Загрузка документа…
Сүлүктү шаардык кеңешинин 2018-жылдын 31-майындагы № 61 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-апрели № 15
Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамына ылайык (19-берене), Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигинде турган объекттерди натыйжалуу пайдалануунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобо1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Муниципалдык менчиктин объекттерин эсептен чыгаруу жана жүзөгө ашыруу боюнча комиссиянын курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардын I-вице-мэри Б.Э.Ташевге жүктөлсүн
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сүлүктү шаардык кеңештин муниципалдык менчик курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Т. Азизбеков |
| Сүлүктү шаардык кеңештин 2017-жылдын 26- апрелиндеги №15 токтомуна 1-тиркеме |
Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө
ЖОБО
Сүлүктү шаардык кеңешинин 2018-жылдын 31-майындагы № 61 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
I. Жалпы жоболор
II. Мүлктү эсептен чыгаруунун жалпы тартиби
III. Эсептен чыгарылган негизги каражаттарды ишке ашыруу, демонтаждоо тартиби
IV. Жоопкерчилик
I. Жалпы жоболор
1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
1.2. Бул жобо муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу, ошондой эле эсептен чыгарылгандан кийин тескөө тартибин жөнгө салат.
1.3. Негизги каражаттарга тийиштүү төмөнкү муниципалдык мүлктөр бул жобонун колдонулуусуна туура келет: жумушчу жана күч машиналар жана жабдуулар, ченөө жана жөнгө салуу приборлор жана түзүлүштөр, эсептөө техникасы, транспорт каражаттары жана башка негизги каражаттар, ошондой эле 10 эсептик көрсөткүчкө чейинки наркы менен объекттер кошо жана бир жыл ичинде пайдаланылуучу муниципалдык менчик болуп эсептелген чарба шаймандар.
Муниципалдык имараттар жана курулмалар бул жобонун колдонулуусуна туура келбейт.
1.4. Негизги каражаттарды эсептен чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
а) моралдык жактан эскиргенде (буюмдардын техниканын же башка илим чөйрөсүнүн заманбап деңгээлине туура келбегенде) же физикалык жактан эскиргенде (буюмдун сапаттары анын баштапкы абалына туура келбегенде);
б) аварияларда, табият кырсыктарында жана башка өзгөчө кырдаалдарда бузулуп калганда;
в) негизги каражаттарды уурдаганда, жоготуп алганда, жок кылынганда же бузулуп калганда, аларды андан ары калыбына келтирүү бир далай чыгымдарсыз мүмкүн эмес болгондо;
г) кызматынын ченемдик мөөнөтү бүтө электе, ошондой эле ал жараксыз болуп калганда, негизги каражаттарды эсептен чыгаруу негизги каражаттарды жөнү жок себептер менен жараксыздыкка алып келген жактардын эсебинен бул мүлктү калыбына келтирүү наркын төлөө менен ишке ашырылат (форс-мажордук кырдаалдарды эске албаганда).
Мында негизги каражаттарга таандык муниципалдык мүлктү аны кайрадан калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогондо же экономикалык жактан максатсыз болгондо, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырылбай калганда гана эсептен чыгарууга жатат.
1.5. Автотранспорттук каражаттар, техникалык, медициналык жана башка багыттагы түзүлүштөр жана жабдуулар болуп саналган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу алардын толук комплекти менен гана жүргүзүлөт.
II. Мүлктү эсептен чыгаруунун жалпы тартиби
2.1. Негизги каражаттардын объекттерин эсептен чыгарууну максатка ылайыктуулугун аныктоо жана аларды андан ары пайдалануу үчүн, ошондой эле өзүнүн балансында муниципалдык мүлкү бар уюмдарда негизги каражаттарды эсептен чыгарууга керектүү документтерди жол-жоболоштуруу үчүн жетекчинин буйругу менен дайыма иштөөчү төмөнкү курамдагы комиссия түзүлөт:
- жетекчи же анын орун басары (комиссиянын төрагасы);
- башкы бухгалтер (бухгалтер);
- эгер тейлөө жүргүзүлсө, жабдууга сервистик тейлөөнү ишке ашыруучу тийиштүү техникалык адис же уюмдун техникалык адиси;
- бул мүлктү сактоо үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн жактар;
- бул мүлктүн сакталышына жоопкерчилик жүктөлгөн жак.
Мындан тышкары, комиссиянын курамына коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле башка жактар (уюмдун жетекчисинин ыктыяры боюнча) киргизилиши мүмкүн.
2.2. Ишканаларда туруктуу иштөөчү комиссиялар:
а) ушул эле учурда тийиштүү техникалык документтерди (паспорт жана башка), ошондой эле бухгалтердик эсептин маалыматтарын пайдалануу менен эсептен чыгарылууга жаткан мүлктү карап чыгуу жүргүзөт жана аны эсептен чыгаруу жөнүндө корутунду чыгарат.
б) эгерде, эсептен чыгаруунун объектиси болуп атайын аппаратура же жабдуу саналса, негизги каражаттардын жараксыз экендиги жөнүндө корутунду түзүү үчүн милдеттүү тартипте тийиштүү уюмдардын адистерин тартат;
в) мүлктү эсептен чыгаруунун конкреттүү себептерин (бузулуу, авария, эксплуатациялоонун ченемдик шарттарын бузуу ж.б.) белгилейт;
г) негизги каражаттарды эксплуатациялоодон өз убагынан эрте чыгып калышына күнөөлүү жактарды табат, ал жактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопко тартуу жөнүндө сунуш киргизет;
д) эсептен чыгарылып жаткан каражаттардан жарактуу деталдарды, материалдарды, түстүү жана кымбат баалуу металлдарды, алардын санын, салмагын аныктайт жана мындан ары пайдаланууну жана сактоону ишке ашырат;
ж) негизги каражаттардын өзүнчө объектилерине эсептен чыгарууга төмөнкү актыларды түзөт:
- Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан бекитилген N НК-4 бюджеттик формасы боюнча "Бюджеттик мекемелерде негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө акт";
- Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан бекитилген НК-4а формасы боюнча "Бюджеттик мекемелерде транспорт каражаттарын эсептен чыгаруу жөнүндө акт";
- Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан бекитилген 444 формасы боюнча бюджеттик мекемелерде китепканадан чыгарылган адабияттарды эсептен чыгаруу жөнүндө акт.
Колдонуудагы объекттерди техникалык жактан кайра жаңыртып жабдууга байланыштуу жабдуу эсептен чыгарылып жатканда, ишканаларда түзүлгөн комиссия эсептен чыгарылууга берилген жабдууну, жогору турган уюм бекиткен, колдонуудагы объекттерди кеңейтүү, техникалык жактан кайра жаңылатуу каралган планына ылайык экендигин текшерүү керек жана бекитилген планга аларды эсептен чыгаруу актысында пунктун жана күнүн көрсөтүү менен жасашы керек.
2.3. Ишканаларда туруктуу иштөөчү комиссия (мындан ары - комиссия) негизги каражаттарга бул жобонун тиркемесинде көрсөтүлгөн керектүү документтерди жол-жоболоштурат жана жогору турган уюм, мекеме же ишкана менен макулдашкандан кийин аларды эсептен чыгаруу актысы менен чогуу Башкармалыкка негизги каражаттарды эсептен боюнча тийиштүү жумушчу комиссиянын (мындан ары - комиссия) кароосуна киргизүү үчүн жөнөтөт.
Эсептен чыгаруу үчүн берилүүчү материалдар бардык документтердин тизмеги менен милдеттүү тартипте боолонуп, номурланып жана тигилиши керек.
2.4. Эсептешүү көрсөткүчү 100 чейинки баадагы негизги каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча жумушчу комиссиянын курамы Сулукту шаарынын мэриясынын буйругу менен түзүлөт.
2.5. Эсептешүү көрсөткүчү 100 жогору баадагы негизги каражаттарды жана автотранспорттук каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча жумушчу комиссия Сулукту шаардык кеңештин чечими менен бекитилет.
2.6. Бул жобонун 1-пунктунун 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн себептер боюнча муниципалдык мүлккө таандык негизги каражаттарды эсептен чыгаруу төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
а) Муниципалдык мүлктүн негизги каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча жумушчу комиссия жыйынтык документти (Акт) жана керектүү документтерди карайт.
