ТоктомКүчүндө

Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-июнундагы № 17 «Айыл өкмөттүн бюджеттик каражаттары боюнча 2017-жылдын 1-январына карата бош калган 170,0 миң сомду кайрадан бөлүштүрүү жөнүндө» токтому

Редакция21.06.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылыштагы Чапаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

2017-жылдын 21-июну № 17

Айыл өкмөттүн бюджеттик каражаттары боюнча 2017-жылдын 1-январына карата бош калган 170,0 миң сомду кайрадан бөлүштүрүү жөнүндө

 

Айыл өкмөттүн бюджеттик каражаттары боюнча 2017-жылдын 1-январына карата бош калган 170,0 миң сомду кайрадан бөлүштүрүү зарылдыгана байланыштуу, бюджеттик каражаттарды рационалдуу пайдалануусун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 36-37-беренелерине ылайык Чапаев айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Башка категорияларга кирбеген экономикалык маселелер» бөлүмүнөн суммадагы айыл өкмөттүн 170,0 миң сом чыгашасы кыскартылсын.

2. 170,0 миң сом төмөнкү бөлүмдөрдүн чыгашаларына багытталсын:

- «Спартак» о.м.

110,0 миң сом

- «Красный пахарь» б.о.м.

60,0 миң сом

Бардыгы

170,0 миң сом

3. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы Ж.А.Байсульдаевге тапшырылсын.

5. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Р. Алманиязов