Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-январы № 119/16-4
Токмок ш. мэринин “Токмок шаарынын 2017-жылдын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2018-жылга социалдык – экономикалык программасы жөнүндө” баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын мэринин “Токмок ш. 2017-ж.социалдык – экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө” баяндамасы эске алынсын (тиркеме 1).
2. 2018-жылга Токмок шаарынын социалдык-экономикалык программасы бекитилсин (тиркеме 2).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаарынын мэриясынын жетекчилигине жана Токмок шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |
Тиркеме № 1
Токмок шаардык кеңешинин
2018-жылдын 18-январындагы
№ 119/16-4 токтомуна
Токмок шаарынын 2017- жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2018-жылга карата милдеттери жөнүндө доклад
Токмок шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу Токмок шаарынын 2013-2017-жылдар аралыгындагы Өнүгүү стратегиясын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин “2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында шаардын бүтүндөй коомчулугунун тикелей катышуусу аркылуу 2017-жылдын отчеттук мезгилинде Токмок шаарынын 2017-жылы социалдык-экономикалык өнүгүү планында белгиленген максаттарга жетишүү жана милдеттерди аткаруу үчүн белгилүү иштерди аткарган.
ӨНӨР ЖАЙ
2017-жылдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү шаар боюнча 6330,9 млн. сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине карата көрсөткүч 2108,1 тыс. сомго көп болуп, номиналдуу өсүү ыргагы 148,1% түзгөн.
2017-жылдын отчеттук мезгилинин жыйынтыгы боюнча физикалык көлөмдүн индекси 147,3 пунктту түзгөн.
Жаңы кубаттуулуктарды ишке кийирүү боюнча иш-чаралардын алкагында «Токмок мунайды кайра иштетүүчү ишкер заводу» ЖЧКсы толугу менен пайдаланууга берилген.
Жеңил бензиндин изомеризациялоо агрегатын чогултуу (монтаждоо) боюнча иш-чаралар аякталды, бул бизге АИ-93, АИ-95 маркаларындагы бензинди, изомердик бензинди, түз иштетилүүчү бензинди, кургак газды, парафинди өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалык тарабынан бекитилген 2017-жылдын 13-январындагы № 47 кабыл алуу актысына ылайык ишкана толук масштабдуу көлөмдө иштеп баштады.
2018-жылы ишкана Россия Федерациясынын компаниялары менен чийки мунайзат алымсыз алып келүү тууралуу сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү жүргөн жагдайда 150,0 тонна мунайды кайра иштетүүнү пландоодо.
Токтоп турган кубаттуулуктарды ишке кийирүү жана жаңы кубаттуулуктарды түзүү боюнча иш-чаралардын алкагында токтоп турган “СССР-АС” ЖЧК өндүрүшүн ишке берүү боюнча Индиялык инвесторлор менен сүйлөшүүлөр аяктады. 2017-жылдын 1-декабрында сүт азыктарын өндүрүүчү “Етрея Фуд” ЖЧКсына “СССР” ТОО менен “СССР-АС” ЖЧКсынын сүт заводунун баардык мүлк комплекси өткөрүлүп берилген.
“Токмок керамика-дубал материалдар заводу” ААК боюнча потенциалдуу инвесторлорду издөө улантылууда. 2018-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүн 103,1% өсүү ыргагында 6,5 миллиард сом деңгээлине жеткирүү пландалууда.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
“Етрея Фуд” ЖЧК (мурдагы “СССР-АС” ЖЧКсы) ишканасын ишке
кийирүү боюнча ар тараптуу көмөк көрсөтүү;
“Элит-Гласс”, “КазГрейн” жоопкерчилиги чектелген коомдоруна,
“Токмок-Булс” жабык акционердик коомуна жаңы өндүрүштүк цехтерди түзүүгө көмөк көрсөтүү;
“Токмок керамика-дубал материалдар заводу” ААК токтоп турган
заводу боюнча потенциалдуу инвесторлорду издөөнү улантуу;
өнөр жай ишканаларынын жетекчилери өндүрүштүн көлөмүнүн өсүү
ыргагын жогорулатууну камсыз кылуу, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана өндүрүлгөн продукциянын өз наркын төмөндөтүү, өндүрүштү диверсификациялоо жана сатып өткөрүүчү жаңы рынокторду издөө боюнча иштерди улантуулары.
КУРУЛУШ
2017-жылы шаар боюнча капиталдык салымдардын көлөмү мурунку жылдагы 1387,8 млн. сомдун ордуна 924,5 млн. сомду түзгөн. 2016-жылдагы капиталдык салымдардын көлөмүнүн көбөйүшү «Токмок мунайды кайра иштетүүчү ишкер заводу» ЖЧКсынын курулушунун эсебинен болгон. Ошондой эле Жантаев жана Шамшы көчөлөрүнүн кесилишиндеги 37,0 млн. сом көлөмүндөгү 40 батирлүү үйдүн эсепке алынбагандыгы таасир эткен.
Отчеттук мезгил аралыгында жалпы аянты 11,4 миң чарчы метрлик 102 жеке турак-жай пайдаланууга берилген. Өткөн жылы бул көрсөткүч 5,7 миң чарчы метрлик 50 жеке турак-жай болуп, мындагы өсүү ыргагы 199,8% түзгөн.
Жантаев жана Шамшы көчөлөрүнүн кесилишиндеги 5 кабаттуу 40 батирлүү үй пайдаланууга берилген. Объект Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин балансына өткөрүлүп берилген.
Ошондой эле “Бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлер үчүн тез тургузулуучу каркастык жеке турак үйлөрдү куруу” долбоорун ишке ашыруу үчүн Парковая көчөсүндө 36 батирлүу 9 турак үй курулган. Дагы 5 үйдүн пайдубалы куюлуп, дубалдары тургузулган. Суу, жарык, канализациялык тармактары бүткөрүлгөн. Курулушту аяктоо 2018-жылдын аягына белгиленген.
Долбоорлонгон көчөлөр боюнча канализациялык магистралдарды куруу боюнча милдеттерди аткаруу максатында 20176-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 780,0 миң сом суммасына канализациялык коллекторду жаткыруу иши, ЖСКнын 700,0 миң миң сом каражатына суу түтүктөрү өткөрүлгөн.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-шаардын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына капиталдык салымдардын көлөмүн көбөйтүү боюнча чараларды кабыл алуу.
-Парковая көчөсүндөгү жалпы аянты 4368 чарчы метр болгон “Социум” коттедждик шаарчасындагы 14 үйдүн (56 батир) калган 5 үйдүн курулушун аяктоо жана пайдаланууга берүү.
УНАА
Шаардын унаа уюмдары жана жеке ишкерлер тарабынан 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 847,5 миң тонна жүк ташылды (2016-жылы – 837,8 миң тонна), же өткөн жылга салыштырмалуу 9,7 миң тонна жүк арбын ташылган (101,1 %).
Жүк айлануу 16,9 млн.тн/км (2016-жылы – 16,7 млн. тн/км), же өткөн жылга салыштырмалуу 0,2 миң тн/км арбын (101,1 %).
Жүргүнчүлөрдү ташуу 109,2 млн. жүрг./км түздү (2016-жылы – 109,1 млн. жүрг./км), же өткөн жылга салыштырмалуу 0,1 миң жүрг./км арбын (101,1 %).
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
- жеке жеңил жана жүк ташуучу таксилерди патенттөөнү толук камтууга өбөлгө болуучу натыйжалуу чараларды кабыл алуу;
-каттам таксилеринин айдоочуларынын пенсионерлер жана жеңилдик алуучу категориядагы жарандарды тейлөө маданиятын жакшыртуу боюнча иштерди улантуу.
БАЙЛАНЫШ
Шаардын байланышчылары тарабынан 2017-жылы 35,5 млн. сом тарифтик кирешелер алынды (2016-жылы-35,0 млн. сом), же өткөн жылга салыштырмалуу 0,5 миң сомго арбын. Өсүү ыргагы 107,8% түзгөн. Акы төлөнүүчү кызматтардын көлөмү 25,0 млн. сомду түзүп (2016-жылы-24,4 млн. сом), же өткөн жылга салыштырмалуу 0,6 миң сомго арбын, же 101,4%.
Отчеттук мезгилдин ичинде сандык байланыштын 403 телефон аппараты коюлду.
Цифралык көчмө станцияга которуу боюнча “Ворошилов” (Колхозная менен В.Луговая көчөлөрүнүн кесилиши) долбоору аяктады.
Абоненттерди «Центр» жана «Татарская» долбоорлору боюнча ЦАТС МSAN-328 менен ЦАТС МSAN-348ге которуу иштери жүргүзүлүүдө.
Жантаев көчөсүнүн көп кабатуу үйлөрдүн жашоочуларын айнек-жип (оптико-волоконный) кабелине туташтыруу боюнча “Гостиница” экинчи кезеги долбоору улантылууда.
2,84 км. узундуктагы кабельдик байланыш линияларын 317,0 миң сомго капиталдык ремонт жана 32,1 км. узундуктагы кабельдик байланыш линияларын 165,8 миң сомго учурдагы оңдоолор жасалган.
2017-жылы 708 метрлик кабель урдоонун 3 окуясы катталып, 121,2 миң сом зыян келтирилген.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
- Абоненттерди «Центр» жана «Татарская» долбоорлору боюнча ЦАТС МSAN-328 менен ЦАТС МSAN-348ге которуу иштерин ишке ашырууну улантуу.
- Жантаева көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларын оптикаволокно кабельдерине туташтыруу боюнча “Гостиница” экинчи кезеги долбоорун аяктоо.
СООДА ЖАНА КЫЗМАТТАР
2017-жылдын жыйынтыгы боюнча чекене товар жүгүртүү 5173,8 млн. сомду түздү (2016-жылы – 4971,9 млн. сом), өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү ыргагы 104,0 % түздү.
Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча акы төлөнүүчү тейлөөлөрдүн көлөмү 456,6 млн. сомду (2016-жылы – 450,0 млн. сом) түзүп, бул өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу 6,6 млн. сомго арбын. Иш жүзүндө баалардын өсүү ыргагы 101,4 % түздү.
Иштеп жаткан базарларды ыңгайлаштыруу боюнча сатуучулар жана сатып алуучулар үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн иш-чаралар улантылууда.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
- соода чөйрөсүндө, керектөөчүлөрдүн базарынын жана көрсөтүлүүчү тейлөөлөрдү мамлекеттик-укуктук жөнгө салуунун сакталышына туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүү улантылсын;
- иштеп жаткан базарларды ыңгайлаштыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү улантылсын.
ИШКЕРДҮҮЛҮК
2017-жылы ЧОБдун субъектилеринин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 5406,0 млн. сомду түздү(2016-жылы – 450,0 млн. сом), бул мурунку жылдагыдан 3724,1млн. сомго арбын. өсүү ыргагы мурунку жылга салыштырмалуу 170,7 % түздү.
Отчеттук мезгилде ЧОБдун 46 объектиси колдонууга берилди (2016-жылы - 35), бул 11 объектиге арбын жана 100 жаңы жумуш орундары түзүлдү.
2017-жылы чакан насыялар 1281,5 млн. сом берилген (10347 адам), өткөн жылдын ушул мезгилинде 1432,2 млн.сом (9885 адам) берилген. Берилген насыялардын төмөндөп кетишин “Аман-банк” ЖАК кредиттик портфелинин жоктугу жана “Росинбанк” ААК филиалынын чакан кредитти каржылоону токтоткондугу менен түшүндүрсө болот.
Ишкерлерди окутуу, бизнести түзүүгө жана жүргүзүүгө колдоо көрсөтүү максатында төмөндөгүдөй темаларда конференциялар өткөрүлгөн:
-тамак-аш продукциясынын коопсуздугу чөйрөсүндө бажы биримдигинин техникалык регламенти;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бизнестин ортосундагы кайра байланышуу механизмдерин алгалатуу;
-Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду менен бизнес-долбоорлор боюнча кеңеш берүү;
-Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, ПРООН, Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан өткөрүлүүчү “Экспорт кербени – 2” алкагындагы семинар;
-“Кепилдик фонду” ААК өткөрүүчү жаңы иш баштаган бизнесмен аялдар үчүн каржылык сабаттуулук жана бизнести пландаштыруу;
-“Азрафрукт” компаниясы жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду менен биргеликте “Интенсивдүү бакчалардын мүмкүндүктөрү”;
-Бизнес ассоциациянын Улуттук альянсынын “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексиндеги жаңы өзгөрүүлөр”;
-“Кепилдик фонду” ААК чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү үчүн тегерек стол өткөргөн.
Ишкерлер “Айыл-Агро 2017-жыл” Эл аралык агроөнөр жай Коргозмөсүнө катышышкан.
“ЖИА” ассоциациясы тарабынан “Ишкерлер үчүн маркетингдик пландоо” темасында жана “5-С Кайзен” Япон системасы боюнча семинарлар өткөрүлгөн.
Пайдалануучулардын укуктарын коргоону камсыздоо боюнча иш-чараларды аткаруу боюнча 2017-жылы 15 арыз каралып, алардын 13ү оң чечилип, 2 арыз сот органдарына берилген.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
чакан жана орто бизнестин жаңы субъектилерин түзүү боюнча ишти
улантуу;
Токмок шаарынын ишкерлер биримдиги менен бизнес түзүү жана
жүргүзүү маселесин колдоо жана кеңеш берүү, окутуу маселеси кирген семинарларды, конференцияларды өткөрүү жана уюштуруу боюнча иштерди улантуу;
керектөөчүлөрдүн укуктарын толук көлөмдө камсыздоо боюнча иш-
чараларды улантуу.
ЭКСПОРТ-ИМПОРТ
2017-жылдын январь-ноябрь айында Токмок шаарынын тышкы соода жүгүртүүсү АКШнын 71,2 млн. долларын түздү, бул өткөн жылдагыдан 17,1 млн. сомго арбын. Экспорттун көлөмү АКШнын 30,3 млн. долларын (2016-жылы – 17,6), импорттун көлөмү - АКШнын 40,9 млн. долларын (2016-жылы – 36,5), түздү.
Отчеттук мезгилдин ичинде тышкы соода жүгүртүүнүн терс сальдосу АКШнын 10,5 млн. долларын түздү.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү, жергиликтүү
чийки заттарды (сырье) жана материалдык ресурстарды колдонуу менен иштеп жаткан экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу өндүрүштү чыңдоо жана колдоо боюнча иштерди улантуу.
ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТИН АТКАРЫЛЫШЫ
2017-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджет 100,0 % аткарылды, план боюнча 431,2 млн.сом болсо, иш жүзүндө 431,3 млн.сом чогултулуп пландан тышкары 62,9 млн.сом түшкөн.
Анын ичинен республикалык бюджет 100,0 % аткарылып, план боюнча 291,3 млн. сом болсо, иш жүзүндө 291,3 млн. сом чогултулуп пландан тышкары 3 миң сом түшкөн. Ал эми жергиликтүү бюджет 100,0 % аткарылып, план боюнча 139,8 млн. сом болсо, иш жүзүндө 139,9 млн. сом чогултулуп, бюджетке 59,4 миң сом пландан тышкары түшкөн.
2017-жылы алынган расмий трансферттерди жана атайын каражаттарды эсепке алуу менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 94,7 % аткарылды, такталган план боюнча 233,2 млн. сом болсо, иш жүзүндө 220,9 млн. сомду түздү, же бюджетке 12,0 млн. сом түшпөй калды.
2017-жылы “Интергласс” ЖЧКсы жана “Брент” ЖЧКсы (КР МСК алдындагы ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы (УККН) жетектеген ишкана) бюджетке салыктардан жана төлөмдөрдөн 8,3 млн.сом которушкан.
Жалпы план төмөнкү салыктардын жана төлөмдөрдүн түрлөрү боюнча аткарылган жок:
-киреше салыгы 97,5 % же бюджетке 1,3 млн. сом түшпөй калган;
-ишкердүүлүк жүргүзүү үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык 81,3% аткарылып, 38,0 миң сом түшпөй калган;
-сатуудан салык 67,8 % же 8,7 млн. сом түшпөй калган;
-айыл чарбалык эмес жерлерди сатуу 4,6%, же 1,9 млн. сом түшпөй калган.
2018-жылдын 1-январына карата салык жана төлөмдөр боюнча мамлекеттик бюджетке мөөнөтүндө төлөнбөй калган каражаттар 12,0 млн. сомду түзүп, жылдын башынан бери 5,0 млн. сомго көбөйгөн. Анын ичинен жергиликтүү бюджеттин салыктар жана төлөмдөр боюнча калдыгы өткөн жылы 2,5 сомду түзүп, отчеттук мезгилге салыштырмалуу 2,4 млн.сомду түзгөн. Анын ичинде киреше салыгы 631,7 миң сом, мүлк салыгы 668,1 миң сом, сатуудан алынган салык 457,2 миң сом, үй жанындагы жер салыгы 234,1 миң сом, айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы 222,5 миң сом, автоунаа ээлеринен алынган салык 215,7 миң сом.
Отчеттук мезгилде көмүскө экономикасынын деңгээлин төмөндөтүү максатында Токмок шаары боюнча МСКБ менен биргелешип 1687 рейддер жүргүзүлүп, уруксат документтери жок иштеген 217 ЧОБ субъектери аныкталган.
Бюджетке салык төлөмдөргө шарт түзүү жана тездетүү максатында шаар боюнча 32 банкомат жана 113 төлөм терминалдары колдонууга коюлган.
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү расмий алынган трансферттерди жана атайын каражаттарды эсепке алуу менен 94,5% аткарылды, же такталган пландагы 235,4 млн. сомдун ордуна, иш жүзүндө 222,4 млн. сом сарпталган, анын ичинде:
-атайын каражаттар-90,6 % аткарылды же такталган пландагы 21,5 млн.сомдун ордуна, иш жүзүндө 13,6 млн.сом сарпталган;
- бюджеттик каражаттар 93,4 % өздөштүрүлгөн, же пландагы 177,0 млн. сомдун ордуна, иш жүзүндө 19,5 млн.сом сарпталды;
-бюджеттик каражаттар 94,9% өздөштүрүлгөн, же такталган пландагы 213,9 млн. сомдун ордуна иш жүзүндө 202,9 млн. сом сарпталган.
Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоого (эмгек акы, соц.фондго төлөмдөр, тамактанууга, стипендия) жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан калкка социалдык жардам көрсөтүүгө 53,9 млн.сом же 26,6 % каржыланган. Коммуналдык тейлөөлөрдү каржылоого (сууга, электр энергиясына, жылуулук энергиясына, байланыш тейлөөлөрүнө төлөмдөр) 45,4 млн. сом багытталган, же жалпы чыгымдардын 22,4% жиберилген, чыгашалардын башка беренелерине 103,6 млн. сом же 54,0% (анын ичинде пайдаланылган газ үчүн 38,0 млн. сом “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасынын “Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун алдындагы карыздары).
2018-жылдын 1-январына карата шаардын бюджеттик мекемелеринин кредитордук карыздары 18,3 млн.сомду түздү, анын ичинде:
-коммуналдык тейлөөлөргө-3,7 млн.сом (анын ичинде жылуулук энергиясына -3,3 млн. сом);
-имараттар, курулмалар, машиналар жана жабдуулар-12,0 млн. сом;
-мүлктү учурдагы оңдоолорго-785,9 миң сом;
-калкка социалдык жардам көрсөтүү боюнча жөлөк пулдар-350,0 миң сом;
-башка чыгашалар-1,5 миң сом.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
- ай сайын мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнүн жыйымдарынын планынын аткарылышын камсыздоо;
- салык калдыктарынын өсүшүнө жол бербөө жана алардын кийинки төмөндөшүн камсыздоо боюнча толук чараларды көрүү;
- бюджеттик уюмдардын кредитордук карыздарын кыскартуу боюнча, биринчи кезекте чыгашалардын корголгон беренелери боюнча зарыл чаралардын кабыл алынуусу;
- шаарда рейддерди жүргүзүү менен көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү боюнча иштерди улантуу.
КИРЕШЕЛЕР ЖАНА КАЛКТЫ ИШКЕ ОРНОШТУРУУ
Шаардагы эмгек акынын орточо айлыгы 2017-жылдын январь-ноябрь айлары боюнча 12377,5 сомду түздү, мында номиналдык өсүү ыргагы 106,1 % түздү.
