Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 16-октябры N 580 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Муниципалдык менчик объекттерине инвентаризациялоо жүргүзүү жана мамлекеттик каттоону аяктоо жөнүндө "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкаруунудецентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн"Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында 2008-2010-жылдарга каратаиш-чаралардын планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жыл-дын 4-июлундагы № 364 токтомунун муниципалдык менчик объекттерине ин-вентаризациялоо жүргүзүү, мамлекеттик объекттерди муниципалдык менчиккекабыл алуу-өткөрүү жана муниципалдык менчик объекттерине укукту мамле-кеттик каттоо процессин аяктоо жагында аткаруу максатында Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Муниципалдык менчик объекттерине инвентаризациялоо жүргүзүүнүнтиркелген тартиби бекитилсин. 2. Райондук мамлекеттик администрациялар, облустук жана республи-калык маанидеги шаарлардын мэриялары: - муниципалдык менчик объекттерине инвентаризациялоо жүргүзүү бо-юнча тиешелүү комиссияларды жер жерлерде түзүшсүн жана 2009-жылдын1-январына чейин муниципалдык менчикке берилген объекттерди инвентари-зациялоону жүргүзүшсүн, аларды мамлекеттик каттоо үчүн зарыл болгон до-кументтерди даярдашсын; - 2009-жылдын 15-январына чейин Кыргыз Республикасынын Жергиликтүүөз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигине Муниципалдык мен-чик объекттерине инвентаризациялоо жүргүзүү тартибине тиркелген формагаылайык муниципалдык менчик объекттерине жүргүзүлгөн инвентаризациялоо-нун жыйынтыгы боюнча маалыматтарды беришсин. 3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдын-ча башкаруу органдары, кыймылсыз мүлккө укукту мамлекеттик каттоонунаймактык органдары 2009-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө муниципал-дык менчик объекттерине укуктарды каттоону аяктоо боюнча кечиктирилгисчараларды көрүшсүн. 4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-рына төмөнкүлөр сунушталсын: - муниципалдык менчикке берилген объекттерди инвентаризациялоожүргүзүүдө башка ыкмалар менен киргизилген жана алынган объекттерди ин-вентаризациялоо боюнча кошумча иштерди жүргүзүү; - муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу боюнча, аларды ижарагаберүү, сатуу бөлүгүндө чараларды көрүү; - "Объекттерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарлары-нын мэрияларынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 токтому ме-нен бекитилген Типтүү жобого ылайык муниципалдык менчик объекттерининжана мүлктөрдүн эсебин алуу, реестрин түзүү боюнча чараларды көрүү; - 2009-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда муници-палдык менчик объекттерине укукту каттоо менен байланышкан чыгымдардыкароо. 5. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштерибоюнча улуттук агенттигине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар,кыймылсыз мүлккө укукту мамлекеттик каттоонун аймактык органдары жанаэл аралык уюмдар менен бирдикте муниципалдык менчик объекттерине укуктукаттоого документтерди даярдоо маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдарынын кызматчылары үчүн региондук семинарларды өткөрүүсунушталсын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынЖергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигине (ма-кулдашуу боюнча) жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов