Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-июну № 10
“Ичүүчү суу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Табигый монополиялар жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №100 токтому менен бекитилген Тартибине ылайык, ошондой эле суу түтүгүнүн жана канализациялык тармактарын өнүктүрүү максатында, Кара-Балта шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууга техникалык шарттарды берүү кызматына тарифи, ушул токтомдун 1- тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча, өндүрүш, курулуш, транспорт жанакичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.
________________________________________________________________________________________________________________
Таркатылсын: көктөмөгө, тдк, мэрияга, МИ “КСК”.
Төрага | А. Аалыев |
"Кара-Балта шаардык кеңешинин 2018-жылдын 27 июндагы № 10 токтомуна №1 тиркеме
Аталышы | Өлчөө бирдиги | Тариф (салыктар жок) |
Калкка | Сом/1 кошулуу | 1095,00 |
Бюджеттик жана башка уюмдар
| Сом/1кошулуу | 1255,00 |