Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-апрели № 1
Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 24-беренесин, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн 01.12.2017-жылдагы чыг.№01-10/740 жана 27.02.2018-ж. чыг.№01-10/201 катты негиз кылып, шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде ата-эне төлөмүн төлөө, төлөөдөн бошотуу жана чогулган ата-эне төлөмдөрүн чыгымдоо Жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. “Мугалимдер күнүнө” карата берилүүчү материалдык жардам жөнүндө Жобосу №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына (Ы.Калчаев) өз ишмердүүлүгүндө ушул Жоболордогу ченемдердин негизинде иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (С.Чимбердиев) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | М. Тагаев |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин
11-апрель 2018-жылдагы кезектеги
VI сессиясынын № _1_-токтомуна
№1-тиркеме
Жалал-Абад шаарынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде ата-эне төлөмүн төлөө, төлөөдөн бошотуу жана чогулган ата-эне төлөмдөрүн чыгымдоо
ЖОБОСУ
Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин 23.12.1992-ж. №УП-391 «Кыргыз Республикасындагы мектепке чейинки мекемелерде балдарды багуу» Указынын, Кыргыз Республикасынын «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын «Мугалимдин статусу жөнүндө» мыйзамын негиз катары иштелип чыкты
Ата энелердин төлөмдөрүн кабыл алуу шаардык билим берүү бөлүмү менен коммерциялык банктын келишиминин негизинде жүргүзүлөт. Ата-энелердин төлөмдөрдү коммерциялык банктар, филиалдары жана терминалдары аркылуу ар айдын 10-күнүнө чейин алдын ала төлөнүп, ай толук бүткөндөн кийин баланын келгендигине жараша кайрадан эсептешүү жүргүзүлөт. Банктык кызмат үчүн төлөм ата-эненин эсебинен төлөнөт. Алдын ала төлөм кечиктирилген учурда тарбиялануучу баланы кабыл алуу убактылуу токтотулат. Тарбияланган балага себептүү келбеген күндөрү үчүн төлөм эсептелинбейт. Ата-энелер төлөмүнүн өлчөмү шаардык билим берүү бөлүмүнүн сунушунун негизинде шаардык кеӊештин токтому менен бекитилет. Ата-энелер төлөмү аныкталган өлчөм (фиксированный) болуп эсептелип, айдын жумуш күндөрүнө бөлүү менен эсептешүү жүргүзүлөт. Тарбиялануучу бала ай толук бүтө электе балдар бакчасынан чыгарылса, айырмасы ата эненин арызынын негизинде кайтарылып берилет.
Ата-энелер төлөмүнүн ченеми бир жылдан кем эмес убакытка белгиленет.
Бала бакчаларда тарбияланган балдардын ата-энелеринен (мыйзамдуу өкүлү) төмөнкү учурларда ата энелер төлөмдөрүнөн бошотулат;
- ата-энеси 1-2-тайпадагы майыптар, тоголок жетимдер, майып балдар, кургак учук-интокцикациясы бар балдар 100%га бошотулат.
-18-жашка чейинки төрт жана андан ашык балалуу үй бүлөөлөр жана турмуш шарты оор үй бүлөөлөр 50% ата-энелер төлөмүнөн бошотулат.
-Мындан сырткары шаардык кеӊештин токтомунун негизинде кээ бир ата-энелер 100% га жана 50% га бошотулуусу мүмкүн.
Ата-энелер төлөмүнөн бошотуу жана төлөмдөрдү азайтуу үчүн ата-энелер (мыйзамдуу өкүлү) балдар бакчаларында түзүлгөн атайын комиссияга арыз жазып төмөндөгү документтерди тиркөө менен Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө кайрылышат:
· ата-энесинин паспортунун көчүрмөсү,
· жашаган жеринен справка,
· балдарынын туулгандыгы туралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү,
· шаардык кеӊештин токтому менен бошотулгандар токтомдо көрсөтүлгөн жагдайга туура келгендей тастыктоочу документинин көчүрмөсү;
· социалдык коргоо мекемелеринен справка, (турмуш шарты начар,багар-көрөрү жоктор үчүн);
· медициналык-экспертизанын аныктамасынын көчүрмөсү (майыптар үчүн);
· Врач-фтизиатордун аныктамасынын көчүрмөсү (кургак учук-интокцикациясы бар балдар үчүн);
Ата-энелердин арызы, тиешелүү документтер толук тиркелип тапшырылган күнү арыз катталып, туруктуу комиссия арызды 10 күндүн ичинде карап токтом жазылат. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси 5 күндүн ичинде буйрук берет.
Төлөмдөрдү азайтуу арыз берген айдан баштап эсептелип башталат. Ал эми төлөмдүн айырмасы кийинки айда эсептелинет.
Ата-энелердин төлөмдөрү балдар бакчасында тарбияланган балдарга мамлекет тарабынан ажыратып берилген акча каражатына кошулуп биринчиден тамак ашка жумшалат. Андан үнөмдөлгөн акча каражаты балдарга жумшак инвентар алуу, инвентарларды алуу, кезектеги ремонт иштерине жана балдар бакчаларынын башка чыгымдарына чыгымдалат.
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы | Б.Беркбаева |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин
11-апрель 2018-жылдагы кезектеги
VI сессиясынын № _2_-токтомуна
№2-тиркеме
Жобо Кыргыз Республикасынын «Мугалимдин статусу жөнүндө» мыйзамын негиз кылып иштелип чыкты.
Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлерине айына бир жолу төлөнүүчү коммуналдык чыгымдарына компенсация Жалал-Абад шаардык кеӊешинин сессиясында бекитилген өлчөмдө Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу төлөнүп берилет. Компенсация алууга укуктуулар болуп Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн жалпы билим берүү, мектепке чейинки билим берүү жана мектептен сырткаркы мекемелердин кызматкерлери эсептелет жана ай сайын бекитилген өлчөмдө компенсация төлөнүп берилет.
Төрөткө чейинки жана төрөттөн кийинки өргүүдөгү кызматкерлерге, айкалыштырып эмгектенген кызматкерлерге, техникалык жана кенже кызматкерлерге (ТОП, МОП) компенсация төлөнбөйт.
Коммуналдык чыгымдарына төлөнүүчү компенсациянын өлчөмүнөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киреше салыгы жана социалдык фонд төлөмдөрү кармалат.
Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлерин материалдык жактан стимулдаштыруу жана колдоо максатында Жалал-Абад шаардык кеӊешинин токтому менен жылына бир жолу «Мугалимдер күнүнө» карата төлөнүүчү материалдык жардам бекитилген. Материалдык жардамдын өлчөмү шаардык кеӊештин сессиясында бекитилет.
Материалдык жардам шаардык билим берүү бөлүмүнүн жалпы билим берүү, мектепке чейинки билим берүү жана мектептен сырткаркы мекемелеринин кызматкерлерине окуу жылында алты айдан кем эмес эмгектенген кызматкерлерге берилет.
Төрөткө чейинки жана төрөттөн кийинки өргүүдөгү кызматкерлерге, техникалык жана кенже кызматкерлерге (ТОП, МОП) материалдык жардам эсептелинбейт.
Материалдык жардамдан өлчөмүнөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киреше салыгы жана социалдык фонд төлөмдөрү кармалат.
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы | Б.Беркбаева |