Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-июну № 57
Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-мартындагы №114 "Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо жөнүндө'" жана "Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө негизинде айыл өкмөтү башчысы Т.Ш. Кобонбаевдин сунушун карай, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теплоключенка айылдык аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоору боюнча "Кыргызмамжердолбоорлоо'" мамлекеттик институтунун Ысык-Көл жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдары бекитилсин.
2. Каракол-Ак-Суу аймактык жерге жайгаштыруу жана мүлккө укук каттоо башкармалыгы жана "Кыргызмамжердолбоорлоо" мамлекеттик институтунун Ысык-Көл жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдары Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
3. Токтом тиешелүү сайтка жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтү башчысы Т.Ш. Кобонбаевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстары, экология, агрардык реформа жана турак-жай коммуналдык чарбадагы маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Темиров |