б) Комиссиянын ишинин жыйынтыктары боюнча протокол жол-жоболоштурулат, ал комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилет.
2.7. Эсептен чыгаруу актыларында негизги каражаттардын төмөнкү маалыматтары көрсөтүлөт:
- даярдалган жылы;
- анын ишканага түшкөн күнү;
- эксплуатацияга киргизилген убактысы;
- объектин баштапкы наркы (кайра баалангандар үчүн - калыбына келтирүүчү);
- бухгалтердик эсептин маалыматы боюнча эсептелген эскиргендин суммасы;
- жүргүзүлгөн капиталдык ремонттордун саны жана алардын чыгымдарынын суммасы;
- негизги каражаттарды эсептен чыгаруу себептери, алардын негизги бөлүктөрүнүн абалы, деталдары, түйүндөрү, түзүлүш элементтери кенен сүрөттөлөт.
Автотранспорттук каражаттарды эсептен чыгарууда, мындан тышкары, автомобилдин жүргөн аралыгы көрсөтүлөт жана автомобилдердин агрегаттарынын жана деталдарынын, ажыратуудан пайда болгон негизги деталдарын жана түйүндөрүн андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн техникалык мүнөздөмөсү берилет.
Авариянын кесепетинен жарабай калган негизги каражаттарды эсептен чыгарууда эсептен чыгаруу актысына авариянын болгондугу жөнүндө актынын көчүрмөсү тиркелет, ошондой эле кыйроого алып келген себептери баяндалат жана күнөөлүү жактарга карата чаралар көрсөтүлөт.
Көчүрүүчү, компьютердик техниканы, байланыш каражаттарын ишканалардын баланстарынан эсептен чыгарууда милдеттүү тартипте техникалык экспертизанын, ажыратуудан пайда болгон негизги деталдарды жана түйүндөрдү андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн актыларынын көчүрмөлөрү тиркелет.
Негизги каражаттарды эсептен чыгарууда комиссиянын чечими боюнча керектүү документтердин тизмегине милдеттүү тартипте фото-видео материалдар (электрондук же жазма вариантта) тиркелет.
Уурдап кетүүнүн, өрттүн, жаратылыш кырсыктарынын, каршы тура алгыс күчтүн кыймылдарынан улам жоголгон негизги каражаттарды эсептен чыгарууда уюм кошумча төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
- мүлктү жоготуп алуу фактын ырастоочу документ (кылмыш ишин козгоо, же кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом, өрт же башка факты жөнүндө өрт инспекциясынын маалым каты);
- муниципалдык мүлк өткөрүлүп берилген уюмдун жетекчисинин материалдык жоопкерчиликтүү жактардын мүлктү жоготуп алуу фактысы жөнүндө түшүнүк каттары;
- күнөөлүү жактарды жазалоону жана кеткен чыгымдарды кайтарууну (калыбына келтирүү наркын) ырастаган документтер.
Муниципалдык мүлктүн негизги каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча жумушчу комиссия маалыматтардын тууралыгын текшерет, зарыл болгондо, эксперттерди тартат, эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим кабыл алат жана протоколго кол коет.
2.8. Негизги каражаттарды эсептен чыгаруу протоколу төмөнкүлөрдү камтышы керек:
а) эсептен чыгарылган мүлктү тескөө ыкмасы жөнүндө чечим (жок кылуу, өткөрүп берүү, бөлүктөргө ажыратуу ж.б.);
б) бул иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча аткаруучуну көрсөтмө;
в) эгер жарамдуу түйүндөрү жана агрегаттары бар болсо, алардын колдонулушу жөнүндө чечим;
г) негизги каражаттардын реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө көрсөтмө;
2.9. Негизги каражаттарды эсептен чыгаруу протоколу өзгөртүүлөрдү киргизүү жана муниципалдык мүлктүн реестринен алып салуу үчүн негиз болуп саналат.
III. Эсептен чыгарылган негизги каражаттарды ишке ашыруу, демонтаждоо тартиби
3.1. Негизги каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча жумушчу комиссиянын актылары бекитилгенге чейин негизги каражаттарды бөлүктөргө ажыратууга, демонтаж кылууга жана жоюуга жол берилбейт.
