныктоо (жергиликтүү кеңештин чечими менен кийинчерээк өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен);
ü ЖКАБ базасында кызмат көрсөтө турган мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн тизмеги,
ü ЖКАБ иши үчүн айыл өкмөтүнүн имаратында атайын өзүнчө жай бөлүп берүү жөнүндө чечим,
ü ЖКАБ үчүн жабдуунун тизмесин аныктоо (столдор, отургучтар, компьютердик жана кеңселик техника);
ü Гендердик сезимталдык маселеси боюнча муктаждыктарды жана материалдык-техникалык көйгөйлөрдү аныктоо;
ü ЖКАБнын туруктуу негиздеги, же болбосо штаты жетишсиз болгон айыл аймагы үчүн жумасына 1 жолудан аз эмес ишинин графиги, ЖКАБда иштөөгө бекитилген кызматкерлердин (операторлордун) регламенти жана функциялары;
ü Интернетке кошулуу жана жарандар үчүн Интернет ресурстардын жеткиликтүү болуу мүмкүнчүлүгү;
3.2 Борбордо калкты бекитилген график боюнча айыл өкмөтүнүн айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кызмат көрсөтүү боюнча функциялар жүктөлгөн квалификациялуу кызматкерлери, ошондой эле калкка маанилүү деп эсептелинген кызматтарды көрсөткөн райондук тармактык түзүмдөрдүн өкүлдөрү кабыл алышат.
Айыл өкмөтүнүн башчысы ЖКАБда иштөөгө тартылган кызматкерлердин ичинен ЖКАБдын ишине жооптуу болгон ыйгарым укуктуу кызматкерди дайындайт.
3.3 Алыс жайгашкан айылдардан жана административдик-аймактык бирдик катары саналбаган айылдардан келген жарандардын кезексиз кабыл алынууга укугу бар. Кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт.
3.4 ЖКАБ өзү жайгашкан жайда Борбордо калкка көрсөтүлө турган мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын тизмегин алардын акысыз же акы төлөнө тургандыгын так көрсөтүү менен жайгаштырылышын камсыздайт;
3.5 ЖКАБ мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алууну, аларды иштеп чыгууну, каттоону жана арыз берүүчүгө кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүнү камсыздайт (зарыл болгон учурда жарандардын катышуусун талап кылбаган ведомстволор аралык иштешүү боюнча функцияларды аткарат);
3.6 ЖКАБ зарыл болгон документтерди ЖКАБдан аткаруу бийлигинин тиешелүү аймактык органдарына, уюмдарга жеткирилүүсүн, ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйынтыктарын жеткирүүнү уюштурат;
3.7 ЖКАБдын курамында калкка кызмат көрсөтүүгө тартылган уюмдар төмөнкүлөргө жооптуу болушат:
эгерде бул калкка кызмат көрсөтүү учурунда жарандар менен иштешүүнү камсыздоо үчүн зарыл болсо,ЖКАБда жооптуу кызмат адамдарынын болушун (орун алышын) камсыздашат;
арыз берүүчү сураган документти даярдайт же баш тартуунун жүйөлүү себебин түшүндүрөт жана кызмат көрсөтүүнүн стандарттары, ченемдик-укуктук актылар жана макулдашууларга ылайык мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү кыйындаткан жагдайларды четтетүү боюнча кеп-кеңештерди берет;
ЖКАБ кызматкерлерине зарыл болгон маалымат базаларынын, анын ичинде электрондук базалардын жеткиликтүү болушун камсыздайт;
даярдалган документти же жүйөлүү баш тартууну ЖКАБга өткөрүп берет;
ушул Типтүү жободо көрсөтүлгөн максаттарга жетүүнү жана милдеттерди чечүүнү камсыздайт.
3.8 Ведомстволор аралык кызмат көрсөтүүлөрдүн алкагында документтерди кароо жана берүү тиешелүү ченемдик-укуктук актылар, келишимдер менен бекитилген мөөнөттөрдө ишке ашырылат.
