ТоктомКүчүндө

Чүй айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 7-мартындагы № 12/2 «Чүй айыл өкмөтүнүн 2018 – жылга сметалык бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү тууралу» токтому

Редакция07.03.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 7-марты № 12/2

“Чүй айыл өкмөтүнүн 2018 – жылга сметалык бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү тууралу”

 

Чүй айылдык Кенешинин каржы,экономика жана бюджет комитетинин протоколунун иш кагаздарын карап жана Чүй айыл өкмөтүнүн каржы - экономика бөлүмүнүн башчысы А. Малдыбаеванын “2018 – жылга карата Чүй айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү тууралу маалыматын” угуу менен Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31 – беренеси, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 13-беренесине ылайык Чүй айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй айыл өкмөтүнүн 2018 – жылга карата сметалык бюджетинин киреше бөлүгүнүн жалпы суммасы 35 334,1 миң сомго бекитилсин. Анын ичинен:

–        Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн жалпы суммасы – 31 368,5 миң сом.

–        Атайын эсептен – 3965,6 миң сом.

2. Чүй айыл өкмөтүнүн 2018 – жылга сметалык бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн суммасы – 35 334,1 миң сом.

Атайын эсептен – 3965,6 мин сом.

3. 2018-жылдын 1 – январына карата Чүй айыл өкмөтүндө каралган калдык:

Жергиликтүү бюджетинен – 915,6 мин сом;

Атайын эсепте – 525,8 мин сом акча каражаты:

·         2218 статья “Тамак – аш” продуктыларына 447,4 мин сом;

·         2222 статья “Чарбалык товарларды сатып алууга” – 78,4 мин сом акча каражатынын калдыгын төлөп берүүгө макулдук берилсин.

4. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык Кеңешинин бюджет, каржы комитетинин төрайымы А. Иманалиевага жүктөлсүн.

 

Төрага

З.Амангельдиев