Загрузка документа…
Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 29-декабрындагы № 181/26-4 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-марты № 129/19-4
Токмок шаардык кеңешинин биргелешкен туруктуу өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык турак жай кызматтары боюнча, мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча, орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча, коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча комиссияларынын чечимдеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамды жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасынын Административдик кодексинин 509 беренесине ылайык, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык мэриясынын административдик укук бузууларды кароо боюнча административдик комиссиясынын Жобосу бекитилсин.
2. Токмок шаарынын мэриясы административдик укук бузуларды кароодо толугу менен ушул Жобону так жетекчиликке алсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын Токмок шаардык кеңешинин туруктуу өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык турак жай кызматтары боюнча, мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча, орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча, коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |
Токмок шаардык кеңешинин
2018-жылдын 20 мартындагы
№ 129/19-4 токтомуна
№ 1 тиркемеси
Административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Токмок шаардык мэриясынын административдик комиссиясы жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү жобо Токмок шаардык мэриясынын административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Токмок шаардык мэриясынын административдик комиссияны түзүү тартибин, ишин жана ыйгарым укуктарын аныктайт (мындан ары - Комиссия).
2. Комиссия Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексинин 509-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексине ылайык Токмок шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктарына кирген административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого укуктуу.
3. Комиссиянын негизги милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз укуктарынын чектеринде административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана административдик айып салуу болуп эсептелет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-мартындагы № 176 токтомун, ошондой эле Өкмөт менен Комиссиянын ишин теске салуучу Токмок шаарынын аткаруу органынын башка чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия отчёттуу:
Токмок шаарынын мэрине;
Комиссия жыл сайын, кезектеги отчёттук мезгилден (жылдан) кийин, 15-январдан кечиктирбестен Токмок шаардык мэриясына жана Токмок шаардык кеңешине өткөн календарлык жыл үчүн аткарылган иштер жөнүндө отчёт берет жана админстративдик укук бузуулардын алдын алуу жана аны болтурбоо тажрыйбасы боюнча чараларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет.
6. Ушул Жободо көрсөтүлбөгөн Комиссиянын ишинин тартиби, формасы Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына жана ушул Жобого ылайык Токмок шаардык мэриясы тарабынан аныкталат.
2. Комиссияны түзүү тартиби
7. Комиссия Токмок шаардык мэриясынын чечими менен түзүлөт. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо мэриянын чыгашалар сметасында каралган каражаттардын эсебинен камсыздалат.
8. Комиссиянын сандык курамы так сандан туруп, бештен кем болбошу керек.
9. Комиссиянын курамы Токмок шаардык мэриясынын чечими менен бекитилип, төмөндөгүдөй болушу керек:
-Комиссиянын төрагасы – Токмок шаарынын вице-мэри;
-Токмок шаардык мэриясынын бөлүм башчылары – 3 адам;
-ички иштер органы менен башка мамлекеттик органдардын аймактык бөлүдөрүнүн өкүлдөрү (макулдашуу боюнча);
-Токмок шаардынын административдик-аймактык бирдиктеринин чектеринде жарандык коом менен жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү (макулдашуу бюнча).
Комисиянын курамына туруктуу иштеген негизде жооптуу катчы катары мэриянын аппаратынын бир кызматкери кирип, ага Комиссиянын катчылык милдеттери жүктөлөт.
10. Кыргыз Республикасынын 21 жашка толгон, кесиптик орто билимден кем эмес билими бар жаран Комиссиянын мүчөсү болуп дайындалышы мүмкүн.
11. Комиссиянын мүчөсү боло албайт:
-соттун чечими менен жөндөмдүү эмес деп табылган, же жөндөмдүүлүгү чектелген адам;
-соттолгон адам;
-мурда жазык жоопкерчилигине тартылып, кийин ага карата калыбына келтирбөөчү негиздер боюнча жазык иштери токтотулган адам;
-медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөлүк милдетин аткарууга тоскоолдук кылуучу оорусу бар адам.
12. Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары Комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынган мезгилден башталат жана Комиссиянын жаңы курамы бекитилген мезгилден тартып токтотулат.
13. Комиссиянын өз укуктарын ишке ашыруусу төмөнкү учурларда токтотулат:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамы өз күчүнө киришине ылайык Комиссия өзүнө тиешелүү укуктарын жоготкон учурда;
-Комиссиянын укуктарын андан ары ишке ашыруу максатсыз, же мүмкүн болбогон учурда.
