Загрузка документа…
Токтогул шаардык кеңешинин 2025-жылдын 09-январындагы № 10 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2018-жылдын 03-августу № 11
Депутаттын этика Кодекси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Депутаттын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Токтогул шаардык кеңешинин Регламентине ылайык иштелип чыккан Депутаттын этика Кодекси “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы, этикасы, спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, экология, мамлекеттик стандарт, мыйзамдуулукту чындоо, боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында талкууланды.
Туруктуу комиссиянын корутундусун жана шаардык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттын этика Кодекси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул Кодекс депутаттын ишине керектүү маданияттын калыптанышына көмөк көрсөтүүчү, депутаттын жүрүм-турум стандарттарын (нормаларын) белгилөөчү документ катары эсептелсин.
3. Депутаттын этика Кодексинин талаптарын аткаруу шаардык кеңештин ар бир депутатына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы, этикасы, спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, экология, мамлекеттик стандарт, мыйзамдуулукту чындоо, боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |
| Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 2018-жылдын 03-августундагы кезектеги V сессиясынын № 10 токтому менен бекитилди Тиркеме |
Ушул Депутаттын этика Кодекси (мындан ары - Кодекс) - коомго татыктуу кызмат кылуу, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн натыйжалуу токтомдорду чыгаруу ишин уюштуруу, кызыкчылыктардын мүмкүн болуучу кагылыштарына, кыянатчылыктарга жана коррупцияга жол бербөө максатында Токтогул шаардык кеңешинин депутаттары (мындан ары - депутаттар) тарабынан ыктыярдуу кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин жана этикалык нормаларды сактоо милдеттенмеси.
1-глава Депутаттын этиканын ченемдерин сактоосу
1.1. Кодекс жарандардын шаардык кеңешке болгон ишениминин өсүшүнө жана депутаттардын ишине керектүү маданияттын калыптанышына көмөк көрсөтүүчү депутат сактоого тийиш жүрүм-турум стандарттарын (нормаларын) белгилөөчү документ болуп эсептелет.
1.2. Депутат өзүнүн ишинде Токтогул шаарынын мындагы жашоочулардын кызыкчылыктарын коргоого, КР Конституциясын, " Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамды, шаардык кеңештин Регламентин, Кыргыз Республикасынын дагы башка нормативдик укуктук актыларын жана ушул Кодексти сактоого тийиш.
1.3. Шаардык кеңештин кеңсеси шаардык кеңештин сессияларын/жыйналыштарын өткөрүүчү расмий жай болуп саналат, ал жерде катышып отургандар тартипти, этиканы жана жүрүм-турумдун белгиленген ченемин сакташат.
1.4. Шаардык кеңештин ишмердүүлүгүнө байланышкан учурларда депутаттар иштин расмий мүнөзүнө шайкеш келген кийим кийүүгө тийиш.
1.5. Жыйналыштардын убагында депутат уюлдук байланыш каражаттарын пайдаланууну чектөөгө тийиш.
1.6. Депутат өзүнүн кадыр-баркына, ошондой эле шаардык кеңештин кадыр-баркына жана жалпы эле шаарга, мамлекетке залака келтириши мүмкүн болгон ар кандай иштен жана жосундардан карманууга тийиш.
1.7. Депутаттын ишмердүүлүгү азыркы жана келечек муундар алдында өз шаар аймагына болгон жоопкерчилигинен келип, Токтогул шаарынын калкынын бакубат жашоосуна жана бул аймактын гүлдөп, өсүшүнө жетишүүгө багытталышы керек.
2-глава Шаардык кеңештин, депутаттык фракциялардын, сессияларда, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйналыштарындагы депутаттык этиканын эрежелери
2.1. Депутаттардын өз ара мамилелери тең укуктуу негизде түзүлөт. Ар бир депутат башка депутаттарга алардын саясий таандыгына карабастан калыс мамиле жасоого милдеттүү. Депутаттар каралып жаткан маселелер боюнча өзүнүн сунушун коллективдүү талкуулоо жана чечимдерди кабыл алуу, ой-пикирлердин көп түрдүүлүгүнө сый мамиле кылуу, кагылыштарга жол бербөө, талкуулоо жолу менен чечиши керек. Депутат өзүнүн көз карашын башка депутаттарга таңуулай албайт.