3.2. Негизги каражаттардын андан ары колдонууга жарамдуу ажыратылган жана бузулган бардык деталдары, түйүндөрү, агрегаттары жана материалдары ишкананын бухгалтериясы тарабынан тийиштүү счеттор боюнча кирешеленет, анда көрсөтүлгөн баалуулуктары эске алынат, ал эми жарабаган деталдары жана материалдары экинчи сырье катары кирешеленет.
Мында металл таштандыларын жана кара жана түстүү металлдардын калдыктарын, ошондой эле утиль сырьелорун эсепке алуу, сактоо, пайдалануу жана эсептен чыгаруу биринчи сырье, материалдар жана даяр продукция үчүн белгиленген тартипте ишке ашырылат.
Кымбат баалуу металлдарды пайдалануу менен жасалган, ошондой эле кара жана түстүү металлдардан жасалган, ишканалардын керектөөлөрү үчүн пайдаланылбаган деталдар жана түйүндөр эсептен чыгарылгандан кийин иш-аракеттин бул түрүнө лицензиясы бар тийиштүү ишканалардын ишке ашыруусуна жатат. Баланстан чыгарып салынган, кымбат баалуу металлдарды колдонуу менен даярдалган деталдар жана түйүндөр ишкана тарабынан Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги менен макулдашылган аткаруучу бийликтин органдарынын укуктук ченемдик актыларына ылайык эске алынат.
Ишканалардын кызыкчылыгы максатында негизги каражаттарды сатуудан түшкөн, ошондой эле негизги каражаттардын өзүнчө объекттерин ажыратуудан түшкөн материалдарды сатуудан түшкөн, эсептен чыгарылган негизги каражаттардын суммаларын ишке ашырууда жабдуу жана материалдарды алуу үчүн чыгымдар статьясы боюнча аларды пайдалануу үчүн тийиштүү ишканалардын башкаруусунда калат же өткөрүлүп берилет, бюджеттик каржылоонун каражаттарын көбөйтүүгө тиешелүү болот же тийиштүү бюджеттин кирешесине киргизилет.
Комиссия актыны бекиткенден кийин эсептен чыгарылган негизги каражаттарды ишкана бул жобого ылайык комиссия аркылуу кирешелөөнү, утилизациялоону, реализациялоону жүргүзөт.
3.3. Негизги каражаттарды ажыратуудан түшкөн жана ишканада кайра пайдалануу үчүн жарабаган экинчи сырье ишканада ишке ашырылышы же жок кылынышы керек. Эсептен чыгарылган мүлктү иштетүүдөн түшкөн суммалар ишкана тарабынан кирешеленет, финансылык документ түзүлөт.
Эсептен чыгарылган негизги каражаттарды ажыратуудан түшкөн экинчи сырье кайра пайдаланууга жарамдуу болуп калганда, Ишкана тарабынан кирешеленет, ал жөнүндө финансылык документ түзүлөт.
Ишкана эсептен чыгарылган негизги каражаттарга иш-чараларды өткөргөндөн кийин тийиштүү мекеме, уюм же ишкана Сулукту шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик болумуно 10 күндүн ичинде муниципалдык мүлктү жоюуну (металл таштандыларга өткөрүү, жок кылуу ж.б.) тастыктаган жыйынтык документтерди, түшкөн акча каражаттарынын төлөм документтеринин көчүрмөлөрү, ошондой эле муниципалдык менчиктин реестринен негизги каражаттарды андан ары чыгарып салуу үчүн жарамдуу түйүндөрүн жана агрегаттарын кирешелөөнү тастыктаган документтерди берет.
IV. Жоопкерчилик
4.1. Негизги каражаттарды эсептен чыгарууга жаткандыгы жөнүндө сапатсыз жана туура эмес маалымат берүү үчүн мекеменин, уюмдун жана ишкананын жетекчисине жана башкы бухгалтерине белгиленген тартипте материалдык жана тартиптик жоопкерчилик жүктөлөт.
4.2. Материалдык зыян келтирген учурда күнөөлүү жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кетирген зыянын кайтарып берүүгө милдеттүү.
