Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-апрели № 7
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесин, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 07.02.2018-жылдагы чыг.№04-04/344-катты негиз кылып, шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн машыктыруучуларын жана спортсмендерди жергиликтүү бюджеттен сыйлоо Жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн спортсмендерди жергиликтүү бюджеттен сыйлоо өлчөмү №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча вице мэрине (С.Алтымышев) жана Жалал-Абад шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысына (А.Бакиров) өз ишмердүүлүгүндө ушул Жобонун ченемдеринин негизинде иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (С.Чимбердиев) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | М. Тагаев |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин
11-апрель 2018-жылдагы кезектеги
VI сессиясынын № _7_-токтомуна №1-тиркеме
Бул Жобо Олимпиада, Азия оюндарынын, Дүйнөлүк жана Азиялык чемпионаттарынын, ошондой эле студенттер арасында Дүйнөлүк универсиаданын байгелуу орундарына ээ болгон спортсмендерди жана окутуп тарбиялаган машыктыруучуларын сыйлоо жөнүндө.
1. Жалпы Жобо
1.1 Бул жобо Жалал-Абад шаарынын атуулдарын сергек жашоого, кылмыштуулукка каршы үндөөгө, дене тарбия жана спортко кызыктыруу менен чоң спортко алып чыгуу максатында жана алардын эсебин алуу, сыйлоо тартибин иретке келтируу, ошондой эле шаар спорт тармагын өнүктүрүп өстүрүү үчүн түзүлдү.
1.2 Олимпиадалык, Азия оюндарын, дүйнөлүк, Азиялык чемпионаттардын жана студенттер арасында дүйнөлүк универсиаданын байгелуу (1, 2, 3… -орунга) ээ болгон жеңүүчүлөрүн жана машыктыруучуларын сыйлоого колдонулат.
1.3 Жалал-Абад шаарынын спортсмендерин, машыктыруучуларынын ишин баалоо тартибин, шаар спорт тармагына кошкон салымын жана жол жобосун аныктайт.
1.4. Бул жобону колдонуу Жалал-Абад шаарынын машыктыруучуларынын жана спортсмендеринин ишинин жыйынтыгын баалоо менен шаардын курама-командасынын мүчөсү болгон бардык машыктыруучуларына жана спортсмендерине колдонулат.
1.5. Жеңишке ээ болгон спортсменди, машыктыруучуларды сыйлоо Жалал-Абад шаардык кеңеши бекитип берген акча каражатка ылайык Жалал-Абад шаар мэриясынын макулдугу менен шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү аркылуу жүргүзүлөт.
1.6. Жалал-Абад шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү жеңүүчүнүн утушка ээ болгондугу тууралуу, сыйлоого ээ болгон мелдеште байгелуу орунду алгандыгы тууралуу төмөндөгү тастыкталган документтердин негизинде жүргүзүлөт:
спорттук мелдештин протоколунун көчүрмөсү;
спорттук мелдештин медалы, диплому;
спорттук мелдеш учурунда интернет булактарына жайгаштырылган маалымат;
көрсөтүлгөн документке оригиналдуулугуна спортсменди катыштырып келген машыктыруучу менен жашы 16 дан жогору спортсмендер тастыктап төмөнкү документтин толук алып келүүсүнө, тууралыгына жооп берет, спорттук мелдештин байгелуу орундарынын жыйынтыгы боюнча машыктыруучу жооп берет.
спорттук мелдештин жыйынтыгы боюнча фото, видео отчет;
интернет булактарындагы маалыматтар.
1.7. Сыйлоого каралуучу мелдеш, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги же Улуттук олимпиадалык комитети тарабынан таанылган жана календардык иш-планында болуусу зарыл. Спортсменди сыйлыкка, грамотага сунуштоо үчүн спортсмендин машыккан спорт мектебинен жана спорттун түрү боюнча тийиштүү федерациясынан сунуштаган протоколдук кеӊешмеси, мелдешке барып келгендиги тууралуу тактамасы болуусу зарыл.
1.8. Жеңүүчү Жалал-Абад шаарынын курама-командасынын мүчөсү болуусу шарт.
Жалал-Абад шаарындагы спорт мектебинде машыккандыгы тууралуу спорт мектеби тарабынан берилген тактама.
Жалал-Абад шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт болуму тарабынан тактама.
1.9. Машыктыруучу акчалай сыйлык менен сыйланыш үчүн Жалал-Абад шаарына караштуу спорт мектептеринде же шаардык спорт федерацияларында (аталган спорттун түрү боюнча) иштөөсү зарыл.
