Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XII сессиясы
2018-жылдын 13-январы № 125
Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкер көрсөтүү жөнүндө
Регламент ,мыйзамдуулук .укук тартиби жана депутаттык этика меселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү менен таанышып чыгып, талкуулап ,
Кыргыз Республикасынын , «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 32-беренесин жетекчиликке алып ,айылдык Кеңештин иштөө багытын бекемдөө укуктук базасын чыңдоо максатында Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бөлөкбаев Ысмайыл ,Өмөралиев Үрүлбай жогорку билимдүү ,Ормонбекова
Батма атайын орто билимдүү , мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда
,шайлоо системасында көп жылдан бери иштеп келе жатышат, шайлоо
мыйзамдарын жакшы билишет.
2. Мырза-Аке айылынын эмгек жамаатынын шайлоочуларынын 10-январь 2018-
жылдагы № 1 протоколу бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
3. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
комиссиясына ,Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына
талапкерликке Бөлөкбаев Ысмайыл, Өмөралиев Үрүлбай ,Ормонбекова Батма
сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Келдибеков |
| Мырза-Аке айылдык Кеңешинин 13.01.2018-жылдагы № 125 токтомунун тиркемеси |
Мырза-Аке айылы № 1 11.01.2018-ж
Катышканы - 23
Күн тартибиндеги маселе
Мырза-Аке айыл өкмөтү боюнча Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү.
Жыйындын төрагасы : Жумалиев С
Жыйындын катчысы: Айтбаева А
Угулду: Жыйындык төрагасы сөздү алып төмөндөгүлөргө токтолду.Урматтуу жыйындын катышуучулары айыл өкмөтү боюнча Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү үчүн төмөндөгү талапкерлерди көрсөтүү сунушун кароо боюнча
Бөлөкбаев Ысмайыл ,Өмөралиев Үрүлбай жогорку билимдүү ,Ормонбекова
Батма атайын орто билимдүү , мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда ,шайлоо системасында көп жылдан бери иштеп келе жатышат, шайлоо мыйзамдарын жакшы билишет.Айыл элинин шарттарын жакшы түшүнүшөт.
Мырза-Аке айыл өкмөтү боюнча эмгек жамаатынан шайлоо комиссиясынын курамынына талапкерлерди көрсөтүү жыйыны төмөндөгүдөй чечим кылат.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнчакомиссиясына ,Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерликке Бөлөкбаев Ысмайыл, Өмөралиев Үрүлбай ,Ормонбекова Батма сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясына ,Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерликке Бөлөкбаев Ысмайылды, Өмөралиев Үрүлбайды, Ормонбекова Батманы кабыл алууну карап берүү Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Бул чечимди бекитип берүү Мырза-Аке айылдык Кеңешинен суралсын.
Жыйындын төрагасы : Жумалиев .С
Жыйындын катчысы: Айтбаева А