Редакцияот 29.09.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 29-сентябры № 40/ VIII –27

Электр трансформаторун орнотуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

 

Кенеш айылындагы Ж. Райкеев көчөсүнүн тургундарына электр-трансформатор орнотуу үчүн Ысык-Ата РЭСине Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-жана 13-беренесине ылайык, колдонууга жер тилкесин бөлүп берүү максатында Кочкорбаев айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айылындагы Дж. Райкеев көчөсүнөн жалпы аянты 4 кв. метр жер тилкеси Ысык-Ата РЭСине электр трансформатоун орнотуу үчүн мөөнөтсүз колдонууга берилсин.

2. Токтомду көзөмөлдөө жер жана агрардык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Албекенов