Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин V чакырылыш кезексиз XX сессиясы
2016-жылдын 2-июлу № 119 б
Ак Жар айылдык кенеши айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдин кызыкчылыгын көздөгөн жана турмуш денгээлин жогорулатууга багытталган алдынкы келечектеги пландаштырылган программаларды камтыган туруктуу өнүктүрүү стратегиясын карап чыгып жана талкуулап ,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак Жар айыл аймагын 2017-2030-жылдарга туруктуу өнүктүрүү стратегиясы бекитилсин.
2. 2017-2030-жылдарга Ак Жар аймагын туруктуу өнүктүрүү стратегиясында пландаштырылган программаларды,иш-чараларды аткаруу тиешелүү айыл башчыларга,мекеме уюм жетекчилерине жана жеке ишкерлерге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин «айыл чарбачылыгы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрайымы | Н. Кыдыргычева |
Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Озгон району
Ак-Жар айылдык аймагы
2017-2030-жылдарга Ак-Жар айыл аймагын туруктуу өнүктүрүү
СТРАТЕГИЯСЫ
«Кандай гана программа болбосун,ал эл колдоосуна ээ болуп, элдин жана региондун кызыкчылыгын көздөгөн, турмуш деңгээлин жогрулатууга багытталган болуусу керек»
АК-ЖАР - 2016
МАЗМУНУ
Киришүү...........................................................................................................4
Учурдагы кырдаалды баалоо ......................................................................4
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ички жана сырткы
факторлорунун анализи (Swot – анализ) .................................................6
Ак-Жар айыл аймагынын көйгөйлүү маселелери ..........................8
Өнүгүүнүн стратегиялык максаты ...........................................................9
Белгиленген приоритеттүү багыттар жана милдеттер ..........................9
Күтүлгөн натыйжалар.................................................................................16
Ресурстар........................................................................................................17
Коркунучтар жана аларды азайтуу жолдору...........................................17
Стратегияны ишке ашыруунун мониторинги жана баалоосу...........17
Стратегияны ишке ашырууну башкаруу...............................................18
Тиркемелер ...................................................................................................18
Cтратегияга төмөнкү документтер кирет:
1. Туруктуу өнүгүү стратегиясы;
2. АӨнүн паспорту;
3. Үстүдөгү жылдын социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы;
4. Ак-Жар Айылдык Аймагынын 2017-2019 жылдары ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын стратегиялык планы; (бул пландын да керектиги же 3 пункта белгиленген үстүдөгү жылдын социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планыжетиштүү деген чечимди АӨ жетекчиси, АК депутаттары же болбосо райондук башкаруу администрациянын талабына жараша өзүңөр кабыл аласыңар)
5. Стратегияны ишке ашырууга багытталган, айыл аймактагы иштеп жаткан же иштелип чыккан бардык долбоорлор. (Мисалы, стимгрант, АРИС, ЮСАИД , ООН Женңин ж.б.у.с. уюмдар менен кызматташуу боюнча пландар жана долбоорлор)
Киришүү
Ак-Жар Айылдык Аймагынын туруктуу өнүгүү Стратегиясы–негизги стратегиялык документи болуп саналат.Стратегия - бул өлкөнүн экономикалык, коомдук жана саясий турмушундагы өзгөрүүлөрдүн алкагында негизги максатка жетүү үчүн айылдык башкаруу маселелерин чечүүгө зарыл болгон атайын башкаруу технологиясы.Бул Стратегия эски Стратегияны жаңыртуу деп эсептелгени менен анын мазмунун жана структурасы такыр башкача.
Бул документти иштеп чыгууда, туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук жана глобалдык багыттарын эске алынган. 2013-2017-жылдарынын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын кабыл алуусу, Кыргызстан саясий жана стратегиялык өнүгүү келечеги туруктуу өнүктүрүүгө багыт алганын көрсөтөт.
Бириккен Улуттар Уюмунун мүчө-мамлекеттери (алардын ичинде Кыргызстан) 2015 ж 25-27-мартта БУУнун саммитинде туруктуу өнүктүрүү максаттарынын (ТӨМ) негизинде 2030 жылга чейинки туруктуу өнүктүрүү тармагындагы күн тартибин кабыл алышкан. 28.03.2016ж. КР Өкмөтүнүн буйругунун негизинде Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнү ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык комитеттинин курамы бекитилди.
Демек бул Стратегия туруктуу өнүктүрүү концепциясынын жана Кыргыз Республикасынын экономика министирлигинин 2014-жылдын 04 июль №107 буйругу менен бекитилген «Туруктуу өнүктүрүүнүн стратегияларын жана пландарын иштеп чыгуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн методикалык колдонмонун» көрсөтмөлөрүнүн негизинде даярдалган.
Туруктуу өнүктүрүү Стратегиясы айыл өкмөтүнүн учурдагы абалын сүрөттөгөн документ болуп саналат, андай көйгөйлөр жана артыкчылыктар(приоритеттер) аныкталган, максаттар жана милдеттер такталган, ошондой эле жыйынтыктары белгиленген. Ал элдин турмуш шартын, жашоо деңгээлин жана руханий баалуулуктарын жакшыртуу менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ролун жогорулатуу максатын көздөйт.
II. Учурдагы кырдаалды баалоо
2.1 Административдик-территориалык бөлүнүшү боюнча Ак-Жар айылдык аймагы Ош облусунун Озгон районуна карайт.Ак-Жар Айылдык Аймагынын курамына Ак-Жар , Большевик, Какыр, Семиз-Кол калктуу конуштары кирет. Административдик борбору Ак-Жар айылында (АӨ) жайгашып, областтын борборунан 90 км аралыкта жайгашкан. Жакынкы аэропортко чейинки аралык (Ош шаарында) 92 км.
2.2 Жаратылыш– климаттык шарты боюнча: жери негизинен тоолуу, эң бийик жери 2005 м, эң жапыз жери 1200 м. Климаты кескин континенталдуу, жайында температура Ө25-35 градуска жетсе, кышында -18-22 градуска жетет. Кышы болушунча узак, жайы салкын, бийик тоолуу аймакта климаты суук.Ак-Жар АА негизинен картошка, буудай жана арпа,кун карама,шалы,жугору айдалат,дан эгиндеринен акыркы жылдары түшүм жакшы болбой, көбүнчө тоют эгиндери айдалып калды (беде, эспорцет ж.б.).
