Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2018-жылдын 03-августу № 09
Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 19.01.2018-жылдагы кезектеги XXXII сессиясынын № 142 токтомунун 5-тиркемесине өзгөртүү киргизүү жана үнөмдөлгөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, “Бюджеттик Кодекстин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун 02.08.2018-жылдагы чыгыш № 01-34/426 сунушу боюнча бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, шаардык кеңештин 19.01.2018-жылдагы № 142 токтомунун 5-тиркемесине өзгөртүү киргизүү жана үнөмдөлгөн акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу жактырылсын.
2. Корутундуга ылайык:
-5-тиркеменин 33-пунктунан 3111 статьясынан – 300, 3 миң сом кыскартылсын, бул каражат 2221 статьясы боюнча ( 27 пункт) кошумча чыгымдалсын;
жалпысынан тендер өткөрүүлөрдүн жыйынтыгы менен 1 503, 7 миң сом үнөмдөлгөндүгү белгиленсин, бул каражат тиркемеге ылайык чыгымдалсын.
3. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Касымов) тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |
| Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 03.08.2018-жылдагы кезектеги V сессиясынын № 09 токтомуна Тиркеме |
№ | Статьясы | Каражатты чыгымдоо багыты | Сумма (миң сом) |
1 | 3111 | “Эс алуу”багына (арка, скамейка, жарыктандыруу орнотууга, фонтанды оңдоого) | 1000,0 |
|
|
|
|
1 | 2213 | Бөкөнбаев атындагы мектептин убактылуу пайдалануусу үчүн “Кетмен Төбө” мейманкасынын ижара акысына кошумча төлөөгө | 156,0 |
2 | 3112 | К.Жакыпов атындага ФАПка муздаткыч сатып алууга кошумча | 5,0 |
3 | 2215 | Социалдык объекттерге АСКУЭ электр эсептегичтерин орнотууга | 36,0 |
4 | 2215 | “Арча-Бешик” балдар бакчасынын убактылуу пайдалануусу үчүн ижарага алынган жеке турак үйдө электр чубалгыларын тартып келүүгө | 30,5 |
5 |
| КР 21.04.2017-жылдагы № 228 токтомунун негизинде резервдик рота түзүүгө | 165,0 |
6 | 2721 | Г.Асановага материалдык жардам | 10,0 |
7 | 2221 | Ички жолдорго шагыл төгүү | 101,2 |
|
| Жалпы: | 1 503, 7 |
Төрага: М.Н.Жусупахунов