Загрузка документа…
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-октябры № 33
Айыл өкмөттүн турак үй, коммуналдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адисинин Чапаев айыл аймагында жайгашкан короо-жай жер участокторун инвентаризациялоонун зарылдыгы тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 12 жана 13-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31,36 жана 37-беренелерине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясынын чегинде Чапаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Спартак, Маловодное жана Ак-Соок айылдарында жайгашкан короо-жай жер участокторун инвентаризациялоо боюнча төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
- Арпачиев А.К., айылдык кеңештин социалдык маселелер, билим берүү жана саламаттык сактоо комиссиясынын төрагасы;
- Кенджебаева Л.С., айылдык кеңештин депутаты;
- Иманкулов К.Ж., айылдык кеңештин депутаты;
- Едильбаев Т.Т., айыл өкмөттүн турак үй, коммуналдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси;
- Медетов М.О. айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу боюнча адиси.
2. Түзүлгөн комиссия Спартак, Маловодное жана Ак-Соок айылдарында жайгашкан короо-жай жер участокторун инвентаризациялоону жүргүзсүн.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.
5. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге жүктөлсүн.
Төрага | Р. Алманиязов |