Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXXI СЕССИЯСЫ
2016-жылдын 23-марты № 2
Нарын шаарынын 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана 2017-2018-жылдардын долбоору «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга Республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдардын долбоорлору жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы -экономикалык негиздери жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, бюджеттик мекеме-ишканалардын берген долбоорлорунун негизинде түзүлүп, Нарын шаардык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын эске алып Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарынын 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер боюнча 98125,7 мин сом мунун ичинен салык жыйымдары 81333,7 миң сом жана салык эмес жыйымдары 16792,0 миң сом өлчөмүндө жана 2017-жылдын долбоору 109498,7миң сомго, 2018-жылдын долбоору 120264,7 миң сомго бекитилсин.(№1, 2 тиркемелер тиркелет)
2. Чыгашалар бөлүгү боюнча 98125,7 мин сомго аныкталып, анын ичинен билим берүү тармагына 19228,3 миң сом, маданият тармагына 4678,3 миң сом, социалдык өнүгүү тармагына 8383,8 мин сом, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тармагына 16867,4 мин сом, турак жай жана коммуналдык чарба тармагына 41467,9 мин сом жана башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдарга 7500,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. (№3 тиркеме тиркелет)
3. Нарын шаардык ,билим берүү тармагына келишим менен Нарын шаарынын №16 “Ыйман” бала бакчасына кошумча 0,5 штаттык бирдиги үчүн 68,0 миң сом акча каражаты каралсын жана келишим түзүү, көзөмөл жүргүзүү жагы Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4. Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык кызмат жөнүндө” 26-август 2004-жылдагы №165 Мыйзамынын 28-беренесине ылайык Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин кызматкерлеринин эмгек маяналарына кошумча 25 пайыз акча каражаты кошулуп берилсин.
5. Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлери эмгек өргүүсүнө чыкканда 1 (бир) айлык өлчөмүндө материалдык жардамга акча каражаты кошулуп берилсин.
6. Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын жана Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин штаттык бирдиктери жана эмгек акылары Нарын шаардык Кеңеши менен макулдашылып Нарын шаардык мэриясы тарабынан бекитилсин.
7. Нарын шаардык троллейбус ДЭПОсуна Нарын шаарындагы 1-4- класстын окуучуларын бекер жүрүүсүнө Нарын шаардык билим берүү жана Нарын шаардык троллейбус ДЭПОсу менен түзүлгөн акт-сверканын негизинде экономикалык чыгымдарга каралган акча каражатынын эсебинен каржылансын жана каржылоо жагы Нарын шаардык финансы бөлүмүнө тапшырылсын.
8. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме ишканалардын штаттык бирдиктери жана чыгаша сметасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын сунушу менен мыйзамдарга ылайык бекитилсин.
9. Нарын шаарынын муниципалдык менчиктен түшүүчү 4700,0 (төрт миллион жети жүз миң ) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө киргизилсин жана толук чогултуу муниципалдык менчик департаменттин директорунун персоналдык милдети деп белгиленсин.
10. Нарын шаардык салык кызматы аркылуу жергиликтүү бюджетке түшүүчү 85333,7 (сексен беш миллион үч жүз отуз үч миң жети жүз) сом каражатты бюджетке түшүрүү Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча салык кызматынын начальнигинин персоналдык милдети деп белгиленсин.
11. Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасы тарабынан бюджеттин атайын каражатына түшүүчү 3500,0 (үч миллион беш жүз миң ) сом акча каражаты толук чогултуу ишкананын директоруна милдеттендирилсин
12. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-пунктуна ылайык шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн көлөмүнө жараша өзүн-өзү башкаруу органынын 1 пайызга чейинки 1000,0 миң сом резервдик фонду түзүлсүн, мунун ичинен 300,0 миң сом Нарын шаардык Кеңешине бекитилсин.
13. Бул токтом менен бекитилген Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча салык кызматына , шаардык муниципиалдык менчик департаментине , Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасына, Нарын регионалдык казына бөлүмүнө жана шаардык мекеме жетекчилери тарабынан кыйшаюсуз аткаруу жагы милдеттендирилсин
14. Нарын шаарынын 2016-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышына жана 2017-2018-жылдардын план-долбооруна катуу көзөмөлдүк кылуу жагы Нарын шаарынын мэрине жана Нарын шаардык финансы бөлүмүнүн начальнигине тапшырылсын.