Биологиялык ресурстарды сарамжалсыз пайдалануу жана табигый экосистемалардын бузулушу – биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодогу негизги коркунуч болуп саналат. Мал багуу, чөп оруу, жерлерди рекреациялык багытта пайдалануу,жол куруу жана баш-аламан жашылдандыруу сыяктуу антропогендик факторлордун натыйжасында флористикалык курамдын жана өсүмдүктөрдүн табигый топторунун түшүмдүүлүгүнүн өзгөрүшүнө алып келүүдө.
2.3.Жаратылыш ресурстары - Ак-Жар АА жалпы аянты 47051,0 кв. км. Жердин шарты мал чарбачылыгы жана дыйканчылыкка ылайыкташкан.Айыл-чарба багытындагы жерлердин жалпы аянты 1353,0 га, анын ичинен калк конуштар жерлери -249 га, токой фондундагы жерлер – 25,0 га, суу фондундагы жерлер – 537,0 га,жайыттар – 1513,0 га. Айыл өкмөттө бардыгы – 2866,0 га жер бар. Айылдык аймакта учурда жүргүзүлүп жаткан чарбалык жумуштар (айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө, мал чарбасында, жайыттарды пайдаланууда) пландуу түрдө жүргүзүлбөйт, натыйжада курчап турган чөйрөгө тийгизген терс таасири улам өсүүдө. Натыйжада сугат аянтарынын түшүмдүүлүгү төмөндөп, айдоо жерлер деградацияга дуушар болууда.
Суулары: Колдук жана Жазы дарыялары жана алардын куймалары Табигый байлыктары азыраак: булак суулары жана курулуш материалдары (таш,кум,) бар.Сейрек токойлор, дары чөптөр, жапайы мөмө берүүчү дарактар бар.
2.4. Демографиялык абал Ак-Жар АА демографиялык көрсөткүчтөрюн калкынын өсүү темпи 104 пайызды түзөт. Айылдык аймактын эң ири калктуу конушу ошондой эле райондун борбору болуп Ак-Жар айылы саналат, анда айылдык аймактын калкынын 27,1 пайызы же болбосо 2290 адам жашайт(1131 эркек, 1159 аял), кожолуктарынын саны 406 дан ашат, Какыр айылында 305 кожолук - 1645 адам (819 эркек, 826 аял), Большевик айылында 495 кожолук - 3276 адам (1640 эркек, 1636 ял) жана Семиз-Кол айылында 214 кожолук -1233 адам(622 эркек, 611 аял) жашайт.Жалпысынан айылдарда аялдардын саны эркектерге караганда басымдуу болуп (101%), туруктуу өсүп жатканы байкалат.Айыл калкынын 44,3 пайызын балдар түзүп, экономикалык жигердүү калк 47,3 пайызды түзөт.Этникалык состав боюнча: кыргыздар-99,9%, башкалар-0,01%. Өтө жакыр жана жакыр үй-бүлөлөрдүн саны айыл аймагы боюнча 435 жетсе анын деңгээли 30,6 % га жеткен.
2.5.Ак-Жар айыл аймагынын экономикасынын негизи болгон айыл чарбасынын дүң продукциясы 2012-жылдын жыйынтыгы менен 291 млн сомго жетип, анын ичинен мал чарбасы 65%ды,талаачылык 35%ды түзөт. Айыл округунун аймагында үлүшкө жалпысы 2244 га жер берилип, анын ичинен сугат жери - 351 га, кайрак - 807 га, чөп чабынды 1086 га, бул жерлерди дыйкан, фермер жана жеке чарбалар пайдаланууда.Аймакта чакан жана орто ишканалар негизинен соодада жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштешет, өндүрүш чөйрөсүндө иштегендер жокко эсе. Чакан жана орто ишкердиктин өнүгүүсүнө ресурстардын жетишсиздиги терс таасирин берүүдө. Аймак боюнча кайра иштетүү тармагында: 1-токарный цех, 1- пилорама бар.Кызмат көрсөтүү тармагында 14-дүкөндөр, 1-коомдук мончо бар.
2.6. Кыймылсыз мүлк (Муниципалдык менчик) жалпысынан – 4 мектептин, 2 бала бакчанын, 4 клубдун имараттары.
2.7. Каржылык ресурстары - Айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин негизги каржы булактарыболуп жер салыгы (юридикалык жана жеке жактардан), мүлк салыгы, кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы, муниципалдык имаратттардын жана жайлардын ижара акысы,юстиция органдары алган мамлекеттик алым, акы төлөнүүчү кызматтардан түшкөн каражаттар, административдик жаза пулдар жана санкциялар,таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдар эсептелет.Жайыттар үчүн налог жыйноо 2012-жылдан башталган. Бул налог жайыт жана ар бир мал үчүн жыйналат.
2.8. Билим берүү жана саламаттакты сактоо Ак-Жар айылдык округунун аймагында 4 орто мектепте балага билим берүүдө, мектептердин 1-4 классска чейинки балдарга тамак уюштурулган. Бирок мектептерде балдардын татыктуу билим алуусуна окуу куралдардын жетишпегени, табигый (физика, химия, биология) предметтери боюнча атайын жабдылган лабораториялык техникалык кааналар жокко эсе. Ал эми 4 орто мектептердин спорт залы бар.Айылдын 4 мектептери компьютер менен камсыз болгону менен алар толук кандуу иштебейт жана аларда Интернет байланышы жок, кээ бир мектептерде компьютердик класстар жок.Мектептерге орус тили, математика, дене тарбия сабактары боюнча мугалимдер жетишпейт, мугалимдер жетишсе да билимдери тайкы, азыркы күндүн талабына ылайык интерактивдик ыкмаларды билишпейт.
Ак-Жар айыл окуругунун аймагында 150 балага ылайыкталган 2 мектепке чейинки мекемелери бар, алардын бардыгы мамлекеттик менчикте.Бирок зданиялары стандарттуу эмес,менчик уйлордо ынгайлаштырылган.
