ТоктомКүчүндө

Красный Восток айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 21-июнундагы № 1/1 «Чуй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айыл аймагынын, айылдык Кеңешинин төрагасын, жана төраганын орун басарын шайлоо жөнүндө» токтому

Редакция21.06.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 21-июну № 1/1

Чуй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айыл аймагынын, айылдык Кеңешинин төрагасын, жана төраганын орун басарын шайлоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 29 беренесинин негизинде, айылдык Кеңешинин Типтүү Регламентине жараша, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы, 2013-жылдын 25-ноябрында бекитилген №01-24/65 Кыргыз Республикасынын Өқмөтүнө караштуу Мамлекеттик өз алдынча башкаруу органдарынын жана этникалык өз ара катнаштарынын агентствосунун буйругуна ылайык, Красный Восток айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтому:

 

1. Красный Восток айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы болуп Закиров Бактыбек Көкүмбаевич шайлансын.

2. Красный Восток айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп Калмыков Петр Петрович шайлансын.

3. Красный Восток айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтомун Жайыл аймагынын шайлоо комиссиясына жиберилсин.

 

Төрага

Б. Закиров