Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
10-сессия
2018-жылдын 21-июну № 53/X-27
Шаар курулуш, өнөр жай, унаа, комуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана Кант шаарынын мэриясынын 08.06.2018-ж. №01-14/329/1 Кант шаардык кеңешинин №205/XXVI-25 от 21.12.2011-жылы бекитилген “Кант шаарындагы курулуш жүргүзүү жана жерди колдонуу эрежелери” токтомунун 2.1 бөлүм, 2-бөлугүнүн 30-беренесине Кант ш. Линейная көчөсү № 13,14,16-үйлөрүнө “Ж-1А” (Кант шаарынын борбордук бөлүгүнө жеке чарбалык турак-жай куруу аймагы) “П-1” аймагына (III-IV класстагы зыяндуу өндүрүш ишканасы) өзгөртүү киргизүү катын карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык кеңешинин №205/XXVI-25 от 21.12.2011-жылы бекитилген “Кант шаарындагы курулуш жүргүзүү жана жерди колдонуу эрежелери” токтомунун 2.1 бөлүм, 2-бөлүгүнүн 30-беренесине “Кант шаарын укуктук аймактоо” төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
-Кант ш. Линейная көчөсү, үй №13,14,16 жалпы аянты 2212 кв. м., “Ж-1А” аймагынан (Кант шаарынын борбордук бөлүгүнө жеке чарбалык турак-жай куруу аймагы) “П-1” (III-IV класстагы зыяндуу өндүрүш иш канасы) аймагына киргизүү, ошондой эле Панфилов, М.Горький көчөлөрүндөгү товар кампалардын, “Ж-1А” (Кант шаарынын борбордук бөлүгүнө жеке чарбалык турак-жай куруу аймагы) аймагынан “К-1” (коммуналдык ишкана, транспорт кампалоо жана майда өндүрүш аймагы) аймагына киргизүүгө уруксат берилсин.
2. Ысык-Ата райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы “Кант-Сүт” ААКнун башкы планына жайгашкан аймагына шарт түзүүсү менен оңдоолорду киргизсин.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, комуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Сулайманов Н.И.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |