Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз 9 сессиясы
2018-жылдын 27-январы № 9-2
Айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан калдыгын 2018-жылга карата бөлүштүрүү тууралуу
Айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан калдыгын 2018-жылга карата бөлүштүрүү тууралуу "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Кудайназаровдун жана ФЭБнүн А.Мадраимовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексиинин 16-главасынын 78-беренесинин 2,3-пункттарына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан калдыгын 2018-жылга карата №1-тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы ЖПБне АРИСтин долбоору аркылуу берилген трактор үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 340,0 сом бөлүнүп берилсин.
3. Бөлүнгөн акчаны каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Нурланга тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |
| Кеңеш айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезексизтогузунчу сессиясынын № 9-2-токтомуна тиркеме |
01.01.2018-жылга карата эсептик счетундагы калдыгы | 1659,9 |
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр | 681,5 |
Айыл чарбасы
| 514,0 |
Комуналдык чарба
| 240,4 |
Билим берүү
| 40,0 |
Социалдык коргоо
| 184,0 |
Чыгашалар жыйынтыгы
| 1659,9 |