Загрузка документа…
ЖАӉЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-апрели № 12/3
Күн тартибиндеги “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу” жѳнүндѳгү Кыргыз Республикасынын мыйзамына,жергиликтүү жамааттын Уставына жана муниципалиттер тарабынан кѳрсѳтүлгѳн кызматтарын баалоо жол-жоболордун аткарылышын,ошондой эле жергиликтүү бюджет,жергиликтүү коомчулук салымы жана донордук уюмдардын эсебинен жергиликтүү демилгелердин/долбоордун/ программалардын ишке ашуусун жѳнгѳ салуучу жергиликтүү ченемдик актылара ылайык коомдук биргелешкен монторинг жана баалоо тобун (БМжТБ) түзүү боюнча атайын иштелип чыккан жобону жана Жергиликтүү жамааттын,жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун демилгеси менен кѳрсѳтүлгѳн коомдук БМжТБнун мүчѳлѳрүн бекитүү жѳнүндѳ”долбоорлор боюнча координатор.айыл ѳкмѳтүнүн юристи М.Акматовдун билдирүүсүн жана мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин V11-чакырылышынын кезектсиз Х11-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коомдук биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун (БМжБТ) түзүү боюнча атайын иштелип чыккан жобо бекитилсин.(тиркеме №1)
2. Ал жобонун негизинде жергиликтүү жамааттын,жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун демилгеси менен кѳрсѳтүлгѳн коомдук БМжБТнун мүчѳлѳрү тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме №2)
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Р. Дооранов |
Жаӊы-Жол айылдык Кеӊешинин
21.04.2018-жылдагы №12/3 токтомуна
Тиркеме №1
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндөгү жобо
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, жергиликтүү жамааттын Уставына жана муниципалитеттер тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарын баалоо жол-жоболордун аткарылышын, ошондой эле жергиликтүү бюджет, жергиликтүү коомчулук салымы жана донордук уюмдардын эсебинен жергиликтүү демилгелердин/долбоорлордун/программалардын ишке ашыруусун жөнгө салуучу жергиликтүү ченемдик укуктук актыларына ылайык биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (БМжБТ) үчүн иштелип чыккан.
1.2. БМжБТ жергиликтүү жамааттын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун демилгеси менен түзүлүп, жергиликтүү кеңеш сессиясында бекилген.
1.3. Биргелешкен мониторинг жана баалоо бул мамлекет тарабынан өткөзүп берилген мамлекеттик ыйгарым кызматтардын, жергиликтүү маанидеги маселелердин (ЖММ) алкагында көрсөтүлгөн кызматтардын жана муниципалдык кызматтарды уюштуруу жана кызматтарды көрсөтүү тармагындагы муниципалитетте болуп турган чыныгы абалын үзгүлтүксүз байкоо системасы болуп саналат. Болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн системдик анализин өз учурунда жүргүзүү, терс көрүнүштөрдү алдын алуу жана кыска мөөнөттүк болжолдоону жүргүзүү ушул байкоо системасынын максаты болуп саналат.
1.4. Биргелешкен мониторинг жана баалоо (БМжБ) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш эффектүүлүгү менен муниципалитеттин абалын аныктоо (баало) үчүн негизги маалымат булагы болуп саналат. БМжБ жалаң гана кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапат деңгээлин аныктабастан, жергиликтүү бюджет, жергиликтүү коомчулук салымы жана донордук уюмдардын эсебинен жергиликтүү демилгелердин/долбоорлордун/программалардын ишке ашыруу эффективдүүлүгүн аныктайт.
1.5. БМжБ жүргүзүү төмөнкү принциптерге жооп берүү керек:
· Практикалык пайдалуулук: болжолдогон пайдалануучулардын маалымат муктаждыктарын канааттандыруу.
· Иш жүзүнө ашырылууга мүмкүн болгондук: реалдуу, чөйрөгө туура келген, дипломатиялык жана сарамжалдуу болуу зарыл.
· Мыйзамдуулук: этика нормаларына жана мыйзамдарга ылайык БМжБ жүргүзүү керек, ошондой эле баалоого бардык катышкандардын жана баалоо натыйжалары таасир эте турган адамдардын бейпилдигин эске алуу зарыл.
· Тактык: баалай турган программанын, кызматтын, долбоордун ж. б. маанисин жана баалуулугун аныктай турган өзгөчөлүктөрү жөнүндө биргелешкен мониторинг менен баалоо ишенимдүү маалыматты берүү керек.
