ТоктомКүчүндө

Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 25-октябрындагы № 33 «Короо-жай жер участокторун инвентаризациялоо жөнүндө» токтому

Редакция25.10.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылыштагы Чапаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

2017-жылдын 25-октябры № 33

Короо-жай жер участокторун инвентаризациялоо жөнүндө

 

Айыл өкмөттүн турак үй, коммуналдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адисинин Чапаев айыл аймагында жайгашкан короо-жай жер участокторун инвентаризациялоонун зарылдыгы тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 12 жана 13-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31,36 жана 37-беренелерине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясынын чегинде Чапаев айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Спартак, Маловодное жана Ак-Соок айылдарында жайгашкан короо-жай жер участокторун инвентаризациялоо боюнча төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:

- Арпачиев А.К., айылдык кеңештин социалдык маселелер, билим берүү жана саламаттык сактоо комиссиясынын төрагасы;

- Кенджебаева Л.С., айылдык кеңештин депутаты;

- Иманкулов К.Ж., айылдык кеңештин депутаты;

- Едильбаев Т.Т., айыл өкмөттүн турак үй, коммуналдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси;

- Медетов М.О. айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу боюнча адиси.

2. Түзүлгөн комиссия Спартак, Маловодное жана Ак-Соок айылдарында жайгашкан короо-жай жер участокторун инвентаризациялоону жүргүзсүн.

3. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.

5. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Р. Алманиязов