Ак-Жар айылдык округунда ФАП-3, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу-1,Тиш эмканасы- 1, тез жардам көрсөтүү уюштурулбаган.Расмий статистиканын маалыматы боюнча саламаттык сактоодо бардык көрсөткүчтөрү боюнча абалдын начардыгы байкалат.Калкты дары-дармек менен камсыз кылууда да олуттуу көйгөй орун алган, айыл аймак боюнча аптека жокко эсе. Балдардын арасындагы өлүмдүн көбөйүшү олуттуу тынсыздандырат, 2011жылда алардын өлүмү 0,6 болсо, 2012 жылдын жыйынтыгы менен 1,9 жеткен, ал эми 1 жашка чейинки балдардын өлүмү 2011-жылы -1 болсо, 2012-жылы 3 жеткен.
III.Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ички жана сырткы
факторлорунун анализи
(Swot – анализ)
1.Күчтүү жактары | 2. Талуу жактары
|
- Булак суулар, дары чөптөр, жапайы мөмө берүүчү дарактардын мөмөлөрү жана табигый ресурстар, айрыкча курулуш материалдары (таш, кум); - Жердин шарты, айрыкча жайыттын көптүгү, мал чарбасын (жылкы, ири мүйүздүү кара мал, кой-эчки, үй канаттуулары, балык,бал аарычылык)өнүктүрүүгө ылайыктуулугу; -Айылдардагы эмгек ресурсу (52 %); -Жамааттык уюмдардын (НПО-14)жана граждандык коомдордун иштеши.Эл-аралык уюмдар менен иштөө тажрыйбасынын бардыгы; -Айыл өкмөтүндө «Жергиликтүү өнүктүрүү фондунун» түзүлгөндүгү; -Ишке ашырууга даяр экономикалык жана социалдык инвестициялык долбоорлордун санынын көптүгү; -Экологиялык таза айыл чарба продукцияларын өндүрүү мүмкүнчүлүктөрү. -Мугалимдердин эмгек акысы категориялык гранттын эсебинен убагында берилип турат; -Билим берүү мекемелеринин жылытуу системасы каааттандырарлык абалда -Жүргүнчүлөрдү ташу тармагы жеке менчиктин колунда, тейлөө кызматынын сапаты канааттандырарлык, жергиликтүү каттамдарга автоунаа оңой табылат жана жетиштүү; -Социалдык камсыздоо дурус деңгээлде уюштурулган; -Калктын саясий активдүүлүгү салыштармалуу жогору болушу. | -Айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугунан кайра иштетилбей чийки зат түрүндө сатылышы, аларды сатууда түз байланыштын жоктугу; -Жумушсуздукдун жана жакырчылыктын деңгээлинин жогору болушу; -Жумушсуздардын көпчүлүгү расмий учетко турбагандыгы; -Ички жана тышкы миграциянын токтобой жатышы; -Социалдык обьектилердин эскилиги, айрыкча медициналык тейлөө жакшы жолго коюлбагандыгынын натыйжасында балдардын жана энелердин өлүмүнүн көбөйүшү; -Мектепке чейинки балдар мекемелеринин жетишсиздиги; -Аялдардын, жаштардын жумушка тартылбаганы; -Коммуникация жана ички жолдордун начардыгы; -Электр энергия тармагында, кээ бир айылдарда транформаторлор жетишсиз, электр мамылары, чубалгылардын эскилиги жеткен; - медициналык мекемелерге тиешелуу кадрлар жана жабдуулар жетишпейт; -Маданият мекемелерине улуттук аспаптар, спорттук залдар, спорттук инвентарлар жана жабдуулар жетишсиз; -муниципиалдык кызматкерлердин профессионалдык деңгээлин жогорулатуу талап кылынат; -айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин функциялары так аныкталган эмес, алар көбүнчө бирин-бири кайталаган органдарга отчет берүү менен алек; -Айыл калкынын «саясатка» жакындыгы. -.Аймактын облустук борбордон четте жайгашканы; |
Мүмкүнчүлүктөрү
| Коркунучтар |
-Айыл-чарбасын жана мал чарбасын өркүндөтүүгө шарт тузулгон; -Эл-аралык уюмдар жана донорлордун иштеши; -Калктын активдүүлүгү жана алардын кызыгуусу бар; - Чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар таасирлуу адамдардын бийликте болушу(Жогорку Кеңештин депутаты,Жогорку Кеңештин комитетинин айрым төрагалары. -Мигранттардын акчалай жардамы. -Калктын кредит алууга жеткиликтуулугу. -эки деңгээлдүү бюджет системасынын кириши; -Республикалык бюджеттен стимулдаштыруу гранттар каралган
| - Жер көчүү, суу ташкыны, дарыя жээктерин нугунун бузулушу жана эрозиясы; Коргоочу дамбалардын жетишсиздиги. -Жер кыртышы бузулуп, таштандыларды иретсиз төгүлүп, экологиялык коркунуч алып келиши мүмкүн. - Туура эмес исламдын калк арасында кеңири кулач жайышы. - Саясий кырдаалдын туруксуздугу. - Административдик тоскооолдуктардын жана коррупциянын деңгээли |
IV.Ак-Жар айыл аймагынын көйгөйлүү маселелери
Айыл чарба продукциясынын өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндүгү;
Асыл тукум малдардын жоктугу, ветеринардык кызматтын начар уюштурулгандыгы, ветеринардык препараттардын кымбаттыгы;
Агротехникалык жана которуштуруп айдоо эрежелеринин сакталбагандыгы, жогорку сапаттагы үрөндөрдүн, техниканын жана шаймандардын, минералдык жер семирткичтердин жетишсиздиги, алардын бааларынын жогору болушу;
Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугу, аларды сатууда түз байланыштын жоктугу,маркетинг кызматы жана сатып өткөрүү, жеткирүү жана маалымат системалары жолго коюлбагандыгы;
Айыл чарбасын уюштурууда жаңы инновациялык ыкмаларды билген кадрлардын жоктугу, калктын өндүрүштү башкарууда билиминин деңгээли төмөндүгү;
Айыл аймагында өнөр жай багытында бир дагы ишкана жок, айыл чарба продукциялары чийки зат түрүндө сатылып кетүүдө. Айыл тургундары жер үлүшүнө ээ болгону менен, ал дээрлик деңгелде киреше алып келбейт Мал чарбасында малдын ылаңга учурап,өлүмгө дуушар болушууда. Малдын асылдуулугуна көңүл бөлүнбөйт,дыйкан - фермерлердин ириленишип кооперативге биригүүсү байкалбайт.