Тѳрага | Э. Турсуналиев |
Нарын шаардык Кеңешинин | |||
2016-жылдын 23-мартындагы | |||
XXXI сессиясынын № 2 токтомуна | |||
№1 тиркеме | |||
Нарын шаарынын 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн планы | |||
| Аталышы | 2016-жылга план | |
1 | Киреше салыгы 50% | 39096,0 | |
2 | Ы ктыярдуу патент негизинде салык | 7200,0 | |
3 | Милдеттүү патент негизинде салык | 782,0 | |
4 | Бирдиктүү салык | 590,0 | |
5 | Турак жай эмес мүлкүнөн алынуучу салык | 1888,4 | |
6 | Короо жай участогунан алынуучу жер салыгы | 280,0 | |
7 | Айыл чарбасына жарактуу эмес жерден алынгын салык | 1800,0 | |
8 | Сатуудан алынуучу салык 50% | 25677,0 | |
9 | Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык | 3984,5 | |
10 | Ар кандай салыктар (рояльти) | 35,8 | |
| Салык жыйымдардын баары | 81333,7 |
|
11 | Мамлекеттик пошлина | 1750,0 | |
11 | Атайын каражаттар | 10000,0 | |
12 | Айып акылар жана башка санкциялар | 320,0 | |
13 | Муниципалдык менчик обьектилерден түшкөн каражат | 4500,0 | |
14 | Жер сатуудан | 200,0 | |
15 | Таштандыларды чыгарууга жыйым | 22,0 | |
| Салык эмес жыйымдардын баары | 16792,0 | |
|
|
| |
| Бекитилген киреше бардыгы | 98125,7 | |
|
|
| |
Нарын шаардык | |||
Кенешинин аппарат | |||
жетекчиси-жооптуу катчы: | А.Абдыкеримов | ||
Нарын шаардык Кеңешинин | ||||
2016-жылдын 23-мартындагы | ||||
XXXсессиясынын № 2 токтомуна | ||||
№ 2 тиркеме | ||||
Нарын шаарынын 2017-2018-жылдардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоору | ||||
| ||||
Аталышы | 2017-жыл | 2018-жыл |
| |
Киреше салыгы 50% | 44877,0 | 52057,0 | ||
Ыктыярдуу патент негизиндеги салык | 7956,0 | 7956,0 | ||
Милдеттүү патент негизиндеги салык | 842,0 | 957,0 | ||
Бирдиктүү салык | 684,0 | 777,0 | ||
Турак жай мүлкүнөн алынуучу салык |
|
| ||
Турак жай эмес мүлкүнөн алынуучу салык | 1888,4 | 1888,4 | ||
Транспорт каражаттарынын ээлеринин алынуучу салык | 3984,5 | 3984,5 | ||
Короо жай участогунан алынуучу жер салыгы | 280,0 | 280,0 | ||
Айыл чарбасына жарактуу эмес жерден алынган салык | 1800,0 | 1800,0 | ||
Сатуудан түшүүчү салык | 30359,0 | 33737,0 | ||
Ар кандай салыктар (рояльти) | 35,8 | 35,8 | ||
Салык жыйымдардын баардыгы | 92706,7 | 103472,7 | ||
|
|
| ||
Мамлекеттик пошлина | 1750,0 | 1750,0 | ||
Атайын каражаттар | 10000,0 | 10000,0 | ||
Айып акылар жана башка санкциялар | 320,0 | 320,0 | ||
Муниципалдык менчик обьектилерден түшкөн каражат | 4500,0 | 4500,0 | ||
Жер сатуудан | 200,0 | 200,0 | ||
Таштандыларды чыгарууга жыйым | 22,0 | 22,0 | ||
Салык эмес жыйымдардын баары | 16792,0 | 16792,0 | ||
|
|
| ||
Салык жана салык эмес кирешенин баардыгы | 109498,7 | 120264,7 | ||
Нарын шаардык Кеңешинин | |||
2016-жылдын 23-мартындагы | |||
XXXIсессиясынын №2 токтомуна | |||
№ 3 тиркеме | |||
Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга чыгаша бөлүгүнүн планы | |||
№ | Тармактын аталышы | 2016-жылга план | |
1 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат | 16867,4 | |
2 | Билим беруу | 19228,3 | |
3 | Социалдык жактан коргоо | 8383,8 | |
| мунун ичинен женилдиктер: | 969,0 | |
4 | Коммуналдык чарба | 41467,9 | |
5 | Маданият | 4678,3 | |
| Анын ичинен дене тарбия | 650,0 | |
| Маданият тармагы | 4028,3 | |
6 | Экономикалык чыгымдар | 7500,0 | |
|
|
| |
| Баары: | 98125,7 | |
Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга кирешелер жана чыгашалары боюнча планы | |||
№ | Аталышы | 2016-жылга план | |
1 | Кирешелер |
| |
| Жергиликтүү бюджетке түшүүчү кирешелер | 98125,7 | |
| Бардык кирешелер | 98125,7 | |
|
|
| |
2 | Чыгашалар |
| |
| Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат | 16867,4 | |
| Коммуналдык чарбалар | 41467,9 | |
| Экономикалык чыгымдар | 7500,0 | |
| Маданият | 4678,3 | |
| Билим берүү | 19228,3 | |
| Социалдык жактан коргоо | 8383,8 | |
|
|
| |
| Баары: | 98125,7 | |