КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-январы № 19/12
Таза суу пайдалануучуларынын «Кызыл-Суу» айылдык коомдук бирикмесинин тарифин бекитүү жөнүндө
Красный Восток айыл аймагынын таза суу пайдалануучуларынын “Кызыл-Суу” айылдык коомдук бирикмесинин төрөгасынын, электр энергиясынын тарифтеринин жогорулашына байланыштуу, ичүүчү суунун тарифин 2016-жылы бир айга ар бир адамга 40сом өлчөмүндө бекитип берүү жөнүндө сунушун угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 14-бөлүмүнүн негизинде, Красный Восток айылдык Кеңешинин токтому;
1. Электр энергиясынын тарифтеринин жогорулашына байланыштуу, Красный Восток айыл аймагынын таза суу пайдалануучуларынын «Кызыл-Суу» айылдык коомдук бирикмесинин ичүүчү суунун баасы бир кишиге 40 (кырк) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомдун иш жүзүнө аткарылышы, Красный Восток айылынын Кеңешинин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Закиров |