Мектепке чейинки мекемелердин жетишсиздиги жана мектептердеги класстарда окуучу балдардын санынын азайышы;Кээ бир ата-энелердин мектепке чейинки билимдин зарылдыгын түшүнбөгөндүгү;
Окуу процесстерин материалдык-техникалык жактан жетишсиз камсыз болушу(айрым предметтик мугалимдер,окуу куралдары, окуу-усулдук куралдары, химия, физика жана биолгия окуу кабинеттеринин атайын жабдуулары жок, заманбап компьютер менен камсыз болбогон:Мектептерде класстан тышкаркы ийримдер, факултативдик сабактар, окуучулардын кызыгуусуна жараша бейформал билим берүү жок;
Жыл санап билим сапаты начарлоодо, мугалимдер сабак өтүүнүн интерактивдик усулдары менен тааныштыгы жок;Мектептердин материалдык базасы начар (жабдуулар, компьютерлер ж.б.
Ата-энелердин миграцияга кеткенине байланыштуу көпчүлүк балдар чоң-ата, чоң энелеринин колунда калганына байланыштуу көзөмөлдөн чыгып, толук кандуу камкордукка алынбай калганы;
Сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык жардамдын жетишсиздиги.Аз кандуулук менен ооруган энелердин санынын көбөйүшү;
Медициналык мекемелердин имараттарынын абалынын начарлыгы, заманбап медициналык жабдуулардын, техникалардын, дары дармектердин жетишсиздиги жана башка медициналык каражаттардын; калк арасында оорулардын алдын алуу, саламаттыкты сактоо маселелер боюнча маалыматтын жетишсиздиги;
Ден соолукту калыбына келтирүүчү мекемелердин жоктугу;Саламаттыкты сактоо жана ветеринария кызматтарынын ортосундагы бруцеллез оорусунун алдын алуу боюнча системалык түрдө алып барылуучу иштин жоктугу;
Маалыматтык-кооммуникациялык технология (МКТ) начар өнүккөндүгү
Граждандык коомдун институттардын активдүүлүгүнү төмөндүгү
Айылдарда Интернет байланышынын жоктугу.Интернет байланышы болсо жаштар бош мезгилинде оздорунун убактыларын интернет борборлордо откоруусуно шарт тузулот эле.
Айыл аймагында сугат каналдарынын толук кандуу иштебегендигинен Большевик айылы менен Коммунист айылынын ортосундагы айыл чарба талааларына суу жетишпейт.Эрте жазда ушул корсотулгон участкаларда каналдарды тазалоо иштери жургузулбогондугунон.
Ички (калктуу пункттар аралык) грунттук жолдордун абалы начар, алар учурда талкаланып-бузулган.
Айылдык аймакта жүргүзүлүп жаткан чарбалык жумуштар пландуу түрдө жүргүзүлбөгөндүгү; климаттын өзгөрүүсү;курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу жагында көзөмөл жоктугу, ж.б.у.с. экологиялык көйгөйлөр
Табигый кырсыктардын тез-тез кайталанышы (суу ташкындоо, жер көчкү жана сел-кыяндар, ж.б.)
V. Өнүгүүнүн стратегиялык максаты
Ак-Жар айыл округу экономикасы өнүккөн, тургундарынын жашоо деңгээли татыктуу жана айлана-чөйрөсү ыңгайлуу болгон аймак жетүү, анын ичинде калктын жакырчылык деңгээлин кыскартууга, жашоо деңгээлин жана сапатын жогорулатууга, жашоого жана ден-соолукка жагымдуу шарт түзө алган, эркектер менен аялдардын теңчилигин колдоо жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, айлана-чөйрөнү коргоого, улуттук баалуулуктарын сактоого, натыйжалуу демократиялык башкарууга багытталган жогорку жана сапаттуу натыйжаларга жетишүү.
Алдыдагы беш жылдын ичинде 70тен ашык кошумча жумушчу орундарын түзүлүп, ар бир үй-бүлөдө жок дегенде бирден иштеген адам болот. Кедейликтин деңгээли 10 %га кыскарат. Стратегия экономиканы, айылдын ар бир жашоочусун өнүгүүнүн стабилдүү жана туруктуу жолуна алып чыгат.
VI.Белгиленген приоритеттүү багыттар жана милдеттер
Ак-Жар айылдык аймагын өнүктүрүүнүн негизги приоритетүү багыттары
| ||||||||||
Экономиканы туруктуу өнүктүрүү | Адам потенциалын өнүктүрүү | Жагымдуу жана коопсуз чөйрө | ||||||||
Айыл чарбасын жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү | Ишкерчиликти жакшыртуу жана инвестицияларды тартуу | Инфраструктура жана коммуникацияны өнүктүрүү | Жакырчылыкты кыскартуу | Сапаттуу билим берүүгө жетишүү | Гендердик теңчиликке жетишүү | Сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык жардамдарга жетишүү | Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана шериктештикти өнүктүрүү | таза суу менен камсыз кылуу, санитариря жана гигиенаны жакшыртуу | Инфраструктура жана коммуникацияны өнүктүрүү | Жагымдууэкологиялыкчөйрө жанаөзгөчөкырдаалдагыкырсыктардыалдын алуу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
№ 6.1. Өнүгүү багыты «Экономиканы туруктуу өнүктүрүү»
6.1.1. Маселе. Айыл чарбасын жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү
Кооперативтерди ачуу тажрыйбасын кеңири жайылтуу;
Асыл тукум малдардын жана сапаттуу үрөндөрдү алып келүү жана дыйкандарды жогорку сапаттагы үрөн менен камсыздоо;
аарычылыкты өнүктүрүү;
айдоо аянттарын которуштуруп айдоо жана агротехникалык эрежелерин сактоо, жерди эффективдүү пайдалануу боюнча атайын окууларды жана тажрыйба алмаштырууну уюштуруу
эт, сүт жана жүндү кайра иштетүүчү цехтерди, жана аларды сатып өткүрүү боюнча ишканаларды уюштуруу;
экологиялык таза айыл чарба продукцияларын өндүрүү мүмкүнчүлүктөрү – физикалык-географиялык шарты боюнча канцерогендүүжана уулу заттары жок чөйрөдө эт-сүт, айыл чарба эгиндерин жана даярдоо мүмкүнчүлүктөрүн ырааттуу пайдалануу;
ирригациялык тармакты кеңейтүү жана калыбына келтирүү, жерлерди рекультивациялоо боюнча иштерди жүргүзүү;
товар өндүрүүчүлөр үчүн финансылык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана айыл үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн продукциялык катарын кеңейтүү (айыл жергесинде финансылык уюмдарды өнүктүрүү, кредиттөө, лизинг, камсыздандыруу ж.б.);
айыл чарба товар өндүрүүчү кадрларды даярдоо жана кайра даярдоонун туруктуу системасын түзүү, туруктуу иштеген курстарды түзүү жолу менен заманбап агротехнологияларына окутуу;
айыл чарба өндүрүүчүлөргө консультациялык жардам көрсөтүү боюнча адистерди даярдоону жүзөгө ашыруу, консультациялык жардамдын тажрыйбасын таркатуу.
