ТоктомКүчүндө

Чапаев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-декабрындагы № 38 «Айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция18.12.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылыштагы Чапаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

2017-жылдын 18-декабры № 38

Айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасын бекитүү жөнүндө

 

Айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасы жана аны жогорулатуу зарылдыгы жөнүндө айыл өкмөттүн башчысынын маалыматын угуп Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 36 жана 37-беренелерине ылайык Чапаев айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чапаев айыл аймагында айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:

- 1 га кайракы айдоо үчүн = 70 сом;

- 1 га сугат айдоо үчүн – 395 сом.

2. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.

4. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Р. Алманиязов