Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-апрели № 4
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу комитети мекемесинин аталышын өзгөртүү жөнүндө 20.03.2018-жылдагы чыг.№02-03/676-катты жана катка тиркелген иш-кагаздарын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын чечимине ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кенешинин 20.09.2005-жылдагы X сессиясынын №1-токтому жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу комитетин «Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы» деп реорганизациялоого уруксат берилсин жана башкармалыктын Жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясына (С.Авазов) Жалал-Абад шаарынын мунииципалдык менчик башкармалыгынын мыйзам чегинде юридикалык жак катары каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдетендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (С.Чимбердиев) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | М. Тагаев |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин
11-апрель 2018-жылдагы кезектеги
VI сессиясынын 4 -токтомуна
1-тиркеме
1. Жалпы жоболор
2. Негизги тапшырмалары жана иш милдеттери
3. “Мекеменин” укуктары
4. “Мекеменин” жетекчилиги жана түзүлүшү
5. “Мекеменин” мүлкү
6. “Мекеменин” ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүү
7. Эмгек мамилелери
8. Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, “Мекемени” кайрадан уюштуруу жана жоюу.
1. Жалпы жоболор
1.1. “Жалал-Абад шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы”, мындан ары “Мекеме” Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчик объектилерин жана жерлерин башкаруу жана тескөө боюнча Жалал-Абад шаардык мэриясынын ыйгарым укуктарын иш жүзүнө ашыруу максатында түзүлгөн, жана Жалал-Абад шаарында менчиктештирүү жагындагы муниципалдык саясатты жүргүзүүнү жана жер мамилелерин экономикалык-укуктук жактан жөнгө салууну камсыз кылган Жалал-Абад шаарынын мэриясынын түзүмүнө кирген ыйгарым укуктуу муниципалдык орган болуп саналат.
1.2. “Мекеме” Жалал-Абад шаарынын мэриясына караштуу Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгында 17.04.2002-жылы (ГПР №067708 сандуу күбөлүк) катталган Коммуналдык менчик бөлүмүнүн жана Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигин башкаруу боюнча комитетинин укук жана милдеттерин улантуучу болуп эсептелет.
1.3. “Мекеме” уюштуруу-укуктук таризиндеги юридикалык жак болуп саналат. “Мекеме” өзүнчө баланска, банк мекемелериндеги эсебине, бюджеттик алыш-бериш эсебине, адистештирилген алыш-бериш эсебине, казначылык органдарындагы (Жалал-Абад шаары боюнча АКБ) депозиттик эсебине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдеги өзүнүн аталышы менен тегерек мөөргө, бланкаларга, штамптарга жана башка кабыл алынган маалым даректерге (реквизиттер), жана расмий атрибуттарга ээ, сотто доогер жана жоопкер боло алат.
1.4. “Мекеме” өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында Жалал-Абад шаарынын мүлктүк кызыкчылыктарын коргойт жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Жалал-Абад шаарынын өз алдынча башкаруу органынын ченемдик-укуктук актыларына, буюртмаларына жана ушул Жобого ылайык аракет кылат.
1.5.“Мекеме” Жалал-Абад шаарынын мэриясынын сунушу менен Жалал-Абад шаардык кеӊеши тарабынан түзүлөт жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын муниципалдык органы статусуна ээ, ошондой эле кызматчылары муниципалдык кызматкер болуп саналат.
1.6. Өзүнүн ишмердүүлүгүн башка мамлекеттик башкаруу жана бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен бирге аракеттешип жүзөгө ашырат.
1.7. “Мекеменин” өз ишмердүүлүгүн турмушка ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик жана башка органдар, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар менен мамилелери алардын менчик түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына каршы келбеген келишимдик негизде түзүлөт.
1.8. “Мекеме” белгиленбеген мөөнөткө (мөөнөтсүз) түзүлөт.
