Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3 -марты № 13
2016-жылдагы Каргалык айыл өкмөтүнүн жазгы айдап-себүү жана оруп-жыюу, таштандыларды чыгаруу, көчөлөрдү жарыктандыруу иштери тууралуу “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын директору К.Аразовдун отчетун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кецешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын 2016-жылга карата кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акча каражатына бекитилген планы 1000,0 миң сом болсо, иш жүзүндө аткаруусу 400305 миң сом, же 40 % га на бол гон дугу жана ишканадагы техникалар менен өз денгээлинде иш жүргүзбөгөндүгү белгиленсин.
2. «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын директору К.Аразовдун жазгы айдап- себүү, оруп-жыюуга карата техникалардын даярдыгы, айдап - себүү, оруп-жыюу маалында жана жашылдандыруу, көрктөндүрүү, көчөлөрдү жарыктандыруу, таштандыларды чыгаруу боюнча жүргүзгөн иштеринде кемчиликтердин кетирилгендиги белгиленсин.
3. «Таза кызмат» муниципалдык ишканасы тарабынан калк менен келишим түзүлбөй, таштандыларды чыгаруудагы акча каражаттарынын түшүрүлбөй келгендиги, ошондой эле ишкананын уюштуруучулук иштерин алып бара албагандыгы көрсөтүлсүн.
4. Каргалык айылдык Кеңешинин 2016-жылдагы XXXI сессиясынын № 55 токтомунда “Көпчүлүк депутаттардын сунушуна ылайык «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын директору Аразов Кубанычбектин алты айлык отчетун толук кандуу бере албай калгандыктан тогуз айдын жыйынтыгы менен жароого калтырылгандыгын" жана XXXII сессиясында кабыл алынган № 62 токтомунда "Муниципалдык ишканага жалпы кызмат көрсөтүүдөгү жыл ичинде берилген план 1000,0 мин сом болсо, аткарууга алынганы 292,2 миң сом гана болгондугу, элдеги кызмат көрсөтүүдөн түшкөн 417,9 миң сомду 2016-жылдын 30-декабрына чейин төктүрүү жагы милдеттендирилгендигин жана 2016- жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен толук кандуу иш алып барбагандыгы үчүн “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын директору К. Аразовго сөгүш жазасы берилген дигин" жана 2016-жылга карата берилген пландан 599,7 мин сомго кем аткаргандыгын жана кетирилген кемчиликтерин жана 2017-жылга бекитилген план тапшырмаларды толук кандуу аткарууга берген убадасын эске алуу менен «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын директору К. Аразовдун иши канааттандырарлык деп табылсын.
5. «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын директору К.Аразовго кызмат көрсөтүүдөн түшкөн 101,0 миң сом карызын бир айлык мөөнөттө өндүрүп, ГСМге болгон 91,0 миң сом карызын төгүп берүү жагы милдеттендирилсин.
6. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын техникаларынын таштанды чыгаруу жумуштары үчүн коюлган жана тургундардын таштандыга ай сайын төлөнүүчү акысы сунушталган тарифтин негизинде бекитилсин.
7. Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы жазгы талаачылык жумуштарын аткаруунун норма-расценкалары көрсөтүлгөн сунуштун негизинде бекитилсин.
8. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын 2017 - жылга карата атайын каражатка киреше түшүрүү планы 1812,1 миң сом өлчөмүндө каралсын.
9. Бул токтомдо көрсөтүлгөн тарифтердин деңгээлин кармап аткаруу жана ишканадагы техникаларды жазгы айдап себүүгө даярдоо, элди айыл чарба техникалары менен камсыз кылуу жагы «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын директору К.Аразовго жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевге милдеттендирилсин.
10. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
11. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын директору К.Аразовго жана Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
12. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Каргалык айылдык Кеңешинин "Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча" туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Молдобековго милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Жунусакунов |
Каргалык айылдык кенешинин
(XXVII шайланышынын) V сессиясынын
№ 13 токтомуна № 7 тиркеме
ТАРИФ
Жумуштун туру | Техниканын | 1 рейске коюлган баа |
| маркасы | сом |
Таштанды чыгаруу анын ичинен: |
|
|
-кадтуу таштанды (топурак,шагыл ж.б) | МТЗ-82 | 1200 |
-жумшак таштанды (кык,жалбырак чириндилери ж. б) * | ГАЗ-53 | 1000 |
Шагыл. күм.топүрак | Экскаватор | 400 |
жуктоо учун коюлган баа |
|
|
Бак кыркуу, Тамдарды акилоо | Спец вышка ГАЗ-53 |
|
прожектор орнотуу ж.б | 1 (саатка) | 800 |
Каргалык айыл аймагындагы казарман айылынын (Нур-Жайык кичи | 1 айга | 10 |
ишарчасынак-башка) арбиртургунуна |
|
|
Соода-туйун*, мекеме-ишканалар ж.б коюлган баа | 1 айга | 200 |
3. Каргалык айыл аймагындагы Каргалык айыл окмотуно караштуу орто мектеп, бала бакча, ФАП тардан таштанды чыгаруу акысыз жургузулот.
4. Чет-Булак айылындагы ичуучу Таза-Суу Каргалык айыл окмутуно караштуу болгондуктан айьищык мектеп, бала бакча, клуб, ФАП тарга сууга толонуучу толом толонбойт.
Айдап-себүү жана оруп-жыйноо
Аткарыла турган | Техниканын | 1 | 1 гектар | Техникалар боюча | |
жумуш | маркасы | кундук | аянтка | коюлган баа | |
|
| норма | ГСМ | автол | сом |
|
| га | литр | литр |
|
Айдоо | МТЗ-82.1. | 3 | 30 | 1 | 1000 |
| ДТ75 | 2 | 20 | 1 |
|
Малалоо | МТЗ-82 | 8 | 10 |
| 400 |
Себуу | МТЗ-82 | 10 | 10 |
| 400 |
Чоп тангактоо | МТЗ-82 | 500шт | 10 |
| 10 |
|
|
|
|
| 15 |
Чоп чабуу . | Жатка | 10 | 15 | 1 | 1200 |
| Косилка | 3 | 10 | 0,5 | 1000 |
| Тырмоо | 3 | 10 | 0,5 | 400 |
Эгин чабуу |
|
|
|
|
|
Буудай | СК-5 | 8 | 25 | 1 | 1200 |
Эспарцет | СК-5 | 8 | 25 | 1 | 1700 |
Райондоң еырткар кы | СК-5 | 8 | 25 | 1 | , 4ооо |
аймактарга |
|
|
|
|
|
Тузгон «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын директору | К. Аразов |