2018-жылдын 1-январына карата Токмок шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгында жумушсуз 221 адам катталган, бул 208 адамга аз (2016-жылы-429 адам).
Жылдын башынан тартып менчигинин түрүнө карабастан жумуш берүүчүлөрдөн 307 жумушчу адистиктер боюнча 459 бош жумуш орундары келип түшкөн.
Отчеттук мезгилде 451 адам жумушка орноштурулду (2016-жылы-446 адам). Коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 35 адам (2016-жылы-25 адам), кесиптик окууга 37 адам (2016-жылы-50 адам) багытталган.
Окутуу үч тараптуу келишимге ылайык: GIZ, ОТММ жана ТИПК ортлорунда жүргүзүлөт.. Окутуу төмөнкү адистиктер боюнча жүргүзүлөт: газоэлектроширетүүчү – 5 адам, шыбакчы, жылуулукту сактоо иштерин аткара билүү жөндөмү менен – 1 адам, чач тарач – 9 адам, бычмачы – 12 адам, IT адиси – 9 адам, ашпозчу – 6 адам. Жумушсуздук боюнча жөлөк пул төлөнгөн эмес.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
- кадрлардын жетишсиздик көйгөйлөрүн жоюу жана багытын алмаштыруу боюнча иштер керектүү сандагы адистерди окутууга тапшырыктарды аткаруу аркылуу жаңы ишканаларды ачууну эсепке алуу менен улантуу;
- жумушсуз адамдарды максималдуу ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү.
КАЛКТЫ СОЦИАЛДЫК КОЛДОО
Токмок шаары боюнча мамлекеттик жөлөк пул алуучулар 1447 адамды түзөт(2016-жылы-25 адам). 2017-жылы республикалык бюджеттен төмөнкүдөй каржыланды:
-мамлекеттик жөлөк пул 29,8 млн. сом суммасына;
-акчалай компенсациялар 12,8 млн. сом суммасына.
Жөлөк пул жана акчалай компенсацияларды төлөө боюнча карыздар жок.
Отчеттук мезгилде жеңилдик алуучу категориядагы жарандардын жана аз камсыз болгон калк катмарларын жергиликтүү бюджеттен каржылоонун көлөмү 2534,1 миң сомду түзүп, өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу 2294 адамга жана 1253,0 миң сомго аз (2016-жылы-6995 адам/3787,1 миң сом). Анын ичинде:
-жол киреге 614,4 миң сом;
-көмүргө 350,0 миң сом;
-социалдык стипендия 540,0 миң сом;
-мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын дарыларына 111,6 сом;
-мүмкүнчүлүгү чектелгендерге материалдык жардамдар 159,4 миң сом ж.б.
Социалдык мейманкананын тейлөөсүнөн 11 адам, жайсыз адамдар үчүн “Түнөк” социалдык жардам борборунун тейлөөсүнөн 17 адам колдонду.
2017-жылы Токмок шаары боюнча 2210 үй-бүлөгө социалдык паспорттору толтурулган. Жакырчылык деңгээли 10,7 % түздү, төмөндөө 0,1% деп белгиленди (2016-жылы-10,8%). Жакырчылыктын чегинен 111 үй-бүлө 170 адам чыгарылды, же 1,34% (2016-жылы-117 үй-бүлө), же 6 үй-бүлөгө/ 2 адамга көп.
2018-жылдын 1-январына карата ата-энесинин кароосуз калган 78 бала аныкталган, анын ичинде республикалык адистештирилген балдар үйүндө -66, “Бейкут үйүндө”-12. Үй-бүлөгө тарбиялоого 28, жатак мекемелерине 34 бала жиберилген, 21 бала каттоого кароосуз калган деп алынган, үй-бүлөдөн ден-соолугуна жана жашоосуна коркунуч болгон 8 бала алынган, 19 баланын ата-энесинин укугу чектелген ж.б.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
Муктаж болгондорго мамлекеттен жеңилдетилген баалар боюнча
бөлүнүп жаткан биринчи керектелүүчү азыктарды даректүү жеткирүүнү кошуу менен көрсөтүлүп жаткан жеңилдиктер менен тейлөөлөрдүн формасын, түрүн жана сапатын кеңейтүү боюнча иштерди улантуу;
өтө зарыл болгон жарандарга жана калктын аз камсыз болгон
катмарына демөөрчүлүк жардамдарды тартуу боюнча ишти күчөтүү;
- мамлекеттик жөлөк пулдарды, жеңилдиктерди жана компенсациялардын өз учурунда төлөнүшүн камсыз кылуу;
- социалдык өнүгүү башкармалыгында акчалай компенсация алуучулардын эсебинде тургандарды банктын карталык тармагына өткөрүү иштерин улантуу.
ПЕНСИЯЛЫК КАМСЫЗДОО
2017-жылы 406,3 млн. сом суммасында камсыздандыруу төлөмү чогулду, планда 389,7 млн. сом болсо, аткаруу 104,2 % түздү (2016-жылы-361,7 млн.сом).
Социалдык фонддун башкармалыгы алдындагы камсыздандыруу төлөмү боюнча карыздар 2018–жылга 1-январына карата 138,5 млн. сомду түздү (2016-жылы-114,2 млн.сом), анын ичинде банкрот ишканаларынын карыздары –94,6 млн. сом, чарбалык субъекттер - 16,3 млн.сом жана кайтарылбас карыздар- 2,3 млн. сом. Карыздардын төмөндөшү жыл башынан бери 10,7 млн.сомду түздү.
Отчеттук мезгилинде камсыздандыруу төгүмү боюнча карыздарды кайтаруу максатында 650 билдирме 8924,0 миң сомго жиберилген, анын ичинен 4507,0 миң сом бюджетке түшүрүлгөн.Сотко 155 жеке ишкерлер берилип, алардан 1974,1 миң сомго өндүрүлүшү керек болсо, 1337,1 миң сом өндүрүлгөн.
Шаарда 6193 пенсионерлер жашайт, толук бир айлык пенсия менен камсыздоо үчүн 36,4 млн. сом талап кылынат.
2017-жылы пенсияны төлөөгө 374,7 млн.сом каржыланган (2016-жылы-353,6 млн.сом). Пенсиянын орточо өлчөмү 5877 сомду түзөт. Пенсияны төлөп берүү боюнча карыздар жок.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-камсыздандыруу төлөмүн жана төлөмдөрдү толук көлөмдө чогултуунун пландуу көрсөткүчтөрүн аткарууну камсыздоо;
-пенсияны өз убагында жана толук көлөмдө төлөп берүүнү камсыздоо боюнча иштерди улантуу;
- камсыздандыруу төлөмүн жана төлөмдөрдүн карыздарын кыскартуу боюнча иштерди күчөтүү.
САЛАМАТТЫК САКТОО
2017-жылы 9295 адам ооруканага жаткырылган, бул мурунку жылга салыштырмалуу 532 адамга көптүк кылат (2016-жылы-8763), алардын ичинен жеңилдиктери бар адамдардын саны 5787, бул 62,3 % түздү.
2017-жылы демографиялык кырдаал төрөлгөндөрдүн 1,3% төмөндөшүн мүнөздөө менен белгиленген, жыл ичинде 1441 бала төрөлсө, мурунку жылы 1454 бала төрөлгөн. Жалпы өлүм коэффициенти 0,4 % азайган, же отчеттук мезгилде 416 адам болсо, мурунку жылы 423 адам болгон.
Калктын табигый өсүшү 1,6 % төмөндөгөн, же 980 адам болсо, мурунку жылы 1031 адам болгон. Ошондой эле баңгилик боюнча көрсөткүч 10,2% жана өнөкөт алкоголизм 29,3% төмөндөгөн.
Наристелердин өлүмүнүн көрсөткүчтөрү 4,9 % көбөйгөн, 2017-жылы 21 болсо, мурунку жылы 14 болгон. Негизги себеп болуп наристелердин өлүмү перинаталдык патология болуп саналат. Ошондой эле кургак учук 25,6% өскөн, жыл ичинде 84 адам болсо, мурунку жылы 64 адам ооруга кабылган.
Ай сайын, ҮБМБнын дарыгерлери тарабынан энелердин өлүмүнө жол бербөө жана наристелердин өлүмүн кыскартуу боюнча талдоолор жүргүзүлөт.
Санитардык эпидемиологиялык абал отчеттук мезгилде төмөнкү көрсөткүчтөр менен белгиленген.
Шаарда кургак учук менен 84 оорулуу катталган. Кургак учук менен калктын ооругандары 100,0 миң адамга 128,1 көрсөткүчтү түзгөн, ал эми мурунку жылга салыштырмалуу көрсөткүч 102,5 болгон.
Жаңы төрөлгөн наристелерди эмдөөгө жана туберкулинди аныктоого көп көңүл бурулууда. Отчеттук мезгилдин ичинде эмдөөгө 1437 бала, же 95,4 % тартылган.
Оорулар түзүмүндө дем алуу органдарынын оорусу 1-орунда турат – 63,2%.
2017-жылы 54 окуя сысык тумоо оорусу менен катталган, мурунку жылы 15 окуя катталган. Жугуштуу ичеги оорусунун 536 окуясы катталып, бул мурунку жылга салыштырмалуу 15 окуяга көп.
2017-жылы 1019 объект текшерилип, 72 текшерүү рейддери жүргүзүлгөн. Иликтенген объекттер боюнча 58 жаза пул катталып, ал 180,0 миң сомду түзгөн, анын ичинен 171,0 миң сом өндүрүлгөн, 6 иш укук коргоо органдарына берилген, 110 объект убактылуу токтотулган. Медициналык кароодон өтпөгөндүгүнө байланыштуу 176 адам жумуштан четтетилди, 146 санитардык көрсөтмөлөр берилди, 6 арыз териштирилди. Санитардык-агартуу иштери боюнча 56 лекция окулду, 651 сүйлөшүүлөр өткөрүлдү, 13 бюллетень чыгарылды, “Меним шаарым Токмок” газетасында 9 макала чыгарылган.
Токмок аймактык ооруканасынын бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын колдоо үчүн учурдагы оңдоолор 1970,6, миң сомго жасалган, анын ичинен атайын каражаттардын эсебинен 789,9 миң сом жана бюджеттик каражаттан 1180,7 миң сомго жүргүзүлгөн. Токмок шаардык ҮБМБнун №1 ҮБДТ жайгашкан имаратын 278,8 миң сомго учурдагы оңдоолор жүргүзүлүп, 998,8 миң сомго дары-дармектер, 409,0 миң сомго компьютердик жабдуулар алынган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу Италия өндүрүшүнөн чыккан, баасы11,5 миллион сомдук сандык (цифровой) рентген аппараты алынган.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-калкка сапаттуу медициналык тейлөө көрсөтүү жана жугуштуу оорулардын алдын алуу, медперсоналдын кадрдык курамын бекемдөө жана колдоо, ошондой эле медициналык мекемелердин жабдылышын жана ыңгайлаштырылуусун жогорулатуу боюнча иштерди улантуу;
-мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун өркүндөтүү жана жогорулатуу боюнча иштерди күчөтүү;
-саламаттык сактоо мекемелеринде коррупцияга каршы аракеттер боюнча чараларды күчөтүү;
-шаардын калкын толук камтууну камсыздоо менен алдын алуу жана эпидемияларга каршы иш-чараларды жүргүзүлүшүнө көзөмөлдү күчөтүү;
-гранттарды жана демөөрчүлүк жардамдарды тартуу максатында долбоорлорду издөө боюнча иштерди жандандыруу.
БИЛИМ БЕРҮҮ
2016-2017-окуу жылынын башталышына Токмок шаарынын 13 мектептеринин 488 комплектелген класстарында жалпысынан 14636 окуучу бар.
2016-2017-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жетишүү (успеваемость) 100% түздү, 816 окуучу мыкты окугандар, 3476 окуучу жакшы окугандар.
Билимдин сапаты 38,0 % түздү. Билим сапатынын өсүүсү 1,0% түзгөн. Педагогикалык кадрлар менен камсыздоо 99,0 % түздү.
Жалпы билим берүүчү төмөнкү мектептердин капиталдык ремонтуна 24 636,3 миң сом бөлүнгөн (анын ичинде республикалык бюджеттен 22562,9 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 2067,2 миң сом). Анын ичинен:
-№6 орто мектебине республикалык бюджеттен 18,0 млн. сом (чатырын, 3 кабаттагы жылуулук тармактарын, терезелерин пластик терезеге алмаштыруу, имараттын маңдайкы бетин оңдөөлөр жүргүзүлгөн);
-№5 орто мектебине 2063,5 миң сом (анын ичинде республикалык бюджеттен 1393,7 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 670,1 миң сом);
-№7 орто мектебине 1716,9 миң сом (анын ичинде республикалык бюджеттен 1138,1 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 572,7 миң сом);
-№13 орто мектебине 2855,8 миң сом (анын ичинде республикалык бюджеттен 2031,5 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 824,4 миң сом).
Мектептерди оңдоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 593,7 миң сом бөлүнгөн, анын ичинде №6 и 8 орто мектептерине, № 2 бала бакчага 16,0 миң сом. № 6,7 орто мектептеринин жылуулук тармактарын оңдоо иштерине 138,5 миң сом бөлүнгөн.
Өбөлгөлөөчү гранттардын эсебинен №5 орто мектебинде (тосмо), №5 орто мектебинин филиалында (спорт аянтчасы), №7 орто мектебинде (жылуулук тармагы) 8600,0 миң сом суммасындагы каражатка оңдоо иштери өткөрүлгөн.
2016-2017-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча эки окуучу Ж.Баласагын атындагы Токмок лицейинин окуучусу Садырбеков Нурдас (223 балл), А.С.Пушкин атындагы №1 орто мектебинин окуучусу Ахматова Камила (219 балл) алтын сертификаттын ээлеринен болуп калышты. Тилекке каршы алтын сертификатка талапкерлердин дагы бири Урин Авель (218 баллов) баллы жетпей калгандыктан планшет жана 10 000 сом суммасындагы сыйлык алган.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы дагы окууну бүтүргөндөрдүн жогорку окуу жайларында окуулары үчүн сапаттуу окуунун жана даярдыктын көрсөткүчү болуп эсептелет. «Алтын тамга» тестирлөөсүнүн жыйынтыктары боюнча 3 окуучу, №1орто мектебинин окуучулары Бозова Г. менен Шералиева А. жана Ж.Баласагын атындагы Токмок лицейинин окуучусу Мадали уулу Ахмад өзгөчө үлгүдөгү аттестатка татыктуу экендигин тастыкташты.
2016-2017-окуу жылында 31 байгелүү орунду ээлеп, республикалык Олимпиадага катышкандар 3 байгелүү орундарды жеңип алышкан.
2017-жылы демөөрчүлүк жардам көрсөтүлгөн:
-Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги окуу максаты үчүн муляждарды, фантомдорду сатып алууга Токмоктогу мелдициналык колледжге 3,0 млн. сом бөлүп берген.
-Токмок шаарындагы мектептерге баардыгы 1 млн. 192 миң сом, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына 1 млн. 455 миң сом жана балдар менен өспүрүмдөрдүн чыгармачыл борборуна 450,- миң сом.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-билим берүү мекемелерде окутуу-тарбиялоо процесстеринин жүрүшүнө, укук бузуулардын алдын алуу, педагогикалык чеберчиликти жогорулатуу, санитардык-гигиеналык абалын сактоо иштерине дайыма көзөмөл жүргүзүүнү ж.б. камсыздоо;
-педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди күчөтүү;
-окуучулардын билим сапатын жогорулатуу боюнча иштерди күчөтүү;
- демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын каражаттарын, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт фонддордун, гранттардын каражаттарын пайдалануу менен шаардын билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча иштерди улантуу.
МАДАНИЯТ
2017-жылы шаардын Маданият бөлүмү тарабынан 140 пландаштырылган иш-чаралар өткөрүлдү, анын ичинде 30у чоң иш-чаралар.
Кыргыз Республикасынын Президентинин «2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Токмок шаарынын Маданият бөлүмү “Рухий мурас булагы”, “Тагдыр жана талант”, “Ак калпак баяны”, “Мамлекеттик желек элибиздин рухий дөөлөттөрүнүн тарыхы”, “Маданият улуттун күзгүсү”, «Улуу акынга таазим», «Мидин-акын, сатирик», «Китеп адамзаттын акылы» жана башка маектешүүлөр өткөрүлдү. Китеп жана темтикалык көргөзмөлөр уюштурулуп, ар кандай темадагы семинарлар, диспуттар, аңгемелешүүлөр жана кеңешмелер өткөрүлүп турат.
Токмок шаарынын 150 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды өткөрүүнүн алдында бекитилген Иш-чаралардын планына ылайык Токмок шаарынын Маданият бөлүмүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан белгилүү иштер аткарылган. Мисалга алсак, “Токмок – өткөндөгүнүн улуу шаары, биздин келечегибиздин шаары”, “Менин ажайып шаарыма 150 жыл” китеп көргөзмөлөрү коюлган. Тематикалык аңгемелешүүлөр, викториналар, кечелер, сынактар, экскурсиялар өткөрүлүп, лекциялар окулган. Тарыхый-мекен таануу музейинде “Шаардын тарыхы” клубу ачылган.
2017-жылы ноябрда Токмок шаарынын 150 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чара ийгиликтүү өткөрүлүп, ага Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Д.Кенекеев баш болгон республиканын баардык облустарынан ардактуу жана кадырман меймандар катышкан.
11 улуттук-маданий борборлордун катышуусу менен “Токмок биримдиктин, теңчиликтин жана достуктун шаары” аталышындагы адабий-музыкалык кече өткөрүлгөн. Ошондой эле акын-жазуучулардын, ардактуу атуулдардын жана Достук үйүнүн мүчөлөрүнүн, “Ивушка” жамааты менен “Бурана” музей-мунарасынын директору А.А.Шаменованын, студенттер менен №5 орто мектептин жана №1 орто мектеп-гимназиясынын окуучуларынын катышуусунда кече өткөрүлгөн.
Н.Байтемиров атындагы Маданият ордосу жаштар жана өсүп келе жаткан муундар менен маданий-эс алуу жана маданий-массалык иштерди алып баруудагы социалдык-маданий борбор болуп эсептелет.
Н.Байтемиров атындагы Маданият ордосунда “Баласагын”, “Бурана-Ак элечек айымдары», “Славянка” ардагерлер хору иштешсе, балдар менен “Жаштык”, “Биримдик” чыгармачылык бий жамааттары иш алып барышат.
Борбордук китепканалар тармагы боюнча бүгүнкү күндө маданият мекемелеринин ар кандай пайдалануучулары үчүн, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга адабиятты пайдаланууга эркин мүмкүнчүлүк жана Борбордук китепканада, Маданият ордосунда, Тарыхый-мекен таануу музейинде WI-FI эркин аймагы бар.
2017-жылы Борбордук китепканалар тармагы үчүн китепканадан пайдалануучулардын суроо-талабын эске алуу менен китеп фондусун жаңы ар тараптуу пайдалануучу адабият менен толуктоо аяктады. Чүй облустук китепканасында электрондук каталог үчүн “Ирбис” тармагы боюнча 40 карточка түзүлгөн. Китепканаларда, №2, №5 жана №7 филиалдарда китеп фондун текшерүү өткөрүлгөн. 2018-жылдын 1-январына карата китеп фонду 2329,0 миң сом суммасындагы 220168 китепти түзөт, анын ичинен мамлекеттик тилде 17212 китеп бар.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-мазмундуу фестивалдарды, кароо-сынактарды, көргөзмөлөрдү ж.б. иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү, ошондой эле жогорку деңгээлдеги кесиптик аткаруучуларды тарбиялоо менен шаардыктардын жалпы көркөм-чыгармачылыгын мындан ары өркүндөтүү боюнча иштерди улантуу;
-калктын көп санын камтыган кызыкчылыктары боюнча клубдардын, ийримдердин санын кеңейтүү боюнча иштерди улантуу;
-шаардагы өткөрүлүүчү жалпы-маданий жана эс алуу иш-чараларынын сапатын жогорулатуу;
-“Кырчын” жайлоосунда өткөрүлөөрү белгиленип жаткан Бүткүл дүйнөлүк III Көчмөндөр оюндарын өткөрүү мезгилиндеги иш-чараларга катышууга даярдыкты камсыздоо.
ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТТУ ӨНҮКТҮРҮҮ
2017-жылы Токмок шаардык Дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан бекитилген иш планына жана күн барактык иш планына ылайык белгилүү даталарга жана майрамдарга спорттук-массалык 23 иш-чаралар өткөрүлдү.