1.9 “Мекеменин” түзүлүшүнө жана ишмердүүлүгүнө тийиштүү болгон жана ушул Жободо көрсөтүлбөгөн бардык маселелер Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
1.10. “Мекеме” башка юридикалык жактардын түзүлүүсүндө жана ишмердүүлүгүнө Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген мыйзамдарына так ылайык катыша алат.
1.11.“Мекеменин” расмий аталышы
- кыргыз тилинде: Жалал-Абад шаарынын мэриясынын "Муниципалдык менчик башкармалыгы";
- орус тилинде: "Управление муниципальной собственности" мэрии города Жалал-Абад.
1.12. “Мекеменин” юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү 38.
1.13. “Мекеменин” кызматчылары жана анын түзүмдүк бөлүмчөлөрү муниципалдык кызматкерлер болуп саналышат. Аларга Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын укуктук жана социалдык коргоо кепилдиктери, укук жана милдеттери таралат.
1.14. “Мекеменин” ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдери, тескемелери жана буйруктары Жалал-Абад шаарынын аткаруу бийлигинин бардык органдарына, юридикалык жана жеке жактарга алардын менчик түрүнө карабастан милдеттүү.
1.15. “Мекеме” өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына (аткаруучу жана өкүлчүлүктүү) отчет берүүгө милдеттүү.
1.16. “Мекеменин” ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүүнү Жалал-Абад шаарынын мэриясы ишке ашырат.
1.17. Муниципалдык менчикти пайдаланууга карата текшерүү жүргүзүүнү Жалал-Абад шаардык кеӊеши иш жүзүнө ашырат.
2.1. “Мекеменин” негизги тапшырмалары:
а) Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине таандык кыймылсыз мүлк жана жер ресурстарын белгиленген тартипте натыйжалуу башкаруу жана тескөө;
б) өзүнүн ыйгарым укуктарынын жана жарандык-укуктук мамилелердин чегинде бардык жеке жана юридикалык жактардын менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын жарандык жана жер жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыз кылуу;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде Жалал-Абад шаарынын кыймылсыз мүлк обьектилерин жана башка менчигин менчиктештирүү жагындагы саясатты ишке ашыруу;
г) шаардын жерлерин жогору натыйжалуу пайдалануунун, натыйжалуу жана туура (рационалдуу) жер пайдалануунун экономикалык өбөлгөлөө механизмин өзүнө камтыган шаардын жер саясатын турмушка ашырууну, ошонун ичинде шаардын жерлерин баалоонун усулдарын (методология) жана чен белгилерин (критерий), жер төлөмдөрүнүн өлчөмүн жана аны алуунун тартибин, жер мамилелерин экономикалык-укуктук жактан жөнгө салуу тутумун иштеп чыгууда жана камсыз кылууда катышуу;
д) Жалал-Абад шаарындагы жер тилкелерине укук берүү боюнча арыздарды кароо жана жер маселелери, ошонун ичинде Жалал-Абад шаарындагы жер тилкелерине укук берүү боюнча тооруктарды уюштуруу жана жүргүзүү бөлүгү боюнча комиссияга тийиштүү материалдарды даярдоо;
е) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жалал-Абад шаарынын жер реформасы жана архитектуралык-шаар куруу ишмердүүлүгүнүн чөйрөсүндөгү шаардык социалдык-экономикалык программаларды аткаруу;
е) сырткы жарнама чөйрөсүндөгү башкаруунун тармактык принциптерин куроо жана өнүктүрүү;
ж) шаарды көркөм кооздоо жана сырткы жарнамага тийиштүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын жана Жалал-Абад шаарынын мыйзамдарынын, Жалал-Абад шаарынын мэринин буйрутмаларынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун талаптарын ишке ашыруу;
з) шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Мэриянын саясатынын жана практикалык ишинин жыйынтыгын сырткы жарнама каражаттары жана көркөм кооздоо аркылуу түшүндүрүүдө катышуу. Сырткы жарнама каражаттары аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Мэриянын ишмердүүлүгүндөгү демократиялык негиздерди жана ачыктыкты өнүктүрүүдө жардам көрсөтүү.
