Загрузка документа…
КР Президентинин 2011-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 236 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2004-жылдын 1-марты ПЖ № 76
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин окутуу Концепциясын бекитүү жөнүндө
Кесипкөй муниципалдык кызматты түзүүгө жана республиканын жергиликтүү бийлик органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин окутуунун бирдиктүү системасын түзүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин окутуу Концепциясы бекитилсин (мындан ары - Концепция) (№ 1 тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин окутуу боюнча Кеңеши түзүлсүн (мындан ары - окутуу боюнча Кеңеш) жана окутуу боюнча Кеңештин курамы жана окутуу боюнча Кеңеш жөнүндө Жобо бекитилсин (№ 2, 3 тиркемелер).
3. Окутуу боюнча Кеңеш Концепцияны жүзөгө ашыруу боюнча иш пландарын иштеп чыксын жана өзүнүн чечими менен бекитсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин окутуунун бирдиктүү системасын түзүү боюнча ишти жүргүзүүгө бардык чаралар менен көмөк жана жардам көрсөтсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
| № 2 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 1-мартындагы № 76 Жарлыгы менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин окутуу боюнча Кеңештин КУРАМЫ
Жанузаков Болот - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин
Чыныбаевич биринчи орунбасары - Кыргыз Республикасынын
Президентинин Администрациясынын уюштуруу
иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты
бөлүмүнүн башчысы, Кеңештин төрагасы;
Өмүралиев Төлөбек - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча
Эсенгулович башкаруу жана региондук өнүктүрүү иштери боюнча
министри, Кеңештин төрагасынын орунбасары;
Кутанов Аскар - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Асанбекович Башкаруу академиясынын президент-ректору,
Кеңештин жооптуу катчысы.
Кеңештин мүчөлөрү:
Акматбеков Кубатбек - Нарын областтык кеңешинин төрагасы;
Болжурова Ишенгүл - Кыргыз Республикасынын билим берүү министринин
Садыковна милдеттерин аткаруучу;
Денисенко Галина - Чүй областынын Аламүдүн районунун Ленин айылынын
Алексеевна жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун
башчысы;
Карашев Аалы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын
Азимовнч уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты
бөлүмүнүн уюштуруу иштер секторунун инспектору;
Керимкулов Медетбек - Бишкек шаарынын мэри;
Темирбекович
Кошоев Темирбек - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттар
Кудайбергенович Конгрессинин ардактуу президенти (макулдашуу боюнча);
Кумаров Болоткан - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
Советбекович Аппаратынын мамлекеттик кызмат, жергиликтүү
мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү
өз алдынча башкаруу башкармасынын начальниги;
Тарбинский Олег - муниципалдык изилдөөлөр жана технологиялар
Станиславович Институтунуи директору (макулдашуу боюнча);
Токоев Иса - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Насыралиевич Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты (макулдашуу боюнча);
Шарипов Жусупбек - Жалалабат областынын мамлекеттик администрациясынын
башчысы-губернатору.
|
|