алыскы жана жакынкы жайыттарды кеңейтүү жана үнөмдүү пайдалануу,
мал жандыктарынын жугуштуу ооруларынын алдын алуу, ветеринардык-эпизотикалык жумуштарды өз убагында жүргүзүү, вакциналар менен керектүүөлчөмдө камсыздоо;
айылдык округдарда зооветеринардык сервистердин ишин жакшыртуу, малдардын асылдуулугун жакшыртууга шарт түзүү.
6.1.2. Маселе. “Ишкерчиликти колдоо жана инвестицияларды тартуу”
өндүрүш чөйрөсүндө түзүлүүчү чакан жана орто чарбакер субөекттерге артыкчылыктарды берүү жана колдоо көрсөтүү;
жогорку сапаттагы экологиялык жактан коопсуз товарларды чыгарууну колдоо жана кубаттоо;
“Бир айылдан бирден продукция” –ар бир айылда башка жерде кайталангыс продукция чыгаруу;
булак суулар – АА аймагында 9 булактары бар, келечекте алардан жакшы пайда алуу мумкунчулуктөру бар.
ишкердик иш-аракетин жөнгө салууга мамлекеттин кийлигишүүсүн азайтуу;
ишкердик иш-аракетти финансылык-кредиттик колдоону жана камсыздандырууну камсыз кылуу;
мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде долбоорлорду даярдоо жана жүзөгө ашыруу процессин натыйжалуу башкарууну жана контролдоону камсыз кылуу;
калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү аркылуу долбоорлорду жүзөгө ашыруу;
6.1.3. Маселе Инфраструктура жана коммуникацияны өнүктүрүү.
асфальт төшөлгөн автомобиль жолдорунун ички тармагын сактапкалуу жана жакшыртуу;
калктын жүргүнчүлөрдү жана транспорттук жүкташууларга керектөөлөрүн канааттандыруу, автотранспорт каражаттарынын паркын жаңыртуу жана толуктоо, ошондой эле жол тармагын сактоо жана өнүктүрүү;
жыл сайын асфальт-бетон төшөлгөн автожолдорунун эскирген катмарын калыбына келтирүү жана автожолун асфальт-бетон төшөө менен капиталдык оңдоо жүргүзүү, ички жолдорго шагыл төгүү
колдонуудагы суу түтүктөрүн ремонттон өткөрүү жана жаңы суу түтүктөрүн пайдаланууга берүү, калкты ичимдик таза суу менен үзгүлтүксүл камсыз кылуу;
трансформаторлорду орнотуу, жаңы конуштарга электр чубалгысын тартып, калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүл камсыз кылуу;
СПАлардын ишин өнүктүрүү, сугат суу системасын ремонттон өткөрүү жана жаңыртуу, калкты сугат суу менен үзгүлтүксүл камсыз кылуу;
маалыматтык–коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү, АО, мектептерди, ФАПтарды жана жеке үй-бүлөөлөрди интернетке жана башка байланыш системаларга туташтыруу
№ 6.2. Өнүгүү багыты “Адам потенциалын өнүктүрүү”
6.2.1. Маселе. Жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу
Жакырчылыктагы үй-бүлөлөрдүн тизмесин тактоо жана мүмүкүнчүлүктөрдү чогултуп, жакыр адамдарга жардам бериле турган системаны түзүү;
Адамдардын аң сезимин, ой жүгүртүүсүн окутуулар аркылуу жогорулатуу;
Ар түрдүү маргиналдуу топторду кызыкчылыктары жана муктаждыктары боюнча бириктирүү;
Жаңы жумуш орундарын түзүү, финансы каражаттарын алууга мүмүкүнчүлүк түзүү;
Өз ара жардам берүү топторду уюштуруу аркылуу стратегиясын иштеп чыгуу;
Өкмөт тарабынан берилүүчү жеңилдиктерди, түрткү жана колдоо берүүчү каражаттардын бөлүштүрүлүшүн айкын жана тунук болушунуа жетишүү;
Чечим кабыл алуу процессине айыл калкынын түрдүү топторун катышуусуна шарт түзүү
6.2.2. Маселе: Балдардын татыктуу билим алуусун камсыз кылуу
билим берүүдө инклюзивдик принциптерин жүзөгө ашыруу;
жалпы билим берүү мектептерин жаңы муундагы предметтик стандарттарды киргизүүгө, окуу китептери жана маалыматтык технологиялар менен камсыз кылууга жетишүү;
ар бир мектепте коопсуз, толеранттуу жана көп маданияттуу билим берүү чөйрөсүн түзүү, өзгөчө муктаждыктары бар балдардын жана аялуу үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн билим берүүнү эске алуу менен билим берүү системасынын инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу;
маданий баалуулуктарды жана калктын каада-салтын, маданий мурасын сактоо, өсүп келе жаткан муунду жарандуулук жана атуулдук духунда тарбиялоого жетишүү;
мектептердеги коррупциялык схеманы кыскартуу максатында Камкорчулук кеңештерин түзүү.