и) шаардын сырткы жарнама жана көркөм кооздоо жагындагы бирдиктүү шаардык саясатын куроо жана турмушка ашыруу, ушул чөйрөдөгү ишмердүүлүктүн маанилүү (приоритеттүү) багыттарын аныктоо;
й) шаардын сырткы жарнама жана кооздоо жагындагы ийкемдүү баа берүү саясатын жүргүзүү жолу менен шаар бюджетинин, валюта фондунун киреше бөлүгүн көбөйтүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу, каражат топтоонун жаӊы булактарын издеп табуу;
к) шаардык кеӊештин макулдашуусу менен муниципалдык унаа токтотмо жана унаажайларын уюштурат.
2.2. “Мекеме” өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Жалла-Абад шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте:
а) автоматташттырылган маалымат тутумун түзүүнү жана алып барууну, Жалал-Абад шаарындагы менчик обьектилерин каттоо боюнча Маалымат ресурстарын чогултууну иш жүзүнө ашырат;
б) мамлекеттик сырды сактоо жана маалыматты коргоо функцияларын аткаруу аркылуу мамлекеттик сыр жана купуя маалымат тобуна (категория) киргизилген маалыматтарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коргоо шарттамын (режим) ишке ашырат;
в) белгиленген тартипте Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинен мүлктөрдү кабыл алууну, ошондой эле башка учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн болсо муниципалдык менчикти түзүүнү жүзөгө ашырат;
г) Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине таандык кыймылсыз мүлк обьектилеринин тизмесин (реестрин) жүргүзүүнү иш жүзүнө ашырат, тийиштүү мамлекеттик каттоо органдарында Жалал-Абад шаарынын мүлкүнө муниципалдык менчик укугун каттоо учурунда Жалал-Абад шаарынын мэриясын жактайт;
д) Жалал-Абад шаарынын муниципалдык мүлкүн чарбалык жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, мөөнөттүү (убактылуу), акысыз пайдаланууга бекитүүнү жол-жоболоштурат;
е) муниципалдык жана мамлекеттик мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын чарбалык жана ыкчам башкаруусуна таандык жер тилкелерин кошкондо Жалал-Абад шаарынын муниципалдык мүлкүнүн багыты боюнча сакталышына жана пайдалануусуна карата текшерүү (көзөмөл) жүргүзүүнү жүзөгө ашырат,;
ө) жер тилкелерин, ошонун ичинде ижара жана акысыз пайдалануу шарттарын кошкондо Жалал-Абад шаарынын муниципалдык мүлкүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугуна ээ болгон юридикалык жана жеке жактардын ортосундагы келишимдердин шарттарынын сакталышына жана багыты боюнча пайдалануусуна текшерүү (көзөмөл) жүргүзүүнү иш жүзүнө ашырат;
ж) Жалал-Абад шаарынын муниципалдык мүлкүн пайдалануунун жана тескөөнүн белгиленген тартибин бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин ченемдик укук актыларына жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын чечимдерине ылайык зарыл чараларды көрөт;
з) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин ченемдик актыларына жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын чечимдерине ылайык өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде инвестициялык программаларды иштеп чыгууда, ишке ашырууда жана каттоодо Жалал-Абад шаарынын мэриясынын кызыкчылыгын коргоп катышат;
и) Жалал-Абад шаарынын жер тилкелерин кошкондо мүлктү ижарага берүүчү боло алат;
й) мүлктүк мамилелерди жөнгө салууну жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттешүүнү жүзөгө ашырат;
к) чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр, юридикалык жана жеке жактар менен болгон мамилелерде өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде белгиленген тартипте Жалал-Абад шаарынын кызыкчылыктарын коргойт;
л) мүлктүк маселелер боюнча эл аралык иш чараларга катышат, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын таламдаш түзүмдүк бөлүмчөлөрү менен биргеликте Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине таандык кыймылсыз мүлк обьектилерин кайрадан курууга (реконструкция) байланышкан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорду, ошонун ичинде чет өлкөлүктөрдү тандоодо катышат;
