Загрузка документа…
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-июну № 17
Айыл өкмөттүн бюджеттик каражаттары боюнча 2017-жылдын 1-январына карата бош калган 170,0 миң сомду кайрадан бөлүштүрүү зарылдыгана байланыштуу, бюджеттик каражаттарды рационалдуу пайдалануусун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 36-37-беренелерине ылайык Чапаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Башка категорияларга кирбеген экономикалык маселелер» бөлүмүнөн суммадагы айыл өкмөттүн 170,0 миң сом чыгашасы кыскартылсын.
2. 170,0 миң сом төмөнкү бөлүмдөрдүн чыгашаларына багытталсын:
- «Спартак» о.м. | 110,0 миң сом |
- «Красный пахарь» б.о.м. | 60,0 миң сом |
Бардыгы | 170,0 миң сом |
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы Ж.А.Байсульдаевге тапшырылсын.
5. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Алманиязов |