5. ЖКАБ кызматкерлеринин типтүү түзүмү, штаты жана функциялары
4.1 ЖКАБ функциялары:
Ведомстволор аралык маалыматтык жана документациялык иштешүү тутумун уюштуруу;
Кызмат көрсөтүүдөн пайдалануу процедурасын алардын жана аларды көрсөтүүгө катышкан уюмдардын түрүнө карабастан жөнөкөйлөштүрүү;
Жарандарга жана юридикалык жактарга ЖКАБда көрсөтүлө турган кызматтар жана алардан пайдалануунун ыкмалары менен шарттары туурасында маалымат берүү;
ЖКАБ ишинин ар кандай багыттары боюнча маалымат жана кеп-кеңеш берүү.
Жарандардын арыздарын жана кайрылууларын (жазуу жүзүндөгү же оозеки) кабыл алуу жана иштеп чыгуу;
Калк сөз кылган муктаждыктарды классификациялоо жана айыл аймак менен райондун деңгээлинде чечим кабыл ала турган адамдарга жеткирүү;
4.2 ЖКАБ типтүү түзүмү жана штаты:
· ЖКАБыйгарымукуктууадамдарымененоператорлорунунишмердүүлүгүжергиликтүүөзалдынчабашкаруунунаткаруучуорганынынштатынынчегиндеаткарылчуфункциялармененишкөлөмүнкеңейтүүмененаткарылат;
· ЖКАБдунжетекчисининмилдеттеринишмилдеттеринеаткарууорганынынмилдетинаткарууукугукиргенайылөкмөттүнкызматтагыадамыаткараалат;
· Штаттары чектелген, азыраак адам жашаган айыл өкмөттөрү үчүн ЖКАБ түзүмү бекитилген график боюнча ЖКАБда иштей турган айыл өкмөтүнүн адистерине функционалдык түрдө шайкеш келет;
· Дотациялык болбогон жана ЖКАБдын ишин туруктуу негизде уюштурууга мүмкүнчүлүгү бар айыл аймактарындагы түзүмдөргө функционалдык түрдө даярдыктан өткөн жана окутуп-үйрөтүлгөн операторлор киргизилсе болот.
4.3 ЖКАБ кызматкерлеринин кызматтык нускамалар менен бекитилген ыйгарым укуктары:
Арыз берүүчүлөрдөн тиешелүү арыздарды жана башка мамлекеттик менен муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу үчүн керек болгон документтерди кабыл алуу;
Арыз берүүчү алып келген документтердин толуктугун текшерет жана ага мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн пайдалануу үчүн берген документтеринин тизмесин берет жана ал документтердин жоголбой, кайтарылып берилиши үчүн толук жооптуу болот;
Арыз берүүчүлөрдүн кайрылууларын каттоого алат;
Каттоого алгандан кийинки жумушчу күндөн кечиктирбей документ алмашуунун эрежелерине ылайык арызды жана арыз берүүчү алып келген документтер топтомун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, же болбосо аткаруу бийлигинин аймактык органдарына, ЖКАБ базасында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө катыштыгы бар уюмдарга өткөрүп берет;
арыз берүүчүгө ал сураган документти берет же эмне үчүн берилбей тургандыгын түшүндүрүп, берүүдөн баш тартат;
ЖКАБдын ыйгарым укуктуу кызматкери купуя маалыматты жарыялагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
берилген документтер топтому мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн пайдалануу үчүн коюлган талаптарга шайкеш келбеген учурларда арыз берүүчүнүн арызын жана документтерин алуудан баш тартат;
ведомстволор аралык кызмат көрсөтүүдөн пайдалануу үчүн берилген арыз менен документтер топтому арыз берүүчүнүн өздүгүн тактаган документи жок болсо же болбосо суралган документтерди алууга болгон укугун тастыктай албаса, кабыл албайт.
6. ЖКАБишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү
ЖКАБ ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү жергиликтүү кеңеш Баалоо баракчаларынын негизинде жана коммерциялык эмес уюмдарды катыштыруу менен ишке ашырат. Мониторингдин жыйынтыктары жергиликтүү кеңештин сессиясынын кароосуна коюлат.
7. Корутунду жоболор
7.1 Ушул Жобого өзгөртүүлөр жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан киргизилип, андан соң жергиликтүү кеңеш карап, бекитет.
7.2 ЖКАБды реорганизациялоо жана жоюу боюнча чечимди жергиликтүү кеңеш кабыл алат.