м) Жалал-Абад шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча чыгып сүйлөйт жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын таламдаш түзүмдүк бөлүмчөлөрү менен биргеликте Жалал-Абад шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмчөлөрү болуп саналган уюмдарды, мекемелерди жана ишканаларды түзүү, кайрадан уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуш келтирет;
н) Жалал-Абад шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмчөлөрү болуп саналган уюмдарды, мекемелерди жана ишканаларды түзүүдө, кайрадан уюштурууда жана жоюуда катышат;
о) Жалал-Абад шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн учурларда чарбачылык коомдорундагы акциялардын (үлүштөрдүн) кармоочусу болуп саналат, ошондой эле өз ыйгарым укуктарынын чегинде чарбачылык коомдорунун уставдык капиталындагы муниципалдык менчикке бекитилген акциялары (үлүштөрү) боюнча Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун таламдарын коргойт;
п) Жалал-Абад шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча Жалал-Абад шаардык кеӊешинин бекитүүсүнө Жалал-Абад шаарындагы ишканаларды жана уюмдарды жана башка мүлктөрдү менчиктештирүү боюнча программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана даярдайт;
р) Жалал-Абад шаарынын мэриясына Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине таандык кыймылсыз мүлк обьектилерине жана жер тилкелерине чектелген буюмдук укуктарды берүүдөн жана менчиктештирүүдөн шаардын бюджетине түшкөн каражаттардын божомолун даярдайт жана көрсөтөт, ушул каражаттардын түшүүсүн камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрөт, ошондой эле жогоруда аталган каражаттардын түшүүсүнө текшерүү жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;
с) Жалал-Абад шаарынын турак жай эмес фондунун обьектилерин сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырат, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине таандык турак жай эмес имараттарды, ошондой эле жер тилкелерин күчүнө кирген мыйзамдарга ылайык сатуу тууралуу сунуштарды киргизет жана уюштурат;
т) Жалал-Абад шаарынын мүлкүнүн наркына көз карандысыз баалоону жүргүзүү боюнча ишти уюштурат;
у) Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчик обьектилерин менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө, инвестицияларды тартуу маселелери боюнча ченемдик укук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгат;
ф) өз ыйгарым укуктарынын чегинде Жалал-Абад шаарынын мүлкүн менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө маселелери боюнча башкаруучу (тескөөчү) иш кагаздарын чыгарат;
х) Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө Жалал-Абад шаарынын кызыкчылыктарын жана мүлктүк укуктарын коргоону камсыз кылат;
ц) жерди пайдалануучулар менен болгон ижара мамилелеринде Жалал-Абад шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы жана өкүлү болуп саналат;
ч) Жалал-Абад шаарындагы жер тилкелерине укуктарды берүү маселелери боюнча чечимдердин (токтомдордун), ижара жана сатып алуу-сатуу келишимдеринин долбоорлорун даярдайт;
ш) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижара шарты менен мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер тилкелерин иштетүү үчүн ижара төлөмдөрүнүн эсебин жүргүзөт;
ш) жер тилкелерин берүү тууралуу жеке жана юридикалык жактардын арыздарын (өтүнүчтөрүн) кароонун мөөнөттөрүнүн бузулушуна жол бербөө жана четтетүү боюнча чараларды көрөт;
ы) бошогон батирлерди эсепке алууну жүзөгө ашырат, ушул батирлерди бөлүштүрүү боюнча Жалал-Абад шаарынын мэриясынын токтомунун долбоорун белгиленген тартипте даярдайт;
э) Жалал-Абад шаарынын мэриясы жана райондук администрациялары тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде белгиленген тартипте турак жай аянттарына ордерлерди жол-жоболоштурууну жана берүүнү жүргүзөт;
ю) муниципалдык жатаканалардагы турак жай бөлмөлөрүн пайдалануу үчүн ижара төлөмдөрүнүн эсебин жүргүзөт жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык жатаканаларында жашап туруудан түшкөн ижара төлөмдөрүн чогултууну түздөн-түз ишке ашырат.
3.1. “Мекеме” төмөндөгүлөргө укуктуу:
а) өз ыйгарым укуктарынын чегинде Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигин тескөөгө, күчүнө кирген мыйзамдарга ылайык Жалал-Абад шаарынын жерлерине жана мүлктөрүнө карата келишимдерди, контракттарды жана башка бүтүмдөрдү түзүүгө;
б) Жалал-Абад шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча Жалал-Абад шаарындагы ишканалардын жана мекемелердин чарбачылык жана ыкчам башкаруу укугуна мүлктү бекитип берүүгө, ошондой эле мындай башкаруунун чектерин аныктоого;
в) “Мекеменин” карамагындагы мүлктү камсыздандырып коргоону аткарууга багытталган иш чараларды турмушка ашырууга;
г) Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын уюштуруу-укуктук таризин түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу, өзгөртүү тууралуу сунуш келтирүүгө;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн учурларда чарбачылык коомдорунун акционери катарында Жалал-Абад шаарынын мэриясынын кызыкчылыктарын коргоого;
е) муниципалдык менчикке таандык, ошонун ичинде юридикалык жана жеке жактарга белгиленген тартипте ижарага өткөрүп берилген турак жай эмес имараттарды, жер тилкелерин сатуу тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын чечимдерин ишке ашырууга;
е) Жалал-Абад шаарынын мэриясынын карамагындагы ишканалар, мекемелер жана уюмдарында муниципалдык мүлктүн пайдалануусуна жана сактыгына, ошондой эле алынуучу негизги каражаттардын өз убактысында кирешеге катталуусуна жана “Мекеменин” реестрине киргизилүүсүнө карата текшерүүнү (көзөмөлдү) ишке ашырууга, иш кагаздарына текшерүү жүргүзүүгө. Укук бузуулар катталган учурда мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык зарыл чараларды көрөт;
ж) шаардын муниципалдык мүлкүн менчиктештирүү жана тескөө, башкармалык жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган учурда өз ыйгарым укуктарынын чегинде аны жоюу боюнча зарыл иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга, аткаруу бийлик органдарынын мыйзамсыз чечимдерин жокко чыгаруу жана күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сотко доолорду келтирет, ошондой эле укук коргоо органдарына тийиштүү чара көрүү үчүн материалдарды жөнөтөт;
з) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык жер пайдалануучулар тарабынан алардын ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчик таризине карабастан, ошонун ичинде жер пайдалануучунун, орун алаган жеринин, берүү шарттарынын, мөөнөтүнүн, кызматтык багытынын жана берилген жер тилкесине аянтынын туура келүү жактарында жер мыйзамдары бузулган учурда аны жоюу боюнча өз ыйгарым укуктарынын чегинде чара көрүүгө;
и) Жалал-Абад шаарынын мэриясынын кызыкчылыктарын сот органдарында коргоого, ошондой эле өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын сотторуна доолорду, ошонун ичинде Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыянды өндүрүү тууралуу келтирүүгө;
й) жерлерди максатсыз, жер тилкелерин туура эмес пайдаланганда, жер тилкелерин жер мыйзамында, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын токтомдорунда, тескемелеринде, жер тилкелерине берилген укуктар тууралуу келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө пайдаланбаган учурда Жалал-Абад шаарынын мэриясына жана Жалал-Абад шаардык кеӊешине жерди толук түрдө же жарым-жартылай алып таштоо тууралуу сунуш киргизүүгө;
к) жер мыйзамдарынын талаптарын, ошондой эле жерди пайдалануунун белгиленген режимин бузуу менен жүргүзүлгөн өнөр жай, жарандык жана башка курулуштарды, обьектилерди иштетүүгө берүүнү, агротехникалык жана токой мелиоративдик иштерин токтотуу тууралуу ыйгарым укуктуу органдарына өтүнүч келтирүүгө;
л) жер мыйзамдарын бузган жактар табылган учурда жана административдик жана жаза таасир этүүчү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жардам сурап кайрылууга;
м) жер тилкелерин пайдалануу маселелери боюнча жерди пайдалануучуларга көрсөтмө берүүгө жана укук бузууларды жоюу үчүн тийиштүү чараларды көрүү максатында тиешелүү органдарга материалдарды жөнөтүүгө;
н) жер тилкелерин текшерүүнү, экспертизаларды жүргүзүүнү, жерди пайдалануу боюнча иш чараларды аткарууну текшерүү үчүн белгиленген тартипте адистерди тартууга.
3.2. Жалал-Абад шаарынын аймагында сырткы жарнаманы жайылтуу боюнча уруксаттарды берет, аларды каттоого алат жана мөөнөтүн узартат.
3.3. Тийиштүү кыймылсыз мүлктүн менчик ээлеринин же башка мыйзамдуу кожоюндарынын же болбосо сырткы жарнама жана маалымат обьектилеринин кожоюндарынын сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотууга жана иштетүүгө, керектөө базары жана кызматынын ишканаларына маалыматтык конструкцияларын орнотууга уруксат берүү тууралуу арыздарын кабыл алуу жана карап чыгуу боюнча иш-милдеттерин аткарат.
3.4. Уруксаттарды берүү жөнүндөгү чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон макулдашууларды ыйгарым укуктуу органдар менен иш жүзүнө ашырат, уруксаттарды жол-жоболоштурат жана берет.
3.5 Уруксаттарды жараксыз деп жарыялоо тууралу чечимдерди кабыл алат.
3.6 Жалал-Абад шаарынын мүлкүнө сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотууга жана иштетүүгө карата келишимдерди түзөт.
3.7. Уруксатсыз орнотулган сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин, ошондой эле Жалал-Абад шаарынын мүлкүнө орнотулган жана коюлган ордунан алынууга (демонтаждоого) тийиш болгон сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин коюлган ордунан ажыратат (демонтаждайт).
3.8. Белгиленген тартипте шаардын муниципалдык менчик укуктарын коргоо жана калыбына келтирүү, келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана күнөөлүү жактарды жоопко тартуу боюнча чараларды көрөт, муниципалдык менчик обьектилерине карата ээликтен ажыратуу келишимдеринде тарап, ошондой эле муниципалдык менчиктин жаӊы обьектилерин курууда буйрутмачы болуп катышат.
3.9. Түзүлгөн келишимдер боюнча ижара акысын жана башка төлөмдөрдү чогултат, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка түзүмчөлөрү менен түзүлгөн келишимдер боюнча түрдүү төлөмдөрдү чогултууга толук (деталдуу) мониторинг жана көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашырат.
3.10. Шаардын муниципалдык менчигин башкаруу жана тескөө жагындагы шаардын муниципалдык кыймылсыз мүлкүн башкаруунун стратегиялык планын, шаардын муниципалдык менчигине таандык бош (курулбаган) жер тилкелерин башкаруунун стратегиялык планын, муниципалдык менчикке таандык обьектилерди менчиктештирүү программасын иштеп чыгат жана шаардык кеӊештин кароосуна жана бекитүүсүнө сунуштайт.
3.11. Муниципалдык менчиктин бардык колдонуучулары тарабынан муниципалдык менчик обьектилерин кармоо, иштетүү жана оӊдоо боюнча алардын келишимдик, уставдык жана пландуу милдеттенмелерин сактоону талдайт жана текшерет.
3.12. Шаардын муниципалдык менчик обьектилерин жиктештирүүнү (классификациялоо) жүргүзөт жана аны шаардык кеӊештин бекитүүсүнө сунуш кылат, зарыл болгон учурларда белгиленген тартипте өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча сунуштарды киргизет.
3.13. Жыл сайын шаардын муниципалдык менчик обьектилерине карата инвентаризация жүргүзөт.
3.14. Шаардын муниципалдык менчик обьектилеринин тизмесин (реестр) жүргүзөт.
3.15. “Мекеме” ушул Жободо көрсөтүлбөгөн жана ага жүктөлгөн иш-милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка укуктарга ээ.
3.16. “Мекеме” шаардык бюджеттин каражаттарынын эсебинен түзүлүүчү, чогулуучу жана алынуучу маалымат ресурстарынын жана автоматташтырылган маалымат тутумунун менчик ээси жана кожоюну болуп эсептелет.
4.1 “Мекеме” Жалал-Абад шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмчөсү болуп саналат.
4.2. Штаттык бирдикти бекитүү шаардык Кеӊештин депутаттары тарабынан жүзөгө ашырылат.
4.3.“Мекеменин” башчысын кызматка дайындоо жана бошотуу Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамынын 23-беренесине ылайык Жалал-Абад шаардык мэриясынын бош (ваканттуу) административдик муниципалдык кызмат ордуна сынак өткөрүү боюнча сынак комиссиясынын чечими менен жана шаардык кенештин макулдугу мэр тарабынан дайындалат жана мэрдин буйругу менен бошотулат.
4.4. Мекеменин муниципалдык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамынын 23-беренесине ылайык Жалал-Абад шаардык мэриясынын бош (ваканттуу) административдик муниципалдык кызмат ордуна сынак өткөрүү боюнча сынак комиссиясынын чечими менен башчы тарабынан дайындалат жана башчынын буйругу менен жумуштан бошотулат. Ал эми мекеменин техникалык кызмат көрсөтүү жана кенже техникалык персоналдар Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талаптарына ылайык мекеменин башчысынын буйругу менен жумушка кабыл алынат жана бошотулат.
4.5. Башчы “Мекеменин” ишмердүүлүгүнө жооп берет жана ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарга ылайык:
а) ишеним каты жок “Мекеменин” атынан иш аракет жасайт, мамлекеттик жана башка органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана менчик түрүнө карабастан уюмдарда аны көрсөтөт;
б) Жалал-Абад шаарынын мэриясынын тескеме жана токтомдорунун аткарылышы үчүн ишканалар, мекемелер, башка уюмдар жана “Мекеменин” бардык кызматкерлери тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон буйруктарды, башка тескөөчү иш кагаздарын “Мекеменин” ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарат;
в) өзүнүн орун басарынын ыйгарым укуктарын аныктайт;
г) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык “Мекеменин” кызматчыларын дайындайт жана кызматынан бошотот;
д) мыйзамдарга ылайык “Мекемеде” муниципалдык кызматтан өтүүгө байланышкан маселелерди, ошонун ичинде “Мекеменин” кадр резервин түзүүнү, тандоону, жайлаштырууну, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, белгиленген учурларда аттестацияларды, квалификациялык экзамендерди өткөрүүнү, кызматтык маяналарга кошумча акыны аныктоону чечет;
е) “Мекеменин” түзүмдүк бөлүмчөлөрү жөнүндөгү жобону бекитет;
е) кызматтык нускамаларды бекитет жана “Мекеменин” бөлүмчөлөрүнүн, кызматтарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзөт;
ж) “Мекеменин” кызматкерлерине карата демилге берүү чараларын колдонот, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларга жаза берет;
з) өз ыйгарым укуктарынын чегинде “Мекеменин” кызматкерлерин жана кызматчыларын укуктук жана социалдык жактан коргоону камсыз кылуу маселелерин чечет;
и) белгиленген тартипте “Мекеменин” кызматкерлерин иш сапарларга жөнөтүү маселелерин чечет;
й) мыйзамдарга ылайык “Мекемеге” бекитип берилген мүлктөрдү тескейт;
к) мыйзамдарга ылайык банктарда эсептерди ачат жана жабат, аны менен кыймыл аракеттерди (операцияларды) жүргүзөт, каржы иш кагаздарына кол койот, каржы жана эсеп тартибин сактоону камсыз кылат;
л) соттордо “Мекеменин” кызыкчылыктарын жактайт, доогерге, жоопкерге жана үчүнчү жакка берилген бардык укуктарды колдонот, ошонун ичинде тыныгуу келишимин түзүүгө жана жаӊы ачылган жагдайлар боюнча арыздарды берүүгө.
4.6. “Мекеме” башчынын орун басары кызматтык милдеттерде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардын чегинде жана “Мекеме” башчынын буйруктарынын негизинде иш алып барат, ошондой эле төмөндөгү укуктарга ээ:
а) “Мекеменин” кызыкчылыгын жактаган зарыл иш аракеттерди жасайт, келишимдерди түзөт, ижара төлөмдөрүнүн эсеп-кысабын бекитет;
б) ишеним каттын негизинде соттордо “Мекеменин” кызыкчылыгын жактайт, доогерге, жоопкерге жана үчүнчү жакка берилген бардык укуктарды колдонот, ошонун ичинде тыныгуу келишимин түзөт;
в) ижара келишимин түзүүгө, чарбачылык карамагына жана ыкчам башкарууга, мөөнөттүү акысыз пайдаланууга өткөрүп берүүгө.
5.1. “Мекеменин” мүлкүн анын ыкчам башкаруусуна бекитип берилген негизги жана жүгүртмө каражаттары, анын өздүк балансында чагылдырылган каржы ресурстары (интеллектуалдык менчик обьектилерин кошкондо) түзөт.
5.2. “Мекеменин” ишмердүүлүгүн каржылоо шаардык бюджеттин каражаттарынын, атайын жана депозиттик эсептердин эсебинен жүргүзүлөт.
6.1. “Мекеменин” ишмердүүлүгүн текшерүүнү Жалал-Абад шаарынын мэриясы иш жүзүнө ашырат.
6.2. “Мекеме” мыйзам менен белгиленген тартипте жана белгилүү мөөнөттөрдө бухгалтердик жана статистикалык отчетторду берет. “Мекеменин” ишмердүүлүгүн текшерүүнү (ревизиялоону) ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле мыйзамга ылайык мындай укук берилген уюмдар турмушка ашырат.
7.1. “Мекеме” кызматкерлердин квалификациялык курамын өз алдынча аныктайт. Администрация менен кызматкерлердин ортосундагы мамилелер Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
7.2. “Мекеме” мөөнөттүү эмгек келишимдеринин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде керектүү иш көлөмдөрүн аткаруу үчүн жарандарды тартууга укуктуу.
7.3. “Мекеменин” кызматкерлеринин (кызматчыларынын) иштөө жана дем алуу убактысы (режими), аларды социалдык камсыз кылуу, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынат.
8.1. Ушул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Жалал-Абад шаардык кеӊешинин токтому менен киргизилет.
8.2. “Мекемени” кайра уюштурууда жетекчилик жана кызматкерлерди кайра дайындоо, жоюу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана анда көрсөтүлгөн тартипте иш жүзүнө ашырылат.
8.3. “Мекеменин” ишмердүүлүгүн токтотуу Жалал-Абад шаардык кеӊешинин же сот органдарынын чечимдери боюнча жүзгүзүлөт.
8.4. “Мекемени” жоюуну Жалал-Абад шаардык кеӊешинин макулдугунан кийин Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан түзүлгөн жана жоюунун тартибин, мөөнөтүн белгилей турган жоюу комиссиясы ишке ашырат.
8.5. Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып мүлкүнөн ажыратууга же болбосо карыздарын төлөөгө багытталган кредиторлордун бардык талаптары жоюу комиссиясынын макулдугу менен гана канааттандырылат.
8.6. Юридикалык жактардын мамлекеттик реестрине (тизмесине) бул жөнүндө жазуу киргизилген учурдан тартып жоюу процесси аяктаган болуп эсептелет.
8.7. “Мекемени” жоюудан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте бөлүштүрүлөт.
8.8. Ишмердүүлүк жараянынан пайда болгон иш кагаздары жоюу учурунда “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы | Б. Беркбаева |