ТоктомКүчүндө

Красный Восток айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 26-январындагы № 4/7 «Отун (көмүр) сатып алууга келишим түзүү жөнүндө» токтому

Редакция26.01.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 26-январы № 4/7

Отун (көмүр) сатып алууга келишим түзүү жөнүндө

 

Аба-ырайынын кескин өзгөрүүсүнө жана катуу суукка байланыштуу,отун (көмүр) сатып алууга кошумча келишим түзүү боюнча, Красный Восток айыл аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Г.С Тендин маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар” Мыйзамынын негизинде , Красный Восток айылдык Кеңешинин отуруму токтом кабыл алат:

 

1. 14038 (он төрт мин отуз сегиз) килограмм көлөмүндө отун (көмүр) сатып алууга , жалпы баасы 54748 (элү төрт мин жети жүз кырк сегиз ) сомго кошумча келишим түзүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык Кеңештин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Б. Закиров