2 миңден ашык шаардын тургундары дайыма спорт секцияларында машыгышат. Шаарда спорттун 21 түрү боюнча спорт секциялары иштейт.
Биздин шаардын спортчулары 34 эл, 41 республикалык, 3 облустук мелдештерге жана турнирлерге жана оор атлетика боюнча 6 окутуучу-машыгуу жыйындарга катышты, анын ичинен:
-Токмок шаардык мэриясынын байгеси үчүн кичи-футбол оюну боюнча “Ата-Мекенди коргоочулар” күнүнө арналган эл аралык мелдеш өткөрүлдү;
-“Шумкар” спорткомплексинде эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлдү;
-эл аралык класстагы спорттун устаты Руслан Абасовдун элесине арналган, кикбоксинг боюнча эл аралык турнир өткөрүлдү;
-Кыргыз Республикасынын шаардык кеңештеринин депутаттарынын арасында кичи-футбол боюнча республикалык турнир өткөрүлдү;
-2017-жылдын 8-майында “Ыйман, адеп жана маданият жылынын” акагында Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 72 жылдыгына арналган “Жылдыздуу эстафета” өткөрүлгөн.
-Токмок шаарынын 150 жылдыгына жана Ыйман, адеп жана маданият жылына арналган Токмок шаардык мэриясынын кызматкерлери менен түзүмдүк бөлүмдөр арасында Спартакиада (спорттун 9 түрү боюнча) өткөрүлгөн.
Токмок шаарынын мыкты спортчулары Кыргыз Республикасынын курама командасы менен бирге Дүйнөлүк жана Азиянын чемпионаттарына катышып, байгелүү орундарды ээлешти, анын ичинен:
- кикбоксинг боюнча спортчулар Карловац (Хорватия) шаарындагы Европанын Ачык Кубогуна катышып баары Чемпион болушкан, алар: Джолдошев Данияр, Баратов Акрам, Хабутов Шерзод, Маслянов Дильшат, Паншаров Муса;
- Москва шаарында Токмок шаарынын спорт мектебинин оор атлетика боюнча машыктыруучу-окутуучусу Куйкеев Азизбек оор атлетика боюнча Ачык Чемпионатка катышып коло медалды жеңип алган;
-Ашхабад шаарындагы (Түркмөнстан) Азия Чемпионатында кикбоксинг боюнча Хабутов Ш, Паншаров М, Баратов А жана Абдраимов М. чемпион болушкан;
-Филиппиндеги Пуэрто-Принцеса шаарындагы бокс боюнча Азия чемпионатында Ибраимов М. коло медалга ээ болгон;
-Ташкент шаарындагы дзюдо боюнча Азия чемпионатында Гончаров П. коло медалга ээ болгон;
-Ташкент шаарындагы Азия Кубогунда күмүш байгеге Дубов С. ээ болгон.
Ошондой эле спортчулар катышкан:
-Өзбек Республикасынын Президентинин, Азербайжан Республикасынын Президентинин Кубоктору үчүн бокс боюнча Эл аралык турнирлерге;
-Анталья шаарындагы (Түркия) дзюдо күрөшү боюнча ачык Европа Кубогуна;
-Сполетто шаарындагы (Италия) шахмат боюнча Дүйнөлүк чемпионатка.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-жаңы спорт аянтчаларын түзүү боюнча чараларды кабыл алуу;
-бир катар жалпы билим берүү мектептеринде, атайын орто окуу жайларында жана башка мекемелерде дене тарбия жана спорт боюнча жаңы секцияларды түзүүнү улантуу;
-тургундар арасында жалпы чуркоо, спорттук үй-бүлөлөр, короолор командасы арасында мелдештер, мектептердин жана мекемелердин ар түрдүү турнилери катары массалык-дене тарбия жана ден соолугун чыңдоочу бир нече иш-чараларды даярдоо, өткөрүү.
ӨКМ
2017-жылдын январь айында жер алдындагы суунун деңгээлинин көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу Токмок шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланган (Токмок шаардык мэриясынын 2017-жылдын 24-январындагы №8 буюрмасы).
Токмок шаарынн аймагындагы жер алдындагы суунун деңгээлинин жогорулашына байланыштуу кесепеттерди жоюу максатында белгилүү иштер аткарылган.
2018-жылдын 1-январына карата:
Токмок шаарынын аймагындагы коллектордук-дренаждык тармактын жалпы узундугу 18166 метрди түзөт.
Коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо жана тереңдетүү боюнча ачык түрдөгү коллектордук-дренаждык тармактардын узундугу 12556 метрди, аткарылган иштердин көлөмү 18834 кубометрди түзгөн. 5270 литр дизель отуну пайдаланылган. 35 көпүрө жана куурлар (лотки) орундарынан алынган.
ӨКМдин Токмок шаары боюнча бөлүмүнүн, Токмок шаарынын коммуналдык кызматтары менен уюмдарынын күчтөрү менен кесепеттерди жоюу үчүн баардык чаралар көрүлгөн. Ага шаардын баардык кызматтарынын техникалары тартылган. Мисалга алсак:
-ӨКМдин күчү менен 1866 метр узундуктагы, көлөмү 1702 кубометр коллектордук-дренаждык тармак тазаланган.
-Кыргыз Республикасынын ӨКМи 2460 метр узундуктагы, көлөмү 1744 кубометр.
-Чүй Суу чарбасы 265 метр узундуктагы, көлөмү 132 кубометр.
-Коммуналдык ишканалар комбинаты 155 метр узундуктагы, көлөмү 75 кубометр.
-Чүй токой чарбасы 861 метр узундуктагы, көлөмү 742 кубометр.
- УСМ №4 100 метр узундуктагы, көлөмү 150 кубометр.
-“Теплоснабжение” 170 метр узундуктагы, көлөмү 301 кубометр.
- “Токмок Водоканал” 315 метр узундуктагы, көлөмү 302 кубометр.
-“Спецтехстрой” ЖЧКсы 740 метр узундуктагы, көлөмү 1530 кубометр (Ибраимов көчөсүндө 320 метр узундуктагы, “Манап-Бий” эстелигинин тегерегинде 420 метр узундуктагы) коллектордук-дренаждык тармакты тазалашкан.
Чүй токой чарбасы өз аймагында өз күчтөрү менен 2000 метр узундуктагы, көлөмү 2500 кубометр коллектордук-дренаждык тармакты тазалаган.
Мындан сырткары көмөк көрсөтүү үчүн Чүй облусунун 5 районунан (Кемин, Жайыл, Москва, Панфилов, Сокулук) күчтөр жана каражаттар тартылып, алар тарабынан 4960 метр узундуктагы, көлөмү 7440 кубометр коллектордук-дренаждык тармакты тазалоо жана тереңдетүү боюнча иш-чаралар аткарылган.
Коллектордук-дренаждык тармакты тазалоого жолтоо болгон бак-дарактарды санитардык кыюу жүргүзүлгөн. 2018-жылдын 15-январына карата байкоолорго ылайык жер алдындагы суунун деңгээли 30 сантиметрден 45 сантиметрге чейин төмөндөгөн. Анын ичинде:
-С.Ибраимов көчөсүндө 50 см;
-Ы.Борончиев көчөсүндө 45 см;
-Слободка көчөсүндө 50 см;
-Береговой көчөсүндө 45 см;
-Казахстан-Совет көчөлөрүндө 48 см;
-Чапаев көчөсүндө 37 см;
-Кыргыз-Жеңиш көчөлөрүндө 57 см;
-Колхоз-Охотничий көчөлөрүндө 45 см;
-Курчатов-Набережный көчөлөрүндө 35 см;
Бул багыттагы иш улантылууда.
Мындан сырткары 2017-жылы ӨКМдин Токмок шаары боюнча бөлүмү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилиги тарабынан өткөрүлгөн иш-чараларга, ошондой эле Токмок шаарын ыкчам даярдоо иш-чараларына катышкан. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчтөрү менен жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен коркунучтун алдын алуу боюнча атайын жоюу иш-чаралары боюнча коргонуу иш-чаралары өткөрүлгөн.
Бишкек-Торугарт айланма автожолунун 59-километринде Чүй дарысынын сол тарабында коргоо дамбасын куруу боюнча калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн. Дамбанын долбоор боюнча узундугу 144 метрди, бийиктиги 9 метрди түздү. Бекитилген долбоордук-сметалык баасы 4 миллион 690 миң сомду түзгөн. Иш Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аткарылган. Учурда баардык иштер аяктап, ал жер Чүй токой чарба башкармалыгынан ээлигине өткөрүлүп берилген.
Өрткө каршы коопсуздук боюнча 2017-жылы Токмок шаарынын аймагында 170 өрт чыгып, материалдык чыгым 1,9 миллион сомду түзгөн. Бактыга жараша өлүм жок. Мындан сырткары 10 жол кырсыктары катталып, 10 адам каза болгон. Жалпыга маалымдоо каражаттарында 80 макала жарыяланып, 2773 адамды камтыган 44 лекциялар окулган, 8000 адамды камтыган 3183 тескемелер өткөрүлгөн.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
- жер алдындагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүн азайтуу жана кесепетин жоюу боюнча иш-чараларды күчөтүү;
-өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча жер алдындагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө мониторингди туруктуу негизде жүргүзүү.
МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИК БАШКАРМАЛЫГЫ
2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Токмок шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын киреше бөлүгү 90,6 % аткрылды же бекитилген пландагы 9500,0 миң сомдун ордуна же иш жүзүндө 8609,6 миң сом түшүп, бул өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу 2,7 млн. сомго аз (2016-жылы-11,3 млн. сом).
Жерлерди ижарага берүү бөлүгү боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 112,8% түзүп, пландагы 5170,0 миң сомдун одуна 5832,6 миң сом түшкөн (2016-жылы – 5166,2 миң сом).
Отчеттук мезгилде колдонбогон турак-жай бөлмөлөрдү ижарага берүү максатында 36 келишим 1885,3 миң сомго түзүлгөн.
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн муниципалдык жайларды, имараттарды жана курулмаларды ижарага берүү боюнча бөлүгү 113,0 % аткарылды, пландагы 1750,0 миң сомдун ордуна, иш жүзүндө 1977,6 миң сом түштү, бул мурнку жылдын деңгээлинен 267,8 миң сомго арбын.
Ижарага жалпы аянты 55,1 миң чарчы метр 54 жер тилкеси 1220,4 миң сомго берилген.
Отчеттук мезгилде Токмок шаардык курулуш жана жерди пайдалануу комиссиясынын 10 отуруму өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык 243 ар кандай мүнөздөгү маселелер каралды. Чектерди аныктоо боюнча 9 жолу комиссиялык чыгуулар жүргүзүлгөн.
Учурда Токмок шаардык курулуш жана жерди пайдалануу комиссиясынын кароосуна 60 иш даярдалган. 2017-жылы 13 доо арыздары каралган.
Жалпыга маалымат каражаттарында аукцион өткөрүү жана түз сүйлөшүүлөр боюнча 12 макала чыккан, анын ичинде 6сы коомдук угуулады өткөрүү жөнүндө, 6сы аукцион өткөрүү боюнча.
Уюмдардын өзүндө негизги каражаттарды эсептен чыгарууда жемкорлук көрүнүшүн жоюу максатында Токмок шаардык кеңеши тарабынан “Токмок шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө” Жобо иштелип чыгып, бекитилген.
Жеңилдетилген конструкциядагы соода объектилерин ар дайым (күркөлөрдү, соода чатырлары ж. б.) инвентаризациялоо жүргүзүлүп турат жана ошондой эле муниципалдык менчиктеги жерди мыйзамдуу пайдалануу тартиби каралат. Өз бет алдынча коюлган соода объектилери, жарнак такталары алынып салат. Соттун чечими менен 2 тандыркана бузулган.
Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан шаардын көчөлөрүн тазалоо жана тартипке келтирүү максатында шаардын тургундарына өздөрүнө жакын жерлерди көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча 43, коммерциялык субъектилерге 200 эскертүүлөр берилген. Шаардын тиешелүү кызматтары менен бирдикте борбордук “Булак” жана "Мүрөк" базарларында башаламан соода болтурбоо боюнча иш жүргүзүлүп жатат.
Отчеттук мезгилде жол оңдоо жумуштары төмөнкү көчөлөрдө болду: бүтүндөй асфальттоо Орозбеков көчөсүндө 1,7 ч.м 937,4 миң сомго, Шамшы көчөсүндө. 3,2 ч.м на 1915,5 миң сомго, Джерзинский жана Тынчтык көчөлөрүндө 681 ч.м2 316,5 миң сомго. Ал эми Колхоз көчөсүндө бүтүндөй асфальттоо жана чуңкур оңдоо 2,5 ч.м.2 1764,0 миң сомго жүргүзүлгөн. Шамшы көчөсүн Жантаев көчөсүнөн Ленин көчөсүнө чейин 11512,5 миң сом суммасындагы 25,8 миң чарчы метр жол бүтүндөй асфальтталган.
Стимулдук гранттар боюнча 6 долбоор ишке ашырылган, анын ичинде: №5 орто мектебинин аймагын тосуу, №13 орто мектептин аймагында чакан футбол аянтчасын куруу, Токмок шаарындагы Ленин, С.Ибраимов, Фрунзе көчөлөрүндөгү жана Манап бий сейил багындагы лампаларды (Ромашка түркүгү) алмаштыруу, №7 орто метептин жылуулук тармагын ремонттоо, Жантаев, С.Ибраимов, Совет, Гагарин, Кыргызстандын 50 жылдыгы, Шамшы, Дубовицкий, Тынчтык жана Токмок көчөлөрүндөгү лампаларды алмаштыруу. Баардык иштерге республикалык бюджеттен 3266,3 миң сом, жергиликтүү бюджеттен үлүштүк салымы менен 4375,3 миң сом сарпталган.
2017-жылы 13 адам турак-жай алууга арыз берип, кезек күткөн атуулдар катталган журналга катталышкан. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак-жай 2015-2020” ипотекалык Программасына катышууга 60 адам катталган.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-шаардын Башкы планын иштеп чыгуу боюнча иштерди өткөрүү;
-Токмок шаарынын аймагындагы коллектордук-дренаждык тармакка укук берүүчү документтерди каттоо боюнча Мамлекеттик каттоо менен биргеликте тишелүү иштерди өткөрүү;
-муниципалдык менчик объекттерин ишкердик субъекттерине ижарага берүү боюнча иштерди улантуу;
-муниципалдык менчик объекттерин мамлекеттик катоо боюнча иштерди улантуу;
-шаардын көчөлөрүн ремонтоо иштерин белгиленген мөөнөттө бүткөрүү;
-Токмок шаарынын Өнүгүү программасына ылайык пландалып жаткан долбоорлор боюнча долбоордук-сметалык документацияны иштеп чыгууну өткөрүү.
УКУК КОРГОО
Токмок шаардык ИИБ тарабынан укук бузуулардын жана кылмыш иштеринин алдын алууну үзгүлтүксүз жүргүзүүнүн негизинде, жашы жете электердин укук бузууларын эскертүү, көчөлөрдөгү кылмыштуулуктар жана уурулуктар, диний экстремизм менен күрөшүү чаралары, кылмышкерлерди жана дайынсыз жоголгондорду издөө туруктуу ишке ашууда, баңгизат бизнеси менен күрөшүү боюнча, экономикалык кылмыштуулуктар, жемкорлуктун көрүнүштөрү менен иштер жүргүзүлүүдө, шаардыктардын коопсуздугу жана коомдук тартип камсыз болууда.
2017-жылы 582 кылмыш катталса, мурунку жылдын ушул эле мезгилинде 570 кылмыш иши катталган, анын ичинен 446 кылмыш иши ачылса, мурунку жылы 438 кылмыш иши ачылган, ачылган кылмыштар 76,6 % түздү, кылмыштуулукту ачуу мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,2 % азайган.
Оор жана өзгөчө оор кылмыштуулуктун саны 31 болсо, мурунку жылы 48, анын ичинен 30 кылмыштын бети ачылган (мурунку жыл 42). Мурунку жылга салыштырганда кылмыштын бетин ачуу 96,8 % түзүп, 9,3% көбөйгө
Киши өлтүрүү -9, мурунку жылы -11; ачылганы-9, бетин ачуу 100,0 % түздү, тоноо -16, мурунку жылы 38, ачылганы 14, бул 87,5% түздү жана ачылыштын өсүүсү 5,9% түздү. Карактоо 7, мурунку жылы -13, иштин ачылганы -6, иштин ачылышы 85,7 % түздү. Башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо - 313, мурунку жылы 248, иштин ачылганы-204, же бетин ачуу 65,2 % түздү. Батирлерди тоноо 109, мурунку жылы 80, ачылганы 79, же бетин ачуу 72,5 % түздү.
2017-жылы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүчү тобу тарабынан (ГБНОН) 33 факт аныкталган, мурунку жылы 40, анда кылмыштуу жүгүртүүдөн былтыркы жылдын отчеттук мезгилинде 14,4 кг. баңги заты алынган, мурунку жылы 53,4 кг..баңгизат алынган. Ыкчам маалыматтар боюнча мурунку жылдагы 34 окуянын ордуна 23 окуя катталып, бул 11 окуяга аз.
Токмок шаарынын ИИБ ЖККБ тарабынан 1023 жол кыймылынын эрежесин бузуулар катталса, мурунку жылдын отчеттук мезгилинде 774 жол кыймылынын эрежесин бузуулар катталган, же 32,1% көбөйгөн .
Былтыр 71 жол кырсыктары катталса, мурунку жылы 101 жол кырсыктары катталып, 94 адам жаракат алган. Мурунку жылга салыштырмалуу жол кырсыктары 30 окуяга аз катталып, бул 29,7% кыскаргандыгын билдирет. Анын ичинде жашы жете электер менен 20 жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болгон жана 19 адам жабыркаган.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-жасалган кылмыш иштерин ачууда жана аныктоодо иликтөө жана ыкчам топторунун иштерин жандандыруу;
-жол-транспорт кырсыктарын болтурбоо боюнча ишти жандандыруу;
-укук бузуулардын алдын алуу боюнча жана ушул максатта үгүттөө жана үйрөтүү иш-чараларын даярдоо жана өткөрүү боюнча иштерди күчөтүү;
-Токмок шаардык мэриясы, бейөкмөт жана укук коргоо уюмдары тарабынан, коомчулук менен өз ара аракеттенүү боюнча иштерди жандандыруу;
-окуу жайлардын, уюмдардын, мекемелердин жамааттары аркылуу коомдо толеранттуулукту тарбиялоо боюнча иштерди жандандыруу;
-улутчулук көрүнүштөрдүн жана мүмкүндүү терроризмдин актыларын алдын алуу боюнча зарыл чараларды кабыл алуу.
ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБАСЫ
Токмок шаарынын турак жай-коммуналдык чарбасында инженердик- техникалык тармактарды оңдоп-түзөө, кайрадан куруу, коммуникацияларды кеңейтүү, тиричилик фондун кармоо жана оңдоп-түзөө боюнча иш-чаралардын программасы жүзөгө ашырылууда.
Бүгүнкү күндө шаардын турак жай фондун кармоо жана тейлөө менен 50 ТЖМЭШ, 1 «ТЖЭУ» МИ, 1 «Жилсервис» ЖЧК жана аскер гарнизонунун үй башкармалыгы иштейт.
2017-жылы Коммуналдык ишканалар комбинаты тарабынан таштандыларды чыгаруу боюнча көрсөтүлгөн тейлөөлөрү үчүн дебитордук карыздарды жоюу боюнча белгилүү иштер өткөрүлгөн.
Бардык кыйынчылыктарга карабастан, коммуналдык кызматтар жашоонун бардык ченемдерине жана параметрлерине тиешелүү көрсөтүлгөн тейлөөлөрдүн өз убагында жана сапаттуулугун камсыздоодо.
2018-жылдын1-январына карата дебитордук карыздар:
-«Токмок жылуулук менен камсыздоо ишканасы» МИ –28,2 млн. сом, анын ичинде калк –20,5 млн.сом. Мурунку жылдын ушул мезгилине караганда дебитордук карыздардын төмөндөшү 29,8 % түзгөн.
-“Токмок Жылуулук” МИ боюнча -9,7 млн.сом, анын ичинде калк – 1,8 млн.сом. Мурунку жылдын ушул мезгилине караганда дебитордук карыз 12 төмөндөгөн. “Газпром Кыргызстан” ЖЧК алдындагы кредитордук карыз 2018-жылдын1-январына карата 22,1 млн. сомду түзгөн.
