Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12- июлу №1
Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга долбоору жана 2020-2021-жылдарга божомолун жактыруу жөнүндө
Жалал-Абад шаардык мэриясынын 27.06.2018-жылдагы чыгыш № 04-04/1658-катты шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 95-беренесин негиз кылып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга киреше бөлүгүнүн долбоору 418925,2 миӊ сом, анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер 80347,8 миӊ сом өлчөмүндө № 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга түзүлгөн чыгаша бөлүгүнүн долбоору 418925,2 миӊ сом, анын ичинен атайын төлөмдөр 80347,8 миӊ сом өлчөмүндө №2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. Жалал-Абад шаардык финансы бөлүмүнүн башчысына (А.Раматиллаев) Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга долбоору жана 2020-2021-жылдарга божомолун Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине жеткирүү жагы милдеттендирилсин.
4. 2018-жылдын жыйынтыгы менен Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетине бекитилген пландан ашыкча түшкөн каражат жана шаардын аймагындагы көмүскө ишкердүүлүктү ачыкка чыгаруу боюнча иш-чаралардын жыйынтыгы менен 2019-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү Жалал-Абад шаарынын мэрине (М.Тагаев) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
6. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Джолдошев |
| Шаардык кеңештин | |||||
12-июнь 2018-жылдагы | ||||||
Х сессиясынын | ||||||
1-токтомуна 1-тиркеме | ||||||
2019-жылга Жалал-Абад шаарынын шаардык бюджетинин кирешелер боюнча долбоору жана 2020-2021-жж. божомолу | ||||||
№ | Элемент (8) | Киреше булактарынын аттары. | % | 2019-жылга тузулгон долбоор | 2020-жылга тузулгон божомол | 2021-жылга тузулгон божомол |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
1 | 11111 | Салык агенти толоочу киреше салыгы | 50 | 114 480,0 | 116 005,0 | 118 147,0 |
2 | 11122200 | Ыктыярдуу патенттин негизинде салык | 100 | 48 300,0 | 49 000,0 | 50 200,0 |
3 | 11122100 | Милдеттүү патенттин негизинде салык | 100 | 17 080,0 | 17 592,4 | 18 296,1 |
4 | 11121100 | Чакан ишкердик субъекттери учун бирдиктуу салык |
| 1 010,0 | 1 040,3 | 1 071,5 |
5 | 11412100 | Сатуудан салык | 50 | 70 800,0 | 75 000,0 | 78 000,0 |
6 | 11462 | Роялти | 50 | 1 300,0 | 1 300,0 | 1 300,0 |
7 |
| Жалпы мамлекеттик салыктардын жыйынтыгы |
| 252 970,0 | 259 937,7 | 267 014,6 |
8 | 11311100 | Ишкердик иши учун пайдаланылбаган мулкко салык (1-топ) | 100 | 300,0 | 312,0 | 321,4 |
9 | 11311200 | 2-топтогу ишкердик иши учун пайдаланылган кыймылсыз мулкко салык | 100 | 21 800,0 | 22 500,0 | 23 000,0 |
10 | 11311300 | 3-топтогу ишкердик иши учун пайдаланылган кыймылсыз мулкко салык | 100 | 300,0 | 312,0 | 321,4 |
11 | 11312 | Транспорттук каражаттаргы салык | 100 | 10 200,0 | 11 220,0 | 12 342,0 |
12 | 11321100 | Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу учун жер салыгы | 100 | 3 000,0 | 3 120,0 | 3 213,6 |
13 | 11321200 | Айыл чарба жерлерин пайдалануу учун жер салыгы | 100 | 452,0 | 452,0 | 452,0 |
14 | 11321300 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу учун жер салыгы | 100 | 15 000,0 | 15 600,0 | 16 000,0 |
17 | 14224200 | Таштандыларды ташып чыгаруу учун жыйым | 100 | 920,0 | 920,0 | 920,0 |
18 | 14152600 | Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы учун акы (ФПЗ) | 100 | 600,0 | 600,0 | 600,0 |
19 |
| Бекитилген кирешелердин жыйынтыгы |
| 52 572,0 | 55 036,0 | 57 170,3 |
20 |
| Салык кызматтары аркылуу чогултулган киреше |
| 305 542,0 | 314 973,7 | 324 184,9 |
21 | 14152100 | Калктуу конуштарды жер ижарасы учун акы, анын ичинен: |
| 24 867,4 | 25 986,4 | 27 155,8 |
22 |
| Шаардык муниципалдык менчиктерин башкаруу комитети |
| 7 800,0 | 8 034,0 | 8 275,0 |
23 |
| Шаардык керек-жарак рыногу жана кызмат кылуу департаменти |
| 11 067,4 | 11 399,4 | 11 741,4 |
24 |
| Курулуш базарынан тушуучу киреше |
| 6 000,0 | 6 600,0 | 7 260,0 |
25 | 14152200 | Жайыт ижарасы учун акы |
|
| 0,0 | 0,0 |
26 | 14211200 | Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысы |
| 2 100,0 | 2 205,0 | 2 315,3 |
27 | 14224300 | Автотранспортту токтотуу үчүн жыйым | 100 | 3 600,0 | 3 780,0 | 3 969,0 |
28 | 14221900 | Дагы башка толомдор жана жыйымдар (Сертификаттарды жана башка уруксат беруучу документтердин акысы) |
| 1 950,0 | 2 100,0 | 2 200,0 |
30 | 14311100 | Административдик штрафтар |
| 100,0 | 150,0 | 200,0 |
33 | 32142110 | Ишканалар жана уюмдар тарабынан ссудаларды тындыруу |
| 418,0 |
|
|
34 |
| Шаардык мэрия, муниципалдык МБК жана керек-жарак департаменти аркылуу чогултулган жыйымдар жана толомдор |
| 33 035,4 | 34 221,4 | 35 840,1 |
35 |
| Жалпы салык жана салык эмес кирешелер |
| 338 577,4 | 349 195,1 | 360 025,0 |
36 |
| Республикалык бюджеттен тушуучу каражат |
|
|
|
|
37 |
| Жалпы киреше трансферттер менен (бюджеттик каражаттар) |
| 338 577,4 | 349 195,1 | 360 025,0 |
38 |
| Атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер |
| 80 347,8 | 85 858,2 | 91 767,1 |
39 |
| Жалпы кирешелер атайын төлөмдөр жана трансферттер менен |
| 418 925,2 | 435 053,3 | 451 792,1 |