Загрузка документа…
МИЛЯНФАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-январы № 1/1-27
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-беренесинин негизинде, Милянфан айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын “2017-жылдын бюджетин аткаруу жыйынтыгы жана 2018-жылга бюджеттин болжолу жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап Милянфан айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Милянфан айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин планы 7674,6 миң сом өлчөмдө бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.07.2013-ж. №403 Токтомунун негизинде, типтүү түзүмдүн жана айыл өкмөттүн штаттык саны 5,0-7,0 миңден ашуун болгондугунун негизинде Милянфан айыл өкмөтүнүн штаттык тизимине өзгөртүү киргизилип, штатка 2 бирдик кошулсун (1 башкы адис, 1-адис).
3. Туракжай-коммуналдык чарбанын штаттык тизмеси бекитилсин.
4. Негизги эсеп боюнча бош калган каржы 53,4 миң сом өлчөмдө бекитилсин.
5. Атайын эсеп боюнча бош калган каржы 227,4 миң сом өлчөмдө бекитилсин.
6. Жүгүртүү-кассалык нак акча каражат 23,4 миң сом өлчөмдө бекитилсин.
7. Милянфан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша болжолунун суммасы: 2019-жылга – 6620,9 миң сом, 2020-жылга – 6805,9 миң сом өлчөмдө жактырылсын.
8. Милянфан айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетин аткаруусу боюнча отчету киреше боюнча 8639,1 миң сом, чыгаша боюнча 9551,0 миң сом өлчөмдө бекитилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Милянфан айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Мачан |