2.2. Депутат шаардык кеңештин сессияларына, өзү мүчө болгон депутаттык фракциялардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындарына, ар кандай кабыл алуу комиссияларынын иштерине, коомдук, майрамдык иш чараларга катышууга милдеттүү. Депутаттын жогоруда белгиленген жыйындарда болбой калышына жүйөлүү себептер боюнча гана жол берилет, бул учурда депутат шаардык кеңештин Регламентинде каралган тартипке ылайык күн мурун аппаратка билдирүүгө милдеттүү.
2.3. Депутат шаардык кеңештин сессиялары алардын ишинин уюштуруучулук-укуктук формасы экендигин, мында чечимдер тиешелүү депутаттардын белгиленген саны менен кабыл алына тургандыгын жана ал өзүнүн депутаттык милдетин кынтыксыз аткарууга милдеттүү экендигин ар дайым билүүгө тийиш.
2.4. Депутат жүйөөлүү себептерсиз өзүнүн милдеттерин так аткарбоосу, анын өзүнө жана кеңештин башка депутаттарына карата болгон мамилесин айгинелейт.
2.5. Депутат шаардык кеңештин чечимдери менен тапшырмаларын мыйзам талаптарына ылайык адилет аткарууга милдеттүү. Депутат жеке өзү же жамааттык түрдө, жыйналыштарды үзгүлтүккө учуратууга багытталган, төмөндөгү аракеттерди: жүйөсүз себептер боюнча жыйындар залылан чыгып кетүүгө; төрагалык кылуучу сөз бермейинче чыгып сүйлөөгө; талкууланып жаткан маселеден тышкары сөз сүйлөөгө; сүйлөп жаткандардын сөзүн үзгүлтүккө учуратууга; жыйында төрагалык кылуучу тарабынан сөз берилгендерге тоскоолдук кылууга, ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына шайкеш келбеген дагы башка иш-аракеттерди жасоого жол берилбейт.
2.6. Шаардык кеңештин, депутаттык фракциялардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындарында катышуу мезгилинде, депутат, жыйынга төрагалык кылып жаткан адамга, катышып отурган башка депутаттарга жана адамдарга кичи пейил, сылык-сыпаа жана сый мамиле көрсөтүшү керек. Депутат өзүнүн сөзүндө төмөндөгүлөрдөн: өтө орой, кемсинткен, адепсиз жана сөгүнгөн сөздөрдү колдонуудан, кимдир бирөөнү негизсиз айыптоодон, ар-намыс, кадыр-барк жана ишмердик беделин түшүрүүдөн, жалган маалыматтарды пайдалануудан башка мыйзамсыз аракеттерден карманууга тийиш.
3-глава Шайлоочулар менен иштөө учурундагы депутаттык этиканын эрежелери
3.1. Депутат жарандардын укуктарын, эркиндиктерин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды көрүүгө тийиш.
3.2. Депутат шайлоочулар менен байланыш түзүүгө, алардын кайрылууларын карап турууга, каттарына жооп берүүгө, жарандарды жеке кабыл алууну жүргүзүүгө, жарандар тарабынан коюлган маселелерди чечүүгө багытталган сунуштарды тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аткаруу бийлигине-мэрияга, шаар аймагында жайгашкан менчигинин түрүнө карабастан мекеме-ишканаларга сунуштап, жыйынтыктарын билдирип турууга тийиш.
