Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-марты № 12/2
Чүй айылдык Кенешинин каржы,экономика жана бюджет комитетинин протоколунун иш кагаздарын карап жана Чүй айыл өкмөтүнүн каржы - экономика бөлүмүнүн башчысы А. Малдыбаеванын “2018 – жылга карата Чүй айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү тууралу маалыматын” угуу менен Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31 – беренеси, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 13-беренесине ылайык Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл өкмөтүнүн 2018 – жылга карата сметалык бюджетинин киреше бөлүгүнүн жалпы суммасы 35 334,1 миң сомго бекитилсин. Анын ичинен:
– Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн жалпы суммасы – 31 368,5 миң сом.
– Атайын эсептен – 3965,6 миң сом.
2. Чүй айыл өкмөтүнүн 2018 – жылга сметалык бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн суммасы – 35 334,1 миң сом.
Атайын эсептен – 3965,6 мин сом.
3. 2018-жылдын 1 – январына карата Чүй айыл өкмөтүндө каралган калдык:
Жергиликтүү бюджетинен – 915,6 мин сом;
Атайын эсепте – 525,8 мин сом акча каражаты:
· 2218 статья “Тамак – аш” продуктыларына 447,4 мин сом;
· 2222 статья “Чарбалык товарларды сатып алууга” – 78,4 мин сом акча каражатынын калдыгын төлөп берүүгө макулдук берилсин.
4. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык Кеңешинин бюджет, каржы комитетинин төрайымы А. Иманалиевага жүктөлсүн.
Төрага | З.Амангельдиев |