2. Сыйлоо боюнча комиссиянын сандык жана сапаттык курамы
Сыйлоо маселеси объективдүү жана калыс сыйлоону камсыз кылуу максатында мэриянын буйругу менен комиссия түзүлөт. Комиссиянын чечими Жалал-Абад шаар мэриясынын буйругунун негизинде күчүнө кирет.
2.1. Сыйлоо боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
Жалал-Абад шаар мэриясынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри;
Жалал-Абад шаардык депутаттар кенешинин төрагасы (макулдугу менен);
Жалал-Абад шаардык каржы башкармалыгынын башчысы;
Жалал-Абад шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүм башчысы;
Сыйлануучу жактардын спорт мектептеринин (спорт федерациясынын) жетекчиси;
ЖАМУнун Дене тарбия кафедрасынын башчысы;
Коомдук уюмдарынын мүчөсү.
2.2. Сыйлоо боюнча комиссиянын отуруму, комиссиянын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси катышса мыйзамдуу болуп эсептелет. Комиссиянын жок болгон мүчөсүн алмаштырууга жол берилбейт.
3. Комиссиянын милдеттери жана максаттары.
Жобонун негизинде түзүлгөн комиссияны уюштуруу жана анын иштөөсүн камсыздоо комиссиянын катчысына жүктөлөт. Комиссия өз отурумунда төмөнкү маселелерди карайт:
жободо каралган документтерди кароо;
тийиштуу документтерди пайдалануу;
жободо көрсөтүлгөн спорттук иш-чараларды, республикалык, эл аралык органдардын документтеринин категорияларын аныктоого сунуштарын жиберет;
туура эмес документтерди актылоого жиберет;
олимпиада, Азия оюндарында, дүйнөлүк жана Азиялык чемпионаттарынын, ошондой эле студенттер арасында дүйнөлүк универсиаданын байгелүү орундарын ээлеген спортсмендерине, Жобонун негизинде акчалай сыйлыктын өлчөмүн мыйзам чегинде аныктоо;
Мыкты спортсменди даярдагандыгы үчүн өздүк машыктыруучусу, спортсмен сыйланган сыйлыктын пайыздык өлчөмундө акчалай сыйлыктар менен сыйлоону сунуштоо;
Акчалай сыйлыктар шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн сунушунун негизинде Жалал-Абад шаар мэриясы тарабынан сыйланат.
спорттук этиканы (тартипти) бузгандыгы жана моралдык ката кетирилгенде сыйлануучуга сыйлык берилбейт.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спорттун түрлөрү боюнча жеңүүчүлөрдү акчалай сыйлоо жобого тиркелген 2-тиркемеге ылайык жүргүзүлөт.
4. Комиссиянын милдеттери жана укуктары
4.1 Жүктөлгөн милдеттерине ылайык комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
Сыйлоого көрсөтүлгөн спортчунун жеӊишке жеткендиги тууралуу керектүү кагаздарынын тастыктайт, керек болгон учурда тийиштүү спорттук федерациясынан, мамлекеттик органдан маалыматтарды тактайт;
Мелдештин документтеринин баалуулугун аталган маселелер боюнча ченемдик-методикалык документтердин долбоорлоруна корутунду берет;
Тийиштүү мамлекеттик мекеме менен төмөнкү макулдашууларды карайт, чечим кабыл алат:
шаар курама-командасы боюнча мүчөлүгүн аныктайт;
спорттук иш чаранын жобосун аныктайт;
Сыйлоо ишин башкаруунун органына документтердин категорияларын, сактоонун белгиленген мөөнөттөрүн өзгөртүү тууралуу жана белгиленбеген мөөнөттөрдү аныктоо жөнүндө сунуштарды жиберет.
4.2 Комиссиянын курамы төмөнкүлөргө укуктуу:
өзүнүн жыйындарында документтерди даярдоонун жүрүшү, документтерди сактоо шарттары жана сактоону камсыз кылуу, документтердин жоголушунун себептери жөнүндө мекеменин түзүмдүк бөлүштөрүнүн жетекчилерин угууга;
комиссиянын жыйындарына консультант жана эксперт катары түзүмдүк бөлүнүштөрдүн адистерин, мамлекеттик спорт кызматынын мекемелеринин, бөлөк уюмдардын өкүлдөрүн чакырууга;
сапатсыз, шалаакылык менен даярдалган документтерди кароого кабыл албоого жана бышыктап иштеп чыгууга кайтарууга;
мэриянын жетекчилигине комиссиянын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча маалымат берүүгө укуктуу.
5. Акчалай сыйлоо
5.1. Олимпиадалык, Азия оюндары, дүйнөлүк жана Азиялык чемпионаттарынын, ошондой эле студенттер арасында дүйнөлүк универсиаданын (1, 2, 3…-орун) байгелүү орунду ээлеген спортсмендер сыйлык алуу 2-тиркемеге ылайык жүргүзүлөт.