3.3. Шайлоочулар менен жеке сүйлөшкөндө депутат компетенттүүлүктүн, ак ниеттүүлүктүн жана адилеттүүлүктүн өрнөгүн көрсөтүүгө умтулушу керек. Депутат шайлоочулардын ишенимине татыктуу болууга, өзүнүн үлгүсү менен коомдук, мамлекеттик тартипти чыңдоого, жарандык милдеттердин аткарылышына көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
3.4. Депутат шайлоочулар менен жолугушуунун жүрүшүндө өзүнүн иши, анын ичинде жарандардын жеке кайрылууларына байланыштуу маалымат берүүгө милдеттүү. Депутат тарабынан шайлоочуларга берилүүчү маалымат толук, ишенимдүү жана объективдүү болууга тийиш.
4-глава Депутаттын мамлекеттик бийлик органдары, шаардык кеңештин, мэриянын кызмат адамдары менен өз ара иштешкен учурда депутаттык этиканын эрежелери
4.1. Мамлекеттик бийлик органдары, шаардык кеңештин, мэриянын кызмат адамдары жана башка юридикалык жактар менен өз ара мамилелерде депутат өзүнүн ыйгарым укуктарын жеке максаттарда пайдаланууга укугу жок.
4.2. Депутат мамлекеттик органдарга, мэрияга жана жергиликтүү башка юридикалык жактарга депутаттык суроо-талап менен кайрылганда, депутаттык этиканын нормаларын карманууга тийиш.
4.3. Депутат шаардык кеңештин расмий бланктарын депутаттык суроо-талаптар жана мамлекеттин жана шайлоочулардын кызыкчылыктарын жетекчиликке алуу менен депутаттык ыйгарым укуктарды ишке ашырууга зарыл документтер үчүн гана пайдаланышы керек.
5-глава Жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара иштешкен учурдагы депутаттык этиканын эрежелери
5.1. Депутат колдонуудагы мыйзамдарда каралган тартипте жалпыга маалымдоо каражаттарында өзүнүн жеке пикирин билдире алат.
5.2. Депутаттын сүйлөгөн сөздөрү сылык, жеткиликтүү жана фактыларга негизделген болушу керек.
5.3. Депутат шаардык кеңештин же анын органдарынын (фракциялардын, туруктуу, убактылуу комиссиялардын) атынан, алардын ой-пикирин билдирүүгө расмий ыйгарым укук берилген учурда гана чыгып сүйлөй алат. Депутат фракциянын ой-пикирин эсепке албастан, алардын атынан жалпыга маалымдоо каражаттарында ачык билдирүүлөрдү жасоодон карманышы керек.
5.4. Эгерде депутаттын ачык сүйлөгөн сөздөрүндө жана билдирүүлөрүндө жарандын ар-намысын жана кадыр-баркын басмырлаган ой-пикирлер камтылса, депутат өзүнүн ой-пикирлери одоно же калпыс айтылганын ачык моюнга алып, мыйзамдарда башкача жагдайлар каралбаса, кайсы жарандын ар-намысына шек келтирсе, ошол жарандан кечирим суроого милдеттүү.
6-глава Депутаттарга материалдык жактан коюлуучу талаптар
6.1. Депутат өзүнүн статусун жеке максаттары үчүн пайдалана албайт .
6.2. Депутат бир эле учурда башка мамлекеттик же муниципалдык кызматта тура албайт, депутат мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте илимий, педагогикалык, өндүруштүк, башка чыгармачылык иш менен алектене алат.
6.3. Депутат кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга байланышкан иш-аракетти жүзөгө ашыргандыгы же аракетсиздиги үчүн үчүнчү жактардан белек, акча жана кызмат көрсөтүү түрүндө сыйакы алууга укуксуз.
7-глава Депутаттардын кызыкчылыктарынын кагылышы
7.1. Кызыкчылыктардын кагылышы деп депутат өзүнүн жеке кызыкчылыктарына тиешеси бар маселелерди талкуулоого жана алар боюнча добуш берүүгө катышкан кырдаал же депутаттык ыйгарым укуктарды пайдалануу менен башка ар кандай пайда алууга алып келген кырдаал эсептелет.
