Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7 -июну № 40
«Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Токтоболотовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кенешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мойдунов Тотунун ысымы №1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебине ыйгарылуусу «Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу жобого» ылайык келээри белгиленсин.
2. № 1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин жалпы жамаатынан жана Мойдунов Тотунун үй бүлөсүнүн атынан келип түшкөн кайрылуулар эске алынсын.
3. № 1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебине Мойдунов Тотунун ысмын ыйгарууда жалпы депутаттардын көпчүлүк добушун алгандыгы белгиленсин.
4. №1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектеби «№ 1 Мойдунов Тоту атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектеби» деп аталсын.
5. «Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.08.2014-жылдагы № 488 токтомунун 6-пунктуна ылайык Жалал-Абад областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана Кыргыз Республикасынын Премьер -министрине, Билим берүү жана илим министрлигине сунуштоо үчүн Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго тапшырылсын.
8. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновго жуктөлсүн.
Төрага | Р. Жунусакунов |