· Калыстык: программанын, кызматтын, долбоордун ж. б. андан ары эффекттүү жана натыйжалуу ишке ашыруу процессин улантуу боюнча туура чечимдерди кабыл алуу жолдорун тандоо максатын көздөө.
2. Биргелешкен мониторинг менен баалоо тобунун максаты менен милдеттери
2.1. БМжБТнун максаты төмөнкүнү камтыйт:
Муниципалдык кызматтардын, ЖММ алкагында көрсөтүлгөн кызматтардын жана мамлекет тарабынан өткөзүп берилген кызматтардын биргелешкен мониторинг менен баалоону жүргүзүү. Ошондой эле жергиликтүү бюджет, жергиликтүү коомчулук салымы жана донордук уюмдардын эсебинен жергиликтүү демилгелердин/ долбоорлордун/ программалардын ишке ашыруу эффективдүүлүгү менен прогрессин өз убагында көзөмөлдөө, муниципалитеттин өнүгүү багыттарын аныктоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына иш-аракеттерди жакшыртуу үчүн негизделген башкаруу чечимдерди кабыл алуу максатында сунуштарды берүү.
2.2.БМжБТнун милдеттери:
2.3. Төмөнкүлөр БМжБнун объектилери болушу мүмкүн:
3. БМжБ тобун түзүү
3.1. БМжБ тобу өз ыктыярдуулуктун жана акысыз катышуунун негизинде түзүлөт.
3.2. Төмөнкү адамдар БМжБ тобунун мүчөлөрү болушу мүмкүн:
3.2.1. Төмөнкү адамдар БМжБ тобунун мүчөлөрү болушу мүмкүн эмес:
3.3. БМжБ тобу жергиликтүү коомчулуктун, жергиликтүү кеңеш депутаттардын жана жергиликтүү БӨУ (бей өкмөт уюму) атынан сунушталган жана 3.2 пункттун критерийлерине (мүнөздөмөлөрүнө) туура келген жарандардан түзүлөт.
3.4. БМжБ тобу жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет;
- Тийиштүү арыздын негизинде өзүнүн ыктыяры менен;
- Ден соолук себептердин негизинде;
- Иш-чаралардын түздөн-түз өтүлүүчү убагында ар дайым жок болсо (БМжБ тобунун отурумдарына үч жолу катышпаса);
- Этика нормаларын бузса;
- Ишке жөндөмдүүлүгү жоголсо ж. б.
3.5. БМжБ тобу өзүнүн курамынан төраганы, анын орунбасарын жана секретарды шайлайт.
3.6. БМжБ тобунун төрагасы:
3.7. БМжБ тобунун секретары:
4. БМжБ тобунун иш алып баруусу, укуктары жана милдеттери
4.1. БМжБ тобунун иш алып баруусуна төмөнкүлөр кирет:
4.2. БМжБ тобунун укуктары
4.3. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун милдеттери:
5. Мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу
5.1. Мониторинг жол-жоболорун муниципалитетте ишке ашыруу үчүн БМжБ планы уюштуруу негиз болуп саналат. БМжБ планында жооптуу аткаруучулар, мониторингди жүргүзүү ирети, мөөнөтү, багыттары менен формасы аныкталат. БМжБ планы жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилет.
5.2. Мониторинг эки формада жүргүзүлөт: мониторинг планы боюнча үзгүлтүксүз мониторинг (маалыматты чогултуу жана кайра иштетүү технологияларына ылайык талап кылуу системасын түзүүдөн кийин жана тапшырмаларды койгондон кийин үзгүлтүксүз түрдө жүргүзүлөт) жана мезгил-мезгили менен жүрө турган мониторинг. Жергиликтүү коомчулуктун салымынан же жергиликтүү бюджетинен каржыланган айрым долбоорлордун, программалардын, жергиликтүү демилгелердин айрым иш-чаралары боюнча мониторингди жүргүзүүдөн мурда БМжБ тобу кызыкдар тараптарга алдын ала билдирүүнү жөнөтөт.
5.3. Жергиликтүү коомчулуктун салымынан же жергиликтүү бюджетинен каржыланган жана ишке ашырылган долбоорлордун, программалардын, жергиликтүү демилгелердин, ошондой эле ЖММ алкагында көрсөтүлгөн кызматтардын, муниципалитет тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын жана ЖӨБО иш-аракеттеринин натыйжаларын изилдөөдө баалоо жүргүзүлөт.
