Загрузка документа…
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-декабры № 38
Айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасы жана аны жогорулатуу зарылдыгы жөнүндө айыл өкмөттүн башчысынын маалыматын угуп Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 36 жана 37-беренелерине ылайык Чапаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чапаев айыл аймагында айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- 1 га кайракы айдоо үчүн = 70 сом;
- 1 га сугат айдоо үчүн – 395 сом.
2. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге жүктөлсүн.
Төрага | Р. Алманиязов |