- «Токмок Водоканал» МИ боюнча – 8,0 млн.сом, анын ичинде калк – 5,3 млн.сом, мурунку жылга салыштырганда дебитордук карыз 8,4 % төмөндөгөн.
-Токмок РЭТ боюнча – 21,6 млн.сом, анын ичинде калк 13,1 млн.сом, мурунку жылга салыштырганда дебитордук карыз 1,9 % төмөндөгөн.
Европа өнүктүрүү банкы тарабынан берилүүчү 5,1 млн. ЕВРО көлөмүндөгү каражатка “Токмок шаарын суу менен камсыздоо жана агынды суулардын тутумун жакшыртуу” долбоору боюнча иш-чаралар ишке ашырылуу алдында турат. Учурда Субкредиттик келишимге кол коюлган. “Еврибор” пайыздык ставкасын 2,5%дан 1,5%га төмөндөтүү боюнча жана жеңилдик мезгилин 2019-жылдан 2029-жылга чейин узартуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасыын буу казан чарбасы менен жылуулук трассасын реконструкциялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду аркылуу республикалык бюджеттен ссуда алынган. Иш жүргүзүү боюнча тендер жарыяланган.
2 буу казанын сатып алып орнотуу жана аларды ишке киргизүү үчүн иштерди аткаруу керек.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-“Токмок жылуулук менен камсыздоо” ишканасы жана “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасы тарабынан 2017-2018-жылдардын жылуулук берүү мезгилин үзгүлтүксүз өтүүсүн камсыздоо;
- «Токмок Водоканал» МИ тарабынан «Токмок шаарын суу менен камсыздоо жана агынды суулардын тутумун реабилитациялоо” долбоорун ишке ашуусуна толук көмөк көрсөтүү;
- коммуналдык ишканалар дебитордук карыздардын деңгээлин кыскартуу боюнча даректүү иш алып баруу менен соттук тартипте карыздарды кайтаруу тажрыйбасын колдонуусу жана жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтарды чагылдыруусу.
КӨРКТӨНДҮРҮҮ
2017-жылы шаардагы сугаруу тутумун калыбына келтирүү жана жашылдандыруу, ыңгайлаштыруу жолдорду, авто унаа жолдорун кышында кармоого, кар күрөөгө жана көк жылгаяктын алдын алууга багытталган иштер аткарылды, көчөлөрдүн жарыгын сактоо, санитардык тазалоо боюнча иш-чаралар аткарылган.
2017-жылы шаарды көрктөндүрүү боюнча иштердин көлөмү 23,9 млн. сомду түзгөн.
Шаар боюнча баардыгы 61,4 миң куб.м. таштандылар чыгарылып, анын ичинде жазгы ишембиликтерде шаарды тазалоодо комбинат тарабынан 3,1 миң куб.м. таштанды чыгарылган.
55 түп сосна көчөттөрү отургузулуп, питомниктин аймагында 5500 терек калемчелери отургузганга даярдалды. Шаардын көчөлөрүндөгү 1609 бактарды бутоо аткарылды. Сугат суусун жүгүртүү үчүн арык тутумунун 14,1 км. тазаланды жана оңдолду.
Жаныбарлардын кутурма оорусунун алдын алуу максатында 1684 жолбун иттер атылган.
Көчөлөргө жарык берүүчү 1258 шам чырактарды жана 8 светофордук объекттерди тейлөө боюнча иштер дайыма жүргүзүлдү.
Шамшы көчөсүндө 24 отургуч жана 24 урна орнотулган, ошондой эле кичи райондо 4 отургуч жана 4 урна орнотулган.
Санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, көчөгө жарык берүүчү объектилерди, светофорлорду ж.б. тейлөө иштери улантылууда.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн кошумча 31 жол белгилери орнотулуп 775,1 чарчы метр жол белгилери тартылды.
Азыркы учурда “Токмок шаарында таштандыларды натыйжалуу чогултуу, ташып чыгууну жана жок кылууну уюштуруу” МЖШ (ГЧП) долбоорун ишке ашыруу үчүн консультативдик кызматын каржылоо максатында сынакты кайрадан өткөрүү.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-шаарды көрктөндүрүү, инфраструктурасын реконструкциялоо, баш аламан таштандыларга жол бербөө жана келишимдеги милдеттерге ылайык турмуш тиричилик таштандыларын өз убагында чыгаруу иштери жүзөгө сапаттуу ашырылышы боюнча иштерди улантуу;
-шаардын ТЖМЭШтери, АКӨБдөрү менен келишимдеги милдеттенмеге ылайык аткарылышы;
-үйлөрдүн аймагында санитардык ченемдерди сактоого катуу көзөмөл жүргүү;
-таштандыларды чыгаруу үчүн акы өз убагында чогултулушун камсыздоо;
-“Токмок шаарында таштандыларды натыйжалуу чогултуу, ташып чыгуу жана жок кылууну уюштуруу” МЖШ (ГЧП) долбоорун ишке ашырууну улантуу.
МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮ
Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин атайын Жарлыгы менен жарыяланган “Ыйман, адеп жана маданият жылынын” алкагында отчеттук мезгилде академик Х.Рахматулин атындагы Токмок ш. КМТУнун филиалында студенттер арасында “Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына” арналган тарыхый-илимий конференция болуп өттү. Ал жерде Токмок ш. бардык окуу жайларынын студенттери өз жетекчилери менен катышып, Улуу Үркүндүн себептерин жана кесепеттерин мамлекеттик тилде талкуулашты. Ушул эле окуу жайда институттун 25 жылдык маарекесине арналган Эл аралык илимий конференция 2017-жылдын 14-апрелинде болуп өттү, бул конференцияга И.Раззаков ат. КМТУнун ректордук жана профессордук окуутучу курамдары, ОшТУнун жана Кыргызстандагы элдердин Ассамблеясынын өкүлдөрү, Токмок ш. мэриясынын жетекчилиги, Токмок ш. окуу жайларынын окутуучулары жана студенттери катышты.
№23 Кесиптик лицейде 2017-жылдын 15-майында жалпы шаардык Энелер күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү, иш-чарага 50дөн ашык адам катышты.
2017-жылдын 18-майында залкар акын Мидин Алыбаевдин 100 жылдыгына жана кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин 85 жылдыгына арналган Токмок шаардык китепкана тармагы тарабынан “Кыргыздын кыраан акындары” аттуу адабий-музыкалык кече уюштурулду. Иш-чарада Токмок ш. жазуучулар ийриминин мүчөлөрү эки акындын өмүр баянын жана чыгармачылык жолун баяндап беришти. Кечеге Токмок шаардык Кеңешинин төрагасы, Токмок ш. мэриясынын өкүлдөрү жана Жалпыга маалымат каражаттары чакырылды.
Мындан тышкары, Токмок ш. 150 жылдыгына карата Токмок шаарынан чыккан белгилүү инсандардын өмүр баяндары менен тааныштыруу максатында, Токмок ш. борбордук китепкананын “Мекен таануу” бөлүмүндө Ж.М.Койчуманова жана К.Ы. Абдыбаевдин калемдерине таандык “Биздин Рахматулин” аттуу китептин бет ачар аземи өткөрүлдү. Кечеге Токмок шаардык кеңешинин төрагасы, Токмок ш. мэриясынын өкүлдөрү жана Жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле Токмок ш. окуу жайларынын өкүлдөрү катышты.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги №151-б буйругунун аткарылышы так көзөмөлгө алынуусу;
-кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окуу курстарында кызматкерлерди окутууну жүргүзүү;
-мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилдин деңгээлдерин билүү боюнча тесттерди тапшыруу үчүн окутуу курстарына катышууларын так уюштуруу;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 10-майындагы №95-б “2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы боюнча Чүй облусундагы иш-аракеттер планын ишке ашыруу жөнүндө” буюрмасын аткарууну улантуу.
-Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди “Кыргызтест” программасынан өтүүсүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомунун негизинде уюштурулсун.
КАТТАР, ДАТТАНУУЛАР МЕНЕН ИШТӨӨ ЖАНА АТКАРУУ ТАРТИБИ
2017-жылы 796 арыздар жана кайрылуулар каралды, бул мурнку жылдагыдан 7 кайрылууга аз. Алардын ичинен 202 оң чечилди (+77), 496 арыздануучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү (+103), 86 кайрылууну аткаруудан баш тартылды (-35), 12 кайрылуу аткарууу иретинде турат (+2).
Анын ичинен: Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынан 30 (30уна тең түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынан 4 (4үнө тең түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү), КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүнөн 31 (10у ине оң чечилип, 20сына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана 1 кайрылуу аткаруу иретинде турат). Кыргыз Республикасынын Омбудсменинен 1 кат түшүп, маселе оң чечилген. Келип түшкөн арыздардын каралбай калганы жок. Түшкөн арыздарды өз мөөнөтүндө карап жетишпеген учурда жооптуу кызматкерлерге административтик чара көрүлөт.
Электрондук кайрылуу түшкөн эмес. Ошондой эле мэрдин, вице-мэрдин жана аппарат жетекчисинин катышуусу менен 6 видеоконференция өткөрүлгөн.
2017-жылы “Ишеним телефону 146” кызматына 7527 чалуулар түштү, анын ичинде социалдык маселелер боюнча - 236, коммуналдык маселелер боюнча 6316 жана башка маселелер боюнча 975 чалуулар болгон. Алардын ичинен2805 кайрылуу оң чечилген, 4304 кайрылууга түшүндүрмөлөр берилген, 418 кайрылууну аткаруудан баш тартылган. «Менин шаарым Токмок-Мой город Токмок” шаардык газетасында “Шаардагы апта” рубрикасы үзгүлтүксүз түрдө жарандардын кайрылууларынын мүнөздөрүн жана мазмунун ачык-айкын чагылдырып турат.
Токмок шаардык мэриясынын жетекчилиги тарабынан 107 адам кабыл алынып, алардын 52синин кайрылуулары оң чечилип, 55 адамга түшүндүрмө берилген.
Бардык арыздар, каттар жана даттануулар “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү” Мыйзамга ылайык так каралып турат жана каттоого алынат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүндөгү негизги принциптердин бири маанилүү социалдык маселелерге талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берген жарандардан келип түшкөн арыздарга, сунуштарга, даттанууларга жана оозеки кайрылууларына кунт коюу менен принципиалдуу мамиле жасоо болуп эсептелет.
Түшкөн каттардын аткарылуусу:
2017-жылы Токмок шаардык мэриясына Кыргыз Республикасынын 2384 ченемдик-укуктук актылары келип түшкөн. Алардын ичинен 2365и аткарылды, 19у аткарууда турат. Алардын ичинде:
ченемдик-укуктук актылар -127;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн каттары -43;
КРӨ Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын каттары-969 (729 документтер жана 240 телефонограмма);
Кыргыз Республикасынын министирликтеринен жана ведомстволорунан 358 иш кагаз келип түшкөн;
Токмок шаарындагы уюмдар менен мекемелерден 887 кат келип түшкөн.
Аткаруу тартиби дайыма жетекчиликтин көзөмөлүндө турат.
Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы | Ф.А. Малабаева |
Тиркеме № 2
Токмок шаардык кеңешинин
2018-жылдын 18-январы
№119/16-4 токтомуна
2018-ЖЫЛГА КАРАТА ТОКМОК ШААРЫНЫН СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ ПРОГРАММАСЫ
Токмок шаары, 2018-жыл.
КИРИШҮҮ
МАКСАТТАР ЖАНА МИЛДЕТТЕР
Токмок шаарынын 2018-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы №194 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдарга регионалдык саясат Концепциясын ишке ашыруунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы №2-ПЖ “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын алкакактарында иштелип чыккан.
Ошондой эле шаардык кеңештин XV сессиясы 2017-жылдын 21-декабрындагы №91/1-4 токтому менен бекитилген Токмок шаарынын 2018-2022-жылдарга өнүгүү программасы.
Программанын негизин шаарды өнүктүрүүдөгү экономикалык жана социалдык жетишилген негизги натыйжалар түзөт. Баардык кызматтардын, бөлүмдөрдүн, ишканалар менен уюмдардын үстүбүздөгү жылдагы баардык көйгөйлүү маселелелеринин чечилиши, ошондой эле шаардыктардын сунуштары менен эскертүүлөрү ушул Программада камтылган.
Токмок шаары баардык багыттарда өсүүгө зор мүмкүнчүлүктөрү бар макамына ээ.
Биздин шаарды биз: экономикасы динамикалуу өнүгүп бараткан, социалдык чөйрөсү жана натыйжалуу башкаруусу өнүккөн, таза, көрктөндүрүлгөн шаар, жашыл шаар, ыңгайлуу жана жайлуу шаар, билимдүү шаар, тунук жана ачык башкаруудагы шаар катары карайбыз. Шаардыктар шаар бийлиги менен биргеликте жашоонун ыңгайлуу чөйрөсүн түзгөн ачык мүмкүнчүлүктөрдүн шаары.
Токмок шары Чүй облусундагы «өсүү орду» делген шаарлардын бири. “Өсүү орду” болуу менен биз тарабынан биздин шаардын өнүгүүсүнүн жөнөө орундары аныкталган.
Биринчиден, Токмок шаары өнөр жай индустрия багытында өнүгүп келген жана өнүгүүдө. Ушуга байланыштуу шаарда экономиканын өнөр жай секторун өнүктүрүү үчүн шаарда тиешелүү инфраструктура бар. Ошондуктан аймактык саясаттагы артыкчылыктуу негизги багыт шаардын өнөр жай кубаттуулугун калыбына келтирүү болуп эсептелет. Ал жаңы кубаттуулуктарды ишке кийирүүнүн жана токтоп турган ишканаларды жандандыруунун эсебинен ишке ашырылмакчы.
Эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн технологиялык жабдууларды модернизциялоо максатында 2018-жылы “Каз-Грейн” жоопкерчилиги чектелген коомунда китлап жана кукси өндүрүү боюнча жаңы цехти ишке кийирүү, ошондой эле “жайма” жана “уя” кесмесин өндүрүү боюнча макарон цехин кеңейтүү пландалууда. Ошондой эле “Элит-Гласс” жоопкерчилиги чектелген коомунда мештин курулушу башталып, жаңы машина линиясын чогултуу жүргүзүлүүдө.
Токтоп турган кубаттуулуктарды ишке кийирүү жана жаңыларын түзүү максатында мүмкүнчүлүгү бар инвесторлорду издөө боюнча чаралар көрүлгөн. Көп жылдык аракеттенүүлөдүн натыйжасында “СССР-АС” жоопкерчилиги чектелген коомунун токтоп турган өндүрүшүн ишке кийирүүгө ижара келишими түзүлгөн. Ишкананын иши “Етрея Фуд” ЖЧК логотиби боюнча Индиялык инвесторлор тарабынан жандандырылат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын негизги жана башкы аракеттенүү критерийлери шаардын туруктуу өсүү шарттарында анын экономикал, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана анын аткарылышы болуп эсептелет.
Социалдык чөйрөдөгү кырдаалды калыбына келтирүү, анын ичинде эмгек рыногун жандандыруу, болгон өндүрүштүк кубаттуулуктарды дагы толугураак пайдалануу, өндүрүлүп жаткан продукцияларды диверсификациялоо жана дүйнөлүк экономикада анын атаандаштыгын жогорулатуу ушул максаттарга жетишүүнүн зарыл шарттары болуп саналат.
Экинчиден, шаардын учурдагы прогрессивдүү өнүгүүсү үчүн анын инженердик инфраструктурасы менен мезгилдин жаңы талаптарына ылайык болуусу негизги талаптардын бири.
Ушул максатта Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын 5,1 миллион Евро көлөмүндөгү каражатына “Токмок шаарынын суу менен камсыздоо тармагын жана агынды суулардын тутумун жакшыртуу” долбоору ишке ашырылуунун алдында. Учурда Субкредиттик келишимге кол коюлган. “Еврибор” пайыздык ставкасын 2,5%дан 1,5%га төмөндөтүү жана жеңилдик мезгилин 2019-жылдан 2029-жылга чейин узартуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик экономикалык өнүгүү фонду аркылуу “Токмок-Жылуулук” муниципалдык ишканасы үчүн буу казандар чарбасы менен жылуулук трассасын реконструкциялоону өткөрүүгө республикалык бюджеттен ссуда алынган. Иштерди аткарууга тендер өткөрүлгөн. Алдыда 2 буу казанын сатып алып, орнотуу, ошондой эле чогултуп-ишке берүү иштери турат.
“Токмок шаарында тиричилик таштандыларын чогултууну, чыгарууну жана жок кылууну натыйжалуу уюштуруу” мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңеш берүүчү тейлөөлөрдү сатып алууга кайталап сынак өткөрүү алдыбызда турат.
Шаардык чарбанын өнүгүүсүн ыкчамдатуунун максаттары төмөндөгүлөр:
-экономиканын өсүүсү жана муниципалдык башкаруунун сапатын жогорулатуу боюнча ыкчамдатууну камсыздоо менен шаардын кубаттуулугун жана мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу;
-шаардык коммуналдык кызматтардын сапаттуу тейлөөлөрүн камсыздоо менен шаардыктардын турмушун ыңгайлуу кылуу;
-бекитилген пландарга ылайык социалдык объектилердин реконструкцияланышы менен курулушун так жүргүзүүнү камсыздоо менен шаардын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу жана активдүү өнүктүрүү;
-маданият, спорт жана шаардыктардын эс алуучу объектилеринин инфраструктурасын өнүктүрүү;
-калктын аярлуу катмарына даректүү колдоо көрсөтүү үчүн бизнестин социалдык багыттуулугун күчөтүүнү колдоо;
-позитивдүү демографиялык жылышты камсыздоого көмөк көрсөтүү.
Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттерге салык жана салык эмес төлөмдөрдүн баардык түрлөрү боюнча пландуу жыйымдардын ай сайын аткарылышына көзөмөлдүк күчөтүлөт. Ошондой эле салык карыздарын кыскартуу жана анын андан ары өсүшүнө жол бербөө боюнча кабыл алынган чаралар да күчөтүлөт. Бюджеттик уюмдардын кредитордук карыздары кыскарат. Шаардагы көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү боюнча иштер улантылат.
Салык төлөөчүлөрдүн электрондук тейлөөнү колдонууларына жагымдуу шарт түзүү жана чөйрөсүн кеңейтүү боюнча салык кызматын жаңылоо пландалууда. Ошондой эле салыкты өз учрунда төлөөгө жана жемкорлук көрүнүштөрүн жоюуга көмөк болуучу кассалык аппараттарды кийирүү жана маалыматты «Он-лайн» түзүлүшүндө берүү милдеттерин кийирүү да пландалууда.
Мындай чаралар бизге түпкү натыйжага жетишүүгө – өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшүнө, иш менен камсыз болуунун өсүшүнө, калктын бүтундөй алгандагы кирешесинин өсүшүнө, шаардыктардын жашоосунун сапатын мүнөздөгөн көрсөткүчтөрдүн жакшырышына мумкүндү берет.
Шаардын мэриясы бизнести жүргүзүү үчүн жиктелген айдың түзүүгө жана алардын ишмердүүлүгүнө кийлгигишүү деңгээлин чектөөгө тийиш. Бул үчүн шаардын администрациясынын ишмердүүлүгүндө кеңири ачыктыкты камсыздоо зарыл. Мына ушул максатта “Муниципалдык менчикти башкарууга жаңыча мамиле” өсүү точкасы болуп эсептелет.
Муниципалдык менчик объектилерин каттоодон өткөрүү, кыймылсыз мүлк объектилеринин, анын ичинде муниципалдык менчиктин бирдиктүү маалыматтык тармагын түзүү ишкерлик субъекттери менен потенциалдуу инвесторлорго маалымат базасына эркин кирүүлөрүнө мүмкүндүк берип, муниципалдык менчикти башкаруу жана пайдаланууга көзөмөл жүргүзүү, ошондой эле натыйжалуу башкаруу маселелеринин ачыктыгы камсыздалат эле. Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө таасир берүүчү жер фондуна салык салуунун бир катар маселелери чечилет.
Келечекте “Маалыматтарды иштеп чыгуу борборун” куруу жана “Тейлөө борборун” өркүндөтүү пландалууда.
