Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-майы № 61
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 13-апрелиндеги №01-25/117 чыгыш сандуу катын аткарууга алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 6-апрелиндеги №01-18/41 “Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жана автоунааларды сатуу тартиби жөнүндөгү типтүү жобонун негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги №15 токтому жана ушул токтом менен бекитилген “Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндөгү Жобосу күчүн жоготту деп эсептелсин
2. “Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндөгү жобо бекитилсин
3. “Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигинде турган турган автоунааларды сатуу тартиби жөнүндөгү жобо бекитилсин
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Азизбеков |