3. Комиссиянын негизги милдеттери жана иштери
14. Комиссиянын негизги милдеттери:
-административдик укук бузуулар жөнүндө ишти кароодо өз укуктарынын чектеринде ар бир ишти толук, объективдүү негизде, ар тараптан дыкат кароо;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү ишке ашыруу;
-административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча чыгарылган токтомдордун аткарылышын камсыздоо;
- административдик укук бузууларга барууга өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды аныктоо;
-Комиссиянын укуктарынын чектеринде административдик укук бузуулардын алдын алууга багытталган чараларды кабыл алуу.
15.Комиссиянын негизги иштери болуп эсептелет:
-административдик укук бузуулар жөнүндө протоколдорду (токтомдорду) кароо;
-административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун жыйынтыктары боюнча токтомдорду кабыл алуу;
-административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тажрыйбасын жалпылоо жана аны өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү.
16. Салынган административдик жазалар жөнүндө жана административдик укук бузууларга барган адамдар жөнүндө маалыматтарды системалаштыруу жана сактоо максатында Комиссия салынган административдик жазалардын эсебин жүргүзүүгө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексинин 546-5 беренесине ылайык электрондук маалымат базасын жургүзүүгө милдеттүү.
4. Иштерди кароонун тартиби
17. Комиссиянын ишинин негизги түрү отурум болуп эсептелет. Комиссиянын отуруму зарылдыгы боюнча өткөрүлөт (материалдардын келип түшүшү боюнча). Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн сактоону камсыз кылуусу тийиш.
18. Комиссиянын отуруму ага Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмес мүчөлөрү катышса укуктуу деп эсептелет.
Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү добуш берген учурда чечим кабыл алынган болуп эсептелет.
19. Комиссия административдик укук бузуу жөнүндө ишти Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодекстин 41-главасында белгиленген тартипте карайт жана Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексине ылайык каралган административдик жазалардын түрлөрүнүн бирин салат.
20. Комиссия административдик укук бузуу жөнүндө ишти Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексинде белгиленген тартипте Комиссия административдик жоопкерчилик жөнүндө протоколду жана иштин башка материалдарын алган күндөн тартып 10 күн аралыгында карайт.
Административдик жоопкерчилик жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынан өтүнүч түшкөн учурда, же иштин кырдаалын кошумча аныктоо зарылдыгы келип чыккан учурда Комиссия тарабынан ишти кароонун мөөнөтү узартылат, бирок он күндөн узак мөөнөткө эмес. Комиссия көрсөтлгөн мөөнөттү узартуунун себептери жөнүндө аныктама чыгарат.
21. Административдик укук бузуулар жөнүдө иштер боюнча өндүрүш ар бир иштин жагдайларынын толук жана объективдүү аныкталышын, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык алардын так чечилишине, кабыл алынган токтомдордун аткарылышынын камсыздалышына негизделет.
22. Жарандар, юридикалык тараптардын өкүлдөрү, кызмат адамдары жана мыйзам боюнча аларга теңештирилген адамдар милдеттүү түрдө Комиссия тарабынан ишти кароонун күнү, убактысы жана орду жөнүндө Комиссиянын отурумуна үч күндөн кем эмес убакыт калганда кабарланат.
23. Иш административдик жоопкерчиликке тартулуучу адамдын катышуусу менен каралат. Ага иштин бардык материалдары менен таанышуу, далил келтирүү, өтүнүч жана каршылык билдирүү, юридикалык коргоочунун жардамын колдонуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүдө” Кодексине ылайык башка процессуалдык укуктар менен камсыздалат.
Эгерде административдик жоопкерчиликке тартылуучу адам (юридикалык тараптын өкүлү) комиссиянын отурумуна келбей калса, алар өз убагында талаптагыдай кабарланышкан болсо жана алар тараптан ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө өтүнүч жок болсо, же ал өтүнүч канааттандырылбаса Комиссия ишти ал жок эле Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүдө” Кодексине ылайык кароого укуктуу.
24. Административдик жаза колдонуу жөнүндө иш жана токтомдун аткарылышы боюнча Комиссиянын чечимин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүдө” Кодексинин 42-главасында каралган тартипте ишке ашырылат.
5. Кызматташуу
25. Комиссия зарыл болгон учурларда милдеттерине тиешеси бар маселелер боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарга, ошондой эле мамлекеттик эмес уюмдардын экспеттери менен адистерине ишти объективдүү жана толук карап чыгууну өткөрүү үчүн ишке тартууга, же кайрылууга укуктуу.
6. Жоопкерчилик
26. Токмок шаардык мэриясы жана кызмат адамдары, комиссиянын мүчөлөрү ушул Жобону, Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын аткрууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчиликтүү.
Жооптуу катчы | С.А.Кабаева |