ТоктомКүчүндө

Кочкорбаев айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 40/ VIII –27 «Электр трансформаторун орнотуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө» токтому

Редакция29.09.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 29-сентябры № 40/ VIII –27

Электр трансформаторун орнотуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

 

Кенеш айылындагы Ж. Райкеев көчөсүнүн тургундарына электр-трансформатор орнотуу үчүн Ысык-Ата РЭСине Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-жана 13-беренесине ылайык, колдонууга жер тилкесин бөлүп берүү максатында Кочкорбаев айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айылындагы Дж. Райкеев көчөсүнөн жалпы аянты 4 кв. метр жер тилкеси Ысык-Ата РЭСине электр трансформатоун орнотуу үчүн мөөнөтсүз колдонууга берилсин.

2. Токтомду көзөмөлдөө жер жана агрардык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Албекенов