Ишти кайталап аткарууну жокко чыгаруу менен мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн милдеттүү ишмердүүлүгүн так чектөөнү камсыз кылууга жетишүүбүз зарыл.
Муниципалитеттин ишиндеги тактык жана бир калыптуулук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомчулуктун алдындагы баркын көтөрүүгө тийиш. Дагы бир маанилүү маселе бул кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу, аткаруучулук тартипти күчөтүү жана өткөрүлүп жаткан иштер менен иш-чаралардын ачыктыгы болуп эсептелет.
2018-жылда шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү Программасындагы негизги жоболор шаардын коомчулугунун алдыдагы мезгилге башкы багыттары болуп эсептелет. Ал эми аларды толук көлөмдө ишке ашыруу шаардын баардык калкынын, ишкерлер чөйрөсү менен бейөкмөт уюмдардын, коомдук уюмдар менен жарандык бирикмелердин, ишканалар менен уюмдардын активдүү катышуусундагы шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун негизги милдети.
I БӨЛҮК ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ
2017-жылдын жыйынтыктары боюнча шаарда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 6330,9 млн. сомду, же номиналдык өсүү темпи 148,1 % түздү. Бул өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу 2108,1 миң сомго арбын.
2017-жылдын отчеттук мезгилинин жыйынтыктары боюнча физикалык көлөмдүн индекси 147,3 пунктту түздү.
Токтоп турган жаңы кубаттуулуктарды ишке кийирүүнүн алкагында «Токмок нефтини кайра иштетүүчү ишкер заводу» ЖЧКсы ишке киргизилди. Жеңил бензиндин изомеризациялоо агрегатын чогултуу (монтаждоо) боюнча иш-чаралар аяктап, бул АИ-93, АИ-95 бензин маркаларын, изомердик бензинди, түз иштетилүүчү бензинди, кургак газды, парафинди өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан бекитилген 2017-жылдын 13-январындагы №47 Кабыл алуу актысына ылайык ишкана толук көлөмдө иштеп баштады.
2018-жылы ишкана Россия Федерациясынын компаниялары менен чийки мунайды алымсыз жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү жүргүзсө, 150,0 миң тонна мунайды кайрадан иштетүүнү пландоодо.
Токтоп тургандарды ишке кийирүү жана жаңы кубаттуулуктарды түзүү боюнча иш-чаралардын алкагында токтоп турган «СССР АС» ЖЧКны ишке кийирүү боюнча Индиялык инвесторлор менен сүйлөшүүлөр аяктады. 2017-жылдын 1-декабрында «СССР» ТОО менен «СССР-АС» ЖЧКсы сүт заводунун баардык мүлк комплексин сүт азыктарын өндүрө турган «Етрея Фуд» компаниясына ижарага өткөрүп беришкен.
“Токмоктогу керамикалык дубал материалдар заводу” ачык акционердик коому боюнча потенциалдуу инвесторлорду издөө улантылууда. 2018-жылы өндүрүштүн көлөмүн жогорулатуу, ошондой эле шаардын ишканалары тарабынан өсүү ыргагын камсыздоо максатында эмгек өндурүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн технологиялык жабдууларды өркүндөтүү пландалууда.
Алсак «Каз-Грейн» жоопкерчилиги чектелген коомунда 2014-жылы макарон азыктарын өндүрүү боюнча цех ишке берилген. Учурда «жайма» жана «уя» аталышындагы кесме өндүрүү боюнча цехти кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул 30 жаңы жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Цехти кеңейтүүгө 4,5 млн.ЕВРО салынган.
Ошондой эле ондүрүштү өркүндөтүү максатында «Элит-Гласс» жоопкерчилиги чектелген коомунда жаңы машина линиясын чогултуу иштери жүргүзүлүүдө. Каржы каражаттарына болгон талап 350,0 миң АКШ доллары, же 24,1 миллион сом.
2016-жылдан баштап көп кырдуу «АЮ Холдинг» компаниясынын бир бөлүмү болгон «Аю Фарм» иштеп баштаган. Заводдун курулушуна жана жабдылышына “ миллион АКШ доллары сарпталган. «АЮ Фарм» жогорку сапаттагы 20 түрдүү суюк, тазартылбаган дары каражаттарын өндүрөт. Келечекте дарылардын таблеткаланган, майлоочу түрлөү менен дары чөптөрүн чогултуу пландалууда. Учурда ишкана тарабынан жакынкы чет өлкөлөр менен кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
Шаардын өнөр жай продукциясынын көлөмүнө көптөгөн салымдарын кошуу менен “Железобетон” ААК, «Береке» ЖЧК, «Заман» ЖЧК, «Курманов и К» ЖЧК, «Картон» АК өндүү чакан жана орто ишканалар көптөгөн жылдардан бери туруктуу иштеп келе жатышат.
Мезгилдүү болсо да «Консерва заводу» ЖЧКсы менен «Плодоовощ» ЖЧКсы иштешүүдө.
2018-жылы “Касиет” ЖЧКсы Бишкек шаарныан Токмок шаарына өндүрүшүн көчүрүп келүүнү пландоодо. Албетте бул кошумча жумушчу орундары менен катар бюджетке салык төлөө өңдүү жакшы натыйжаларын бермекчи. Ишкана тарабынан жабдууларды жаңыртууга 1,0 миллион АКШ доллары салынмакчы.
2018-жылдын алдыдагы отчеттук мезгилинде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүн 103,1 % өсүү ыргагында 6,5 миллиард сом деңгээлине жеткирүү пландалууда.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-“Етрея Фуд” ЖЧК (мурдагы “СССР АС” ЖЧКсы) ишканасын ишке кийирүү боюнча ар тараптуу көмөк көрсөтүү;
-«Элит-Гласс» ЖЧКсы, «КазГрейн» ЖЧКсы, «Токмок-Булс» жабык акционердик коому ишканаларында өндүрүштүк жаңы цехтерди түзүүгө жана жабдууларды өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү;
Токтоп турган“Токмоктогу керамикалык дубал материалдар заводу” ачык акционердик коому боюнча потенциалдуу инвесторлорду издөөнү улантуу;
-өнөр жай ишканаларынын жетекчилери тарабынан өндүрүштүн көлөмүнүн өсүү темпин камсыздоо боюнча, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн технологиялык жабдууларды модернизациялоо жана өндүрүлгөн продукциянын өздүк наркын төмөндөтүү, өндүрүштү диверсификациялоо боюнча максаттуу иштер улантылсын жана жаңы сатуу рынокторун издөө боюнча маселелер каралсын.
КУРУЛУШ
2017-жылы капиталдык салымдардын көлөмү шаар боюнча былтыркы жылы 1387,8 млн. сом болсо, 924,5 миллион сом болгон, же 463,3 миллион сомго аз. 2016-жылдагы капиталдык салымдардын көлөмүнүн өсүшү «Токмок нефтини кайра иштетүүчү ишкер заводу» ЖЧКсынын курулушунун эсебинен болгон
Отчеттук мезгилде жалпы аянты 11,4 миң ч.м. болгон 102 жеке турак үйлөр пайдаланууга берилсе, өткөн жылы жалпы аянты 5,7 миң ч.м. болгон 50 жеке турак үйлөр пайдаланууга берилген. Өсүү ыргагы 199,8 % түздү.
Жантаев-Шамшы көчөлөрүнүн кесилишиндеги 5 кабаттуу 40 батирлүү үй пайдаланууга берилген жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин балансына өткөрүлгөн.
Ошондой эле “Бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлер үчүн тез тургузулуучу каркастык жеке турак үйлөрдү куруу” долбоорун ишке ашыруу үчүн Парковая көчөсүндө 36 батирлүү 9 турак үй курулган. Дагы 5 үйдүн пайдубалы куюлуп, дубалдары тургузулган. Суу, жарык, канализациялык тармактары бүткөрүлгөн. Курулушту аяктоо 2018-жылдын аягына белгиленген.
Долбоорлонгон көчөлөр боюнча канализациялык магистралдарды куруу боюнча милдеттерди аткаруу максатында 20176-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 780,0 миң сом суммасына канализациялык коллекторду жаткыруу иши, ЖСКнын 700,0 миң миң сом каражатына суу түтүктөрү өткөрүлгөн.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
Шаардын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө капиталдык салымдардын көлөмүн көбөйтүү боюнча чараларды кабыл алуу.
*курулуп жаткан жалпы аянты 4368 ч.м. болгон, 14 үйдөн турган 56 батирлүү “Социум” котедждик шаарчасынын курулушунун аякталышына жана пайдаланууга берилишине көмөк көрсөтүү.
УНАА
Шаардын унаа уюмдары жана жеке ишкерлер тарабынан 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 847,5 миң тонна жүк ташылды (2016-жылы – 837,8 миң тонна), же өткөн жылга салыштырмалуу 9,7 миң тонна жүк арбын ташылган (101,1 %).
Жүк айлануу 16,9 млн.тн/км (2016-жылы – 16,7 млн. тн/км), же өткөн жылга салыштырмалуу 0,2 миң тн/км арбын (101,1 %).
Жүргүнчүлөрдү ташуу 109,2 млн. жүрг./км түздү (2016-жылы – 109,1 млн. жүрг./км), же өткөн жылга салыштырмалуу 0,1 миң жүрг./км арбын (101,1 %).
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
- жеке жеңил жана жүк ташуучу таксилерди патенттөөнү толук камтууга өбөлгө болуучу натыйжалуу чараларды кабыл алуу;
-каттам таксилеринин айдоочуларынын пенсионерлер жана жеңилдик алуучу категориядагы жарандарды тейлөө маданиятын жакшыртуу боюнча иштерди улантуу.
БАЙЛАНЫШ
Шаардын байланышчылары тарабынан 2017-жылы 35,5 млн. сом тарифтик кирешелер алынды (2016-жылы-35,0 млн. сом), же өткөн жылга салыштырмалуу 0,5 миң сомго арбын. Өсүү ыргагы 107,8% түзгөн. Акы төлөнүүчү кызматтардын көлөмү 25,0 млн. сомду түзүп (2016-жылы-24,4 млн. сом), же өткөн жылга салыштырмалуу 0,6 миң сомго арбын, же 101,4%.
Отчеттук мезгилдин ичинде сандык байланыштын 403 телефон аппараты коюлду.
Цифралык көчмө станцияга которуу боюнча Колхоз жана В.Луговая көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Ворошилов” долбоору аяктады.
Абоненттерди «Центр» жана «Татарская» долбоорлору боюнча ЦАТС МSAN-328 менен ЦАТС МSAN-348ге которуу иштери жүргүзүлүүдө.
Жантаев көчөсүндөгү көп кабатуу үйлөрдүн жашоочуларын айнек-жип (оптико-волоконный) кабелине туташтыруу боюнча “Гостиница” экинчи кезеги долбоорун ишке ашыруу улантылууда.
2,84 км. узундуктагы кабелдик байланыш линияларын 317,0 миң сомго капиталдык ремонт жана 32,1 км. узундуктагы кабелдик байланыш линияларын 165,8 миң сомго учурдагы оңдоолор жасалган.
2017-жылы 708 метрлик кабель урдоонун 3 окуясы катталып, 121,2 миң сом зыян келтирилген.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
- Абоненттерди «Центр» жана «Татарская» долбоорлору боюнча ЦАТС МSAN-328 менен ЦАТС МSAN-348ге которуу иштерин ишке ашырууну улантуу.
- Жантаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларын айнек-жип (оптико-волоконный) кабелдерине туташтыруу боюнча “Гостиница” экинчи кезеги долбоорун аяктоо.
СООДА ЖАНА КЫЗМАТТАР
2017-жылдын жыйынтыгы боюнча чекене товар жүгүртүү 5173,8 млн. сомду түздү (2016-жылы – 4971,9 млн. сом), өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү ыргагы 104,0 % түздү.
Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча акы төлөнүүчү тейлөөлөрдүн көлөмү 456,6 млн. сомду (2016-жылы – 450,0 млн. сом) түзүп, бул өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу 6,6 млн. сомго арбын. Иш жүзүндө баалардын өсүү ыргагы 101,4 % түздү.
Иштеп жаткан базарларды ыңгайлаштыруу боюнча сатуучулар жана сатып алуучулар үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн иш-чаралар улантылууда.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
- соода чөйрөсүндө, керектөөчүлөрдүн базарынын жана көрсөтүлүүчү тейлөөлөрдү мамлекеттик-укуктук жөнгө салуунун сакталышына туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүүнү улантуу;
-башаламан соода жүргүзүүнү жоюу боюнча ишти жандандыруу;
- иштеп жаткан базарларды ыңгайлаштыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү улантуу.
ИШКЕРДҮҮЛҮК
2017-жылы ЧОБдун субъектилеринин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 5406,0 млн. сомду түздү(2016-жылы – 450,0 млн. сом), бул мурунку жылдагыдан 3724,1млн. сомго арбын. өсүү ыргагы мурунку жылга салыштырмалуу 170,7 % түздү.
Отчеттук мезгилде ЧОБдун 46 объектиси колдонууга берилди (2016-жылы - 35), бул 11 объектиге арбын жана 100 жаңы жумуш орундары түзүлдү.
Ишкерлерди окутуу, бизнести түзүүгө жана жүргүзүүгө колдоо көрсөтүү максатында төмөндөгүдөй темаларда конференциялар өткөрүлгөн:
-тамак-аш продукциясынын коопсуздугу чөйрөсүндө бажы биримдигинин техникалык регламенти;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бизнестин ортосундагы кайра байланышуу механизмдерин алгалатуу;
-Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду менен бизнес-долбоорлор боюнча кеңеш берүү;
-Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, ПРООН, Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан өткөрүлүүчү “Экспорт кербени – 2” алкагындагы семинар;
-“Кепилдик фонду” ААК өткөрүүчү жаңы иш баштаган бизнесмен аялдар үчүн каржылык сабаттуулук жана бизнести пландаштыруу;
-“Азрафрукт” компаниясы жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду менен биргеликте “Интенсивдүү бакчалардын мүмкүндүктөрү”;
-Бизнес ассоциациянын Улуттук альянсынын “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексиндеги жаңы өзгөрүүлөр”.
-“Кепилдик фонду” ААК чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү үчүн тегерек стол өткөргөн.
Ишкерлер “Айыл-Агро 2017-жыл” Эл аралык агроөнөр жай Көргөзмөсүнө катышышкан.
“ЖИА” ассоциациясы тарабынан “Ишкерлер үчүн маркетингдик пландоо” темасында жана “5-С Кайзен” Япон системасы боюнча семинарлар өткөрүлгөн.
Пайдалануучулардын укуктарын коргоону камсыздоо боюнча иш-чараларды аткаруу боюнча 2017-жылы 15 арыз каралып, алардын 13ү оң чечилип, 2 арыз сот органдарына берилген.
2017-жылы чакан насыялар 1281,5 млн. сом суммасында берилген (10347 адам), өткөн жылдын ушул мезгилинде 1432,2 млн.сом (9885 адам) берилген. Берилген насыялардын төмөндөп кетишин “Аман-банк” ЖАК кредиттик портфелинин жоктугу жана “Росинбанк” ААК филиалынын чакан кредитти каржылоону токтоткондугу менен түшүндүрсө болот.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-чакан жана орто бизнестин жаңы субъектилерин түзүү боюнча ишти улантуу;
-Токмок шаарынын Ишкерлер биримдиги менен Жаш ишекерлер ассоциациясынын бизнес түзүү жана жүргүзүү маселесин колдоо жана кеңеш берүү, окутуу маселеси кирген семинарларды, конференцияларды өткөрүү жана уюштуруу боюнча иштерди улантуу;
-керектөөчүлөрдүн укуктарын толук көлөмдө камсыздоо боюнча иш-чараларды улантуу.
ЭКСПОРТ-ИМПОРТ
2017-жылдын январь-ноябрь айында Токмок шаарынын тышкы соода жүгүртүүсү АКШнын 71,2 млн. долларын түздү, бул өткөн жылдагыдан 17,1 млн. сомго арбын. Экспорттун көлөмү АКШнын 30,3 млн. долларын (2016-жылы – 17,6), импорттун көлөмү - АКШнын 40,9 млн. долларын (2016-жылы – 36,5), түздү.
Отчеттук мезгилдин ичинде тышкы соода жүгүртүүнүн терс сальдосу АКШнын 10,5 млн. долларын түздү.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү, жергиликтүү чийки заттарды (сырье) жана материалдык ресурстарды колдонуу менен иштеп жаткан экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу өндүрүштү чыңдоо жана колдоо боюнча иштерди улантуу.
ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТИН АТКАРЫЛЫШЫ
2017-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджет 100,0 % аткарылды, план боюнча 431,2 млн.сом болсо, иш жүзүндө 431,3 млн.сом чогултулуп пландан тышкары 62,9 млн.сом түшкөн.
Анын ичинен республикалык бюджет 100,0 % аткарылып, план боюнча 291,3 млн. сом болсо, иш жүзүндө 291,3 млн. сом чогултулуп пландан тышкары 3 миң сом түшкөн. Ал эми жергиликтүү бюджет 100,0 % аткарылып, план боюнча 139,8 млн. сом болсо, иш жүзүндө 139,9 млн. сом чогултулуп, бюджетке 59,4 миң сом пландан тышкары түшкөн.
2017-жылы алынган расмий трансферттерди жана атайын каражаттарды эсепке алуу менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 94,7 % аткарылды, такталган план боюнча 233,2 млн. сом болсо, иш жүзүндө 220,9 млн. сомду түздү, же бюджетке 12,0 млн. сом түшпөй калды.
2017-жылы “Интергласс” ЖЧКсы жана “Брент” ЖЧКсы (КР МСК алдындагы ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы (УККН) жетектеген ишкана) бюджетке салыктардан жана төлөмдөрдөн 8,3 млн.сом которушкан.
Жалпы план төмөнкү салыктардын жана төлөмдөрдүн түрлөрү боюнча аткарылган жок:
-киреше салыгы 97,5 % же бюджетке 1,3 млн. сом түшпөй калган;
-ишкердүүлүк жүргүзүү үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык 81,3% аткарылып, 38,0 миң сом түшпөй калган;
-сатуудан салык 67,8 % же 8,7 млн. сом түшпөй калган;
-айыл чарбалык эмес жерлерди сатуу 4,6%, же 1,9 млн. сом түшпөй калган.
Салыктын айрым түрлөрүнүн аткарылбай калышынын себептери:
Киреше салыгы – Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан “Интергласс” ЖЧКсы боюнча салык боюнча карыздарды төлөөнүн эсебине кошумча нарк салыгынын ашыкча суммасын өз учурунда ордун толтурбаган себеби боюнча.
Сатуудан түшкөн салык – Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 319-беренеси боюнча товарларды, иштерди жана тейлөөлөрдү сатууда, же накталай эмес түрдө төлөнүп кошумча нарк салыгынан бошотулганда “0” пайыз өлчөмүндөгү салык ставкасы бекитилет. Бюджетке 8,7 миллион сом, ошондой эле экспорттук жөнөтүүлөр боюнча2,3 миллион сом аз түшкөн. Жыл башынан бери сатык салыгынан жоготуулар 48,6 миллион сомду, анын ичинде жергиликтүү бюджетке 24,3 миллион сомду түзгөн.
Жерди сатуу боюнча операциялардын жоктугуна байланыштуу айыл чарба эмес жерлерин сатуу салыгы.
2018-жылдын 1-январына карата салык жана төлөмдөр боюнча мамлекеттик бюджетке мөөнөтүндө төлөнбөй калган каражаттар 12,0 млн. сомду түзүп, жылдын башынан бери 5,0 млн. сомго көбөйгөн. Анын ичинен жергиликтүү бюджеттин салыктар жана төлөмдөр боюнча калдыгы өткөн жылы 2,5 сомду түзүп, отчеттук мезгилге салыштырмалуу 2,4 млн.сомду түзгөн. Анын ичинде киреше салыгы 631,7 миң сом, мүлк салыгы 668,1 миң сом, сатуудан алынган салык 457,2 миң сом, үй жанындагы жер салыгы 234,1 миң сом, айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы 222,5 миң сом, автоунаа ээлеринен алынган салык 215,7 миң сом.
Отчеттук мезгилде көмүскө экономикасынын деңгээлин төмөндөтүү максатында Токмок шаары боюнча МСКБ менен биргелешип 1687 рейддер жүргүзүлүп, уруксат документтери жок иштеген 217 ЧОБ субъектери аныкталган.