калктын бардык катмары мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин кызматын жеткиликтүү пайдаланышын камсыз кылуу;
башталгыч (1-4кл), негизги (5-9кл) жана жогорку(10-11кл) класстын окуучуларына бардык баскычтарда сапаттуу билим берүүгө жетишүү
Мектепке чейинки мекемелеринин санын көбөйтүү, аталган мекемелердин альтернативдүү моделдерин киргизүү, айрыкча коомдук балдар бакчаларын уюштуруу, аларга шарт түзүп берүү;
Мектептерди талапка ылайык стандартка келтирүү, аларды тиешелүү окуу куралдары, мугалимдер, интернет байланышы , компьютер менен камсыз кылуу;
Мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында келишим аркылуу мигрант ата-энелердин каражаттарын мектепке чейинки билим, окуучуларга түрдүү ийримдерди, кошумча-бейформал билим берүү (кызыгуусуна жараша ийримдерди, компьютердик, чет-тилдерин үйрөтүүчү курстарды) жагын уюштуруу;
Мектептер арасында түрдүү мелдештерди, маданий иш-чараларды, майрамдарды уюштуруу (Өз өлкөсүн таануу, Манас таануу, Айтматов окуулары, Өрнөктүү өмүр, Түшүм майрамы, ТТК(КВН) ж.б.у.с.);
Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу максатында тиешелүү интерактивдик усулдарды билген мугалимдер менен камсыз кылуу;
Мугалимдерге тиешелүү шарт түзүп берүү;
жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларынын дене бой жагынан даярдыгынын нормативдерин тапшыруу системасын кайра жаратуу, бардык мектептерди заманбап спорттук жабдуулар жана шаймандар менен камсыз кылуу;
калк арасында кеңири таркаган спорттун таанымал жана массалык түрлөрүн (чыгымдар өзүн-өзү актоо менен ийгиликтүүөнүгүшү мүмкүн) жайылтуу;
6.2.3. Маселе: Сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык жардамдарга жетишүү
Жаш балдардын өлүмүн кыскартуу жана энени коргоону жакшыртуу
Вакцина менен башкарылуучу инфекциялык оорулардын деңгээлин төмөндөтүү;
Кургак учук менен ооругандардын деңгээлин кыскартуу;
Ооруканалык жардамды жаңылоого, заманбап стандарттарга жооп берген жабдууга кошумча инвестицияларды тартуу,башка региондордо топтолгон алдыйкы тажрыйбаларды жайылтуу.
саламаттыкты сактоо мекемелеринде колдо бар ресурстарды натыйжалуу пайдалануу;
Медициналык жардамды жакшыртуу үчүн ФАПтардын жылытуу системаларын ремонттон өткөрүү,
Калк арасында жугуштуу оорулардын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
Дарылоочу мекемелердин, /ДТлардын, ден соолук комитеттеринин иштерин жөнгө салуу:
медициналык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жоопкерчилигин жана сапатын жогорулатуу;
Сергек жашоону камсыз кылуучу шарттарды уюштуруу;
Санитария жана гигиена шарттарын сактоо боюнча калк арасында малыматтулукту жогорулатуу жана санитардык гигиенанын ченемдеринин сакталышына контролдукту күчөтүү;
Мектепке чейинки, мектеп жашындагы балдар арасындагы профилактикалык кароолорду мезгил-мезгили менен уюштуруп туруу;
Бруцеллез оорусунун алдын алуу боюнча саламаттыкты сактоо жана ветеринария кызматтары тарабынан иш чараларды жүргүзүү.
Саламаттык сактоо мекемелеринин материалдык техникалык базасын, айрыкча педиатрлардын, акушер гинекологдордун кадрдык потенциалын чыңдоо, аларга шарт түзүп берүү;
Квалифакациялуу адистердин катышуусу менен төрөөттөрдү кабыл алуунун үлүшүн көбөйтүү;
5 жашка чейинки балдарга жана ымыркайларга кызматкөрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу;
Ымыркайлар алардын энелеринин арасында алдын ала профилактикалык иштерди, жугуштуу ооруларга каршы эмдөөлөрдү уюштуруу;
Калк арасында маалымдуулукту жогорулатуу, саламаттыкты сактоо комитеттеринин иштерин жакшыртуу;
Райондун борборунда ымыркайлар үчүн сүт кухнясын уюштуруу;
Медициналык мекемелердин имараттарынын абалын жакшыртуу, заманбап медициналык жабдуулар, техникалар, дары дармектер менен камсыз кылуу
Калк арасында оорулардын алдын алуу, саламаттыкты сактоо маселелер боюнча иш-чараларды өткөзүү;
6.2.4. Маселе: Эркектер менен аялдардын теңчилигин колдоо жана аялдардын укуктары менен мүмүкүнчүлүктөрүн кеңейтүү
үй-бүлөнү, балалыкты, энеликти жана аталыкты коргоонун кепилдигин, балдарды тарбиялоо үчүн ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу;
эртелеп никеге туруулардын, аялдарга карата зомбулуктардын санын кыскартуу боюнча чараларды көрүү, жакшы салттарды өнүктүрүү, ата-энелик функцияларын ишке ашырууда аталар менен энелерди колдоо, мансап менен үй-бүлөлүк милдеттерди айкалыштыруу.
гендердик теңдик боюнча маалыматтуулукту жогорулатуу, мамлекеттик муниципалдык кызматкерлердин, мектеп окуучуларынын генедердик сезимтал болуусуна жетишүү боюнча атайын окууларды уюштуруу;
аялдардын саясый иштерге жана чечим чыгаруу процесстерина катыштыруу, алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле жергиликтүү башкаруу органдарынын кадр саясатында гендердик баланска жетишүүнү камсыздоо;
аялдардын ишкердигин колдоо;жумуш орундары менен камсыз кылуу
6.2.5. Маселе: Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана шериктештикти өнүктүрүү
Кызматкерлердин билимин жана квалификациясын өркүндөтүү боюнча иш-аракеттерди улантуу: муниципалдык кызматтардын реестри жана аларды стандартташтыруу боюнча окутуу уюштуруу.
Өнүгүү пландарын баалоо, мониторинг жүргүзүү жана сапат боюнча көрсөткүчтөрдү аткаруу боюнча окууларды жүргүзүү;
БӨУ жергиликтүү коомчулуктун чечим кабыл алуу процесстерине катышуусу боюнча окуларды уюштуруу
Аймакка зарыл болгон компьютер, нускалоочу машине жана принтерлер менен камсыз кылуу үчүн донор уюмдарга кайрылуу;
АА апаратынын, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жана айыл башчылардын ортосундагы мамилелерди чыңдоо;
АА жана жергиликтүү коомдук уюмдардын (аксакалдар соту, аялдар, жаштар комитети ж.б.) кызматташтыгын чыңдоо жана аларга жергиликтүү бюджеттен материалдык жардам көрсөтүү;
Айылдардын көйгөйлөрүн приоритеттештирүү жана аларды финансылооо боюнча коомдук талкууларды уюштуруу.
