ТоктомКүчүндө

Красный Восток айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 15-январындагы № 19/12 «Таза суу пайдалануучуларынын «Кызыл-Суу» айылдык коомдук бирикмесинин тарифин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция15.01.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 15-январы № 19/12

Таза суу пайдалануучуларынын «Кызыл-Суу» айылдык коомдук бирикмесинин тарифин бекитүү жөнүндө

 

Красный Восток айыл аймагынын таза суу пайдалануучуларынын “Кызыл-Суу” айылдык коомдук бирикмесинин төрөгасынын, электр энергиясынын тарифтеринин жогорулашына байланыштуу, ичүүчү суунун тарифин 2016-жылы бир айга ар бир адамга 40сом өлчөмүндө бекитип берүү жөнүндө сунушун угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 14-бөлүмүнүн негизинде, Красный Восток айылдык Кеңешинин токтому;

1. Электр энергиясынын тарифтеринин жогорулашына байланыштуу, Красный Восток айыл аймагынын таза суу пайдалануучуларынын «Кызыл-Суу» айылдык коомдук бирикмесинин ичүүчү суунун баасы бир кишиге 40 (кырк) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Токтомдун иш жүзүнө аткарылышы, Красный Восток айылынын Кеңешинин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Б. Закиров