4.3. Негизги каражаттарды баланстан эсептен чыгаруунун колдонуудагы тартип бузулган учурда, ошондой эле материалдык баалуулукка чарба иштерине көңүл кош мамиледе (жок кылуу, өрттөө ж.б.) күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопко тартылышы керек.
4.4. Жумушчу комиссиянын бардык мүчөлөрү протоколго жана негизги каражаттарды эсептен чыгаруу актыларына кол койгонго чейин эсептен чыгарылып жаткан негизги каражаттардын сакталышына жана толук комплектисине уюмдун, ишкананын жана мекеменин материалдык жооптуу жактары жооп берет.
Тиркеме
Муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу үчүн башкармалыкка берилүүчү документтердин
ТИЗМЕСИ
1. Эсептен чыгарылуучу мүлктүн тизмегин көрсөтүү менен муниципалдык мүлктү эсептен чыгарууга табыштама (1 нуска).
2. Эсептен чыгаруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө буйруктун көчүрмөсү (1 нуска).
3. Эсептен чыгаруу жөнүндө акт:
а) Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан бекитилген N НК-4 бюдж. формасы боюнча "Бюджеттик мекемелерде негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө акт";
б) Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан бекитилген НК-4а формасы боюнча "Бюджеттик мекемелерде транспорт каражаттарын эсептен чыгаруу жөнүндө акт";
(а, б кичи пункттарда көрсөтүлгөн негизги каражаттарга карата милдеттүү тартипте түстүү, сейрек кездешүүчү жана кымбат баалуу металлдардын, уулуу жана зыян заттардын жок же бар экендигин көрсөтүлүшү керек).
в) Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан 444 формасы боюнча "Бюджеттик мекемелерде китепканадан алып салынган адабияттарды эсептен чыгаруу жөнүндө акт".
4. Автотранспорт үчүн - транспорттук каражаттын паспортунун көчүрмөсү.
5. Инвентардык карточканын көчүрмөсү (1 нуска).
6. Мүлктүн андан ары эксплуатацияга жараксыз экендиги жөнүндө адистин техникалык корутундусу.
7. Төмөнкүлөрдүн айынан колдонуудан чыгып калган мүлктү (анын ичинде автотранспортту) эсептен чыгарууда:
а) аварияда, жаратылыш кырсыгында жана башка өзгөчө кырдаалда ыйгарым укуктуу уюму тарабынан түзүлгөн актынын көчүрмөсү тиркелет.
б) Уурдатып жибергенде, жоготуп же бузуп алганда:
- мүлктү уурдатып жиберүү, жоготуу же бузуп алуу фактысын ырастаган документтер (кылмыш ишин козгоо, же кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом, муниципалдык мүлк өткөрүлүп берилген уюмдун жетекчисинин же материалдык жооптуу жактардын өрт же башка факты жөнүндө өрт инспекциясынын маалымкаты мүлктү уурдатып жиберүү, жоготуу же бузуп алуу фактысы жөнүндө түшүнүк каты);
- күнөөлүү жактарды жазалоону жана кеткен чыгымдарды кайтарууну (калыбына келтирүү наркын) ырастаган документтер.
8. Фото жана видео материалдар (электрондук же жазуу түрдө).
Мэриянын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы |
Ж.Э Арапов. |
| Сүлүктү шаардык кеңештин 2017-жылдын 26- апрелиндеги №15 токтомуна 2-тиркеме |
Муниципалдык менчиктин объекттерин эсептен чыгаруу жана ишке ашыруу боюнча комиссиянын КУРАМЫ
Комиссиянын төрагасы: | - | Ташев Б.Э-шаардын I – вице – мэри; |
Комиссиянын төрагасынын орун басары: | - | КелдибековА.П-Сулукту шаардык каржы башкармалыгынын начальниги; |
Жооптуу катчы: | - | Арапов Ж.Э Сулукту шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик болумунун башчысы; |
Комиссиянын мүчөлөрү: | - | негизги каражаттарды эсептен чыгарууга демилгечи болгон уюмду жетектеген вице - мэр; |
| - | И.Осмонова-шаардык мэриянын башкы адис юристи; |
Жооптуу катчы | М. Джураева |