башкаруудагы терс көрүнүштөрдөн, анын ичинде коррупциядан, кесипкөйлүктүн жана жоопкерчиликтин кемчиликтеринен, ошондой эле урук-туугандык жана жердешчиликтен арылуу;
муниципалдык кызматкерлердин мыйзам колдонуу практикасын өркүндөтүү, алардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, аларды окутуунун системасын өркүндөтүүбоюнча чараларды көрүү;
жергиликтүү бийликке карата жарандардын ишеним деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле калктын көз алдында анын кадыр-баркын жакшыртуу, жарандык коом институттары менен өнөктөштүкту бекемдөө;
ЖӨБ органдарынын чечим кабыл алуу процесстерине (бюджеттик угуулар, СПА, Өнүгүүстратегиясы, жайыт, жер, экология ж.б. маанилүү маселелер боюнча коомдук угуулар) жергиликтүү калкты катышуу маданиятын өстүрүү;
демократиялык шайлоого жана башкарууга жетишүү (аялдардын жана жаштардын айылдык кеңешке жана башка ЖӨБ органдарынын кызматтарына тартуу).
айыл округунун туруктуу экономикалык жана салык базасын түзүү жана бекемдөө, муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу, бюджеттик процесстин ачык айкындыгын камсыз кылуу
донор жана өнөктөш катары иштешип жүргөн АРИС программасы, ПРООН,АӨБ, Улуттук кызыл жарым ай коому, Бүткүл дүйнөлүк Банк, Ага Хан коомдук фонду ж.б. уюмдар менен шериктештикти өнүктүрүү, инвестициялык климатты түзүү, эң керектүү долбоорлор үчүн ички жана сырткы инвестицияларды тартуу;
граждандык коомдун жергиликтүү институттарын колдоо жана алар менен биргелешип жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, коомдук-саясий стабилдүүлүктү жакшыртуу;
№ 6.3. Өнүгүү багыты «Жагымдуу жана коопсуз чөйрө»
6.3.1. Маселе. Таза суу менен камсыз кылуу, санитария жана гигиенаны жакшыртуу
Таза суу менен камсыздоо системасынын ишин жакшыртуу, ал үчүн долбоорлорду жазуу, инвестиция жана жеке демөөрчүлөрдү табуу жана калкты тартуу;
Суу менен камсыздоону, төлөмдөрдү ачык-айкын кылуу, ал үчүн маалыматтык такталарды уюштуруу жана маалыматты убагында жаңылап туруу;
Айыл ичиндеги таштандыларды чыгаруу маселелерди чечүү
Санитардык жана курулуш эреже-нормаларын сактоо аркылуу таштандыларды төгүүчү жана кайра иштетүүчү жайларды куруу же бөлүү , мыйзамсыз таштанды жайларды жабу
Коомуналдык чарбалардын иштерин өнүктүрүү,алардын ишине жергиликтүү бийликтин жана граждандык коомдун көзөмөлүн көбөйтүү
6.3.2. Маселе. Жагымдуу экологиялык чөйрө
жарбалык иштерди жүргүзүүдөгү жаратылышка терс таасирин азайтуу;
табигый ресурстарды пайдаланууну катуу көзөмөлгө алуу,
жаратылышты коргоо мыйзамдарын (браконьерлер м-н күрөшүү) колдонууүчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
жаратылышты коргоо мыйзамын бузуунун кесепетинен курчап турган чөйрөгөкелтирилгензыяндынордунтолтуруу;
жаратылышты пайдалануудан акы алуу;
“жашыл”инвестициялардытартуу;
өзгөчө корголуучу табигый аймактардын аянттарын кеңейтүү;
экологиялык коопсуздукту камсыз кылуучу мамлекеттик органдардын иштеринин эффективдүүлүгүн жогорулатуу;
токой ресурстарын башкаруу жана мыйзамсыз токой кыюууларды катуу көзөмөлгө алуу;
жайыт ресурстарын туруктуу башкаруу жана мал-чарбасынын продуктулуулугун жогорулатуу;
экологиялык маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылуучу механизмдерди иштеп чыгуу;
курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууга жергиликтүү деңгээлде айылдын жашоочуларынын катышуусун камсыз кылуу.
айдоо аянттардын жер кыртышынын сактоо ирээтинде которуштуруп айдоонун жана агротехникалык эрежелерин(жер семирткичтердин) колдонуусун контролдоо
Жазы дарыясынын жээктериндеги жээк эрозиясын жана суу ташкынынан токтотуу.
Жайыттардын инфраструктурасын, түшүмдүүлүгүнүн көтөрүү, деградациядан сактоо.
Жайыт комитеттеринин ишин өнүктүрүү, жайыттарды туура колдонуу маданиятын түзүү;
6.3.3.Маселе.Табигый кырсыктарга жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жакшыртуу.
тоодогу жана дарыя алабындагы токойлорду биргелешип башкаруу (кыскарып кеткен токой аянттарын кеңейтүү);
токой чарбасынын продуктуулугун жогорулатуу;
жашыл технологиялардын негизинде пайда алып келүүчү иш-чараларды кеңейтүү;
жээк токойлоруна жүктү азайтуу максатында алтернативалык энергия булактарын пайдаланууга жергиликүү калкты жана жаштарды тартуу аркылуу жетишүү;
табигый ресурстарды КР мыйзам базасына ылайык жана эл-токой чарба системасын модулун киргизүү аркылуу сарамжал жана туруктуу башкаруу;
Өзгөчө корголуучу табигый аянттарды кеңейтүү (Өкмөт аркылуу).
АА экологиялык туруктуулукту сактоо боюнча атайын программсын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу
Табигый кырсыктарды алдын алуу үчүн Жазы дарыясынын жээктеринде коргоочу дамбалардын санын көбөйтүү жана жээктерге, көчөлөргө, мекемелердин алдына бак-дарактарды тигүү, селедук - акведуктарды куруу;
VII . Күтүлгөн натыйжалар
Стратегия узак мөөнөтүү динамикалуу өнүгүүүчүн негиз болуп саналат. Стратегияда белгиленген чараларды жүзөгө ашыруунун натыйжасында экономикалык өсүш туруктуулукка жана стабилдүүлүккө ээ болот, аймактын өздүк каражаты жок дегенде 2 эсеге артылышы күтүлүүдө.