Олимпиада, Азия оюндары, дүйнөлүк жана Азиялык чемпионаттарынын, ошондой эле студенттер арасында дүйнөлүк универсиаданын байгелүү оорунду ээлеген спортсмендин машыктыруучусу спортсмендин сыйлыгынын 30 % (пайыздык) өлчөмүндө алууга тийиш.
5.2. Улуттук спорттун түрлөрү жана олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча Азия оюндары, дүйнөлүк жана Азиялык чемпионаттарынын, ошондой эле студенттер арасында дүйнөлүк универсиаданын (1, 2, 3 …-орун) байгелүү орундун жеңүүчүлөрү 2-тиркемеге ылайык аныкталат.
Улуттук спорттун түрлөрү жана олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча Азия оюндары, дүйнөлүк жана Азиялык чемпионаттарынын, ошондой эле студенттер арасында дүйнөлүк универсиаданын байгелүү оорунду ээлеген спортсмендин машыктыруучусу спортсмендин сыйлыгынын 30 % (пайыздык) өлчөмүндө алууга тийиш.
6.3 Ал эми жеңүүчүлөрдү акчалай сыйлоо жобого тиркелген тиркемеге ылайык жүргүзүлөт (2-тиркеме).
6.4. Спорттун командалык түрлөрү боюнча мүчөлөрүн сыйлоо коэфициенттерне жараша жогорку тартипте жүргүзүлөт. Тиркемеде көргөзүлгөн сыйлыктар олимпиада, Азия оюндарынан сырткары 5-орунга чейин сыйланат.
8. Сыйлоо бардык спорттун түрлөрү боюнча жыл жыйынтыгы менен берилет. (4-квартал).
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы | Б.Беркбаева |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин
11-апрель 2018-жылдагы кезектеги
VI сессиясынын № __7_-токтомуна
№2-тиркеме
|
Спорттун олимпиадалык түрлөрүнө | |||||||
Чоӊдор арасында | Орун | Олимпиада оюндары | Азия оюндары | Дүйнө Чемпионаты | Азия Чемпионаты | Дүйнө универсиа дасы ЖОЖ | Көчмөн дөр оюну |
1-орун | 1 500 000 | 700 000 | 500 000 | 300 000 | 100 000 | 300 000 | |
2-орун | 1 125 000 | 600 000 | 400 000 | 200 000 | 70 000 | 200 000 | |
3-орун | 750 000 | 500 000 | 300 000 | 100 000 | 50 000 | 100 000 | |
| 4-орун | 375 000 |
|
|
|
|
|
| 5-орун | 225 000 |
|
|
|
|
|
| 6-орун | 225 000 |
|
|
|
|
|
| 7-орун | 150 000 |
|
|
|
|
|
| 8-орун | 150 000 |
|
|
|
|
|
| 9-орун | 75 000 |
|
|
|
|
|
| 10-орун | 75 000 |
|
|
|
|
|
Жаштар арасында |
|
|
| Дүйнө Чемп-ты | Азия Чемп-ты |
|
|
1-орун |
|
| 400 000 | 200 000 |
|
| |
2-орун |
|
| 300 000 | 150 000 |
|
| |
3-орун |
|
| 200 000 | 100 000 |
|
| |
Өспүрүмдөр арасында |
| Олимпиада оюндары |
| Дүйнө Чемпионаты | Азия Чемпионаты |
|
|
1-орун | 800 000 |
| 300 000 | 100 000 |
|
| |
2-орун | 600 000 |
| 200 000 | 70 000 |
|
| |
3-орун | 400 000 |
| 100 000 | 50 000 |
|
| |
Спорттун олимпиадалык эмес жана улуттук түрлөрүнө | |||||
Чоӊдор арасында | Орун | Дүйнө Чемп-ты | Азия Чемп-ты | Дүйнө универсиадасы ЖОЖ | Азия оюндары |
1-орун | 250 000 | 150 000 | 50 000 | 350 000 | |
2-орун | 200 000 | 100 000 | 35 000 | 300 000 | |
3-орун | 150 000 | 50 000 | 25 000 | 250 000 | |
Жаштар арасында |
| Дүйнө Чемп-ты | Азия Чемп-ты |
|
|
|
| ||||
1-орун | 200 000 | 100 000 |
|
| |
2-орун | 150 000 | 75 000 |
|
| |
3-орун | 100 000 | 50 000 |
|
| |
Өспүрүмдөр арасында |
| Дүйнө Чемп-ты | Азия Чемп-ты |
|
|
1-орун | 150 000 | 50 000 |
|
| |
2-орун | 100 000 | 35 000 |
|
| |
3-орун | 50 000 | 25 000 |
|
| |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы | Б.Беркбаева |