Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V чакырылыш кезектеги XVII сессиясы
2016-жылдын 13-февралы № 96
Ак-Жар айылдык Кеңеши 2016-жылга карата айылдык кенештин жооптуу катчысы Ж.Култаевдин иш пландын долбоору боюнча билдирүүсүн угуп,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айылдык кенешинин 2016-жылга пландаштырылган иш планы бекитилсин.
2. Ак-Жар айылдык кенешинин иш планында пландаштырылган маселелерди айылдык кенештин сессияларына алып чыгуу айылдык кенештин тиешелүү туруктуу комиссияларынын төрагаларына жана айыл өкмөтүнүн жооптуу адистерине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ж.Култаевге тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрайымы | Н. Кыдыргычева |
Ак-Жар айылдык Кеңешинин 2016-жылга карата
иш-планы
к/№ | Каралуучу маселелердин мазмуну | Каралуу мөөнөтү | Справка, токтом долбоорун даярдоого жооптуулар |
1
2
3
4
| 2016-жылга айылдык кеңештин иш планын бекитүү
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы 2016-жылга каралган бюджетин бекитүү
Мал акыларын бекитүү, жайлоого көчүү жана келүү мөөнөттөрү, эгинге түшкөн малга жазана салуу өлчөмдөрү жөнүндө
| 2016—жыл 1-квартал
февраль
март |
Жооптуу катчы Ж.Култаев
Айыл өкмөтүнүн бухгалтерии, кеңештин «бюджет, экономика боюнча» туруктуу комиссиясы |
5
6
7 | Айылдарда көчөлөрдүн тазалыгы, түнкү жарыктандыруу иштери, арыктардын казылышы, көчөттөрдүн эгилиши боюнча.
Айыл өкмөтүндөгү мектептердин материалдык техникалык базасы жөнүндө жана шашке тамагына берилген тамак-аштын менюларынын аткарылышы.
Тарых жана маданият жылына карата маданият кызматкерлерине жүргүзүп жаткан иштери (маданий массалык , ж.б) | 2016-жыл 2-квартал
Май, июнь | Айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Кыдыргычов, Айылдык кеңештин «айыл чарбачылыгы боюнча» туруктуу комиссиясы:
Айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Айылдык кеңештин «социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясы
|
8
9
10
| Ички жана сырткы жайыттардын пайдаланылышы, жайыт төлөмдөрүнөн түзүлгөн бюджетинин аткарылышы жөнүндө.
Мектептердин жана бала-бакчалардын жаңы окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө.
Элдерди медициналык жактан тейлөөдө медицина мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери (ГСВ №22, ФАПтар). | 2016-жыл 3-квартал
Август
Сентябрь
| Жайыт комитет төрагасы К.Турдумамбетов Айылдык кеңештин айыл чарбачылыгы боюнча туруктуу комиссиясы
Айыл өкмөтүнүн соц.адиси С.Мурзамамытов Айылдык кеңештин «социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясы
|
11
12
13
| Социалдык мекемелердин (мектеп, бала бакча, админстративдик зданиялар, мекме уюм) жана калктын 2016-2017-жылдардын күзгү-кышкы мезгилинде даярдыгы жөнүндө.
Күздүк айдоо, себүү, тоңдурма айдоо иштеринин жүрүшү.
Айыл өкмөтүндөгү айыл башчылардын ашыкча ыгым-чыгым, салт-санааны кыскартуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери боюнча отчеттору. | 2016-жыл 4-квартал
Октябрь, ноябрь
| Айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Айылдык кеңештин соцалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы
Айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Кыдыргычов Айылдык кеңештин «айыл чарбачылыгы боюнча» туруктуу комиссиясы жана «соц.маселелер боюнча туруктуу комиссиясы» |
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрайымы | Н. Кыдыргычева |