КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы № 257 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-ноябры № 765
Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу
"Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын уставдарын ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Типтүү жобого ылайык келтирүү боюнча чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |