Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-апрели № 34
Теплоключенка айыл аймагьшьш калкынын 2017-жылдын 10-мартындагы жалпы чогулушта талкууга альшган жаз-күз айларында малдын жайлоого көчүп баруу жана келүүсү боюнча ички тартип тууралуу эрежени карап, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймак боюнча Жаз-күз айларында малдын жайлоого көчүп баруу жана келүүсү боюнча ички тартип тууралуу эреже өзгөртүүлөрү менен бекитилсин, тиркелет.
2. Токтом Кыргыз Республикасына караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттигинин сайтына жайгаштырылып, юстиция органьша Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы жайыт комитетине милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Темиров |
Айылдык кенештин 2017-жылдын
05.04. №34 токтомуна тиркеме
1. Учурдагы кабыл алынып жаткан эреже КРнын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» Кодексине, КРнын «Ветеринария жөнүндө», КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», КРнын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык кабьш алынып, Теплоключенка айыл аймагында айыл тургундарынын жеке менчигиндеги малдарды жайлоого багуусундагы малдынкөчүп кетүүсүн жана келүүсүн жөнгө салат.
2. Эреже Теплоключенка айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл өкмөттүн адистери, жайыт комитеттин мүчөлөрү жана айыл тургундардын биргелешип так, жьш сайын аткарчуу милдеттүү ишин белгилейт жана ушул эрежени так аткарууну талап коюу менен жыл сайын аткарылчуу жана калыптандыруучу тажрыйбаны камсыздайт.
3. Эреже Теплоключенка айылдык кенеши тарабынан кабыл алынгандан кийин аймакта жашаган баардык жарандар, мамлекеттик органдар жана менчиктин түрүнө карабастан баардык уюм, мекеме, ишканалар тарабынан милдеттүү аткарылууга тийиш.
4. Эреже менен жөнгө салууда төмөндөгүдөй иштер аткаруу бекитилсин:
4.1 - 2017-жылдын 1-мартына чейин Жайыт комитета - мал ээлеринин арыздары жана билдирүүлөрү аркылуу келээрки жылга жайытка чыкчуу малдын санын алдын-ала аныктайт;
4.2. - 2017-жылдын 1-кварталда жайыт комитета мурунку жыл үчүн отчетун дайындап -айылдык кенештин кароосуна коет;
4.3. - 2017-жылдын 1-кварталда жайыт акысы тууралуу, жайыт пайдалануу боюнча жылдык план менен тааныштырат;
4.4. - айыл өкмөтүнүн башчысы жана жайыт комитетинин торагасы 1-апрелге чейин элдик жыйын өткөрүү менен малчы - малды элден ала электе малды багуу баасын аныктайт жана жайыт акы кимдер тарабынан төлөнүшү керектигин макулдашат жана жалпы элдик жыйын менен бекитилет;
4.5. - айыл чегинде жайгашкан жайытка мал менен көчүү 1-10-апрельге чейин, жайлоого көчүү 1-10-майга чейин, жайлоодон көчүп келүү 10-октябрдан кийин көчүп келүүсү бекитилет. Жайыт планында көрсөтүлгөн чектүүлөргө ылайык көчүү кону жүргүзүлсүн;
4.6. - 1-апрельден баштап бада уюштурулап, бадага субай мал алып калууга тыюу салынат;
4.7. - 1 бШШАег£и1 -июнга чейин малды вакцинациялоо жана купкага салуу мал ээлерине милдеттендирилсин;
- өтүп жаткан жыл сайын 1 –апрель
артьт корук жана камак уюштурулсун;
4.9 - жакынкы жайыттарга апрель, май, сентябрь, октябрь айларында жайыт пайдаланган үчүн акы төлөнсүн лесхоздон сырткары;
4.10. - малый кароосуз калтырып, дыйкандардын эгин жана чоп аянттарына олутгуу зыян келтирсе, келтирилген зыяндын орду мал ээси же укук бузуучу тарабынан төлөнүп берилээри эскертилсин;
4.11. - КРнын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» Кодексине ылайык белгиленген тартипте кабыл алынган, күчүнө кирген жайыттарды, чөп чабындыларын башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планында белгиленген режимди бузгандыгы үчүн, айыл тургундары үй тиричилигине керектүү малдан ашык мал алып калгандарга, жайыт эрежелерин бузуп айыл чегиндеги жана алыскы жайыттарды которуштуруп пайдалануу талабына ылайык тыныктырууга болүнгон жайыттарга мөөнөтүнөн мурда мал жайуу, ошондой эле тийиштүү уруксат албастан, табигый жана эгилме жайыттар аркылуу мал айдап өтүүсү, менчигинин түрүнө карабастан малдын же канаттуулардын айдоолорду майкандоосу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруусу же жок кылуусу, бак-дарактарга зыян келтирүүсү, малды, канаттууларды жана башка жаныбарларды милдеттүү ветеринардык иш-чарларды өткөрүү үчүн көрсөтпөөсү, турмуш тиричилигиндеги катуу калдыктарды чектелген жерден башка жерлерге таштоого тыйуу салуу боюнча укук бузгандыгы үчүн жарандарды (укук бузуучуларды) административдик жоопкерчиликке тартуу айыл өкмөтүнүн алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясына тапшырылсын.