ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-майы № 55/12/27
«Баланска муниципалдык менчик объектилерди кабыл алуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы № 531 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын коммуналдык менчигине объектилерди өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө" токтому, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-октябрындагы № 580 Инвентаризация өткөрүү жана муниципалдык менчик объектилерин мамлекеттик каттоосун аяктоо жөнүндө” токтомун аткаруу максатта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын толук иштешине, жергиликтүү жамааттардын муниципалдык менчигин түзүү боюнча, Люксембург айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адис Бакыт уулу Азаттын “Муниципалдык объектилерди муниципалдык менчик укугун каттоо зарылдыгы жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап,
Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Люксембург айыл өкмөтүнүн балансына алынсын жана Люксембург айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүүгө тиешелүү документтер төмөнкү объектилерге даярдалсын:
а) Люксембург а., Ленин к., 164 Люксембург айылөкмөтүнүн имараты;
б) Люксембург айылынын стадиону, Центральная к., н/ж;
в) Киршелк айылынын стадиону, Мичурина к., н/ж;
г) Киршелк айылынын мончосу, Мичурина к., н/ж;
д) Люксембург айылынын тазалоочу курулушу, № 132- контур;
2. КРнын 15.03.2002-жылдын №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесине ылайык Чүй облусунун, Ысык-Ата районунун, Люксембург айыл өкмөтү Люксембург айыл өкмөтүнүн менчик муниципалдык мүлкүнүн жана объектилеринин Реестрин даярдасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын милдетин аткаруучу А.Молдокматовага жүктөлсүн.
Төрага | А. Кожонов |