Бюджетке салык төлөмдөргө шарт түзүү жана тездетүү максатында шаар боюнча 32 банкомат жана 113 төлөм терминалдары, 33 терминал посттору колдонууга коюлган.
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү расмий алынган трансферттерди жана атайын каражаттарды эсепке алуу менен 94,5% аткарылды, же такталган пландагы 235,4 млн. сомдун ордуна, иш жүзүндө 222,4 млн. сом сарпталган, анын ичинде:
-атайын каражаттар-90,6 % аткарылды же такталган пландагы 21,5 млн.сомдун ордуна, иш жүзүндө 19,5 млн.сом сарпталган;
-бюджеттик каражаттар 94,9% өздөштүрүлгөн, же такталган пландагы 213,9 млн. сомдун ордуна иш жүзүндө 202,9 млн. сом сарпталган.
Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоого (эмгек акы, соц.фондго төлөмдөр, тамактанууга, стипендия) жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан калкка социалдык жардам көрсөтүүгө 53,9 млн.сом же 26,6 % каржыланган. Коммуналдык тейлөөлөрдү каржылоого (сууга, электр энергиясына, жылуулук энергиясына, байланыш тейлөөлөрүнө төлөмдөр) 45,4 млн. сом багытталган, же жалпы чыгымдардын 22,4% жиберилген, чыгашалардын башка беренелерине 103,6 млн. сом же 54,0% (анын ичинде пайдаланылган газ үчүн 38,0 млн. сом “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасынын “Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун алдындагы карыздары).
2018-жылдын 1-январына карата шаардын бюджеттик мекемелеринин кредитордук карыздары 18,3 млн.сомду түздү, анын ичинде:
-коммуналдык тейлөөлөргө - 3,7 млн.сом (анын ичинде жылуулук энергиясына -3,3 млн. сом);
-имараттар, курулмалар, машиналар жана жабдуулар-12,0 млн. сом;
-мүлктү учурдагы оңдоолорго-785,9 миң сом;
-калкка социалдык жардам көрсөтүү боюнча жөлөк пулдар (Социалдык өнүгүү башкармалыгы) - 350,0 миң сом;
-башка чыгашалар-1,5 миң сом.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
- ай сайын мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнүн жыйымдарынын планынын аткарылышын камсыздоо;
- салык калдыктарынын өсүшүнө жол бербөө жана алардын кийинки төмөндөшүн камсыздоо боюнча толук чараларды көрүү;
- бюджеттик уюмдардын кредитордук карыздарын кыскартуу боюнча, биринчи кезекте чыгашалардын корголгон беренелери боюнча турутуу негизде зарыл чаралардын кабыл алынуусу;
- шаарда рейддерди жүргүзүү менен көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү боюнча иштерди улантуу;
-салык төлөөчүлөдүн электрондук тейлөөнү пайдалануу процедураларынын чөйрөсүн кеңейтүү жана ыңгайлаштыруу боюнча салык кызматын өркүндөтүү;
-“Он-лайн” режиминде кассалык машиналарды жана маалымат берүү милдетин кийирүү;
-акысыз негизде Мамлекеттик салык кызматынын Веб-сайты аркылуу электрондук форматта салык төлөөчүлөрдүн салык отчетторун берүүлөрүн жөнөкөйлөтүүнү кийирүү.
II БӨЛҮМ СОЦИАЛДЫК ӨНҮГҮҮ КИРЕШЕЛЕР ЖАНА КАЛКТЫ ИШКЕ ОРНОШТУРУУ
Шаардагы эмгек акынын орточо айлыгы 2017-жылдын январь-ноябрь айлары боюнча 12377,5 сомду түздү, мында номиналдык өсүү ыргагы 106,1 % түздү.
2018-жылдын 1-январына карата Токмок шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгында жумушсуз 221 адам катталган, бул 208 адамга аз (2016-жылы-429 адам).
Жылдын башынан тартып менчигинин түрүнө карабастан жумуш берүүчүлөрдөн 307 жумушчу адистиктер боюнча 459 бош жумуш орундары келип түшкөн.
Отчеттук мезгилде 451 адам жумушка орноштурулду (2016-жылы-446 адам). Коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 35 адам (2016-жылы-25 адам), кесиптик окууга 56 адам (2016-жылы-50 адам) багытталган.
Окутуу үч тараптуу келишимге ылайык: GIZ, ОТММ жана ТИПК ортолорунда жүргүзүлөт.. Окутуу төмөнкү адистиктер боюнча жүргүзүлөт: газоэлектроширетүүчү – 11 адам, шыбакчы, жылуулукту сактоо иштерин аткара билүү жөндөмү менен – 1 адам, чач тарач – 9 адам, бычмачы – 20 адам, IT адиси – 9 адам, ашпозчу – 6 адам. Жумушсуздук боюнча жөлөк пул төлөнгөн эмес.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
- кадрлардын жетишсиздик көйгөйлөрүн жоюу жана багытын алмаштыруу боюнча иштер керектүү сандагы адистерди окутууга тапшырыктарды аткаруу аркылуу жаңы ишканаларды ачууну эсепке алуу менен улантуу;
- жумушсуз адамдарды максималдуу ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү.
КАЛКТЫ СОЦИАЛДЫК КОЛДОО
Токмок шаары боюнча мамлекеттик жөлөк пул алуучулар 1447 адамды түзөт (2016-жылы - 1291 адам). 2017-жылы республикалык бюджеттен төмөнкүдөй каржыланды:
-мамлекеттик жөлөк пул 29,8 млн. сом суммасына;
-акчалай компенсациялар 12,8 млн. сом суммасына.
Жөлөк пул жана акчалай компенсацияларды төлөө боюнча карыздар жок.
Отчеттук мезгилде жеңилдик алуучу категориядагы жарандардын жана аз камсыз болгон калк катмарларын жергиликтүү бюджеттен каржылоонун көлөмү 2534,1 миң сомду түзүп, өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу 2294 адамга жана 1253,0 миң сомго аз (2016-жылы-6995 адам/3787,1 миң сом). Анын ичинде:
-жол киреге - 614,4 миң сом;
-көмүргө- 350,0 миң сом;
-социалдык стипендия -540,0 миң сом;
-мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын дарыларына 111,6 сом;
-мүмкүнчүлүгү чектелгендерге материалдык жардамдар 159,4 миң сом ж.б.
Социалдык мейманкананын тейлөөсүнөн 11 адам, жайсыз адамдар үчүн “Түнөк” социалдык жардам борборунун тейлөөсүнөн 17 адам колдонду.
2017-жылы Токмок шаары боюнча 2210 үй-бүлөгө социалдык паспорттору толтурулган. Жакырчылык деңгээли 10,7 % түздү, төмөндөө 0,1% деп белгиленди (2016-жылы-10,8%). Жакырчылыктын чегинен 111 үй-бүлө/170 адам чыгарылды, же 1,34% (2016-жылы-117 үй-бүлө), же 6 үй-бүлөгө/ 2 адамга көп.
2018-жылдын 1-январына карата ата-энесинин кароосуз калган 78 бала аныкталган, анын ичинде республикалык адистештирилген балдар үйүндө -66, “Бейкут үйүндө”-12. Үй-бүлөгө тарбиялоого 28, жатак мекемелерине 34 бала жиберилген, 21 бала ата-энесинин кароосуз калган деп маалымат банкына каттоого алынган, үй-бүлөдөн ден-соолугуна жана жашоосуна коркунуч болгон 8 бала алынган, 19 баланын ата-энесинин укугу ажыратылган ж.б.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-муктаж болгондорго мамлекеттен жеңилдетилген баалар боюнча бөлүнүп жаткан биринчи керектелүүчү азыктарды даректүү жеткирүүнү кошуу менен көрсөтүлүп жаткан жеңилдиктер менен тейлөөлөрдүн формасын, түрүн жана сапатын кеңейтүү боюнча иштерди улантуу;
-өтө зарыл болгон жарандарга жана калктын аз камсыз болгон катмарына демөөрчүлүк жардамдарды тартуу боюнча ишти күчөтүү;
-мамлекеттик жөлөк пулдарды, жеңилдиктерди жана компенсациялардын өз учурунда төлөнүшүн камсыз кылуу;
-Социалдык өнүгүү башкармалыгында акчалай компенсация алуучулардын эсебинде тургандарды банктын карталык тармагына өткөрүү иштерин улантуу.
ПЕНСИЯЛЫК КАМСЫЗДОО
2017-жылы 406,3 млн. сом суммасында камсыздандыруу төлөмү чогулду, планда 389,7 млн. сом болсо, аткаруу 104,2 % түздү.
Социалдык фонддун башкармалыгы алдындагы камсыздандыруу төлөмү боюнча карыздар 2018–жылдын 1-январына карата 138,5 млн. сомду түздү.
Анын ичинде банкрот ишканаларынын карыздары –94,6 млн. сом, чарбалык субъекттер - 16,3 млн.сом жана кайтарылбас карыздар- 2,3 млн. сом. Карыздардын төмөндөшү жыл башынан бери 10,7 млн.сомду түздү.
Отчеттук мезгилинде камсыздандыруу төгүмү боюнча карыздарды кайтаруу максатында 8924,0 миң сомго 650 билдирме жиберилген, анын ичинен 4507,0 миң сом түшүрүлгөн. Сотко 155 жеке ишкерлер берилип, алардан 1974,1 миң сом өндүрүлүшү керек болсо, 1337,1 миң сом өндүрүлгөн.
Шаарда 6193 пенсионерлер жашайт, толук бир айлык пенсия менен камсыздоо үчүн 36,4 млн. сом талап кылынат.
2017-жылы пенсияны төлөөгө 374,7 млн.сом каржыланган (2016-жылы-353,6 млн.сом). Пенсиянын орточо өлчөмү 5877 сомду түзөт. Пенсияны төлөп берүү боюнча карыздар жок.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-камсыздандыруу төлөмүн жана төлөмдөрдү толук көлөмдө чогултуунун пландуу көрсөткүчтөрүн аткарууну камсыздоо;
-пенсияны өз убагында жана толук көлөмдө төлөп берүүнү камсыздоо боюнча иштерди улантуу;
- камсыздандыруу төлөмүн жана төлөмдөрдүн карыздарын кыскартуу боюнча иштерди күчөтүү.
САЛАМАТТЫК САКТОО
2017-жылы 9295 адам ооруканага жаткырылган, бул мурунку жылга салыштырмалуу 532 адамга көптүк кылат (2016-жылы-8763), алардын ичинен жеңилдиктери бар адамдардын саны 5787, бул 62,3 % түздү.
2017-жылы демографиялык кырдаал төрөлгөндөрдүн 1,3% төмөндөшүн мүнөздөө менен белгиленген, жыл ичинде 1441 бала төрөлсө, мурунку жылы 1454 бала төрөлгөн. Жалпы өлүм коэффициенти 0,4 % азайган, же отчеттук мезгилде 416 адам болсо, мурунку жылы 423 адам болгон. Калктын табигый өсүшү 1,6 % төмөндөгөн, же 980 адам болсо, мурунку жылы 1031 адам болгон. Ошондой эле баңгилик боюнча көрсөткүч 10,2% жана өнөкөт алкоголизм 29,3% төмөндөгөн.
Наристелердин өлүмүнүн көрсөткүчтөрү 4,9 % көбөйгөн, 2017-жылы 21 болсо, мурунку жылы 14 болгон. Негизги себеп болуп наристелердин өлүмү перинаталдык патология болуп саналат. Ошондой эле кургак учук 25,6% өскөн, жыл ичинде 84 адам болсо, мурунку жылы 64 адам ооруга кабылган.
Ай сайын, ҮБМБнын дарыгерлери тарабынан энелердин өлүмүнө жол бербөө жана наристелердин өлүмүн кыскартуу боюнча талдоолор жүргүзүлөт.
Санитардык эпидемиологиялык абал отчеттук мезгилде төмөнкү көрсөткүчтөр менен белгиленген.
Шаарда кургак учук менен 84 оорулуу катталган. Кургак учук менен калктын ооругандары 100,0 миң адамга 128,1 көрсөткүчтү түзгөн, ал эми мурунку жылга салыштырмалуу көрсөткүч 102,5 болгон.
Жаңы төрөлгөн наристелерди эмдөөгө жана туберкулинди аныктоого көп көңүл бурулууда. Отчеттук мезгилдин ичинде эмдөөгө 1437 бала, же 95,4 % тартылган.
Оорулар түзүмүндө дем алуу органдарынын оорусу 1-орунда турат – 63,2%.
2017-жылы сасык тумоо оорусу менен 54 окуя катталган, мурунку жылы 15 окуя катталган. Жугуштуу ичеги оорусунун 536 окуясы катталып, бул мурунку жылга салыштырмалуу 15 окуяга көп.
2017-жылы 1019 объект текшерилип, 72 текшерүү рейддери жүргүзүлгөн. Иликтенген объекттер боюнча 58 жаза пул катталып, ал 180,0 миң сомду түзгөн, анын ичинен 171,0 миң сом өндүрүлгөн, 6 иш укук коргоо органдарына берилген, 110 объект убактылуу токтотулган. Медициналык кароодон өтпөгөндүгүнө байланыштуу 176 адам жумуштан четтетилди, 146 санитардык көрсөтмөлөр берилди, 6 арыз териштирилди. Санитардык-агартуу иштери боюнча 56 лекция окулду, 651 сүйлөшүүлөр өткөрүлдү, 13 бюллетень чыгарылды, “Меним шаарым Токмок” газетасында 9 макала чыгарылган.
Токмок аймактык ооруканасынын бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын колдоо үчүн учурдагы оңдоолор 1970,6, миң сомго жасалган, анын ичинен атайын каражаттардын эсебинен 789,9 миң сом жана бюджеттик каражаттан 1180,7 миң сомго жүргүзүлгөн. Канадалык кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүк жардамдарынын эсебинен балдардын соматикасы жана жаңы төрөлгөндөрдүн патологиясы бөлүмүнө 1310,0 миң сом суммасундагы кабыл алып-текшерүүчү блок курулган.
Бюджеттик каражаттарды ыңгайлаштыруу жана натыйжалуу пайдалануу максатында хирургия жаатындагы бөлүмдөр бириктирилип, бирдиктүү операция блогу түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 230,3 миң сом суммасына жана демөөрчүлүк жардамдардын 90,0 миң сом суммасына медициналык жабдуулар алынган.
Электрондук саламаттык сактоого өтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Милдеттүү медициналык камсыздоонун каражаттарына баасы 233,3 миң сомдук 13 компьютер сатылып алынган. “Адам” университети (Бишкек шаары) 10 компьютер, 1 ноутбук тапшырган.
Токмок шаардык ҮБМБнун №1 ҮБДТ жайгашкан имаратын 310,3 миң сомго учурдагы оңдоолор жүргүзүлүп, 522,4 миң сомго эмеректер, 167,8 миң сомго медициналык жабдуулар, 998,8 миң сомго дары-дармектер, 409,0 миң сомго компьютердик жабдуулар алынган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу Италия өндүрүшүнөн чыккан, баасы 11,5 миллион сомдук сандык (цифровой) рентген аппараты алынган.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-калкка сапаттуу медициналык тейлөө көрсөтүү жана жугуштуу оорулардын алдын алуу, медперсоналдын кадрдык курамын бекемдөө жана колдоо, ошондой эле медициналык мекемелердин жабдылышын жана ыңгайлаштырылуусун жогорулатуу боюнча иштерди улантуу;
-мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун өркүндөтүү жана жогорулатуу боюнча иштерди күчөтүү;
-саламаттык сактоо мекемелеринде жемкорлукка каршы аракеттер боюнча чараларды күчөтүү;
-шаардын калкын толук камтууну камсыздоо менен алдын алуу жана эпидемияларга каршы иш-чараларды жүргүзүлүшүнө көзөмөлдү күчөтүү;
-саламаттык сактоо объектилеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында гранттарды жана демөөрчүлүк жардамдарды тартуу боюнча иштерди жандандыруу.
БИЛИМ БЕРҮҮ
2016-2017-окуу жылынын башталышына Токмок шаарынын 13 мектептеринин 488 комплектелген класстарында жалпысынан 14636 окуучу бар.
2016-2017-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жетишүү (успеваемость) 100% түздү, 816 окуучу мыкты окугандар, 3476 окуучу жакшы окугандар.
Билимдин сапаты 38,0 % түздү. Билим сапатынын өсүүсү 1,0% түзгөн. Педагогикалык кадрлар менен камсыздоо 99,0 % түздү. Англис тили, информатика, музыка боюнча 15 мугалимге талап бар.
2017-жылы жалпы билим берүүчү төмөнкү мектептердин капиталдык ремонту 24 636,3 миң сомго жасалган (анын ичинде республикалык бюджеттен 22562,9 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 2067,2 миң сом). Анын ичинен:
-№6 орто мектебине республикалык бюджеттен 18,0 млн. сом (чатырын, 3 кабаттагы жылуулук тармактарын, терезелерин пластик терезеге алмаштыруу, имараттын маңдайкы бетин оңдоолор жүргүзүлгөн);
-№5 орто мектебине 2063,5 миң сом (анын ичинде республикалык бюджеттен 1393,7 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 670,1 миң сом);
-№7 орто мектебине 1716,9 миң сом (анын ичинде республикалык бюджеттен 1138,1 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 572,7 миң сом);
-№13 орто мектебине 2855,8 миң сом (анын ичинде республикалык бюджеттен 2031,5 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 824,4 миң сом).
Мектептерди учурдагы оңдоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 593,7 миң сом бөлүнгөн, анын ичинде №6 и 8 орто мектептерине, № 2 бала бакчага 16,0 миң сом. № 6, № 7 орто мектептеринин жылуулук тармактарын оңдоо иштерине 138,5 миң сом бөлүнгөн.
Өбөлгөлөөчү гранттардын эсебинен №5 орто мектебинде (тосмо), №5 орто мектебинин филиалында (спорт аянтчасы), №7 орто мектебинде (жылуулук тармагы) 8600,0 миң сом суммасындагы каражатка оңдоо иштери өткөрүлгөн.
2016-2017-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча эки окуучу Ж.Баласагын атындагы Токмок лицейинин окуучусу Садырбеков Нурдас (223 балл), А.С.Пушкин атындагы №1 орто мектеп-гимназиясынын окуучусу Ахматова Камила (219 балл) алтын сертификаттын ээлеринен болуп калышты. Тилекке каршы алтын сертификатка талапкерлердин дагы бири Урин Авель (218 баллов) баллы жетпей калгандыктан планшет жана 10 000 сом суммасындагы сыйлык алган.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы дагы окууну бүтүргөндөрдүн жогорку окуу жайларында окуулары үчүн сапаттуу окуунун жана даярдыктын көрсөткүчү болуп эсептелет. «Алтын тамга» тестирлөөсүнүн жыйынтыктары боюнча 3 окуучу, №1орто мектеп-гимназиясынын окуучулары Бозова Г. менен Шералиева А. жана Ж.Баласагын атындагы Токмок лицейинин окуучусу Мадали уулу Ахмад өзгөчө үлгүдөгү аттестатка татыктуу экендигин тастыкташты.
2016-2017-окуу жылында 31 байгелүү орунду ээлеп, республикалык Олимпиадага катышкандар 3 байгелүү орундарды жеңип алышкан.
2017-жылы демөөрчүлүк жардам көрсөтүлгөн:
-Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги окуу максаты үчүн муляждарды, фантомдорду сатып алууга Токмоктогу мелдициналык колледжге 3,0 млн. сом бөлүп берген.
-Токмок шаарындагы мектептерге баардыгы 1 млн. 192 миң сом, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына 1 млн. 455 миң сом жана балдар менен өспүрүмдөрдүн чыгармачыл борборуна 450,0 миң сом.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-билим берүү мекемелеринде окутуу-тарбиялоо процесстеринин жүрүшүнө, укук бузуулардын алдын алуу, педагогикалык чеберчиликти жогорулатуу, санитардык-гигиеналык абалын сактоо иштерине дайыма көзөмөл жүргүзүүнү ж.б. камсыздоо;
-педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди күчөтүү;
-окуучулардын билим сапатын жогорулатуу боюнча иштерди күчөтүү;
- демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын каражаттарын, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт фонддордун, гранттардын каражаттарын пайдалануу менен шаардын билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча иштерди улантуу;
-№9 жана №2 ортомектептердин жылуулук тармактарын жана №7 орто мектептин ичиндеги ажаткананы капиталдык оңдоодон өткөрүү.