5.4. БМжБ иш-аракеттерин пландаштыруусу төмөнкү маалыматтын талдоосун камтыйт:
· БМжБ жүргүзүү үчүн кандай маалымат керек?
· БМжБ жүргүзүүгө ким жана иштин кайсыл этаптарында чакырылат?
· Керектүү маалыматтарды топ кандай ыкма менен жана кайсыл булактардан алат?
· Маалыматты ким чогултат?
· Маалыматты кандай талдоо ыкмалары колдонулат, жооптууларды аныктоо;
· БМжБ жүргүзүүгө канча убакыт кетет?
· БМжБ бардык иштерин жүргүзүүгө кандай ресурстар керек болот?
БМжБ планы жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилет.
5.5. БМжБ процесси иш-аракеттеринин төмөндөгүдөй ырааттуулукту талап кылат:
5.6. Биргелешкен мониторинг жана баалоону жүргүзүү ыкмаларына төмөнкүлөр кирет:
5.7. БМжБ тобунун иш-аракеттеринин уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу колдоосу айыл өкмөт тарабынан берилет.
6. Коомдук, муниципалдык жана башка органдар, мекемелер менен кызматташуу
6.1. Мониторинг жүргүзүүдө БМжБ тобу кызмат көрсөтүү менен алек болгон муниципалдык башкаруу органдары жана уюмдары менен өз ара кызматташууда болот. Ошондуктан жергиликтүү коомчулуктун салымы менен ишке ашырылып жаткан кызматтар менен долбоорлордун мониторинг менен баалоосуна керектелген маалыматты мониторинг жүргүзүлүп жаткан тармагына тийешеси бар адамдар маалыматты алуу талабы берилгенден кийин он күндөн кечикпей берүүгө милдеттүү.
6.2. БМжБ жүргүзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, аткаруучулардан, тапшырык ээлеринен алынган документтер башка адамдарга жайылтууга мүмкүн эмес, бирок ошол документтерге шилтеме кылуу керек.
6.3. БМжБ топ мүчөлөрүнүн арасында кызыкчылыктардын каршылыгы пайда болгон учурлар. Эгер муниципалдык кызматтардын жана ЖММ алкагында кызматтардын көрсөтүүсүнө карата мониторинг жүргүзүү убагында кызмат аткаруучу же кызмат аткарууга катышы бар адам БМжБ топ мүчөсүнүн тууганы болуп калса, анда БМжБ тобунун ушул мүчөсү ошол учурдагы биргелешкен мониторинг менен баалоо ишине катышууга мүмкүн эмес.
7. БМжБ натыйжалары
7.1. Талдоо натыйжасында пайда болгон БМжБ маалыматтары боюнча тийиштүү документтер (отчеттор, маалым каттар, баяндама, актылар) дайындалып коомчулукка, айыл өкмөт башчысына жана айыл кеңешке маалымат катары берилет.
7.2. БМжБ Тобунун АКТЫСЫ БМжБ Тобунун мониторинг натыйжасынын негизги документи болуп саналат. АКТ – бул БМжБ Тобунун расмий документи болуп саналат, ошол документте мониторинг натыйжаларынын негизинде көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты менен жеткиликтүүлүгү боюнча реалдуу жыйынтыктары менен сунуштар келтирилет. БМжБ тобунун бардык мүчөлөрү актыга кол коюшат.
7.3. БМжБ Тобунун актысы муниципалитет деңгээлинде административдик чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.
7.4. Мониторинг жыйынтыктары менен айыл кеңеш сессияларда жана айыл жыйындарда таанышууга мүмкүн болот.
7.5. БМжБ тобунун актыларынын негизинде БМжБ планын аткаруу боюнча жылдык отчету жергиликтүү кеңеш менен айыл өкмөт башчысына даярдалат.
7.6. БМжБ натыйжаларынын негизинде пайда болгон сунуштардын аткаруусу иш-чарага катышкан адамдардын тарабынан ыктыярдуу түрдө болот, бирок жергиликтүү коомчулук менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ошол сунуштарды карап чыгууга милдеттүү.
7.7. БМжБ топ иштеринин натыйжалары отчетту элге жарыялоо кылгандан кийин бир жумадан кечикпей маалымат такталарына жайгаштырууга тийиштүү.
8. Биргелешкен мониторинг менен баалоо тобунун этикалык принциптери
8.1. БМжБ тобу БМжБ процессинин айкындуу жана адилеттүү болушуна кепилдикти берет.
