ТоктомКүчүндө

Кочкорбаев айылдык Кенешинин 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 45/ VIII –27 «Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык тизимин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция29.09.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 29-сентябры № 45/ VIII –27

Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык тизимин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 07.08.2017-жылдагы № 466 “ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 01-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлгөнүнө байланыштуу, бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиянын отурумунда каралган бул маселени карап жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 07.08.2017-жылдагы № 466 “ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомуна ылайык, айлык акы көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу, аппарат кызматкерлеринин штаттык тизими бекитилсин.

2. Штаттык тизимге ылайык кызматкерлердин айлык акысы төлөнүп берилсин.

3. Токтомду көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Албекенов