Экономикалык өсүштүн оң таасири сезилээрлик болуп, аймактын мүмкүнчүлүктөрү көптөгөн социалдык маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок экономиканын өсүшүнүн жөн эле сандарынын артынан элет тургундары экономиканын өсүшү анын жашоосун, анын үй-бүлөсүнүн, балдарынын жашоосун жакшырткандыгын көрүүгө тийиш.
Соңку беш жылдын ичинде экономиканын стратегиялык тармагы катары айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгөөзгөчө көңүл буруу каралууда. Ошондой эле үрөнчүлүк чарбаларын, мал чарбасын, ветеринардык кызматтарды ж.б. өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралараткарылат. Иш-чараларды жүзөгө ашырууда жергиликтүү фермерлердин, товар өндүрүүчүлөрдүн колдоосу зарыл, ал эми жергиликтүү бийликтердин милдети инвестициялар натыйжалуу болушу жана аймактын экономикасынын өсүшүүчүн түрткү бере тургандай иштерди жүргүзүү болуп саналат.
VIII.Ресурстар
Стратегиянын ресурстар менен камсыздоону АӨ колдо бар ресурстары менен жана башка макулдашылган булактардын (атап айтканда, калктын каражаттарынын, гранттардын каражаттары) негизде ишке ашырат.
Стратегиянын иш-чараларын каржылоосу аларды пландаштыруунун жана жергиликтүү бюджеттен каражаттарды бөлүүнүн негизинде, анын ичинде программаларды жана айрым долбоорлорду максаттуу каржылоо түрүндө болот.
IX.Коркунучтар жана аларды азайтуу жолдору
Стратегияны ийгиликтүү жүзөгө ашырууда кээ бир тобокелдиктер таасир берүү мүмкүн:
а) каржы ресурстарын жетишсиздиги жана туура эмес пайдалануу. Бул тобокелдикти минималдаштыруу үчүн ачык-айкындуулук жана отчеттуулук талаптарын киргизүү аркылуу гана жетүүгө болот, жарандардын катышуусу, алардын жардамы менен кошумча каражаттарды тартуу - саясатты колдогуу.
б) АӨ кызматкерлери өз убакыттарын, өз милдеттерин натыйжасыз пайдалануу. Бул коркунучтан арылууга АА башкаруунун жаңы системасын өнүктүрүп, функционалдык талдоонун жыйынтыгынын негизинде кызматкерлердин милдеттерин тактап, элге көрсөткөн кызматтарынын сапатын жогортулар мүмкүндүк берет
с) Стратегияны ишке ашыруунун катышуучуларынын ортосундагы чыр-чатактар. Бул коркунуч ту жоюу үчүн жеке себептердин таасирин алдын ала кыскартып, макулдашууларга жол ачкан ички жана тышкы байланыштардын системасымүмкүндүк берет.
Х.Стратегияны ишке ашыруунун мониторинги жана баалоосу
Стратегияны ишке ашыруунун натыйжалуулугун жана эффективдүүлүгүн билиш үчүн мониторинг жана баалоо жүргүзүлүп турат. отчеттук жылда Стратегияны ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча прогресске стратегиянын байланыштуу ишке ашыруу мезгилинде Стратегияны турмушка ашыруунун баалоо, Аны Стратегиянын тийиштүү этабы аяктаганда жана жалпы стратегияны ишке ашыруу мөөнөтү бүткөндө өткөрүлөт. Мониторингдин жана баалоолордун натыйжаларынын негизинде айылдык Кенештин чесимдери менен стратегиянын пландарына тактоо, же өзгөртүү киргизсе болот
Стратегиянын ишке ашыруусун мониторинг жүргүзүүнүн маалымат базасы катары статистикалык байкоо маалыматтар, Стратегияны ишке ашырууга катышкан мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана алардын бөлүмдөрүн маалыматтары, ошондой эле көз карандысыз бир катар изилдөөлөрдүн натыйжалары болот.
ХI. Стратегияны ишке ашырууну башкаруу
Стратегия башкаруунун куралы болуп саналат. Ал этап, этап менен максаттуу программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен аткарылат
Стратегиянын аткарылышы эки багытты камтыйт: бир четинен бюджет ар жылдын иш планындагы АА жашоо-турмушун камсызоочу чаралардын аткаруусуна керекттүү каражат булагы болсо, экинчи жагынан стратегиянын максаттарын аткаруусун камсыз кылышы керек.
Жыл сайын Стратегияны ишке ашыруу үчүн жылдык планы иштелип чыгып, ага керектүү бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каржы булактарын такташ керек.
Стратегияны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон кошумча каражаттарды тартуу максатында, тиешелүү программалар жана долбоорлор иштелип чыгарылат.
Стратегияны ишке ашырууга катышкан бардык кызыкдар тараптардын иш-аракеттеринин макулдаштуулугун AО жана айыл Кенеши камсыз кылат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болот:
1. зарыл болгон бюджеттик каражаттарды тартуу;
2. заемдук каражаттарды тартуу боюнча иш-чараларды координациялоо ;
3. аткаруу бийлигинин борбордук, тармактык, аймактык бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерин макулдаштыруу
4. Бул стратегияны ишке ашырууга катышуу боюнча жеке сектор жана жарандык коом үч. институтционалдык шарттарды түзүү;
5. стратегиянын этаптардын пландарында көрсөтүлгөн долбоорлорду аткаруу иштерин координациялоо.
Стратегияны ишке ашырууну Ак-Жар айылдык Кенеш Айыл окмотунун ар жылдык отчетторунун негизинде контролдойт
Стратегияны ишке ашыруудагы каражаттардын чыгымдалышын контролдоо, белгиленген тартипте Ак-Жар АА бюджетинин аткарылышын контролдоо алкагында жүргузулөт.
Стратегияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунуштарды айыл Кенешинин ачык жыйынында талкууланат.
Эгерде ички жана тышкы абалынын олуттуу өзгөрүүлөрдүн негизинде стратегиянын кандайдыр бир артыкчылыктуу багыттарын, же белгилүү бир милдеттерди белгиленген убакытта аткарууга мүмкүнчулук болбосо, же эрте аткарылган учурда, Стратегияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизиш керек.