Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-майы № 53/12/27
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 02.02.2010-жылдагы № 59 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына ичүүлүчү суу пайдалануучулардын айылдык бирикмелеринин балансынан айылды суу менен жабдуу тармактарын өткөрүп берүү жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун 16.02.2010-жылдагы №01-9/15 айылды суу менен камсыз кылуу тармагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына ИСПАКБнин балансынан акысыз кабыл алуу жөнүндөгү буйругун аткаруу максатта,
Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кушка» жана «Ак-Кош» ИСПАКБнин балансынан айылды суу менен камсыз кылуу тармагы Люксембург айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Кожонов |