8.2. БМжБ жүргүзүү ирети, маалыматты чогултуу ыкмалары, БМжБ максаттары менен милдеттери жөнүндө кызыкдар тараптарды БМжБ жүргүзүүгө чейин маалымдоо керек.
8.3. Эгер БМжБ жүргүзүү учурунда иштин жыйынтыктоочу натыйжаларына таасир этүүчү окуялар орунду алса, анда кызыкдар тараптардын бардыгын өз учурунда маалымдоо керек.
8.4 Кызыкчылыктардын каршылыгын пайда кыла турган жагдайларга өзгөчө көңүл буруу зарыл жана мындай жагдайлар жөнүндө кызыкдар тараптарды өз учурунда маалымдоо керек
8.5 Кесиптик иш-аракеттерин жүргүзүүдө кызматташып турган адамдардын коопсуздугун жана аброюн БМжБ тобу урматтайт.
8.6. Кээ бир учурларда БМжБ кызыкдар тараптар үчүн терс натыйжаларга алып келет, мындай учурларда БМжБ тобу зыянды азайтууга умтулуу керек, ошол эле учурда баалоо жыйынтыктардын айкын болгондугуна шек келтирбөө шартын сактоо керек.
8.7. БМжБ натыйжалары коомчулукка пайда алып келүүдөн көрө айрым адамдарга же уюмдарга көбүрөөк зыян келтирүү жагдайларда БМжБ жүргүзүү зарылчылыгы жөнүндө кылдаттык менен ойлонуу зарыл.
8.8. Ар бир кызыккан тараптын аброюн урматтап ишти жүргүзүү жана анын натыйжалары жөнүндө маалыматты берүү керек.
8.9. Баалоого тиешеси бар адамдардын өзгөчөлүктөрүн урматтоого БМжБ тобу жооптуу. Мындай өзгөчөлүктөргө маданият, дин, жыныс, физикалык мүмкүнчүлүктөрдүн чектөөсү, жашы, сексуалдык ориентациясы жана улуту кирет. Иштердин даярдоо жана алып баруу бардык этаптарында БМжБ тобунун мүчөлөрү ушул өзгөчөлүктөрдү эске алуу керек.
8.10. Бардык учурларда БМжБ тобу БМжБ натыйжаларын колдон келишинче ачык жана жөнөкөй жол менен түшүндүрүүгө аракет кылуу керек. Мындай жол кызыкдар тараптарга БМжБ жүргүзүү процессин жана натыйжаларын оңой түшүнүүгө мүмкүнчүлүктү берет.
8.11. БМжБ тобу ЖӨБО менен жергиликтүү коомчулуктун жана башка адамдардын муктаждыктарынын ортосундагы тең салмактуулугун сактоо керек. Кагылышуу (конфликт) мүмкүнчүлүгү болгон учурда БМжБ тобу кызыкдар тараптар менен талкуулоо өткөзүп, тараптарды канаатандырган чечимге келүү керек.
9. Жыйынтыктоочу жоболор
9.1. Бул Жобонун мөөнөтү чектелген эмес. Жобо биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу ишин аяктаганга чейин колдонулат.
9.2. БМжБ тобун таркатуу чечимге жергиликтүү кеңеш кол койгон күндөн тартып БМжБ тобу өз ишин токтотот.
9.3. Таркатуу демилгеси жергиликтүү кеңеш же жергиликтүү коомчулук тарабынан көтөрүлөт.
Жаӊы-Жол айылдык Кеӊешинин
21.04.2018-жылдагы №12/3 токтомуна
Тиркеме № 2
Жергиликтүү жамааттын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун демилгеси менен көрсөтүлгөн коомдук БМжБТнун мүчөлөрүнүн тизмеси
1.Назаралиева Эркинай- ишкер,
2.Райымбеков Керимжан –айылдык депутат
3.Таштанбеков Жолдошбек- ишкер
4.Калганбекова Чынара- ишкер
5.Акматов Маратбек –айыл окмотунун кызматкери
6.Тазабеков Табылды- аксакал кенеши
7.Шерипбаева Тургунбү- аялдар кенеши
8.Сейдалиев Ырысалы- айылдык депутат
9.Таштанбеков Молдалы- дыйкан.
10.Урустемов Чекирбек- жаамат башчы
11.Ыдырысбеков Улукбек – жаштар комитети