Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
10-сессия
2018-жылдын 21-июну № 51/X-27
Социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери, спорт жана коомдук мыйзам жана тартип боюнча туруктуу комиссиясынын Кант шаарынын аймагында катталган жарандардын Кант шаарындагы балдарга мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан орун берүү жөнүндө чечимин карап жана талкуулап
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясына:
-балдардын тизмеси кылдаттык менен текшерилсин жана электрондук жана кагаздагы тизмелерди кезек күтүүнү көзөмөлдөө толугу менен сакталсын;
-Кант шаарынын аймагында катталган жашоочуларга өзгөчө көңүл бурулуп, алардын кызыкчылыгы корголсун.
2. Кант шаарындагы балдарга билим берүү уюмунун жетекчилерине:
-балдарга билим берүү уюмдарынын уставын Кыргыз Республикасынын 29.06.2009-жю №198 “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому менен бекитилген 02.11.2012-ж. №765 “Мектепке чейинки билим берүү уюмдары боюнча типтүү жобону бекитүү боюнча “типтүү жобого ылайык келтирилсин;
- Кант шаарындагы мектепке чейинки балдарга билим берүү уюмунда тайпаларды толуктоодо Кант шаарынын аймагында катталган жарандарга орун берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча 2018-жылдын 1-октябрына чейин Кант шаардык кеңешине маалымат берилсин
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери, спорт жана коомдук мыйзам жана тартип боюнча туруктуу комиссиясына (Кадыров У.А.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |