Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-апрели № 6
Кыргыз Республикасынын «Укуктук-ченемдик актылар жөнүндө» мыйзамынын 17-беренесине жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык шаардык кеңештин VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 15.10.2014-жылдагы VI чакырылышынын XVIII сессиясынын № 8-токтому менен бекитилген «Жалал-Абад шаарынын Ардактуу Атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө» Жобосуна төмөндөгүдөй өзгөрүү жана толуктоолор киргизилсин:
· Жобонун I главасынын 6-пункту «көкүрөк лентасы» деген сөз менен толукталсын;
· Жобонун I главасынын 7-пунктуна сунушка тиркелүүчү кошумча иш кагаздар тизмеси «Депутаттын сунушу» жана «Соттолбогондугу жөнүндө тактама» деп эки пунктча менен толукталсын;
· Жобонун II главасынын 1-пунктунун 4-абзацы «Жалал-Абад шаарына меценаттык иш чараларды жасаган, шаар элине туруктуу кайрымдуулук кылган чет өлкөнүн жарандарына ыйгарылат» деген сүйлөм менен толукталсын;
· Жобонун II главасынын 3-пункту «шаардык мекеме-ишканалардын» деген сөз менен толукталсын;
· Жобонун II главасы «7. Бир эле талапкердин иш кагаздары бир чакырылышта бир жолу гана каралат» деген кошумча пункт менен толукталсын;
· Жобонун II главасынын 9-пунктундагы «каралуусу» сөзү «каралышы» деген сөзгө өзгөртүлсүн;
· Жобонун V главасынын 2-пункту «Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулунун токтомуна, төш белгиси, кɵкүрɵк лентасы жана күбөлүгү «Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу» наамына татыган инсанга Жалал-Абад шаарынын Мэри жана Жалал-Абад шаардык кенешинин төрагасы тарабынан салтанаттуу түрдө Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынын, Жалал-Абад шаарынын вице-мэрлеринин, коом өкүлчүлүктөрүнүн катышуусунда шаар күнүн белгилɵɵдɵ тапшырылат» деп толукталсын;
· Жобонун V главасынын 6-пункту «Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулунун көзү өткөндөн кийин «Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулунун грамотасы төш белгиси, кɵкүрɵк лентасы жана күбөлүгү эгерде мураскорлору тарабынан башка чечим кабыл алынбаса, сактоо үчүн Жалал-Абад шаардык музейине тапшырылат» деген редакцияда окулсун.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаевага) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (С.Чимбердиев) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмийсайтында жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Төрага | М. Тагаев |