Токмок шаарынын 2017-жылдагы социалдык өнүгүүсүнүн негизги индикаторлору
Индикаторлордун аталыштары | Че-нем бир-диги | 2015-жыл | 2016-жыл | 2017-жыл. | Четтөө (+ -) |
|
Мамлекеттик жөлөк пул алуучулардын баардыгы | адам | 1275 | 1291 | 1447 | +156 | |
Мамлекеттик жөлөк пул менен камсыздоо (каржыланды) | млн./сом | 28344,2 | 28761,2 | 29817,0 | +1055,8 | |
Акчалай компенсациялар (м/б) | млн./сом | 169 74,7 | 13921,0 | 12879,2 | -1041,8 | |
Жергиликтүү бюджеттен жарандардын жеңилдик алуучу категорияларын каржы менен камсыздоо | млн./сом | 2652,9 | 2370,0 | 2534,1 | +164,1 | |
Жакырлыктын деңгээли | % | 11,4 | 10,8 | 10,7 | -0,1 | |
Камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыздар | млн./сом | 21,6 | 19,6 | 16,3 | -3,3 | |
Пенсия төлөмдөрүнө жылдык талап | млн./сом | 321,4 | 389,2 | 436,8 | +47,6 | |
Баардык жаткырылганы | адам | 8754 | 8763 | 9295 | +532 | |
Кошумча төлөмдөрдөн бошотулгандары | адам | 57 | 64 | 48 | -16 | |
Төрөлүү | адам | 1426 | 1454 | 1441 | -13 | |
Жатуучу орундардын саны | орун | 246 | 240 | 235 | -5 | |
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн текшерүүлөрүнүн саны | саны | 1114 объект 1463 текшер-илген | 877 объект 955 текшер-илген | 905 объект 1019 текшер-илген | +28 Объект +64 текшер-илген | |
Ветеринарной лабораториянын текшерүүлөрүнүн саны | саны | 1525 | 2953 | 9901 | +6948 |
|
Жумушсуздардын саны | адам | 405 | 327 | 221 | -106 |
|
Эсепте турганы | адам | 582 | 429 | 242 | -187 |
|
Жумушсуздук боюнча жөлөк пул алуучулар | адам | 34 | 34 | - Бюджеттин тартыштыгына байланыштуу төлөнгөн эмес |
|
|
Коомдук акы төлөнүүчү иштерге жиберилген | адам | 50 | 25 | 35 | +10 |
|
Кесиптик окууга жиберилген | адам. | 38 | 50 | 56 | +6 |
|
Жумушка орноштурулган | адам | 770 | 446 | 451 | +5 |
|
Билимдин сапаты | % | 37% | 37% | 38% | +0,1 |
|
Окуу китептеринин толуктугу | % | 78% | 70% | 76,5% | +6,5 |
|
Педагогикалык кадрлардын толуктугу | % | 501 | 507 | 715 | +208 |
|
Маданият бөлүмү тарабынан өткөрүлгөн иш-чаралардын саны (чоңдору) | саны | 90 | 100 | 140 | +40 |
|
Катышкандардын саны | адам | 16000 | 18000 | 22000 | +4000 |
|
Спорттук иш-чаралардын саны | саны/адам | 965/25 | 1150/31 | 1085/23 | -8 |
|
Жергиликтүү бюджеттен иш-чараларды каржылоону камсыздоо: |
млн./сом | 26192,0 | 27108,4 | 22033,5 | -5074,9 |
|
-билим берүү; |
| 16520,0 | 17019,0 | 15930,4 | -1088,6 |
|
-саламаттык сактоо; |
| 960,0 | 845,6 | 322,2 | -523,4 |
|
-маданият; |
| 3024,3 | 2986,0 | 2116,6 | -869,4 |
|
-спорт; |
| 4343,4 | 4862,9 | 3276,3 | 1586,6 |
|
-социалдык коргоо |
| 1344,3 | 1394,9 | 388,0 | -1006,9 |
|
МАДАНИЯТ
2017-жылы 140 пландаштырылган иш-чаралар өткөрүлдү, анын ичинде 30у чоң иш-чаралар.
Кыргыз Республикасынын Президентинин «2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Токмок шаарынын Маданият бөлүмү “Рухий мурас булагы”, “Тагдыр жана талант”, “Ак калпак баяны”, “Мамлекеттик желек элибиздин рухий дөөлөттөрүнүн тарыхы”, “Маданият улуттун күзгүсү”, «Улуу акынга таазим», «Мидин-акын, сатирик», «Китеп адамзаттын акылы» жана башка маектешүүлөр өткөрүлдү. Китеп жана темтикалык көргөзмөлөр уюштурулуп, ар кандай темадагы семинарлар, диспуттар, аңгемелешүүлөр жана кеңешмелер өткөрүлүп турат.
2017-жыл аралыгында Токмок шаарынын Маданият бөлүмүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан бекитилген иш-чаралардын планына ылайык Токмок шаарынын 150 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча белгилүү иштер аткарылган. Мисалга алсак, “Токмок – өткөндөгүнүн улуу шаары, биздин келечегибиздин шаары”, “Менин ажайып шаарыма 150 жыл” китеп көргөзмөлөрү коюлган. Тематикалык аңгемелешүүлөр, викториналар, кечелер, сынактар, экскурсиялар өткөрүлүп, лекциялар окулган. Тарыхый-мекен таануу музейинде “Шаардын тарыхы” клубу ачылган.
2017-жылы ноябрда Токмок шаарынын 150 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чара ийгиликтүү өткөрүлүп, ага Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Д.Кенекеев баш болгон республиканын баардык облустарынан ардактуу жана кадырман меймандар катышкан.
11 улуттук-маданий борборлордун катышуусу менен “Токмок биримдиктин, теңчиликтин жана достуктун шаары” аталышындагы адабий-музыкалык кече өткөрүлгөн. Ошондой эле акын-жазуучулардын, ардактуу атуулдардын жана Достук үйүнүн мүчөлөрүнүн, “Ивушка” жамааты менен “Бурана” музей-мунарасынын директору А.А.Шаменованын, студенттер менен №5 орто мектептин жана №1 орто мектеп-гимназиясынын окуучуларынын катышуусунда кече өткөрүлгөн.
Н.Байтемиров атындагы Маданият ордосу жаштар жана өсүп келе жаткан муундар менен маданий-эс алуу жана маданий-массалык иштерди алып баруудагы социалдык-маданий борбор болуп эсептелет.
Н.Байтемиров атындагы Маданият ордосунда “Баласагын”, “Бурана-Ак элечек айымдары» фольклордук топтору, “Славянка” ардагерлер хору иштешсе, балдар менен “Жаштык”, “Биримдик” чыгармачылык бий жамааттары иш алып барышат.
Борбордук китепканалар тармагы боюнча бүгүнкү күндө маданият мекемелеринин ар кандай пайдалануучулары үчүн, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга адабиятты пайдаланууга эркин мүмкүнчүлүк жана Борбордук китепканада, Маданият ордосунда, Тарыхый-мекен таануу музейинде WI-FI эркин аймагы бар.
Китеп жана тематикалык көргөзмөлөрү уюштурулуп, ар кандай темалардагы семинарлар, оозеки тартыштар, аңгемелешүүлөр жана отурумдар өткөрүлүп турат.
Бүтүндөй алып келгенде маданият мекемелеринин иштери шаардыктардын рухий-адептүүлүк жана эстетикалык талаптарын канааттандырууга багытталган.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-мазмундуу фестивалдарды, кароо-сынактарды, көргөзмөлөрдү ж.б. иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү, ошондой эле жогорку деңгээлдеги кесиптик аткаруучуларды тарбиялоо менен шаардыктардын жалпы көркөм-чыгармачылыгын мындан ары өркүндөтүү боюнча иштерди улантуу;
-калктын көп санын камтыган кызыкчылыктары боюнча клубдардын, ийримдердин санын көбөйтүү боюнча иштерди улантуу;
-шаардагы өткөрүлүүчү жалпы-маданий жана эс алуу иш-чараларынын сапатын жогорулатуу;
-“Кырчын” жайлоосунда өткөрүлөөрү белгиленип жаткан Бүткүл дүйнөлүк III Көчмөндөр оюндарын өткөрүү мезгилиндеги иш-чараларга катышууга даярдыкты камсыздоо;
-№2 жана №6 орто мектептеринин аймагында калкты китепканалык тейлөө боюнча чараларды кабыл алуу.
ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТТУ ӨНҮКТҮРҮҮ
2017-жылы Токмок шаардык Дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан бекитилген иш планына жана күн барактык иш планына ылайык белгилүү даталарга жана майрамдарга спорттук-массалык 23 иш-чаралар өткөрүлдү.
2 миңден ашык шаардын тургундары дайыма спорт секцияларында машыгышат. Шаарда спорттун 21 түрү боюнча спорт секциялары иштейт.
Биздин шаардын спортчулары 34 эл аралык, 41 республикалык, 3 облустук мелдештерге жана турнирлерге жана оор атлетика боюнча 6 окутуучу-машыгуу жыйындарына катышты, анын ичинен:
-Токмок шаардык мэриясынын байгеси үчүн кичи-футбол оюну боюнча “Ата-Мекенди коргоочулар” күнүнө арналган эл аралык мелдеш өткөрүлдү;
-“Шумкар” спорткомплексинде эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлдү;
-эл аралык класстагы спорттун устаты Руслан Абасовдун элесине арналган, кикбоксинг боюнча эл аралык турнир өткөрүлдү;
-Кыргыз Республикасынын шаардык кеңештеринин депутаттарынын арасында кичи-футбол боюнча республикалык турнир өткөрүлдү;
-2017-жылдын 8-майында “Ыйман, адеп жана маданият жылынын” акагында Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 72 жылдыгына арналган “Жылдыздуу эстафета” өткөрүлгөн.
-Токмок шаарынын 150 жылдыгына жана Ыйман, адеп жана маданият жылына арналган Токмок шаардык мэриясынын кызматкерлери менен түзүмдүк бөлүмдөр арасында Спартакиада (спорттун 9 түрү боюнча) өткөрүлгөн.
Токмок шаарынын мыкты спортчулары Кыргыз Республикасынын курама командасы менен бирге Дүйнөлүк жана Азиянын чемпионаттарына катышып, байгелүү орундарды ээлешти, анын ичинен:
- кикбоксинг боюнча спортчулар Карловац (Хорватия) шаарындагы Европанын Ачык Кубогуна катышып баары Чемпион болушкан, алар: Джолдошев Данияр, Баратов Акрам, Хабутов Шерзод, Маслянов Дильшат, Паншаров Муса;
- Москва шаарында Токмок шаарынын спорт мектебинин оор атлетика боюнча машыктыруучу-окутуучусу Куйкеев Азизбек оор атлетика боюнча Ачык Чемпионатка катышып коло медалды жеңип алган;
-Ашхабад шаарындагы (Түркмөнстан) Азия Чемпионатында кикбоксинг боюнча Хабутов Ш, Паншаров М, Баратов А жана Абдраимов М. чемпион болушкан;
-Филиппиндеги Пуэрто-Принцесса шаарындагы бокс боюнча Азия чемпионатында Ибраимов М. коло медалга ээ болгон;
-Ташкент шаарындагы дзюдо боюнча Азия чемпионатында Гончаров П. коло медалга ээ болгон;
-Ташкент шаарындагы Азия Кубогунда күмүш байгеге Дубов С. ээ болгон.
Ошондой эле спортчулар катышкан:
-Өзбек Республикасынын Президентинин, Азербайжан Республикасынын Президентинин Кубоктору үчүн бокс боюнча Эл аралык турнирлерге;
-Анталья шаарындагы (Түркия) дзюдо күрөшү боюнча ачык Европа Кубогуна;
-Сполетто шаарындагы (Италия) шахмат боюнча Дүйнөлүк чемпионатка.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-жаңы спорт аянтчаларын түзүү боюнча чараларды кабыл алуу;
-бир катар жалпы билим берүү мектептеринде, атайын орто окуу жайларында жана башка мекемелерде дене тарбия жана спорт боюнча жаңы секцияларды түзүүнү улантуу;
-тургундар арасында жалпы чуркоо, спорттук үй-бүлөлөр, короолор командалары арасында мелдештер, мектептердин жана мекемелердин ар түрдүү турнилери катары массалык-дене тарбия жана ден соолугун чыңдоочу бир нече иш-чараларды даярдоо, өткөрүү.
ӨКМ
2017-жылдын январь айында жер алдындагы суунун деңгээлинин көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу Токмок шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланган (Токмок шаардык мэриясынын 2017-жылдын 24-январындагы №8 буюрмасы).
Токмок шаарынн аймагындагы жер алдындагы суунун деңгээлинин жогорулашына байланыштуу кесепеттерди жоюу максатында белгилүү иштер аткарылган.
2018-жылдын 16-январына карата:
Токмок шаарынын аймагындагы коллектордук-дренаждык тармактын жалпы узундугу 18166 метрди түзөт.
Коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо жана тереңдетүү боюнча ачык түрдөгү коллектордук-дренаждык тармактардын узундугу 12556 метрди, аткарылган иштердин көлөмү 18834 кубометрди түзгөн. 5270 литр дизель отуну пайдаланылган. 35 көпүрө жана куурлар (лотки) орундарынан алынган.
ӨКМдин Токмок шаары боюнча бөлүмүнүн, Токмок шаарынын коммуналдык кызматтары менен уюмдарынын күчтөрү менен кесепеттерди жоюу үчүн баардык чаралар көрүлгөн. Ага шаардын баардык кызматтарынын техникалары тартылган. Мисалга алсак:
-ӨКМдин күчү менен 1866 метр узундуктагы, көлөмү 1702 кубометр коллектордук-дренаждык тармак тазаланган.
-Кыргыз Республикасынын ӨКМи 2460 метр узундуктагы, көлөмү 1774 кубометр.
-Чүй Суу чарбасы 265 метр узундуктагы, көлөмү 132 кубометр.
-Коммуналдык ишканалар комбинаты 155 метр узундуктагы, көлөмү 75 кубометр.
-Чүй токой чарбасы 861 метр узундуктагы, көлөмү 742 кубометр.
- УСМ 620 метр узундуктагы, көлөмү 930 кубометр.
-“Теплоснабжение” 170 метр узундуктагы, көлөмү 301 кубометр.
- “Токмок Водоканал” 315 метр узундуктагы, көлөмү 302 кубометр.
-“Спецтехстрой” ЖЧКсы 740 метр узундуктагы, көлөмү 1530 кубометр (Ибраимов көчөсүндө 320 метр узундуктагы, “Манап-Бий” эстелигинин тегерегинде 420 метр узундуктагы) коллектордук-дренаждык тармакты тазалашкан.
Чүй токой чарбасы өз аймагында өз күчтөрү менен 2000 метр узундуктагы, көлөмү 2500 кубометр коллектордук-дренаждык тармакты тазалаган.
Мындан сырткары көмөк көрсөтүү үчүн Чүй облусунун 5 районунан (Кемин, Жайыл, Москва, Панфилов, Сокулук) күчтөр жана каражаттар тартылып, алар тарабынан 4960 метр узундуктагы, көлөмү 7440 кубометр коллектордук-дренаждык тармакты тазалоо жана тереңдетүү боюнча иш-чаралар аткарылган.
Коллектордук-дренаждык тармакты тазалоого жолтоо болгон бак-дарактарды санитардык кыюу жүргүзүлгөн. 2018-жылдын 15-январына карата байкоолорго ылайык жер алдындагы суунун деңгээли 30 сантиметрден 45 сантиметрге чейин төмөндөгөн. Анын ичинде:
-С.Ибраимов көчөсүндө 50 см;
-Ы.Борончиев көчөсүндө 45 см;
-Слободка көчөсүндө 50 см;
-Береговой көчөсүндө 45 см;
-Казахстан-Совет көчөлөрүндө 48 см;
-Чапаев көчөсүндө 37 см;
-Кыргыз-Жеңиш көчөлөрүндө 57 см;
-Колхоз-Охотничий көчөлөрүндө 45 см;
-Курчатов-Набережный көчөлөрүндө 35 см;
Бул багыттагы иштер улантылууда.
Мындан сырткары 2017-жылы ӨКМдин Токмок шаары боюнча бөлүмү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилиги тарабынан өткөрүлгөн иш-чараларга, ошондой эле Токмок шаарын ыкчам даярдоо иш-чараларына катышкан. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчтөрү менен жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен коркунучтун алдын алуу боюнча атайын жоюу иш-чаралары боюнча коргонуу иш-чаралары өткөрүлгөн.
Бишкек-Торугарт айланма автожолунун 59-километринде Чүй дарысынын сол тарабында коргоо дамбасын куруу боюнча калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн. Дамбанын долбоор боюнча узундугу 144 метрди, бийиктиги 9 метрди түздү. Бекитилген долбоордук-сметалык баасы 4 миллион 690 миң сомду түзгөн. Иш Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аткарылган. Учурда баардык иштер аяктап, ал жер Чүй токой чарба башкармалыгынан ээлигине өткөрүлүп берилген.
Өрткө каршы коопсуздук боюнча 2017-жылы Токмок шаарынын аймагында 170 өрт чыгып, материалдык чыгым 1,9 миллион сомду түзгөн. Бактыга жараша өлүм жок. Мындан сырткары 13 жол кырсыктары катталып, 10 адам каза болгон. Жалпыга маалымдоо каражаттарында 80 макала жарыяланып, 2773 адамды камтыган 44 лекциялар окулган, 8000 адамды камтыган 3183 тескемелер өткөрүлгөн
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
- жер алдындагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүн азайтуу жана кесепетин жоюу боюнча иштерди улантуу;
-өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча жер алдындагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө мониторингди туруктуу негизде жүргүзүү.
МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИК БАШКАРМАЛЫГЫ
2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Токмок шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын киреше бөлүгү 90,6 % аткрылды же бекитилген пландагы 9500,0 миң сомдун ордуна иш жүзүндө 8609,6 миң сом түшүп, бул өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу 2,7 млн. сомго аз (2016-жылы-11,3 млн. сом).
Жерлерди ижарага берүү бөлүгү боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 112,8% түзүп, пландагы 5170,0 миң сомдун одуна 5832,6 миң сом түшкөн (2016-жылы – 5166,2 миң сом).
Отчеттук мезгилде колдонбогон турак-жай бөлмөлөрдү ижарага берүү максатында 36 келишим 1885,3 миң сомго түзүлгөн.
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн муниципалдык жайларды, имараттарды жана курулмаларды ижарага берүү боюнча бөлүгү 113,0 % аткарылды, пландагы 1750,0 миң сомдун ордуна, иш жүзүндө 1977,6 миң сом түштү, бул мурнку жылдын деңгээлинен 267,8 миң сомго арбын.
Ижарага жалпы аянты 55,1 миң чарчы метр 54 жер тилкеси 1220,4 миң сомго берилген.
Отчеттук мезгилде Токмок шаардык курулуш жана жерди пайдалануу комиссиясынын 10 отуруму өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык 243 ар кандай мүнөздөгү маселелер каралды. Чектерди аныктоо боюнча 9 жолу комиссиялык жерине чыгуулар жүргүзүлгөн.
Учурда Токмок шаардык курулуш жана жерди пайдалануу комиссиясынын кароосуна 60 иш даярдалган. 2017-жылы 13 доо арыздары каралган.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында аукцион өткөрүү жана түз сүйлөшүүлөр боюнча 12 макала чыккан, анын ичинде 6сы коомдук угуулады өткөрүү жөнүндө, 6сы аукцион өткөрүү боюнча.
Уюмдардын өзүндө негизги каражаттарды эсептен чыгарууда жемкорлук көрүнүшүн жоюу максатында Токмок шаардык кеңеши тарабынан “Токмок шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө” Жобо иштелип чыгып, бекитилген.
Жеңилдетилген конструкциядагы соода объектилерин ар дайым (күркөлөрдү, соода чатырлары ж. б.) каттоо жүргүзүлүп турат жана ошондой эле муниципалдык менчиктеги жерди мыйзамдуу пайдалануу тартиби каралат. Өз бет алдынча коюлган соода объектилери, жарнак такталары алынып салат. Соттун чечими менен 2 тандыркана бузулган.
Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан шаардын көчөлөрүн тазалоо жана тартипке келтирүү максатында шаардын тургундарына өздөрүнө жакын жерлерди көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча 43, коммерциялык субъектилерге 200 эскертүүлөр берилген. Шаардын тиешелүү кызматтары менен бирдикте борбордук “Булак” жана "Мүрөк" базарларында башаламан соода болтурбоо боюнча иш жүргүзүлүп жатат.
