Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты № 28
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябры № 571 токтому менен бекитилген "Муниципалдык менчикте турган жер участөктөруна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарыжөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" Жобонун 7-пунктунун негизинде айыл өкмөтүнүн сунушун карап, талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер участокторуна укуктарды берүү процессии ишке ашыруу үчүн төмөндөгү курамында комиссиясы түзүлсүн:
Асаналиев А.Ж. - а/к Муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү; комиссиянын торгасы;
Садырова Р.К. - а/ө башчысынын орун басары, комиссиянын теңтөргасы;
Асанөв Э.Ө. - а/о муниципалдык менчикти башкаруу адис, комиссиянын катчысы;
Шарипөва Б.А. - а/ө башкы адис-юристи;
Абдылдаев Р.Б. - а/к Айылдык аймактын чегиндеги (жол, ичүүчү суу, көчө электр жарыгы, канализация, айылды көрктөндүрүү жана транспорт) маселелери боюнча туруктуу комиссиянын өкүлү;
Кырбашев Н. - Ак-Суу райондун башкы архитектордун орун басары;
Кендербаева А. - Каракол-Ак Суу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын өкүлү.
2. Комиссия милдеттендирилсин:
- өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын, анын ичинде колдонуудагы курулуш жүргүзүү жана жерди пайдалануу эрежелерин Типтүү жобого ылайык келтирүү;
- курулуш жүргүзүү жана жерди пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу жана кабыл алуу.
3. Айылдык кеңештин 26-чакырылышынын 25-сессиясынын 2014-жылдын 3-ноябрындагы №45 "Айылдык кеӊешинин 2013-жылдын 4-декабрындагы №71 «Теплоключенка айыл аймагынын муниципалдык менчикте турган жер тилкелерине менчик же ижара укугун берүүнүн тартибинин негизинде комиссия түзүү жана курамын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Төрага | Э.А. Темиров |