Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 04-ноябры № 28/2
Кыргыз Республикасынын “Нотариат жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамына ылайык Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгынын 28-октябрь 2016-жылдагы № 01-13/3691 катын аткаруу боюнча
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXVIII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Нотариат жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамына ылайык Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгынын 28-октябрь 2016-жылдагы № 01-13/3691 каты жетекчиликке алынсын, аткарылышы камсыздалсын.
2. Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгынын айыл өкмөтү менен түзгөн келишими бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ч.Канкиева |