Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-январы № 114/16-4
Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын 2018-жылга карата берилген иш планын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы №9/4-4 токтому менен бекитилген Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылга карата иш планы бекитилсин (тиркеме).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, шаардык кеңештин туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |
Тиркеме №1
Токмок шаардык кеңешинин
2018-жылдын 18- январы № 114/16-4
токтому менен бекитилген
Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылга иш планы
№ | Пландалган маселелер | Өткөрүү мөөнөттөрү | Жооптуу |
| XVI |
|
|
1 | Токмок ш.мэринин (Ж.Дж.Шамыралиев) 2017-ж. жыйынтыгы жана 2018-ж. маселелери боюнча отчету | I квартал 2018-ж. | Токмок ш.мэри |
2 | 2017-ж.бюджеттин аткарылышы жөнүндө
| Токмок ш.мэри Токмок ш. (фин.бөлүм) КР ЧМФБ башчысы | |
3 | Токмок ш. 2018-ж. карата бюджетин бекитүү жөнүндө
| Токмок ш.мэри Токмок ш. (фин.бөлүм) КР ЧМФБ башчысы | |
4 | №9 орто мектептен 10 жылдык мөөнөткө акысыз негизде жай берүүгө макулдук берүү жөнүндө | Токмок ш. ММБ башчысы
| |
5 | Токмок шаарынын мэриясына “146 ишеним телефон” кызматынын функцияларын жүктөө менен жоюу жөнүндө | Токмок шаардык кеңешинин депутаты
| |
6 | Токмок шаардык кеңешинин 2018-ж. иш планын бекитүү жөнүндө | Токмок шаардык кеңешинин депутаты | |
| XVII |
| |
1 | Токмок ш. КИК директорун дайындоого макулдук берүү жөнүндө | Токмок ш.мэри | |
2 | “Токмок Жылуулук” МИ директорун дайындоого макулдук берүү жөнүндө | Токмок ш.мэри | |
3 | Жер астында сууларды жоюу боюнча иш жөнүндө | Токмок ш.мэри | |
4 | Токмок ш.КИК кыш мезгилинде жолдордун абалы боюнча иш жөнүндө | Токмок ш.КИК директору | |
5 | Токмок шаардык кеңешинин Төрагасынын орун басарын бекитүү жөнүндө (Жокаев Д.Э.ордуна)
| Токмок шаардык кеңешинин депутаты Токмок ш.АШК төрайымы | |
| XVIII |
|
|
1 | Токмок ш.КИК санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү иши жөнүндө
| II квартал 2018-ж. | Токмок ш.КИК директору |
2 | Токмок ш.ММБ муниципалдык мүлккө ижара акы чогултуу боюнча иши жөнүндө | Биринчи вице-мэр Токмок ш. ММБ башчысы
| |
3 | Балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу жөнүндө | Вице-мэр шаардык ББ башчысы | |
4 | Келе жаткан жылытуу мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө
| Биринчи вице-мэр Жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын жетекчилери | |
5 | 2019-ж.дем берүүчү долбоорлорду даярдоо боюнча маалымат | Токмок ш.мэри Токмок ш. ММБ башчысы | |
6 | Жер астындагы сууларды жоюу боюнча иш жөнүндө | Токмок ш.мэри | |
7 | Бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткаруу боюнча Токмок ш.боюнча МСКБ отчету
|
| Токмок ш.боюнча МБСК начальниги Токмок ш. (фин.бөлүм) КР ЧМФБ башчысы |
| XIX |
|
|
1 | Социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн 2018-ж.1–жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча жана 2018-ж.2-жарым жылдыгынын маселелери боюнча Токмок шаарынын мэринин отчету | III квартал 2018-ж. | Токмок ш.мэри |
2 | Токмок шаарынын 2018-ж.1–жарым жылдыгына бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчету
| Токмок ш.мэри Токмок ш. (фин.бөлүм) КР ЧМФБ башчысы | |
3 | Токмок шаарынын мэриясынын дем берүүчү гранттар боюнча иши жөнүндө | Токмок ш.мэри | |
4 | Жер астындагы сууларды жоюу боюнча иш жөнүндө | Токмок ш.мэри | |
5 | Келе жаткан жылытуу мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө | Биринчи вице-мэр Жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын жетекчилери | |
6 | Токмок ш.ММБ муниципалдык мүлккө ижара акы чогултуу боюнча иши жөнүндө | Биринчи вице-мэр Токмок ш. ММБ башчысы
| |
7 | Токмок шаарынын мектептеринин жаңы 2018-окуу жылына карата иши жөнүндө | Токмок ш. вице-мэр шаардык ББ башчысы | |
8 | 2019-ж.дем берүүчү долбоорлорду даярдоо боюнча маалымат
| Токмок ш.мэри Токмок ш. ММБ башчысы
| |
9 | Бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткаруу боюнча Токмок ш.боюнча МСКБ отчету
| Токмок ш.боюнча МБСК начальниги Токмок ш. (фин.бөлүм) КР ЧМФБ башчысы | |
| XX |
|
|
1 | Социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн 2018-ж.жыйынтыгы боюнча Токмок шаарынын мэринин отчету | IV квартал 2018-ж. | Токмок ш. мэри |
2 | Токмок шаарынын 2018-жылга бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчету | Токмок ш.мэри Токмок ш. (фин.бөлүм) КР ЧМФБ башчысы | |
3 | 2019-жылга бюджетти бекитүү жөнүндө (республикалык бюджетин бекитилгенинен 1 айдан кийин)
| Токмок ш.мэри Токмок ш. (фин.бөлүм) КР ЧМФБ башчысы | |
4 | 2018-жылга дем берүүчү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Токмок шаарынын мэринин отчету
| Токмок ш.мэри Токмок ш. ММБ башчысы
| |
5 | 2019-жылга дем берүүчү долбоорлорду тандоо боюнча комиссиясын бекитүү жөнүндө | Токмок ш.мэри Токмок ш. ММБ башчысы | |
6 | 2019-жылга дем берүүчү долбоорлорду бекитүү жөнүндө
| Токмок ш.мэри Токмок ш. ММБ башчысы | |
7 | Токмок ш. тургундарына жылуулук энергисын берүү боюнча жылуулук менен камсыздоочу кызматтардын жетекчилеринин отчету
| Биринчи вице-мэр Жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын жетекчилери | |
8 | Жер астындагы сууларды жоюу боюнча иш жөнүндө | Токмок ш.мэри |
1 | Шаардык кеңештин сессиясына даярдык | Бекитилген планга ылайык | Шаардык кеңешинин адистери |
2 | Туруктуу комиссиясынын жыйындарын өткөрүү жана ишин уюштуруу
| Материалдардын келип түшүүсү боюнча | Шаардык кеңешинин депутаттары жана адистери |
3 | Токмок шаардык кеңешине келип түшкөн арыздарды, өтүнүч каттарды кароо | Ар дайым | Туруктуу комиссиялардын төрагалары |
4 | Шаардык кеңештин депутаттары тарабынан шайлоочулардын сунуш-талаптарын аткаруунун жүрүшү жөнүндө | Ар дайым | Шаардык кеңешинин депутаттары |
5 | Токмок шаардык кеңешинин токтомдорунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө | Ар дайым | Жооптуу катчы |
Эскертүү: шаардык кеңештин компетенциясына тиешелүү маселелер келип түшүүсү боюнча, 2018-жылга бекитилген шаардык кеңешинин иш планына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилиш мүмкүн.
Токмок шаарды кеңешинин жооптуу катчысы | Кабаева С.А. |