7.2. Депутат материалдык сый акы алып, кайсы бир маселени шаардык кеңеште өткөрүп кетүүнү сүрөөнгө албашы керек.
7.3. Эгерде талкууга депутат өзү кызыкдар болгон же мындан ары кызыкдар болушу мүмкүн маселе коюлуп жатса, ал бул тууралу шаардык кеңештин, депутаттык фракциянын, туруктуу жана убактылуу комиссиянын жыйналышына талкуу башталганга чейин билдирип коюуга милдеттүү.
7.4. Шаардык кеңештин депутаты өзүнө мамлекеттик жана муниципалдык орган жана кызмат адамдары тарабынан берилген кызматтык расмий маалыматты жеке пайдасы үчүн пайдалана албайт.
7.5. Депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун натыйжасында өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды, эгерде бул маалыматтар төмөндөгүдөй болсо, жарыя кылбашы керек:
- шаардык кеңештин, фракциялардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жабык жыйналыштарында каралган маселелерге тиешелүү болсо;
- депутаттын жеке маселесин кароого байланыштуу шаардык кеңештин жыйналыштарында белгилүү болгон анын мыйзам менен корголуучу жеке турмушунун сырына тиешелүү болсо;
- шайлоочунун же башка адамдын жеке турмушунун сырын камтып, шаардык кеңештин депутатына аны жарыя кылбоо шартында ишенип берилсе;
- мамлекеттик же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу дагы башка жашыруун сырды камтыса.
7.6. Депутаттык ишти жүзөгө ашырган учурда депутат шайлоочулардын алдында жоопкерчиликтүү экенин жана алардын кызыкчылыктарын көздөй тургандыгын ар дайым эсинде тутушу керек.
8-глава Депутаттык этиканын эрежелерин сактабагандыгы үчүн моралдык жана тартиптик жагынан таасир этүүнүн чаралары
8.1. Депутаттык этиканын нормаларынын депутат тарабынан сакталышы анын жеке жана профессионалдык-ишмердик сапаттарына ар тараптан объективдүү баа берүү үчүн маанилүү элемент болуп эсептелет.
8.2. Депутат тарабынан ушул Кодекстин талаптарынын бузулушу шаардык кеңештин “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн демилгеси же туруктуу комиссияга келип түшкөн жазуу жүзүндөгү кайрылуу боюнча каралат. Туруктуу комиссия 14 календардык күн ичинде түшкөн даттанууга жооп берүүгө тийиш.
8.3. Шаардык кеңештин “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиясы ушул Кодексти бузган адамга карата төмөндөгүдөй таасир этүүчү чараларды көрүүгө укуктуу:
- депутатка көпчүлүк алдында кечирим суроону сунуштоого;
- депутатка депутаттык этиканын нормалары менен эрежелери бузулган учурларды болтурбоо боюнча чаралар көрүлүшүн жана мындан ары мындай бузулуштарга жол берилбешин сунуштоого;
- депутаттык этиканын нормалары жана эрежелери экинчи ирет бузулган учурда туруктуу комиссия маселени тиешелүү депутаттык фракциянын жыйналышына же шаардык кеңештин сессиясына алып чыгууга;
- депутаттын жүрүм-турумун этикага ылайыксыз деп табууга;
Эгерде депутат көпчүлүк алдында өз убагында кечирим сураса, ал ушул пунктта каралган таасир этүү чараларынан бошотулушу мүмкүн.
8.4. Депутат тарабынан, башка депутаттын, шайлоочунун, кызмат адамынын ар-намысын жана кадыр-баркын кордогон, шаардык кеңештин беделин түшүргөн жоосун жасалса, шаардык кеңештин “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиясы карап, депутаттын татыксыз жүрүм-туруму туралуу чечимин сессияга жалпы депутаттардын талкуусуна сунуштап, жыйынтыгы жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоочуларга жана саясий партиялардын лидерлерине билдирилет
Жооптуу катчысы | С.Наралиева |