Отчеттук мезгилде жол оңдоо жумуштары төмөнкү көчөлөрдө болду: бүтүндөй асфальттоо Орозбеков көчөсүндө 1,7 ч.м 937,4 миң сомго, Шамшы көчөсүндө. 3,2 ч.м на 1915,5 миң сомго, Дзержинский жана Тынчтык көчөлөрүндө 681 ч.м2 316,5 миң сомго. Ошондой эле өбөлгөлөөчү гранттардын эсебинен Колхоз көчөсүндө бүтүндөй асфальттоо жана чуңкур оңдоо 2,5 ч.м. 1764,0 миң сомго жүргүзүлгөн. Шамшы көчөсүн Жантаев көчөсүнөн Ленин көчөсүнө чейин 11512,5 миң сом суммасындагы 25,8 миң чарчы метр жол бүтүндөй асфальтталган.
Стимулдук гранттар боюнча 6 долбоор ишке ашырылган, анын ичинде: №5 орто мектебинин аймагын тосуу, №13 орто мектептин аймагында чакан футбол аянтчасын куруу, Токмок шаарындагы Ленин, С.Ибраимов, Фрунзе көчөлөрүндөгү жана Манап бий сейил багындагы лампаларды (Ромашка түркүгү) алмаштыруу, №7 орто мектептин жылуулук тармагын оңдоо, Жантаев, С.Ибраимов, Совет, Гагарин, Кыргызстандын 50 жылдыгы, Шамшы, Дубовицкий, Тынчтык жана Токмок көчөлөрүндөгү лампаларды алмаштыруу. Баардык иштерге республикалык бюджеттен 3266,3 миң сом, жергиликтүү бюджеттен үлүштүк салымы менен 4375,3 миң сом сарпталган.
2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020” ипотекалык программасы боюнча 13 адам турак-жай алууга арыз берип, кезек күткөн атуулдар катталган журналга катталышкан. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ипотекалык Программасына катышууга 60 адам катталган.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-шаардын Башкы планын иштеп чыгуу боюнча иштерди өткөрүү;
-Токмок шаарынын аймагындагы коллектордук-дренаждык тармакка укук берүүчү документтерди каттоо боюнча Мамлекеттик каттоо менен биргеликте тишелүү иштерди өткөрүү;
-муниципалдык менчик объекттерин ишкердик субъекттерине ижарага берүү боюнча иштерди улантуу;
-муниципалдык менчик объекттерин мамлекеттик катоо боюнча иштерди улантуу;
-шаардын көчөлөрүн ремонтоо иштерин белгиленген мөөнөттө бүткөрүү;
-Токмок шаарынын Өнүгүү программасына ылайык пландалып жаткан долбоорлор боюнча долбоордук-сметалык документацияны иштеп чыгууну өткөрүү.
УКУК ТАРТИБИ
Токмок шаардык ИИБ тарабынан укук бузуулардын жана кылмыш иштеринин алдын алууну үзгүлтүксүз жүргүзүүнүн негизинде, жашы жете электердин укук бузууларын эскертүү, көчөлөрдөгү кылмыштуулуктар жана уурулуктар, диний экстремизм менен күрөшүү чаралары, кылмышкерлерди жана дайынсыз жоголгондорду издөө туруктуу ишке ашууда, баңгизат бизнеси менен күрөшүү боюнча, экономикалык кылмыштуулуктар, жемкорлуктун көрүнүштөрү менен иштер жүргүзүлүүдө, шаардыктардын коопсуздугу жана коомдук тартип камсыз болууда.
2017-жылы 582 кылмыш катталса, мурунку жылдын ушул эле мезгилинде 570 кылмыш иши катталган, анын ичинен 446 кылмыш иши ачылса, мурунку жылы 438 кылмыш иши ачылган, ачылган кылмыштар 76,6 % түздү, кылмыштуулукту ачуу мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,2 % азайган.
Оор жана өзгөчө оор кылмыштуулуктун саны 31 болсо, мурунку жылы 48, анын ичинен 30 кылмыштын бети ачылган (мурунку жыл 42). Мурунку жылга салыштырганда кылмыштын бетин ачуу 96,8 % түзүп, 9,3% көбөйгөн.
Киши өлтүрүү -9, мурунку жылы -11; ачылганы-9, кылмышты ачуу 100,0 % түздү, тоноо -16, мурунку жылы 38, ачылганы 14, бул 87,5% түздү жана ачылыштын өсүүсү 5,9% түздү. Карактоо 7, мурунку жылы -13, иштин ачылганы -6, иштин ачылышы 85,7 % түздү. Башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо - 313, мурунку жылы 248, иштин ачылганы-204, же бетин ачуу 65,2 % түздү. Батирлерди тоноо 109, мурунку жылы 80, ачылганы 79, же бетин ачуу 72,5 % түздү.
2017-жылы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүчү тобу тарабынан (ГБНОН) 33 факт аныкталган, мурунку жылы 40, анда кылмыштуу жүгүртүүдөн былтыркы жылдын отчеттук мезгилинде 14,4 кг. баңги заты алынган, мурунку жылы 53,4 кг..баңгизат алынган. Ыкчам маалыматтар боюнча мурунку жылдагы 34 окуянын ордуна 23 окуя катталып, бул 11 окуяга аз.
Токмок шаарынын ИИБ ЖККБ тарабынан 1023 жол кыймылынын эрежесин бузуулар катталса, мурунку жылдын отчеттук мезгилинде 774 жол кыймылынын эрежесин бузуулар катталган жана 249 окуяга өсүп кеткен, же 32,1% көбөйгөн .
Былтыр 71 жол кырсыктары катталса, , мурунку жылы 101 жол кырсыктары катталып, 94 адам жаракат алган. Мурунку жылга салыштырмалуу жол кырсыктары 30 окуяга аз катталып, бул 29,7% кыскаргандыгын билдирет. Анын ичинде жашы жете электер менен 20 жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болгон жана 19 адам жабыркаган.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-жасалган кылмыш иштерин ачууда жана аныктоодо иликтөөчү жана ыкчам топторунун иштерин жандандыруу;
-жол-транспорт кырсыктарын болтурбоо боюнча ишти жандандыруу;
-укук бузуулардын алдын алуу боюнча жана ушул максатта үгүттөө жана үйрөтүү иш-чараларын даярдоо жана өткөрүү боюнча иштерди күчөтүү;
-Токмок шаардык мэриясы, бейөкмөт жана укук коргоо уюмдары тарабынан, коомчулук менен өз ара аракеттенүү боюнча иштерди жандандыруу;
-окуу жайлардын, уюмдардын, мекемелердин жамааттары аркылуу коомдо толеранттуулукту тарбиялоо боюнча иштерди жандандыруу;
-улутчулук көрүнүштөрдүн жана мүмкүндүү терроризмдин актыларын алдын алуу боюнча зарыл чараларды кабыл алуу.
III БӨЛҮМ
ТУРАК-ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБАСЫ ЖАНА ШААРДЫ КӨРКТӨНДҮРҮҮ
ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБАСЫ
Токмок шаарынын турак жай-коммуналдык чарбасында инженердик- техникалык тармактарды оңдоп-түзөө, кайрадан куруу, коммуникацияларды кеңейтүү, тиричилик фондун кармоо жана оңдоп-түзөө боюнча иш-чаралардын программасы жүзөгө ашырылууда.
Бүгүнкү күндө шаардын турак жай фондун кармоо жана тейлөө менен 50 ТЖМЭШ, 1 «ТЖЭУ» МИ, 1 «Жилсервис» ЖЧК жана аскер гарнизонунун үй башкармалыгы иштейт.
2017-жылы Коммуналдык ишканалар комбинаты тарабынан таштандыларды чыгаруу боюнча көрсөтүлгөн тейлөөлөрү үчүн дебитордук карыздарды жоюу боюнча белгилүү иштер өткөрүлгөн.
Бардык кыйынчылыктарга карабастан, коммуналдык кызматтар жашоонун бардык ченемдерине жана параметрлерине тиешелүү көрсөтүлгөн тейлөөлөрдүн өз убагында жана сапаттуулугун камсыздоодо.
2018-жылдын1-январына карата дебитордук карыздар:
-«Токмок жылуулук менен камсыздоо ишканасы» МИ –28,2 млн. сом, анын ичинде калк –20,5 млн.сом. Мурунку жылдын ушул мезгилине караганда дебитордук карыздардын төмөндөшү 29,8 % түзгөн.
-“Токмок Жылуулук” МИ боюнча -9,7 млн.сом, анын ичинде калк – 1,8 млн.сом. Мурунку жылдын ушул мезгилине караганда дебитордук карыз 12,0% төмөндөгөн. “Газпром Кыргызстан” ЖЧК алдындагы кредитордук карыз 2018-жылдын1-январына карата 22,1 млн. сомду түзгөн.
- «Токмок Водоканал» МИ боюнча – 8,0 млн.сом, анын ичинде калк – 5,3 млн.сом, мурунку жылга салыштырганда дебитордук карыз 8,4 % төмөндөгөн.
-Токмок РЭТ боюнча – 21,6 млн.сом, анын ичинде калк 13,1 млн.сом, мурунку жылга салыштырганда дебитордук карыз 1,9 % төмөндөгөн.
Европа өнүктүрүү банкы тарабынан берилүүчү 5,1 млн. ЕВРО көлөмүндөгү каражатка “Токмок шаарын суу менен камсыздоо жана агынды суулардын тутумун жакшыртуу” долбоору боюнча иш-чаралар ишке ашырылуу алдында турат. Учурда Субкредиттик келишимге кол коюлган. “Еврибор” пайыздык ставкасын 2,5%дан 1,5%га төмөндөтүү боюнча жана жеңилдик мезгилин 2019-жылдан 2029-жылга чейин узартуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасыын буу казан чарбасы менен жылуулук трассасын реконструкциялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду аркылуу республикалык бюджеттен ссуда алынган. Иш жүргүзүү боюнча тендер өткөрүлгөн.
2 буу казанын сатып алып орнотуу жана аларды ишке киргизүү үчүн иштерди аткаруу алдыда турат.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-“Токмок жылуулук менен камсыздоо” ишканасы жана “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасы тарабынан 2017-2018-жылдардын жылуулук берүү мезгилин үзгүлтүксүз өтүүсүн камсыздоо;
- «Токмок Водоканал» МИ тарабынан «Токмок шаарын суу менен камсыздоо жана агынды суулардын тутумун реабилитациялоо” долбоорун ишке ашуусуна толук көмөк көрсөтүү;
- коммуналдык ишканалар дебитордук карыздардын деңгээлин кыскартуу боюнча даректүү иш алып баруу менен соттук тартипте карыздарды кайтаруу тажрыйбасын колдонуусу жана жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтарды чагылдыруусу.
КӨРКТӨНДҮРҮҮ
2017-жылы шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, сугат тармактарын кармоо, көчө жарыктарын кармоо, санитардык тазалоо, жашылдандыруу чарбасын кармоо, дренаждык каналдарды калыбына келтирүү жана оңдоо, жол-көпүрө каналдарын кармоо жана автомобиль жолдорун кышында кармоо иш-чаралары откорүлгөн.
2017-жылы шаарды көрктөндүрүү боюнча иштердин көлөмү 23,9 млн. сомду түзгөн.
Шаар боюнча баардыгы 61,4 миң куб.м. таштандылар чыгарылып, анын ичинде жазгы ишембиликтерде шаарды тазалоодо комбинат тарабынан 3,1 миң куб.м. таштанды чыгарылган.
55 түп сосна көчөттөрү отургузулуп, питомниктин аймагында 5500 терек калемчелери отургузганга даярдалды. Шаардын көчөлөрүндөгү 1609 бактарды бутоо аткарылды. Сугат суусун жүгүртүү үчүн арык тутумунун 14,1 км. тазаланды жана оңдолду.
Жаныбарлардын кутурма оорусунун алдын алуу максатында 1684 жолбун иттер атылган.
Көчөлөргө жарык берүүчү 1258 шам чырактарды жана 8 светофордук объекттерди тейлөө боюнча иштер дайыма жүргүзүлдү.
Шамшы көчөсүндө 24 отургуч жана 24 урна орнотулган, ошондой эле кичи райондо 4 отургуч жана 4 урна орнотулган.
Санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, көчөгө жарык берүүчү объектилерди, светофорлорду ж.б. тейлөө иштери улантылууда.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн кошумча 31 жол белгилери орнотулуп 775,1 чарчы метр жол белгилери тартылды.
“Токмок шаарында таштандыларды натыйжалуу чогултуу, ташып чыгууну жана жок кылууну уюштуруу” МЖШ (ГЧП) долбоорун ишке ашыруу үчүн консультативдик кызматын каржылоо максатында сынакты кайрадан өткөрүү алдыда турат.
2018-жылдын алдыдагы мезгилинде зарыл:
-шаарды көрктөндүрүү, инфраструктурасын реконструкциялоо, баш аламан таштандыларга жол бербөө жана келишимдеги милдеттерге ылайык турмуш тиричилик таштандыларын өз убагында чыгаруу иштери сапаттуу жүзөгө ашырылышы боюнча иштерди улантуу;
-шаардын ТЖМЭШтери, АКӨБдөрү менен келишимдеги милдеттенмеге ылайык аткарылышы;
-үйлөрдүн аймагында санитардык ченемдерди сактоого катуу көзөмөл жүргүү;
-таштандыларды чыгаруу үчүн акы өз убагында чогултулушун камсыздоо;
-“Токмок шаарында таштандыларды натыйжалуу чогултуу, ташып чыгуу жана жок кылууну уюштуруу” МЖШ (ГЧП) долбоорун ишке ашырууну улантуу.
IV БӨЛҮМ
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ
МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮ
Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин атайын Жарлыгы менен жарыяланган “Ыйман, адеп жана маданият жылынын” алкагында отчеттук мезгилде академик Х.Рахматулин атындагы Токмок шаарындагы КМТУнун филиалы болгон Токмоктогу техникалык институтунда студенттер арасында “Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына” арналган тарыхый-илимий конференция болуп өттү. Ал жерде Токмок ш. баардык окуу жайларынын студенттери өз жетекчилери менен катышып, Улуу Үркүндүн себептерин жана кесепеттерин мамлекеттик тилде талкуулашты. Ушул эле окуу жайда институттун 25 жылдык маарекесине арналган Эл аралык илимий конференция 2017-жылдын 14-апрелинде болуп өттү, бул конференцияга И.Раззаков атындагы КМТУнун ректордук жана профессордук окуутучу курамдары, ОшТУнун жана Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын өкүлдөрү, Токмок ш. мэриясынын жетекчилиги, Токмок ш. окуу жайларынын окутуучулары жана студенттери катышты.
№23 кесиптик лицейде 2017-жылдын 15-майында жалпы шаардык Энелер күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү, иш-чарага 50дөн ашык адам катышты.
2017-жылдын 18-майында залкар акын Мидин Алыбаевдин 100 жылдыгына жана кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин 85 жылдыгына арналган Токмок шаардык китепкана тармагы тарабынан “Кыргыздын кыраан акындары” аттуу адабий-музыкалык кече уюштурулду. Иш-чарада Токмок ш. жазуучулар ийриминин мүчөлөрү эки акындын өмүр баянын жана чыгармачылык жолун баяндап беришти. Кечеге Токмок шаардык кеңешинин төрагасы, Токмок ш. мэриясынын өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттары чакырылды.
Мындан тышкары, Токмок ш. 150 жылдыгына карата Токмок шаарынан чыккан белгилүү инсандардын өмүр баяндары менен тааныштыруу максатында, Токмок ш. борбордук китепкананын “Мекен таануу” бөлүмүндө Ж.М.Койчуманова жана К.Ы. Абдыбаевдин калемдерине таандык “Биздин Рахматулин” аттуу китептин бет ачар аземи өткөрүлдү. Кечеге Токмок шаардык кеңешинин төрагасы, Токмок ш. мэриясынын өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле Токмок ш. окуу жайларынын өкүлдөрү катышты.
2018-жылы төмөндөгү иш-чаралар зарыл:
-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги №151-б буйругунун аткарылышы так көзөмөлгө алынсын:
-кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окуу курстарында кызматкерлерди окутуу жүргүзүлсүн.
-мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилдин деңгээлдерин билүү боюнча тесттерди тапшыруу үчүн окутуу курстарына катышуу так уюштурулуусу.
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 10-майындагы № 95-б “2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы боюнча Чүй облусундагы иш-аракеттер планын ишке ашыруу жөнүндө” буюрмасын аткаруу үчүн квартал сайын отчеттор Токмок ш. мэриясына тапшырылуусу.
КАТТАР, ДАТТАНУУЛАР МЕНЕН ИШТӨӨ ЖАНА АТКАРУУ ТАРТИБИ
2017-жылы 796 арыздар жана кайрылуулар каралды, бул мурнку жылдагыдан 7 кайрылууга аз. Алардын ичинен 202си оң чечилди (+77), 496 арыздануучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү (+103), 86 кайрылууну аткаруудан баш тартылды (-35), 12 кайрылуу аткарууу иретинде турат (+2).
Анын ичинен: Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынан 30 (30уна тең түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынан 4 (4үнө тең түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүнөн 31 (10у оң чечилип, 20сына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана 1 кайрылуу аткаруу иретинде турат). Кыргыз Республикасынын Омбудсменинен 1 кат түшүп, маселе оң чечилген. Келип түшкөн арыздардын каралбай калганы жок. Түшкөн арыздарды өз мөөнөтүндө карап жетишпеген учурда жооптуу кызматкерлерге административтик чара көрүлөт.
Электрондук кайрылуу түшкөн эмес. Ошондой эле мэрдин, вице-мэрдин жана аппарат жетекчисинин катышуусу менен 6 видеоконференция өткөрүлгөн.
2017-жылы “Ишеним телефону 146” кызматына 7527 чалуулар түштү, анын ичинде социалдык маселелер боюнча - 236, коммуналдык маселелер боюнча 6316 жана башка маселелер боюнча 975 чалуулар болгон. Алардын ичинен 2805 кайрылуу оң чечилген, 4304 кайрылууга түшүндүрмөлөр берилген, 418 кайрылууну аткаруудан баш тартылган. «Менин шаарым Токмок-Мой город Токмок” шаардык газетасында “Шаардагы апта” рубрикасы үзгүлтүксүз түрдө жарандардын кайрылууларынын мүнөздөрүн жана мазмунун ачык-айкын чагылдырып турат.
Токмок шаардык мэриясынын жетекчилиги тарабынан 107 адам кабыл алынып, алардын 52синин кайрылуулары оң чечилип, 55 адамга түшүндүрмө берилген.
Бардык арыздар, каттар жана даттануулар “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамга ылайык так каралып турат жана каттоого алынат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүндөгү негизги принциптердин бири маанилүү социалдык маселелерге талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берген жарандардан келип түшкөн арыздарга, сунуштарга, даттанууларга жана оозеки кайрылууларына кунт коюу менен принципиалдуу мамиле жасоо болуп эсептелет.
Түшкөн каттардын аткарылуусу:
2017-жылы Токмок шаардык мэриясына Кыргыз Республикасынын 2384 ченемдик-укуктук актылары келип түшкөн. Алардын ичинен 2365 документи аткарылды, 19 документ аткарууда турат. Алардын ичинде:
ченемдик-укуктук актылар -127;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн каттары -43;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын каттары-969 (729 документтер жана 240 телефонограмма);
Кыргыз Республикасынын министирликтеринен жана ведомстволорунан 358 иш кагаз келип түшкөн;
Токмок шаарындагы уюмдар менен мекемелерден 887 кат келип түшкөн.
Аткаруу тартиби дайыма жетекчиликтин көзөмөлүндө турат.
КОРУТУНДУ
Токмок шаарынын 2018-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын ушул долбоору отчеттук мезгилдеги шаардын келечектүү өнүгүүсү менен жергиликтүү коомчулуктун негизги учурларын чагылдырат.
Аны ишке ашыруунун жүрүшү дайыма жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылып, шаардын жашоочулары менен жолугушууларда мэр тарабынан айтылып турат.
Алдыдагы мезгилде учурду эске алуу менен жана шаардык бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө карап ага айрым кошумчалар жана өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
Жооптуу катчы | С.А.Кабаева |