Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2018-жылдын 03-августу № 12
“Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэриясынын алдындагы “Ынгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын дараметин жогорулатуу боюнча Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында төмөндөгүлөр аткарууга алынсын:
Токтогул шаардык мэриясы:
- жыл башында таштанды калдыктарын чыгаруу үчүн жашоочулардан алынуучу төлөмгө компенсация катары бөлүнгөн акча каражатын ар бир кварталда которуп берсин;
- муниципалдык тапшырыктарды берүүчү коммуналдык чарба бөлүмүнүн иши жолго коюлсун, берилген тапшырыктардын сапаттуу аткарылышына көңүл бурулсун;
- жылдын ар бир мезгили учурунда аткарылуучу жумуштар (муниципалдык тапшырыктар) 4 (төрт) кварталга ылайыктап эсептелсин, аткарылган иштин көлөмүнө ылайык төлөм жүргүзүлсүн;
- шаардык мэриянын балансындагы техникаларды жана жабдууларды “Ынгайлуу шарт” муниципалдык ишканасына убактылуу чарба жүргүзүү укугу менен келишимдин негизинде өткөрүп берсин (Тиркемеге ылайык);
“Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасы:
- шаар аймагынан катуу тиричилик таштанды калдыктарын бекитилген графикке ылайык чыгарып турууга жетишүүнү уюштурсун, шаар ичин, Эс алуу багын өз убагында карап, тазалап, жумушчуларды рационалдуу пайдаланууну камсыздасын;
- муниципалдык тапшырыктарды өз убагында, сапаттуу аткарсын;
- келишимдин негизинде убактылуу өткөрүлүп берилген техникаларды өз убагында тейлеп (ондоп, түзөп), максаттуу колдонсун;
- ишкананын иш аракеттерин жакшыртуу үчүн өз сунуштарын иштеп чыгып, мэрияга, кеңешке сунуштасын;
- АРИС долбоорунун талаптарына ылайык, көчөлөрдө түнкү жарыктандырууну үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн квалификациялык талаптарга жооп берген инженер–энергетик (III группадагы 1000В чейин уруксаты бар) кызматкерди жумушка кабыл алсын;
2. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго жана “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын директоруна милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын жалпысынан көзөмөлдөө “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Калмурзваеге тапшырылсын.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |
| Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 03.08.2018-жылдагы кезектеги V сессиясынын № 12 токтомуна Тиркеме |
№ | Мүлктүн аты | саны | Баасы | Эскертүү |
1 | ГАЗ-53 жүк ташуучу | 1 | 1574421 | негизги |
2 | Мерседес | 1 | 840000 | негизги |
3 | Тойота | 1 | 300 000 | негизги |
4 | ЮМЗ трактор | 1 | 273038 | атайын |
5 | ЮМЗ эксковатор | 1 | 526750 | атайын |
6 | Вакум автомашина | 1 | 730712 | атайын |
7 | ЗИЛ автовышка | 1 | 379500 | атайын |
8 | ЗИЛ автомаш. суу чачуучу | 1 | 446500 | атайын |
9 | КАМАЗ -65115 | 1 | 4616000 | атайын |
10 | САК сварка | 1 | 503500 | атайын |
11 | Битумоварка | 1 | 57120 | негизги |
12 | Плуг | 1 | 35000 | негизги |
13 | Трамбовка | 1 | 53500 | негизги |
14 | Асфальт кескич | 1 | 85000 | негизги |
15 | Бургу (отбойный молоток) | 1 | 22500 | негизги |
16 | Генератор | 1 | 240 | негизги |
Жооптуу катчысы | С.Наралиева |